Ислам дини » Кошумча темалар » Ширк деген эмне




Ширк деген эмне


Мусулмандар Аллаху тааланы бардык субути жана заттык сыпаттары менен таанып, "илах” катары  кабылдашат. Илах – кудай деген сөз. "Аллахтан  башка кудай жок” деп ар намазда кайталайбыз жана  бул маселеде ыйманы эң алсыз болгон мусулмандын  да күмөнү жок. Ал эми ширк же шерик кошуу дегенибиз – Аллахтын иштеринде ага көмөктөшүүчү,  Анын ордуна тилектерди орундап жиберүүчү, Анын  ордуна каалаганын жаратып бар же жок кылуучу башка бир тирүү-өлүк, жандуу-жансыз затты да  кудайдын ордуна чыгаруу деген сөз. Башкача  айтканда, бир нерсени кудай катары көрүп, аны  Аллахтан башка кудай деп кабылдоо ширк болот.  Өзүн мусулман деп эсептеген эч бир адам мындай  нерсеге барбайт. Маселенин негизин билбей туруп,  көрүнгөн нерсеге ширк, куфур, бидат деп айта  берүүдөн оолак болуу керек. Азыркы тапта мындай  нерселер эң көп мазхабсыздардан (вахаби, салафи  сыяктуулардан) чыгууда. Фитнага себеп болууда.  Андай адашкандардан оолак болуу керек. Андай  адашкандар өздөрүнөн башка адамдардын  бардыгын капыр деп эсептеп, душман кылып  көргөзүшөт. Ар нерсени нерсени ширк, күфүр деп,  энени баладан, тууганды туугандан айырып, ата-баба, каада-салт, ата-мекен деген түшүнүктөрдү ширк деп атап, адамды руханий баалуулуктардан ажыратышат. Сырткы душмандар ошондой адашкандарды пайдаланып, өлкөлөрдө фитна, бүлүк  чыгарууну көздөшөт.  

Ката түшүнүктөр көбүнесе жахилдиктен, башкача айтканда, өмүрүндө ахли сүннөт китебин окубаган,  бирөөлөрдөн уккан бир-эки ооз арапча сөз жаттап алып, элди бузуучу акмактардын сөзүнө эрчүүдөн улам пайда болот. Ошондуктан, мусулман адам динин ар кимдин оозунан эмес чыныгы Ахли сүннөт аалымдарынын же алар жазган ахли сүннөт китептеринен окуп үйрөнүүсү керек. 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш