Ислам дини » Кошумча темалар » Согушта куулук




Согушта куулук


Суроо: Хила (куулук) кылуу харам болгону менен согушта эмне үчүн жаиз болууда?

ЖООП

Харам болгон кээ бир нерселер согушта жаиз болот. Бир канча мисал берели:

1- Бир хадиси шарифтин мааниси мындай:

«Жалган айтуу үч жерде жаиз: Согушта, себеби, согуш – куулук. Эки мусулманды элдештирүү үчүн, аялын башкаруу үчүн.» [Ибни Лал]

2- Текеберленүү күнөө болгону менен, согушта душманга карата текебер көрүнүү жаиз. (Барика)

3- Муруттарды сүннөт өлчөмдөн артык узартуу жаиз болбогону менен, согушта душманга коркутуучу болуп көрүнүү үчүн муруттарды узаартуу мустахаб. (Дурр-ул-мухтар)

4- Аспап чертүү күнөө болгону менен, согушта жана согушка даярданууда аскерге дем берүү үчүн мехтер маршы жаиз. (Хадика)

5- Мектептерде миллий жана саясий жыйындарда, майрамдарда оркестр, гармоника ойнотуу жаиз. (С.Абадиййа)

Согушта жалган жана куулук

Суроо: Согушта жалган жаизби?

ЖООП

Жалган чоң күнөө. Бир хадиси шарифтин мааниси:

«Эң чоң күнөө Аллахка ширк кошуу, эне-атага каршы чыгуу жана жалган.» [Муслим]

Жалган өтө чоң күнөө болгонуна карабай согушта жаиз. Бир хадиси шарифтин мааниси:

«Үч жерде жалган күнөө болбойт: Согушта, себеби, согуш куулук. Аял менен күйөөнү жана эки мусулманды элдештирүү [жана ортолорундагы байланыштын үзүлүүсүн токтотуу] үчүн.» [Ибни Сүнни]

Хила кылуу (куулук), башка бирөөнү алдоо дагы харам. Хадиси шарифте мындай деп буюрулган: «Куулук кылган, алдаган Жаханнамда.» [Маварди]

«Алдаган киши бизден эмес.» [Муслим]

«Макр, худа жана кыянат ээлери отто.» [Абу Давуд] [Макр: Куулук кылуу, алдоо. Худа: Куулук, оюн. Кыянаттык: Кыянаттык, опаасыздык, ишенимди жамандыкка колдонуу.]

Согушта душманды жеңүү үчүн куулук кылуу, оюнга түшүрүү, капыстан колго түшүрүү жаиз. Себеби, хадиси шарифте: «Ал-харбу худатун», демек, «Согуш куулук», - деп буюрулду. (Бухари)

Өлүмдөн кутулуу үчүн дагы жалган жана куулук жаиз, күнөө болбойт. Өлбөө үчүн өлбөй турганчалык тарп жегенге окшойт. Өлбөө үчүн жалган дагы жаиз. (Хадика)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш