Ислам дини » Кошумча темалар » Асхабы кахфтын хижраты




Асхабы кахфтын хижраты


Суроо: Асхабы кахф эмне кылып керемет ээси болушкан?

ЖООП

Асхабы кахф үңкүр достору дегенди билдирет.

Бул мубарек адамдардын аттары: Ямлиха, Максалина, Мислина, Марнуш, Дабарнуш, Шазануш, Кафаштатаййуш жана алардын ити Кытмир.

Хазрети Исадан кийин дин душмандары көбөйүп, ар тарапты фитна каптаган кезде Асхабы кахф сарайда кызматкер болуп жүргөндө диндерин коргоо үчүн бардык нерселерин таштап, Афсустагы (азыркы Түркияда Тарсус) үңкүргө  хират кылышты (көчүп кетишти). Асхабы кахфтын бул абыройго жетүүлөрү хижрат кылгандыктары үчүн. (Мектубат-ы Раббани т.2, м.68)

Ал кезде корол Рим императорлорунан Докянус болуп, заалым өкүмдар эле. Буттарга сыйынчу. Кийин өзүнүн теңир экендигин жарыялады. Бутчулукту кабыл кылбаган момундарды кыйноо менен өлтүрүп, шаардын кире бериштерине астырып койчу. Корол бир кабардан улам сарайда кызмат өтөгөн, ыймандуу жаштардын абалы тууралуу маалымат алды. Аларды коркутту. Бирок, алар бутпарастыкты кабылдашпай, сарайдагы алдыңкы катардагы кишилердин астында Раббибиз берген чоң эр жүрөктүк менен: «Илахыбыз асмандардын жана жердин Раббиси», - дешти. Корол Ниновага кетип бараткан эле. Кайтып келгенге чейин аларга мөөнөт берди.

Бул учурда өзара кеңешип, хижрат кылуу мүмкүнчүлүгүн табышты. Шаарга жакын жайгашкан бир тоого барышты. Баратканда жолдо Кафаштатаййуш аттуу бир чабанга туш келишти. Чабан дагы ыйман келтирип, алардын катарына жетинчи болуп кошулду. Чабандын ичи Кытмир болсо бул жаш жигиттерди таштабай, аркаларынан ээрчип жүрүп отурду. Ит салих кишилердин аркасында жүрүүдө бекемдигин көрсөткөндүктөн (өзгөчөлүк катары) Жаннатка кирүү абыроюна ээ болду. [Дин улуктарынан артынан ээрчигендер дагы кутулушат.]

Жаштар тоодо чабан көрсөткөн үңкүргө кирип ибадат кылып жүрүштү. Жеп-иче турчу нерселерин тажрыйбалуу болгон Ямлиха кийимин өзгөртүп, шаардан барып камсыздап, ал жактан маалымат дагы алып келип жатты.

Бул арада Докянус Афсуста аларды издеди. Качып кетишкендиктерин кабар алганда аталарынан сурады. Алар болсо балдарынын тоого карай кетишкендиктерин айтышты. Докянус жан жөкөрлөрү менен барып ошол үңкүрдү тапты. «Ушул жерде өлүшсүн» деп, үңкүрдүн оозун бекем буудурду.

Докянустун жакындарынан эки момун жигит бул жаштардын ким экендиктерин жана алардын башына түшкөн окуяларды бир ташка оюп жазып, үңкүрдүн дубалына жайгаштырды.

Аллаху таала жаштарга узак бир уйку берди. Үч кылым укташкандан кийин ойгонушту. Курани каримде мындай мааниде айтылган:

«Алардын көңүлдөрүнө тынчтык бердик. Ал жигиттер [королдун каршысында] өйдө туруп, «Биздин Раббибиз асмандардын жана жердин Раббиси. Андан башкасын илах кылбайбыз», - дешти.» [Кахф 14]

Булардын эң жетилгени Ямлиха дагы кийимин өзгөртүп, эч кимге сыр алдырбастан барып, муктаждыктарын камсыздап келүүсүн ылайык көрүштү.

Ямлиха Тарсуска киргенде шаардын абдан өзгөрүп кеткенин көрдү. Бир күндө бир шаар кандайча мынчалык өзгөрүп кетет деп таң калды. Акыры бир наавайга кирди. Докянустун заманында анын атына бастырылган алтын акчаны бергенде наавайчы бул кишинин бир казына таап алганын ойлоп, дароо сакчыларга билдирди. Ямлиханы кармап: «Тапкан казынаңды көрсөт», - деп коркутушту. Ямлиха болсо: «Казына аттуу тапканым жок. Бул акчаны кече үйдөн алдым, мына бүгүн базарга алып келдим», - деди. Атасын жана тааныштарын сураштырышты. Ямлиха билгендерин айтты. Алар болсо: «Бул жерде андай кишилер жок, сен жалган айтып жатасың», - дешти. Жаны кашайды. «Докянуска баралы, ал мени тааныйт», - деди. Алар болсо: «Эй, жигит, Докянустун өлгөнү качан, үч кылым болду. Сен биз менен тамашалашып жатасыңбы?» - дешти.

Алар падышасы болгон Салих Малик Тандруска алып барышты. Бул падыша момун эле. Ямлиха башынан өткөн окуяларды айтып бергенде падыша жакын адамдары менен биргеликте үңкүргө келди. Алардын мурунку абалдары тууралуу жазылган ташты окуду. Аттары жана абалдары белгилүү болду. Баарын кучактап, коштошушту. Асхабы кахф болсо кайрадан мурункудай уйкуга батышты.

Асхабы кахф Хазрети Махди заманында ойгонуп, Анын аскерлери болушат. Хадиси шарифте: «Асхабы кахф Махдинин жардамчылары болушат», - деп буюрулду. (И.Суюти)

Асхабы кахфтын ысымдары жазылган кагазды үйүндө жана өзү менен алып жүрүү зыяндан коргоп, береке берет. Талаанын берекелүү болуусу үчүн Асхабы кахфтын ысымдарын төрт кагазга жазып, ар бирин эгин талаанын бут баспаган бурчтарына көмүү керек. (Рух-ул-баян, Фаваид-и Османиййа)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш