Ислам дини » Кошумча темалар » Ичкилик зынадан да жаман




Ичкилик зынадан да жаман


Суроо: Ичкиликтин зыянадан жаман экендигин билдирген бир хадис айтылууда. Жаңылыш жазылан болуусу мүмкүнбү? Туурасы зыяна ичкиликтен жаман эмеспи?

ЖООП

Зына ичкиликтен жаман көрүнсө дагы кээ бир абалдарда ичкиликтин зынадан да жаман болгондугу көрүнөт. Бир канча хадиси шариф:

"Ичкилик ичкендин уят пардасы жыртылат, шайтан ага жолдош болот, ар жамандыкка жетелейт жана ар жакшылыктан алаксытат.” [Табарани]

"Жамандыктардын баары кулпуланган бир жерде. Бул жердин ачкычы - ичкилик. Ичкилик ичкен адам ал эшикти ачып ичине түшөт.” [Абдур-раззак]

"Жамандыктардын баары бир жерде жыйналган. Бул жердин ачкычы ичкилик, кулпусу зына.” [Ислам Ахлагы] (Кулпу ачкыч менен ачылат. Башкача айтканда, ичкилик ичкен киши зына кылышы мүмкүн.)

"Заалым бир корол бир адамды кармап: "Ичкилик, адам өлтүрүү, зына жана чочко эти жегенден бирин танда, болбосо сени өлтүрөмүн”, - дейт. Адам ичкиликти ичет. Аны ичкенде болсо калганынан баарын жасайт.” [Табарани, Хаким]

"Эски замандарда бир абид бир четте ибадат кылып жатканда жаман бир аял кызматчысын жөнөтүп, абидге бир күбөлүк үчүн чакыргандыгын айттырат. Абид барат. Ичкери киргенде сулуу бир аялды көрөт. Аял: "Же бул баланы өлтүр же мени менен зына кыл же мына бул шарапты ич! Булардан бирин кылбасаң сени ай ааламга шерменде кылам”, - дейт. Абид калгандарына караганда жеңил деп ойлоп шарапты ичүүгө ыраазы болот. Ичип мас болгондо аял менен зына кылат, баланы дагы өлтүрөт.” [Ибни Хиббан]

Жогорудагы хадиси шарифке окшош дагы бир окуя мындай:

Шайтан бир абидге керемет ээси болгон бир шейх болуп көрүнөт. Абид шайтандан бул даражага кантип жеткендигин сурайт. Шайтан болсо: "Чоң бир күнөө кылдым, тообо кылдым, Аллах болсо мени бул макамга көтөрдү. Себеби, Аллах тооболорду кабыл кылат”, - дейт. "Мен дагы бул макамга көтөрүлө аламбы?” - деп сурайт. Шайтан болсо "Албетте” деп үч тандоону ортого коёт: 1- Адам өлтүрүү, 2- Зына, 3- Шарап. 

Абид биринчи экөөнү кабыл кылбайт. Шарапты жеңил көрүп ичет, бир нече убакыт өтүп мас болот. Шайтан жаман бир аялды анын жанына алып келет. Абид аял менен зына кылат. Шайтан дароо аялдын тууганына кабар берет. Тууганы зына кылып жатканда көргөн масты урган кезде абид аны бычактайт да, аялдын тууганы өлөт. Абид жеңил деп санаган шараптын айынан зынакор да болду, адам өлтүрүүчү да болот.

Адам мас болгондо башка күнөөлөрдү кылышы мүмкүн. Бир хадиси шариф: 

"Шарап ичүү - күнөөлөрдүн эң чоңу, ар жамандыктын башы. Шарап ичкен адам намаз окубайт, керек болсо энеси менен, эжеси менен же таежеси менен зына кылышы мүмкүн.” [Заважир, Кунуз-уд-дакаык]

Ичкиликтин зынадан да коркунучтуу болгондугун жогорудагы хадиси шарифтер жана болгон окуялар көрсөткөн.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш