Суроо: Кээ бир кишилер «тажрыйба – жеген таяктардын
жыйындысы» дешет. Бул сөз туурабы?
ЖООП
Бул жакшы түшүнүк эмес. «Тажрыйба – бул кылынган
каталардан чыгарылган сабак, кулакка сөйкө болгон насаат» деген сыяктуу сөз
андан ылайыктуураак болот. Тажрыйба адамды алгач зыянга киргизет, кийин сабагын
берет. Тажрыйба пайдалуу, бирок, чыгашасы көп. Тажрыйба менен бир зыянга кирилет,
бирок, тажрыйбасы жанына пайда болуп калат.
Акылдуу киши кыйынчылыкка түшпөстөн, зыянга
учурабастан башкаларынын жана кары кишилердин тажрыйбаларынан пайдаланат. Өз
башына дагы келүүсүн күтпөстөн алардын тажрыйбаларын пайдаланат. Бул тууралуу
ибреттүү бир жомок мындай:
Түлкү, карышкыр жана арстан бирге жолго чыгышат.
Бир тоок, бир козу, анан бир музоо кармап алып келишет. Токойдун падышасы
болгон арстан карышкырга буйрук берет:
- Канакей, олжолорду адилеттүү түрдө
бөлүштүр!
Карышкыр, жарайт деп:
- Музоо падышабыздыкы, козу карышкырдыкы, тоок
болсо түлкү туугандыкы, - дейт...
Арстан карышкырды бир чаап, карышкыр оозу-мурду
канжалап жерге жыгылат. Кийин түлкүгө бурулуп:
- Канакей, эми сен адилеттүү түрдө
бөлүшүр!
Түлкү куп болот падышам деп:
- Тоок – падышабыздын таңкы тамагы, козу - түшкү тамагы,
музоо болсо - кечки тамагы.
Арстан ыраазы болуп күлүмсүрөп, түлкүдөн сурайт:
- Мынчалык адилеттүү бөлүштүрүүнү кимден
үйрөндүң?
Куу түлкү жерде оозу-мурду канжалап жаткан карышкырды
көрсөтүп мындай дейт:
- Падышам, мына бул жерде жаткан кызыл белдемчен
карышкыр туугандан үйрөндүм.
Демек башкалардын башына түшкөн ачуу окуялардан
керектүү сабак алып, биз дагы ошол катага түшпөөбүз керек.
Бир тешиктен эки жолу тиштелүү
Суроо: Бир коңшубуз менен үй-бүлөлөр катары жакшы
мамиледе элек. Бирок, коңшу чоочун бирөөлөрдүн үгүтү менен атамды жумушунан
кетирип, өзү ошол жерге отуруу үчүн бизге бир канча бут тозуу кылды. Көп зыянга
учурадык. Атам абалды көргөндө аларга каршы маанайга өттү. Тымызын пландары
ачыкка чыгып калганда үй-бүлөсү менен келишип: «Азыр уруша турчу заман
эмес, боордоштук заманы», - деп атам менен элдешүүнү каалашууда. Атам
болсо сактык менен кыймылдап жатат. «Булар кайра эле баягындай иш кылуулары
мүмкүн. Буларга боор ооруп ордубузду берип койсок, кайра өзүбүз боор ооруй
тургудай абалга түшөбүз», - деп тынчсызданууда. Булар менен элдешүүнүн дин
жагынан зыяны барбы?
ЖООП
Элдешүүнүн зыяны болбойт. Бирок, сак болуу шарт.
Момун сактыкты колдон чыгарбоосу керек, жаңы бут тозууларга курман болбоосу
керек. Сак момун башына түшкөн окуялардан сабак алат, экинчи жолу ошол эле
катага түшпөйт. Бул тууралуу бир хадиси шариф бар:
«Момун киши бир тешиктен эки жолу
тиштелбейт». [Бухари, Муслим]