Ислам дини » Кошумча темалар » Маанилүү суроолор жана жооптор




Маанилүү суроолор жана жооптор


- Абдан бай болуу үчүн эмне кылуу керек?

- Канаатчыл болгон киши адамдардын эң байы болот.

- Эң кайырлуу киши ким?

- Адамдардын эң кайырлуусу – адамдарга пайдалуу болгону.

- Эң адилеттүү ким?

- Өзү үчүн тилеген нерселерди башка адамдар үчүн дагы тилеген адамдардын эң адилеттүүсү болот.

- Аллахтын эң өзгөчө кулу болуу үчүн эмне кылуу керек?

- Аллахты көп зикир кылып эстеген адам Аллахтын эң өзгөчө кулу болот.

- Жакшылык ээси болуу үчүн эмне кылуу керек?

- Аллахка аны көрүп тургандай ибадат кылган адам жакшылык ээси болот.

- Камил ыйманга жетүү үчүн эмне кылуу керек?

- Жакшы ахлактуу болуу керек.

- Нур ичинде хашр болуу үчүн эмне кылуу керек?

- Эч кимге зулумдук кылбаган адам нур ичинде хашр болот (б.а., акыретте эсепке тартылуу үчүн жыйналат).

- Күнөөлөрдүн азайуусу үчүн эмне кылуу керек?

- Истигфар кылып, күнөөлөрдүн кечирилүүсү үчүн Аллахка жылбарган адамдын күнөөлөрү азаят.

- Керем ээси болуу үчүн эмне кылуу керек?

- Аллахка кулдарын даттанбаган киши адамдардын керими болот.

- Ырыскынын мол болуусу үчүн эмне кылуу керек?

- Тазалыкты сактагандын ырыскысы мол болот.

- Аллаху таала жана Пайгамбарыбыз алейхиссалам тарабынан сүйүлүү үчүн эмне кылуу керек?

- Сүйүлүү үчүн алардын сүйгөндөрүн сүйүү, сүйбөгөндөрүн болсо сүйбөө керек.

- Аллахтын ачуусунан кутулуу үчүн эмне кылуу керек?

- Дүнүйө үчүн эм кимге ачууланбаган адам Аллахтын ачуусунан кутулат.

- Дуалардын кабыл болуусу үчүн эмне кылуу керек?

- Харамдардан сактанган адамдын дуалары кабыл болот.

- Башкалардын жанында уят болбоону каалаган адам эмне кылуусу керек?

- Ар-намысын коргогон, уяттуу болгон киши адамдардын жанында уят болбойт.

- Айыптардын жашыруун калуусу үчүн эмне кылуу керек?

- Дин боордошторунун айыптарын жапкан адамдын айыптарын Аллах жабат.

- Күнөөлөрдү эмне кечиртет?

- Көз жашы жана оорулар.

- Кайсы жакшылык пазилеттүүрөөк?

- Жакшы ахлак, карапайымдык, башка түшкөн балээлерге сабыр жана казага ыраазылык...

- Эң чоң күнөө эмне?

- Жаман ахлак.

[Берилген жооптордун баары - хадиси шарифтердин мааниси]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш