Ислам дини » Кошумча темалар » Назар (көз тийүү) чын




Назар (көз тийүү) чын


Суроо: «Көрүнбөгөн нерселерге, мисалы, назарга ишенүү жаңылыш. Бир гана сүйүүсүз караган көз адамды чарчатат» деп айткандар болууда. Көз тийүү чын эмеспи?

ЖООП

Көз тийүү чын. Жактырып, суктанып же кызганып караган нерселерге көз тийет. Адамга, айбанга, атүгүл, жансыз заттарга дагы көз тийет. Көз тийүү кишини ооруга чалдыктырат, атүгүл, өлүмүнө себеп болот. Аялдарга, балдарга көбүрөөк таасир кылат.

Пайгамбарыбыздын заманында Асад уулдарынан көзү тийген бирөө бар эле. Үч күн эч нерсе жебей, кийин чатырдын бир тарабын көтөрүп, ошол жерден өткөн бир төөнү карап: «Мындай төөнү эч көргөн эмесмин», - деп айтар замат төө жерге жыгылып, ооруп калчу. Мушриктер бул кишини таап, Пайгамбарыбыз алейхиссаламга көз тийгизип өлтүрүүнү каалашты. Жанабы Хак болсо Расулуллахты мунун назарынан коргогон эле. Бул тууралуу Калем сүрөсүнүн «Аз калсын капырлар сени көздөрү менен жыгышмак» деген маанидеги 51.аяты түшкөн. Бир канча хадиси шарифтин мааниси мындай:

«Назар (көз тийүү) хак.» [Муслим]

«Назар кишини мазарга, төөнү казанга түшүрөт.» [Ибни Адий]

«Адамдардын жартысы көз тийүүдөн өлөт.» [Таберани]

«Жагымдуу бир нерсе көргөндө «Машааллах ла куввата илла биллах» деп айтылса, ал нерсеге көз тийбейт.» [Байхаки, Ибни Сүнни]

«Көз тийүү аз калсын тагдырдан озмок. Көз тийүүдөн Аллаху таалага сыйынгыла.» [Дайлами]

«Тагдырды озо турчу бир нерсе болгондо көз тийүү озмок.» [Муслим]

Көрүнбөгөн нерселерди жок деп айтуу бүгүнкү билимге дагы кайчы нерсе. Бүгүнкү күндө аспаптардан чыккан шоолалардын жумуш аткаргандыгы аныкталган. Мисалы, телевизорду иштеткен, каналдарды алмаштырган же машинелерди ачкан пульттар бар. Алардан чыккан шоолалар жумуш аткарууда. Лазер деп аталган шоолалар менен операциялар кылынууда. Булар сыяктуу көздөн чыккан жана өзгөчөлүгү так ачыкталбаган шоолалардан дагы көз тийип, каралган нерсе дагы зыян көрүшү мүмкүн. Биз көрө албаган нерсени жок деп айтуу сабаттуу кишиге жарашпайт.

Өзүнө көз тийүү

Суроо: Адамдын өз-өзүнө көзү тийиши мүмкүнбү?

ЖООП

Ооба, тийиши мүмкүн.

Суроо: Назардан коргонуу үчүн эмне кылуу керек?

ЖООП

Өзүнө көз тийген адам төмөндө билдирилген дуалардын бирин же баарын окуусу керек.

1- Фатиха, Аятал курси жана төрт кул [Кафирун, Ихлас, Фалак, Нас сүрөлөрү] жети жолудан окулуп, оорулууга үйлөнсө сыйкыр, көз тийүү жана дарт үчүн пайдалуу. Тузга окулуп, сууда эритип ичсе да болот. Бир хадиси шарифте: «Фатиха менен Аятал курсини окуган адамга ал күн көз тийбейт», - деп буюрулду. (Дайлами)

2- Бир хадиси шарифте: «Таңда жана кечте [Бисмиллах] менен 3 жолу «Бисмиллахиллази лаа йадурру маасмихи шайун фил Арды ва лаа фиссамааи ва хувассамиул алим» деп окуган адам сыйкыр жана көз тийүүдөн сактанат», - деп буюрулду. (Ибни Мажа)

Дубанын арапча нускасы:

3- Аятал курси, Фатиха, эки Кул аузу жана Калем сүрөсүнүн акырын окуу өтө жакшы пайдасын берет. (Мадариж)

4- Пайгамбарыбыз алейхиссалам эки Кул аузуну окуп мындай деди: «Бул эки сүрө менен [балээлерден, көз тийүүдөн] коргонгула! Эч ким бул эки сүрө менен коргонгондой башка нерсе менен коргоно албайт.» [Абу Давуд]

5- «Аузу би-калиматиллахиттааммати мин шарри кулли шайтанин ва хамматин ва мин шарри кулли айнин ламматин» тавизин таңда жана кечте 3 жолу окуп, өзүнө же оорулууга үйлөнсө көз тийүүдөн, жин, шайтан жана айбандардын зыянынан коргонот. (Мавахиб)

Дубанын арапча нускасы:

6- Пайгамбарыбыз алейхиссалам көз тийүүгө «Аллахумма барик фихи ва ла тадарруху» дуасын окучу. (Ибни Сүнни)

7- Көзү тийген адам же негизи эле ар ким бир жагымдуу бир нерсени көргөндө Машааллах деп айтып, андан кийин ошол нерсени айтуусу керек. Биринчи Машааллах дегенде көз тийбейт. Хадиси шарифте: «Жагымдуу бир нерсени көргөндө «Машааллах ла куввата илла биллах» деп айтылса ал нерсеге көз тийе албайт» - деп буюрган. (Байхаки, Ибни Сүнни)

Укба-тубни Амир радыйаллаху анх айтат:

«Расулуллах алейхиссалам «Көзүнө Аллах нимат берген киши бул ниматтын улануусун кааласа көп «Ла хавла вала куввата илла биллах» десин» - деп буюрду. Кийин «Бакчаңа кирген кезиңде машааллах ла куввата илла биллах дешиң керек эмес беле?» [деген маанидеги] Кахф сүрөсүнүн 39.аятын окуду. (Табарани)

Бир хадиси шарифте мындай делди:

«Өзүнө Аллаху таала ырыскы берген киши көп «Алхамдулиллах» десин. Ырыскысы азайган киши болсо көп «Истигфар» кылсын. Бир нерсе өзүнө кайгы, кыйынчылык берсе «ла хавла вала куввата илла биллах» десин.» [Байхаки, Хатиб]

8- Көз тийүүдөн коргонуу үчүн аяти хырз делген аяттарды окуу керек жана үстүндө алып жүрүүсү керек.

Даарат алып, 7 истигфар жана 11 салават окуп, оорулуунун сакайуусуна ниет кылып, күн чыккандан жана асыр намазынан кийин күндө эки жолу оорулуу үстүнө окулуп, белгиси бар жерлерде оорулуунун үстүнө үйлөө керек. Шыпаа тапканга чейин [кырк күнгө чейин] улантуу керек. Ар жолку окугандан кийин бир Фатиха окуп, сообун Пайгамбарыбыздын жана Бахааддин Бухари, Ахмед Рыфаи жана Имам Раббани хазреттеринин рухуна хадия кылуу керек. Силсилеи Алиййаны окуп рухтарына хадия кылынса дагы да таасирлүү болот. Аяти хырзды жанында алып жүргөн адам көз тийүүдөн сакталгандай эле сыйкырдан, жинге байланыштуу оорулардан дагы сактанат. Эмне мураты бар болсо пайда болот.

9- Ибни Абидин хазреттери айтат: «Талаага сөөк, коркутчу сөлөкөт, жаныбардын башын койуу керек. Бир аял жемишине көз тийбөөсү үчүн эмне кылуу керек экендигин сураганда Расулуллах: «Талаага жаныбардын башын ас», - деп, караган киши алгач муну көрүп, талаадагы түшүмдү кийин көрөт деп буюрууда. (Радд-ул-мухтар)

10- Тивеле, тамима жана афсун жаиз эмес. Маанисиз же күфүргө себеп болгон рукйаны окуу Афсун деп аталат. Көз тийүүнү жеке алдын алат деп ишенилген назарлык нерселер Тамима деп аталат. Шириндик тумары делген рукйалар Тивеле деп аталат. Рукйа – окуп үйлөө же өзүндө алып жүрүү. Рукйа аят жана хадис менен билдирилген дуалар менен кылынса тавиз деп аталат. Тавиз болсо жаиз. Хадиси шарифте: «Дарылардын эң жакшысы – Курани карим», - деп буюрулду. (Ибни Мажа)

11- Имам Раббани хазреттери шакирттери менен узак бир жерге баратып, түнү бир үйдө калышты. «Бул түнү бир кырсык пайда болот. [Бисмиллах менен] «Бисмиллахиллази лаа йадурру маасмихи шайун фил Арды ва лаа фиссамааи ва хувассамиул алим» дуасын үч жолу окугула», - деп буюрду. Түнү чоң өрт чыкты. Бардык бөлмөдө буюмдар күйдү. Дуаны окугандарга эч нерсе болгон жок. Дарт, балээ-кырсык, бүлүк, оору, көз тийүү, сыйкыр жана заалымдардын жамандыгынан коргонуу үчүн таңда жана кечте Имам Раббани хазреттери билдиргенин эстеп, 3 жолу окуу керек. Хадиси  шарифте айтылган: «Бисмиллахиллази лаа йадурру маасмихи шайун фил Арды ва лаа фиссамааи ва хувассамиул алим» дуасын таңда 3 жолу окуган кишиге кечке чейин, кеч окуган кишиге болсо таңга чейин эч балээ келбейт. [Ибни Мажа]

Ооруп калганда

Суроо: Көздөрдөн чыккан шоолалар көз тийгизип, зыяндарга себеп болгондой эле ооруларга дагы шыпаа болгондугу айтылууда. Бул туурабы?

ЖООП

Ооба, туура. Назардын хак экендиги, чын экендиги Курани карим менен жана хадиси шарифтер менен анык.

Момун киши тынчы кеткенде, ооруганда салих бир досунун үйүнө барып, аны менен бираз сукбат кылып, мутабар болгон бир китеп окуса сөзсүз жакшы болгондугу тажрыйба менен байкалган. Момундун жүзүн кароо шыпаа. Момундун көзүнөн чыккан шоолалар маңдайындагы кишинин жакшыруусуна себеп болот. Эгер ал киши жоомарт болсо жана ага бир чөйчөк суу ичирсе, бул дагы шыпаага жеткирет. Бир хадиси шарифте: «Жоомарттын тамагы шыпаа», - деп буюрулду. Ал суунун бир бөлүгү ичилген болсо, артык болгондугу үчүн ал шыпаага себеп болот. Дагы бир хадиси шарифте: «Момундун артканы шыпаа», - деп буюрулду.

Назар хак

Суроо: Назарды, башкача айтканда, көз тийүүнү четке каккан киши күфүргө киреби?

ЖООП

Ооба. Назардын хак экендиги аяти карима менен жана хадиси шарифтер менен анык.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш