Ислам дини » Кошумча темалар » Жаманга жакшылык кылынса




Жаманга жакшылык кылынса


Суроо: Ислам аалымдарынын китептеринде эч качан ойдон чыгарылган хадис болбойт делет. Бул аз келгенсип ата-бабалар айткан макалдарда да жаңылыштык жок делет. Алар жаңылыш сөз айтпайбы? Мисалы, ата-бабаларыбыз айтышкан:

«Жакшылыктан мерез туулат», «Жакшылыкка жакшылык болгондо кара өгүзгө бычак урулмак эмес», «Жаманга жакшылык жарашпайт», «Боор ооруса боорго тебет».

Буларды кантип туура деп айтууга болсун? Эч кимге жакшылык кылбаш керекпи?

ЖООП

Ал макал сөздөр бир канча илимдүү инсандардын, эчен даанышмандардын тастыгынан өтүп отуруп бүгүнкү күнгө жетип келген. Ошондуктан, ата-бабалардын бардыгы тууралуу жаман ойдо болуу жаңылыштык болот. Бул сөздөр жакшылыктын сөзсүз зыяндуу боло тургандыгын көрсөтүп турган жок. Кээ бир жаман адамдарга жакшылык кылынганда алардан кээ бир туура эмес иштердин, зыяндардын келе тургандыгын көрсөтүүдө. Эң жеңил жана даамдуу куш этинин дагы кээ бир оорукчандарга оор келүүсүнө окшойт. Бул мааниде хадиси шарифтер, атүгүл, аяти карима да бар. Хазрети Али: «Жаман адам өзүнө жакшылык кылынганда катуулашат, жакшылык кылган адамга бир зыян бериши мүмкүн», - деп буюрууда. Дагы бир улуу зат: «Жаманга жакшылык кылганда, акмакка боор ооруганда алардан келе турчу жамандыктан сактангыла!» - деп буюрдууда.

Демек, бирөөнө жакшылык кылдык, эгер андан жамандык келсе ал адамдын жаман бирөө экендиги түшүнүлөт. Мисалы, майрамдап келген бир кант диабети менен ооруган бир адамга анын оорусун билбестен таттуу берсек анын оорусу күчөйт. Бул жерде кемчилик ага сунулган таттууда же аны сунган адамда эмес. Жаман адам дагы жакшылыкка жооп катары жамандык кылып жаткан болсо кемчилик ага кылынган жакшылыкта эмес. Жаман адамдар жакшылык билбес көрпенделер болуп саналат.

Курани каримде Тообо сүрөсүнүн 74.аяти каримасында Аллах жана Расулу жаман адамдарды лутуфу менен байытканда булардын Расулуллахтан өч алууга белсенгендиктери билдирилүүдө.

Демек ата-бабалардан калган макал жана накыл сөздөр жакшылык билбес көрпендеге кылынган жакшылыктан зыян келе тургандыгын түшүндүрүүдө.

Муну турмушунда башынан өткөргөн көп адамдар болгон. Бир нече мисал бере турган болсок:

1- Бала-чакам ачка, мага бир иш барбы деп келет. Ага боор ооруп идиш-аяк жууган иш берилет. Ал муну кубанып кабыл кылат. Себеби, чындап бала-бакырасы ачка. Арадан бир нече ай өтүп ордун бекемдегенден кийин ал-ахыбалын сурашканда: «Мен келгенде кырк табак жуудурушчу, азыр болсо жүз табак жуудуруп жатышат, мен дагы ошого бир канчасын сындыруудамын», - деп жумушун даттанып, жакшылыкты билбес көрпенделик жаман сапатын жашыра албоодо.

2- Киши жумушсуз. Жалбарганынан ишке алынат, жылдар бою айлык алат. Кризистен улам жумуштан чыгарылганда дароо компенсация деп арызданат.

3- Бир сүрөтчү келет, мага иш бергиле дейт, ага боор ооруп иш берилет. Сүрөтчүгө акысына бир сүрөт тарт делет, сүрөтүн тартат, акчасын алат. Убакыт өтө акысы андан көбүрөөк иш табат. Анын мурда акысын алып тарткан сүрөтүн жаңыдан бастырган кезде мыйзамдын жыртык жерлеринен пайдаланып сотко берет. Жумушуң жок жүргөндө сага жумуш берилген эмеспи? Бул жакшылык билбестик эмеспи?

4- Киши жазуучу. Акы төлөнүп гезитке же журналга макала жазат. Акчасын алат. Кийин ал макалаларын чогултуп китеп кылып бастырып, сатат. Сен ал макалалардын акысын мурда алган эмес белең?

5- Кишинин иши да жок, кесиби да жок. Ага боор ооруп ишке алынат. Ал болсо бул жерде убакыт өтө бир кесипти өздөштүрөт. Бул киши керек болгон учурда көбүрөөк айлык берет экен деп башка ишке кете берет.

Булар ыраазычылдык эмес, жакшылык билүүчүлүк эмес. Демек, жогорудагы макалдар ушундай адамдар үчүн айтылган. Ошол ата-бабалар жакшы адамдар үчүн дагы жакшы сөздөрдү айтышкан. «Жакшылык кыл, сууга ташта, балык билбесе Халык билет», «Жакшылыктан жамандык келбейт», «Жакшыда кек жок, жаманда тек жок», «Жакшылык кылган жакшылык көрөт», - дешкен.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш