Ислам дини » Кошумча темалар » Тарапсыз болуу




Тарапсыз болуу


Суроо: Эне-атам калган балдарына берген эркиндикти мага беришпейт, тарапсыз мамиле кылбай жатышат. Тараптуу болуулары жаңылыш эмеспи? "Тарапсыз жазуучу” же "Тарапсыз гезит” деп макталат. Тараптуу, башкача айтканда, бир топтун тарапташы болгондор жамандалууда. Эки нерсени ажыратуунун, тарапсыз мамиле кылуунун диндеги өкүмү кандай?

ЖООП

Тарапсыз мамиле кылуу керек болгон жерлер бар болсо да, адатта жакшынын, тууранын, чындыктын жанында болуунун керек экендигин көрсөткөн мисалдар көп. Туура менен жаңылыш бар болсо адам тууранын тарабында болот. "Мен тарапсызмын” деп туурадан узак туруу, туурага душман болуу "Ажыратпаш керек” дегендик өтө жаңылыш. Жакшы менен жаман, күнөөлүү менен күнөөсүз, ачуу менен таттуу, ысык менен суук ажырымы албетте кылынат. Дос менен душман, момун менен капыр ажырымы кылынат. Эгер бул кылынбаса ким жакшы, ким жаман белинбейт.

Эч ким тарапсыз боло албайт. Бирөөнү тарапсыз мамиле кылууга мажбурлоо жаңылыш. Жакшынын жанында болуу, жамандын каршысында болуу жаңылыш эмес. Өлкөнүн, элдин пайдасы каерде болсо ошол тарапта болуу керек. Хактын, тууранын, жакшынын жанында болгонду бир тарапты кармануу деп күнөөлөө туура болбойт. Жасоочуга карата туура жана жакшы болгон бир нерсе жыгуучуга карата жаңылыш жана жаман. Ошондуктан, тууранын, жакшынын жанында болгон адам тарапсыз болбостук менен күнөөлөнө албайт.

Ар иште тарапсыз болуу жаман. Хак, чындык каерде болсо, өлкөнүн, элдин кызыкчылыгы каерде болсо ошол тарапта болуу керек.

Ушуну менен бирге эле тарапсыздык деп коюшуп, өздөрү эч тарапсыз мамиле кылышпайт. Тарапсыз болууну да каалашпайт. Эмне болсо болсун, башкалар өздөрүнө каршы болбосун, эч болбосо тарапсыз болушсун деп тарапсыздыкты жакташат.

Булардын ойлору боюнча жаманды жаман деш тарапсыздыкка көлөкөсүн түшүрөт. Бирок, жакшыны жакшы, жаманды жаман дебестен туураны жапкан бир тарапсыздык канчалык жаман! Тарапсыз болуп көрүнүп, негизинде жамандардын тарабында болуу өтө жаман. Ошондуктан: "Же болгонуңдай көрүн, же болбосо көрүнгөндүгүңдөй бол!” - делген. Хамелеондой болуп ортомго карай түсүн өзгөртүп жашырынуу жаман.

Хактын, чындын, жакшынын тарабында болуу керек жана тарапсыз болуудан же тарапсыз болуп көрүнүүдөн качуу керек. Бир канча мисал берели: 

1- Жол кырсыгында бир аял көз жумат. Тарапсыз киши буттары көрүнө тургандай түрдө сүрөтүн тартат. Тараптуу болгон киши болсо ачык жерлерин жаап тартат. Тараптуу болгон адам муну кылгандыгы үчүн тарапсыздыгын жоготкону менен туура иш кылууда.

2- Каракчы топ бир канча бекүнөө жаранды өлтүрөт. Бул абалда уюшкан топту бузуу жана дагы көп киши өлтүрбөөлөрү үчүн эч бир күч келбесе да, "Баланча уюшкан топко каршы эң жаңы куралдар менен жабдылган күчтүү отряд жиберилди” деп айтуу тарапсыздыкка каршы болсо да, мамлекеттин, элдин пайдасына жарагандыгы үчүн туура кабар болуп саналат. Көңүл түшүрүүчү кабарларды бербөө тарапсыздыкка каршы болсо да, элдин пайдасына болгондугу үчүн туура болуп саналат.

3- Душман менен согушууда түтүн морлору же бак дүмбүлү пушка сыяктуу көрсөтүлсө, дагы бирөө тарапсыз болуу үчүн алардын курал эмес мор же бак дүмбүлү экенин барып душманга кабарласа, бул тарапсыздыкка чыккынчылык болбойбу? Ошондуктан "Жакшылыкка себеп болгон жалган фитнага себеп болгон чындыктан жакшы”, - делген. Тарапсыздык мамлекеттин зыянына себеп боло турган болсо бул зыяндуу ишти кылуу акылга сыябы?

4- Бирөө бирөөнүн аялына зына кылуу үчүн келсе, аялдын күйөөсү: "Мен аралашпайм, эмне кылсаңар ошо кылгыла”, - деп келген кишиге үнүн чыгарбаса, бул туура тарапсыздык болобу?

5- Бир мусулман диний бир китеп жазат. Дин тууралуу айтат. "Бир гана Исламият хак, калгандары батыл”, - деп тарабын белгилөөсү керек болуп турса да, тарапсыз болуу үчүн эч бирине батыл, жаңылыш дебесе мындай түссүз болуунун коомго кандай пайдасы болушу мүмкүн?

6- Бир ыр антологиясын даярдап жатып тарапсыз болуу үчүн жакшы-жаман ар көзкараштан ырлар алынса мындай тарапсыздык зыяндуу. Бир гана жакшылары алынуу менен тараптуу болуусу керек.

7- Ибрахим алейхиссалам отко ыргытылып жатканда кумурска отту өчүрүү үчүн оозу менен суу ташыйт. "Бул суу менен от өчмөк беле” - дешти. "Өчпөсө да мен тарабымды билдиришим керек, ким  тарабында болгонумду көрсөтүшүм керек”, - дейт. Мисалы, 60-70 жыл мурда Түркияда элдин көпчүлүгү Аднан Мендерестин тарабында эле, добуштары менен муну билдиришкен эле. Төңкөрүш кылгандар элден коркуп жатышкан, бирок, өлүм жазасына тартыла турчу кезде эл тарапсыз сыяктуу мамиле кылып буга каршылык көрсөтпөгөндө, жок дегенде буга каршы ойлорун билдирип жөө жүрүш дагы кылбаганда Мендерес тарапсыздыктын, түссүздүктүн, кайдыгерликтин, кенебестиктин, коркоктуктун курмандыгы болду.

Демек, окуяларда тарапсыз эмес, тууранын, жакшынын тарабында болуу керек. 

Эне-ата бир баласын экинчисинен бөлбөйт, эгер бөлүп жаткан болсо демек анда бири жакшы, экинчиси жаман. Фасык бала менен салих болгону бир көрүлбөйт. Сөз укпаган ээн баш бала менен сөз уккан бала бир көрүлбөйт. Эне-атаңардын эки башка мамиле кылуусунун бир себеби бар болушу мүмкүн. Себепсиө бөлүшпөйт. Балким, туура бир себептери бар чыгар. Бул себептер анык билинмейин бир нерсе айтууга болбойт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш