Ислам дини » Кошумча темалар » Таби болуунун үстөмдүгү




Таби болуунун үстөмдүгү


Суроо: «Таби болуудай үстөмдүк жок» деген сөз жаңылыш эмеспи? Кимге таби болсоң ошол үстөмүрөөк эмеспи?

ЖООП

Кимге таби болсо албетте ошол үстөмүрөөк. Бул жерде таби болгон адам үстөмүрөөк делген жок, таби болуунун мааниси билдирилүүдө. «Таби болуудай үстөмдүк жок» сөзү жаңылыш эмес. Расулуллах алейхиссалам Аллаху таалага таби болду, эң жогору макамга жетти. Бир аяти кариманын мааниси:

«Расулум, албетте сен эң бийик ахлак үстүндөсүң». [Калем]

Асхабы кирам Расулуллахка таби болду, пайгамбарлардан сырткары адамдардын эң үстөмү болушту. Бир аяти кариманын мааниси:

«[Расулуллахка таби болуп] Меккенин фатхынан [алынуусунан]мурда Аллах үчүн мал берген жана согушкан Асхабы кирамдын фатхтан кийин Аллах үчүн берген жана согушкан Асхабы кирамдан даражалары үстөмүрөөк. Баарынын даражасы тең эмес, бирок, бардыгы үчүн Хуснаны [Жаннатты] сөз беремин.»[Хадид 10]

Бир хадиси шарифтин мааниси дагы мындай:

«Асхыбым [мага таби болгондуктары үчүн] жин жана адамдардын баарынан да үстөм.» [Баззар]

Асхабы кирамга таби болгондор Табиин делди. Булар дагы Асхабы кирамдан кийин эң бийик макамга жетишти. Бир аяти кариманын мааниси:

«Мухажир жана Ансар менен жакшылыкта болгондордун [Асхабдын] изинен жүргөндөрдөн [аларга таби болгондордон] Аллах ыраазы. Алар да Аллахтан ыраазы. Аллах аларга Жаннатты дайындаган.» [Тообо 100]

Бул заттарга таби болгондор болсо Таба-и Табииндеп аталды, алар дагы Табиинден кийин эң жогору даражага жетишти. Бир хадиси шарифтин мааниси мындай: «Асхабым көктөгү жылдыздар сыяктуу. Кайсы бирине таби болсоңор хидаятка жетесиңер.» [Табарани, Байхаки, Ибни Асакир, Хатиб, Дайлами, Дарими, И.Мунафи, Ибни Адий]

«Адамдардын эң кайырлуусу - доорумдары Мусулмандар [Асхабы кирам].Алардан кийин эң жакшылары – алардан кийин келгендер [Табиин]. Алардан кийин эң жакшылары – алардан кийин келгендер [Таба-и Табиин]». [Бухари]

Бир мусулмандын дагы үстөм бир абыройго жетүүсү үчүн мазхабынын имамына, мазхабындагы аалымдарга таби болуусу керек. Бир хадиси шариф мааниси мындай:

«Аалымдарга таби болгула! Алар – дүнүйөнүн жарыгы.» [Дайлами]

Көрүнүп тургандай динибиз баштан аяк таби болуунун пазилети менен толо. 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш