Ислам дини » Кошумча темалар » Мекендин мааниси




Мекендин мааниси


Суроо: Динибизде мекендин мааниси кандай?

ЖООП

Динсиз адам үчүн дагы мекен маанилүү. Мекенсиз мамлекет болбойт. Мамлекет болбосо адамдардын жашоосу кыйын болот. Каргаша болот, биримдик, ынтымак болбойт. Көчмөн сыяктуу жашайт же зындандагы бир туткун сыяктуу болот. Ошон үчүн алтын капастын ичинде болсо да булбул «мекеним, мекеним» деп эңсеген экен. Бирөөнө акаарат кылганда «мекенсиз» деп айткандар да болот. Мусулмандыктын жашоосу дагы мекенге байланыштуу.

Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын заманында Медина шаары Исламияттын баш калаасы абалында эле. Диндин буйрук жана тыюулары ошол жерден билдирилип турган эле. Бир хадиси шарифте: «Медина – халал жана харам билдирилген мекен», - делген. [Табарани]

Мекенсиз мекендеш болбойт. Мекендештер жакшы болсо ал мекен баалуу. Мекендин баасы мекендештерден келет. Ошондуктан, «Шараф-ул мекан бил мекин» делген. Мунун мааниси ал жердин баасы ошол жердин тургундарынын баасына жараша өлчөнөт дегенди билдирет. «Мекен сүйүүсү ыймандан» хадиси шарифи дагы калкы мусулман болгон жана Исламиятка ылайык жашаган мекендин баасын билдирүүдө.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш