Ислам дини » Кошумча темалар » Гипноз деген эмне




Гипноз деген эмне


Адамдагы шуурлук (өз эс-учунда болуу) абалынын башка бири тарабынан түрдүү таасир берүү жолдору аркылуу өзгөртүлүүсүнүн натыйжасында ортого чыккан өзгөчө уйку абалы гипноз же гипнотизм деп аталат. Көбүнчө гипноз деп айтылат.

Гипноз процессин өз алдынча түшүндүрө алчу бир теория азырынча жок. Теориялардан бири - гипноздун уйкунун бир түрү болгондугу. Орус физиолог Иван Павлов гипнозду уйкуга өтүүдөн аз мурда ортого чыккан, рефлекстердин али бар болгон бир өткөөл абал деп сыпаттаган.

Гипноздо толук бир уктоо абалы жок. Уктатылган киши суралган суроолорго жооп бериши мүмкүн, айтылган кээ бир нерселерди орундашы мүмкүн. Гипноз уктаган адамдын аны уктаткан адамдын толук башкаруусуна кирүүсү эмес. Эки тараптуу каалоо менен бул абал пайда болушу мүмкүн.

Эмдөөдө гипноз

Австриялык Др. Антон Месмер оорулуулардын үстүнөн магниттерди өткөрүп, бул кишилерде назарды оодара турган абалдар пайда болгонун байкаган. Месмер тажрыйба кылган бул эмдөө учурунда уйкунун бир түрү, эч-учунун өзгөрүүсү пайда болгон абал келип чыккан. Француз Билим Академиясы Месмердин эмдөөсүнүн иштегендиги көрдү, бирок, анын таянган теориялык негиздерин четке какты. Француз Др. Бернхейм гипноз учурунда кылынган телкиндин маанисин ачты. Англис жана Америка Медицина Уюуму медициналык эмдөөдө гипноздун ордун кабыл кылышты. Пенсилвания Медицина Факультети окутуу мүчөсү Франк Марлове: "Гипноз белгилүү бир чекитте жыйналган күчтүү концентрация”, - деген жана операцияларда наркоз колдонбостон гипноздон пайдаланууда.

Транс абалынын (уйку менен ойгоо арасындагы абалдын) камсыздалуусу үчүн түрдүү методдор бар. Булардан эң билингени "көздөрдүн эки тараптуу аныкталуусу”. Гипнозчунун көзүнө көздөрүн тиккен кишиге көз кабактарынын барган сайын оорлошкону жана ырахаттоо менен уйкуга өткөндүгү телкин кылынат. Көздүн стабилдүү карай турган кандайдыр бир зат дагы ошол эле ишти кылууда. Дагы бир башка метод болсо гипноз кылынганга колунда түрдүү сезимдерди туйгандыгы жана колунун барган сайын абада көтөрүлгөндүгү телкин кылынат. Ушул жери жакшы билинүүсү керек, гипноз ишин гипноз кылынган кишинин каалоосунан сырткары өтө чанда бөтөнчөлүктөрдүн сыртында кылууга мүмкүн эмес жана адам каршы турса аны уктатуу мүмкүн болбоосу ыктымал.

Гипноз абалынын эң маанилүү өзгөчөлүгү адамга ортого чыгарган телкинге ачык абал. Киши гипнозчу тарабынан ортого коюлган пикирлерди тайсалдабастан кабыл кылат. Атүгүл, кишиге гипноздон кийин кыла турчу иштер телкин кылынганда аларды да өзүнөн өзү жана убагы келгенде орундайт.

Гипноздо уйку

Гипноз менен транс абалына өткөрүлгөн кишиде ортого чыккан жарым уйку абалы "жеңил”, "орто” жана "терең” гипноз болуп сыпатталат. Жеңил транс делген абалда көздөр жабык, дем жайлаган, киши жеңил телкиндерди гана гипноздон кийин орундашы мүмкүн. Орто транс абалында толук эмес унуткандык пайда болот; телкин жолу менен кээ бир галюцинациялар ортого чыгарылышы мүмкүн. Терең транста жалпы унуткандык ортого чыгат. Киши көздөрү ачык болгон абалда дагы телкин кылынгандарды жасайт. Бул түрдө кишинин белгилүү бир дене бөлүгүндө телкин менен сезимсиздик пайда кылынып, хирургиялык киришимдер да кылынышы мүмкүн.

Уктатылга адам ойготулбаган транс абалда дайым калып калбайт. Себеби, гипноз иши эки тараптуу келишим жана байланыш абалында болот. Бир тараптын ишти таштоосу же каалабоосу менен гипноз бүтөт.

Гипноз тишчилик, төрөт, хирургия тармактарында сезимсиздик (анестезия) кылуу үчүн колдонулушу мүмкүн. Психологдор оорулууларына өтмүштө болгон, эстегилери келбеген же эс-учунан ыргыткан окуяларды айттыруу үчүн гипноздон пайдаланышат. Гипноз мындан башка көп тамеки тартуу, тойгонун билбестик, тырмак жеш сыяктуу өз ыктыярынан сырткары болгон өнөкөттөрдүн алдын алууда колдонулат.

"Автогипноз” - адамдын өз өзүнө телкин менен транс абалына өтүүсү. Түрдүү иштер бул жол менен өз-өзүнө телкин кылынышы мүмкүн. Түнү жатарда автогипноз менен транс абалына өткөн жана өзүнө таңкы саат бешке чейин уктап, ошол убакытта ойгонуусун телкин кылган киши кудум курулган бир сааттай беште ойгонот. 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш