Ислам дини » Кошумча темалар » Мектубат Раббани




Мектубат Раббани


Ислам ааламында Имам Раббани хазреттеринин Мектубатынчалык баалуу бир китеп жазылган эмес. Мектубат үч том болуп, беш жүз жыйырма алты мектубдан куралган. Келам жана фыкых билимдерин, тасаввуфтун марифаттарын ачыктаган учу-кыйыры жок бир дайра сыяктуу теңдешсиз эмгек.

Мектубаттын биринчи тому 1616-жылы атактуу шакирттеринен болгон Яр Мухаммед Жадид бадахши Талкани тарабынан жыйналган. Биринчи томдо 313 мектуб (кат) бар. Бул томдун акыркы мектубу Мухаммед Хашим Кашмиге жазылган. Имам Раббани хазреттери биринчи томдун акыркы мектубун жазганда: «Мухаммед Хашимге жиберилген бул мектуб менен расулдардын, дин ээси пайгамбарлардын жана Асхабы Бадрдын санына шайкеш болгондуктан, бул жүз он үч мектуб менен биринчи томду ушул жерде бүтүрөлү», - деген.

Экинчи томдо болсо 1619-жылы дагы шакирттеринен Абдулхай Путни тарабынан жыйналган. Бул томдо Асмаи хусна, тагыраагы, Аллаху тааланын хадиси шарифте өткөн токсон тогуз ысымынын санынчалык токсон тогуз (99) мектуб бар.

Үчүнчү том болсо Имам Раббани хазреттери көз жумгандан кийин 1630-жылы шакирттеринен Мухаммед Хашим Кашми тарабынан жыйналып, бул томдо дагы Курани каримдеги сүрөлөрүнүн санынчалык жүз он төрт (114) мектуб бар. Үч томдо тең жалпы 526 мектуб бар эле. Имам Раббани хазреттери көз жумгандан кийин дагы он мектубу үчүнчү томго кошулган. Ушундайча мектуб саны (536) болгон.

Мектубдагы мектубдардын бир канчасы Арапча, калгандарынын баары Фарсча. Ар кайсы мезгилде бастырылган. Мектубаттын биринчи тому Мектубат Тержемеси деген ат менен Хакика Китеп Үйү тарабынан жарыяланган. Экинчи жана Үчүнчү томдордогу мектубдардаан керектүү болгондору Хакикат Китеп Үйү басылмаларынан болгон Там Илмихал Саадат-и Абадиййа китебинде орун алган. Бул баалуу эмгектерди www.hakikatkitabevi.com  адресинен алып окууга болот.

Мектубатты түшүнүү

Суроо: Имам Раббани хазреттеринин Мектубатын түшүнүүбүз шартпы? Мектубдарда сүлук, жезбе, сейр-и филлах сыяктуу сөздөрдү жолуктурабыз. Булардын маанилерин билүү керекпи?

ЖООП

Керек эмес. Билсек дагы түшүнө албайбыз. Сеййид Абдулхаким Арваси хазреттери: «Аллаху тааланын китебинен жана Расулунун хадистеринен кийин Ислам китептеринин эң үстөмү, эң пайдалуусу – Имам Раббани хазреттеринин Мектубат китеби. Мектубатты түшүнүү үчүн эмес берекеленүү үчүн окуу керек», - деген эле.

«Китеп окуу – сукбаттын жартысы», - делген. Тагыраагы, бир улуу заттын китебин сүйүү менен окуган адам сукбат кылгандай Андан пайдаланат. Мектубатты сүйүү менен окуган адам дагы Имам Раббани хазреттерин сүйөт, тааныйт, насиби жана сүйүүсүнчөлүк Андан пейз ала баштайт. Окуган сайын түшүнүп, көңүлү нурданып, ибадаттардын даамын алып, харамдардан, күнөөлөрдөн жийиркене баштайт. Эки дүйнө бакытына жетет жана башкалардын дагы жетүүлөрүнө себепчи болот.

Мектубат Раббани

Суроо: Түшүнбөсөк да Имам Раббани хазреттеринин Мектубатын окуубуз керекпи?

ЖООП

Албетте, окуу өтө пайдалуу. Мектубатты сүйүү менен окуу көңүлдөн дүнүйө сүйүүсүн чыгарат. Атүгүл, Мектубаткан таби болгондорду Жаханнам оту күйгүзбөй тургандыгы өзүнө билдирилген. Имам Раббани хазреттери мындай деген:

«Бир күнү амалдарымдагы кемчиликти көрүү абалы мени каптады. Чоң бир өкүнүү жана кайгы ичинде турганда «Аллаху таала үчүн төмөндөгөндү Аллаху таала көтөрөт» деген хадиси шарифти эстедим. Кийин «Сени жана Кыяматка чейин сени менен ортомчулуу жана ортомчусуз тавассул кылгандарды магфират кылдым» деген үн келди. Кыяматка чейин ортомчулуу жана ортомчусуз түрдө биздин жолубузга кире турчулардын баарын мага көрсөтүштү. Аттарын, тектерин жана мекендерин билдиришти. Кааласам баарын бир-бирден санап берем. Баарын мага багышташты.» (Макамат-ы Ахмадия)

Бул сүйүнчүгө жетүү үчүн Мектубат-ы шарифти окуу керек жана үйрөнүлгөндөр менен амал кылуу керек.

Мектубаттын өзгөчөлүгү

Суроо: Имам Раббани хазреттери жазган Мектубаттын өзгөчөлүгү эмне?

ЖООП

Итикад жана фыкых билимдерин, тасаввуфтун маарифаттарын ачыктаган жана мусулмандарга ар темада жол көрсөткөн өтө баалуу бир эмгек. Мектубдарынын китеп абалына келтирилүүсү болсо жеке Имам Раббани хазреттеринин кабары менен болгон. Биринчи томдун акыркы мектубун жазганда: «Мухаммед Хашимге жиберилген бул мектуб менен расулдардын, дин ээси пайгамбарлардын жана Асхабы Бадрдын санына шайкеш болгондуктан, бул жүз он үч мектуб менен биринчи томду ушул жерде бүтүрөлү», - деген.

Пайдалана алуу үчүн ар бир мектубду бизге жазылган сыяктуу ойлоо менен окуу керек. Бир мектубунда мындай деген: «Бул мектуб көрүнүштө белгилүү бир кишиге жазылса да, чындыгында окуган ар кимге жазылган болуп саналат. «Кылыч колдонгон үчүн»деген сөз белгилүү.» (1/221)

Дагы бир мектубунда мындай деген:

Расулуллах алейхиссалам: «Исламият карып болуп башталды. Соңку замандарда башталгандыгы сыяктуу дагы карып болот. Карып болгон ал мусулмандарга сүйүнчүлөр болсун!» - деп буюрду. Мындан мурдагы башкаруу заманында мусулмандар ушунчалык карып болушкан эле, капырлар ачыктан ачык мусулмандарды жамандап, мусулмандарды мазактап жатышкан эле. Базарда капырларды жана динсиздерди мактап жатышкан эле. Мусулмандардын Аллаху тааланын буйругунан бир канчасын кылуулары [айтуусу жана жазуусу] тыюу салынган эле. Ибадат кылгандар, Исламиятка моюн сунгандар айыпталып жана жамандалып жаткан эле. Азыр болсо мындай душмандык, андай кек жана көктүк көрүнбөөдө. Кээ бир кемчиликтер бар болсо да көктүк менен эмес билинбегендиги үчүн. Азыр мусулмандар да капырлар сыяктуу эркин сүйлөй алышууда, алардагы эркиндикке жетишүүдө. Эски кек менен душмандыктын башыбызга түшпөөсү, мусулмандардын зулумдук жана кыйноолорго түшпөөлөрү үчүн ойгонуп, дуа кылалы. Дин душмандарына мүмкүнчүлүк бербейли. Бүгүн силердин сөз менен [жана калем менен] кылган жихадыңар жихад-ы акбар, тагыраагы чоң жихад болуп саналат.

Убайдуллах Ахрар хазреттери: «Эгер шейхтик кылганымда эч бир шейх бир жерде бир мурид табалмак эмес, бирок, мага башка милдет берилди. Ал милдет болсо Исламиятты жайуу жана кубаттандыруу», - деп буюрду. Ошондуктан, султандарга барып насаат берчү эле. Таасирдүү сөздөрү менен баары туура жолго келишчү. Алар аркылуу Исламиятты жайчу. (1/65)

Мектубаттын өзөгү эки нерсе:

1-Аллаху тааланын динине бекем кармануу, аны үйрөнүп орундоо.

2-Динин кимден үйрөнгөн болсо ошол затты сүйүү.

Бул экөөнү кылган адам кутулат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш