Ислам дини » Кошумча темалар » Негизги себеп унутулууда




Негизги себеп унутулууда


Суроо: Кээ бир мечиттерде: «Сыртта адам калбасын, саптардагы бош жерлерди толтургула», - делүүдө. Эгер адам аз болсо саптарда бош жер калуусу кадимки көрүнүш эмеспи?

ЖООП

Бир-эки сап болсо да саптарда бош жер болуусу туура эмес. Бири-бирине өтө тыгыз туруу керек. Асхабы кирам саптарды тыгыз кылгандыктары үчүн кийимдеринин ийиндери сүртүнүүдөн улам эскирип кетчү эле. Үч киши болсо да арада боштук болбоосу керек, тыгыз туруу керек. Тыгыз туруу сыртта адам калбоосу үчүн эмес сүннөт болгондугу үчүн.

Бул сыяктуу кээ бирлер: «Намазды жаштыгыңда оку, орозону жаш кезде карма! Карыганда булардын казасын орундоо кыйын болот», - дешүүдө. Кээде болсо: «Көп жашай турганыңды кайдан билесиң, балким жаш кезде өлүшүң мүмкүн», - делүүдө. Мындай сөздөр жаңылыш. Бир адам бир кылым жашай турганын кепилдик менен билсе дагы намазын казага калтыруусу жаиз болбойт. Намазды казага калтыруу чоң күнөө. Карыган бир адам бүткүл намаз жана орозо карыздарын өтөсө дагы өткөргөндүгү үчүн харам кылган болот. Казасын өтөө менен күнөөлөрү кечирилбейт. Кылган харамдарынан улам өзүнчө тообо кылуусу керек. Бир адам жүз жашта дагы жаш жигиттей болсо, намаз жана орозо казасын эң ылайык түрдө өтөгөн болсо да, убагында орундалган ибадаттын сообунун миңде бирине жете албайт. Бир адам өзүнө важиб болсо да курмандык сойбосо, майрамдан кийин анын беделин алтын менен бир кедейге берүүсү керек. Кедейге беделин бергенде курмандык чалуу карызынан кутулса да курмандык чалуу сообуна жете албайт. Убакыттуу ибадаттардын баары ушундай.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш