Ислам дини » Кошумча темалар » Бардык нерсе күнөөбү




Бардык нерсе күнөөбү


Адам өзүнүн ким экендигин, эмне үчүн  жаратылгандыгын, эмне кылуусу керектигин,  эмнеден сактануусу керектигин, жакшыны,  жаманды, пайдалууну, зыяндууну, досун, душманын  билбесе жаныбардан эмне айырмасы бар. Адамды  жана бардык макулуктарды Аллаху таала жаратты.  Жөнөткөн пайгамбарлары аркылуу: "Силерди мен  жараттым. Мени таануу мартабасына ээ  болууңар үчүн, Мага кулчулук кылууңар үчүн  жараттым. Бул амалдарды орундасаңар  дүнүйөдө да, акыретте да бактылуу болосуңар.  Буларды кылсаңар акыретте бактысыздыкка  дуушар болосуңар", - деп буюрган.

Орундообуз зарыл болгон нерселер менен  орундабоо зарыл нерселерди билдирди. Ошол  билдирилген мыйзамдардын жыйнагы дин деп  аталат. Башкача айтканда, дин адам деп аталган  керемет жаратылыштын колдонуу нускамасы.  Бактылуу болуу, өзүнө жана адамдарга пайдалуу  болуу, өзүн жана башкаларды зыяндардан коргоо  нускамасы. Жакшы менен жаманды, пайдалуу  менен зыяндууну, дос менен душманды таануу,  ажыратуу нускамасы.  

Бул эрежелердин бардыгын адамды жараткан  Аллаху таала билдирген. Бизди Ал жараткан жана  Жаратуучу жараткан нерселерин эң жакшы билүүчү. Мээримдүүлүк кылып, бул  маалыматтарды бизге билдирген. Билдирбесе, бул  абалыбыз менен жаныбарлардан эч бир  айырмачылыгыбыз калмак эмес. Ичип-жеш, жатып туруу, кырып, башаламан кылып жүрмөкпүз. Бизге  бардык нематтарды ихсан кылган Раббибизге шүгүр  кылуунун ордуна жакшылыкты билбестик,  шүгүрсүздүк кылсак мунун жазасы албетте өтө оор  болмок.

Суроо: Азыр муну кылганга болбойт, тигини  кылганга болбойт деп көп айтылып жатат. Динде  бардык нерсе күнөөбү? 

Жооп: Жок, динибизде бардык нерсе күнөө эмес.  Адал болгон нерселердин жанында арам болгон  нерселер өтө аз. Уулу болбогон бардык жер-жемиштер,  жашылчалар динибизде мубах (адал). Деңиз  жандууларынан башка бардык балыктын түрлөрү, мас  кылбаган бардык суусундуктар адал. Эркектер үчүн  жибектен башка бардык кездемелердин түрү мубах  (адал). Махрам туугандар жана китепсиз капырлардан  башка каалаган бөтөн бир аял менен үйлөнүү жаиз  (уруксат). Имам Раббани хазреттери мындай деген:  "Аллаху таала тарабынан уруксат берилген  нерселердин түрлөрү жана саны өтө көп. Ал эми арам  кылган нерселери өтө аз. Мубахтардагы (адалдардагы)  пайда менен лаззаттар, арамдардагыдан алда канча  көп. Баарынан да маанилүүсү Аллаху таала мубах  нерселерди кылгандарды жакшы көрөт, арам  нерселерди кылгандарды жакшы көрбөйт. Акылдуу  адам бир заматтык лаззат үчүн Аллаху тааланы  ачууландырууну албетте каалабайт." (1/163)  

Аллаху таала кулдарына мээримдүүлүк кылып, сый  кылып, мубахтарды колдонуу менен ырахаттанууга  уруксат берген жана көптөгөн нерселерди мубах  кылган. Эсепсиз көп болгон бул мубахтарды таштап,  арам кылынган бир нече нерсеге берилүү Аллаху  тааланын алдында адепсиздик болот. Ошондой эле  арамдардагы лаззаттар, мубахтарда артыгы менен  бар. Адал болгон көп түрлүү нематтар менен катар,  адамдын иш-аракеттерине Раббисинин ыраазы  болуусунан артык ырахаттык болобу? Кулдун ишин  кожоюнунун жактырбоосунан да жаманыраак нерсе  болобу? Биз кулбуз, жаратуучу ээбиз болгон Аллахтын  буйругундабыз, бош жиберилген эмеспиз. (1/73) 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш