∙ Адам алейхиссалам суу менен топурак арасындагы  кезинде Расулуллах Илм-и Илахиде Пайгамбар эле.  (Мектубат Раббани) 
	∙ Буттардын зинасы шарият тыюу салган жерлерге  (арамдарга) баруу. Көздөрдүн зинасы шарият тыюу  салган нерселерди (арамдарды) кароо. (Саадати Абадиййа). 
	∙ Исламдын негизи - ахли сүннөт билдиргендей  итикадды (акыйданы) тууралоодо жана шарият  өкүмдөрүнүн аткарылуусунда жатат. (Мектубат Раббани) 
	∙ Асхаби кирамдан (сахабалардан) бирөөнү да болсо  жамандоо динди жамандагандык болот. (Мектубат Раббани) 
	∙ Амалдардын жана ибадаттардын жакшысы - намаз  окуу. (Саадати Абадиййа) 
	∙ Иса алейхиссалам көктөн түшүп, Мухаммед алейхиссаламдын шарияты менен амал кылат. (Саадати Абадиййа) 
	∙ «Кулумду мени кандай элестеткен болсо ошондой  болуп тосуп алам!».  (Хадиси шариф) 
	∙ Аллаху тааланын олуялары чоң күнөө кылуудан  сактанышкан. (Мектубат Раббани) 
	∙ Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) асхабына айтты: «Силер ушундай бир заманда  дүнүйөгө келдиңер, буйруктардын ондон бирин таштап койсоңор куруйсуңар. Силерден кийинки келе  турган урпактар бул буйруктардын ондо бирин аткарса азаптан кутулушат» . (Мектубат Раббани)