Ислам дини » Кошумча темалар » Бисмиллах айтуу




Бисмиллах айтуу


Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи Ва саллам: "Устаз балага Бисмиллах окуса, бала дагы кайталап айтса, Аллаху таала баланын эне-атасы жана устазы үчүн Тозокко кирбейт деп жаздырат”, - деп айткан. (Тафсири Дуррул Мансур) Дагы бир хадиси шарифте: "Курани каримге урмат Аузуну (Аузубиллахи минашшайтанир ражим) айтып баштоо менен көрсөтүлөт. Курани каримдин ачкычы - Бисмиллах", - деп айтылган. (Тафсири Якуби Чархи) 

Абдуллах бин Масуд мындай деген: "Тозокто азап берген он тогуз периштеден кутулууну каалаган адам Бисмиллах айтсын! Бисмиллах он тогуз тамгадан турат." Лавхи Махфузда алгач жазылган жазуу "бисмиллах", Адам алейхиссаламга алгач келген "бисмиллах", Момундар "бисмиллах" сөзүнүн жардамы менен Сырат көпүрөсүнөн өтүшөт. Бейишке чакыруу кагазынын колу "бисмиллах" болот. 

"Ар бир макулукка, аны жаратуу менен жакшылык кылган жана жок болуудан сактаган Аллаху тааланын жардамы менен ушул китепти жазып жатамын. Арифтер (олуялар), Аны илах катары таанышты. Ааламдар Анын мээрими менен ырыскыланды. Күнөө кылгандар Анын мээрими менен Тозоктон кутулушту. (Якуб Чархи)

Бисмиллах сөзү ушунчалык баалуу; оозду тазартат, көңүлдөн кайгы-дартты, кыйынчылыкты кетирет." (Абдулкадир Гейлани) 

"Даарат алууну, жеп-ичүүнү жана ар бир жакшы ишти баштап жатканда Бисмиллах айтуу, сүйүктүү Пайгамбарыбыздын адаттарынан жана сүннөт болуп саналат." (Ибн Абидин) 

Аллаху таала Курани каримди ушул үч ысым менен баштаган. Анткени, адамдын үч жагдайы бар. Дүнүйө, кабыр жана акырет жагдайлары. Адам Аллаху таалага ибадат кылса дүнүйөдөгү иштерин оңой, жеңил кылат. Кабырда ага мээримдүлүк кылат, акыретте күнөөлөрүн кечирет. (Саадат-и Абадиййа)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш