Ислам дини » Кошумча темалар » Паракорлук - коомдун оорусу




Паракорлук - коомдун оорусу


Адамдардын арасында тойбос, ач көздөр көп  кездешкендиктен паракорлук илдети көп өлкөлөрдүн  айыкпас жарасы болуп саналат. Жалгыз өзүнүн  кызыкчылыгын, чөнтөгүн гана ойлоо, өлкө  кызыкчылыгынан мурда жеке кызыкчылыгын ойлой  тургандардын көбөйүп бараткандыгы ар бир мамлекет  үчүн чоң көйгөй. Паракорлук бардык диндерде күнөө  болуп, мамлекеттердин мыйзамдарында да  мамлекетке каршы жасалган кылмыш деп эсептелет.  Пара алуу да, берүү да динибизде күнөө. Хадиси шарифтерде мындай деп билдирилди: 

"Пара алганга, бергенге жана булардын  арасында парага ортомчу болгон адамга да Аллах  наалат кылсын!” (Хаким) 

"Пара алган да, берген да Тозокто”. (Табарани) Жемкордук, паракорлук аркылуу чөнтөгүн  калыңдатууга жеңил карагандар арбын. Бирок,  коомчулукта паракорлуктун кеңири жайылуусунун  зыяны мамлекеттин бейпилдигин буза тургандай  денгээлде олуттуу болууда. Мамлекеттин коомдук  кызматтарды аткаруусу үчүн жана элине көмөктөшүү,  оорун жеңилдетүү үчүн дайындалган расмий  кызматтардагы кишилердин пара алуулары элдин  мамлекетине болгон ишенимин кетирет жана  адилеттүүлүктүн символу болгон сот өкүмдөрүнө да  күмөн менен кароого себеп болот. Ылайыктуу болбогон  адамдарды жумушка алуу үчүн пара алуу, элдин  тизгинин сабатсыз, жөндөмсүз колдорго тапшыруу  менен бирдей. Бул да мамлекеттин ыдырашына себеп  болот. Мугалимдин жөндөмсүз окуучуну пара менен  окууга өткөрүүсү да татыктуу болбогон сапатсыз  адамдардын жумуш орундарына өтүүсүнө себепкер  болот. Кезектин аягындагы документти пара алуу  аркылуу алдыга чыгарып, маселени бүтүрүп берүү  кезеги жеткен адамдардын акыларын тебелөө, аларга  зулумдук кылуу болуп саналат.

Акимчиликтердин мыйзамсыз имараттарга  уруксат берүүсү же уруксат берилбеген курулуштарга,  сапатсыз курулуштарга пара алып, көз жумду кылуу же  дагы башка түрдө пара алуу кесиптерине кыянаттык болуп  саналат. Бир жыл өтпөй эле талкаланып жаткан көп  кабаттуу турак жайларды, ири проекттерде  миллиарддардын уурдалышы сыяктуу паракорлуктун зардаптарын жаңылыктардан да көрүп жатабыз.  Паракорлук – ушундай көлөмдүү зардап чегүүлөрдүн,  зулумдуктардын, адилетсиздиктердин артуусуна жана  натыйжада адамдардын ортосундагы өзара сый урматтын, мээримдүүлүктүн кетүүсүнө, элдин  биримдигинин ыдырашына жол ачуучу натыйжасы оор  кылмыш.  

Паракорлук элди руханий жагынан да, материалдык  жагынан да жолдон чыгаруучу илдет. Диний жактан да  күнөө болуп, мамлекеттин балакетине себеп болуучу  паракорлукту жоюу жалгыз Ислам ахлагы (кулк-мүнөзү)  менен мүнөздөнүү аркылуу гана мүмкүн болот. Анткени,  Ислам ахлагы менен мүнөздөнгөн мусулман эч кимдин  акысын жебей турганы, адилетсиздик кылбай турганы  сыяктуу, кандайдыр бир адилетсиздиктин орун алуусуна  да ыраазы болбойт. Мусулманда Аллах коркуусу  болгондуктан паракорлукка себепкер болуунун өзүнөн да жырткыч айбандан качкандай качат. Ошондуктан,  перзенттерибизди, жаштарыбызды Ислам ахлакы менен  өстүрүүбүз - эң башкы милдеттерибиздин бири.  

Мамлекет кызматкерлеринин кызмат ордунда туруп жумушун бүтүрүп берген адамдардан белек  алуулары да туура эмес. Хазрети Омар халифа кезинде  аялы менен бир айылга барат. Ал айылдагы аялдар  Хазрети Омардын аялына ар түрдүү белектерди берет.  Үйгө кайтып келишкенде Хазрети Омар аялынан: "Буларды  кайдан алдың?” – деп сурайт. Аялы: "Айылдык аялдар  белекке беришти”, - деп жооп берет. Хазрети Омар: "Эгер  мен халифа болбогонумда сага бул белектер берилмек  эмес. Мен халифа эмес кезде эмнеге сага белек  беришчү эмес?” – деп, берилген белектерди байт-ул  малга (мамлекет казынасына) өткөрүп берет. 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш