Ислам дини » Кошумча темалар » Мубахка булак болбойт




Мубахка булак болбойт


Суроо: С.Абадиййа китебинде жапайы эшек болгон зебра үчүн халал делүүдө. Биз аны харам деп билебиз. Халал болсо далилдешиңиз керек. Буга Куран жана хадистен далил көрсөтүшүңүз керек. Жемиш бактарын бири-бирине кыйыштыруунун мубах болгондугунун далили эмене? Ошондой эле, яхудилер менен орток ишканаларыңар болгондугу айтылууда. Орток болбогондугуңарды далилдешиңер керек.

ЖООП

Мубах, башкача айтканда, харам болбогон нерсе көп. Булар мубах деп Куран жана сүннөттө жазылуу болбойт. Бирок, харам аз жана харам болгондугу адилла-и шариййада билдирилген. Бүткүл мөмө жемиш, жашылча жемиш жана чөптөр мубах. Мубах болгондугуна карата далил изделбейт. Харам делип жаткан болсо далил изделет. Мисалы, мас кыла турчу чөптөрдү мас кыла турганчалык жеш харам. Мунун далили болот. Уулаган мөмө жемиш же азыктарды жеш харам, мунун далили болот. Бирок, бир кивини, бир ананасты, бир банандын мубах болгондугуна катыштуу далил изделбейт. Харам деген бирөө чыкса далилин ошонун көрсөтүүсү керек.

Жалаа жабылган адам өзүнүн таза экендигин далилдей албайт. Аны далилдөө ошону айткан кишиге түшөт. Мисалы, бирөө сизге: «Атаңыз ууру, адам өлтүргүч. Баланчанын малын уурдаган, беш кишини өлтүргөн», - десе, атаңыз буларды кылбагандыгын кантип далилдемекчи? Албетте, муну ким айткан болсо ошол кишинин далилдөөсү, далил көрсөтүүсү керек болот. Атаңыз: «Мен мындай нерсе кылбадым», - деп жаткан болсо алдан далил изделбейт. Ким күнөө тагып жаткан болсо күбө жана далил андан изделет. Себеби, бир хадиси шарифтин мааниси мындай: «Далил доочуга түшөт». [Тирмизи]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш