Ислам дини » Кошумча темалар » Батыштыктар Ислам тууралуу




Батыштыктар Ислам тууралуу


Аты тарыхта аскер башчы, ошону менен  бирге саясый ишмер катары таанымал болгон  Француз императору Биринчи Наполеон (1769-1821)  Египедге кирген жылы (1798.ж) Ислам дининин  улуулугуна, тууралыгына таң калып, атүгүл, кээ  бир учурларда Исламиятты кабыл алуу тууралуу да  ойдо болгон. Төмөндөгү айтылган сөздөр Черфилстин  "Bonaparte et Islam” деп аталган китебинен алынган: "Наполеон мындай деген эле: 

"Аллаху тааланын бар жана бир экендигин Муса  алейхиссалам өз үммөтүнө, Иса алейхиссалам да өз  үммөтүнө, ал эми Мухаммед алейхиссалам болсо  бүткүл ааламга билдирди. Аравия эли толугу менен  буттарга сыйынчу. Иса алейхисаламдан алты кылым  кийин Мухаммед алейхиссалам өзүнөн мурда келген  Ибрахим, Исмаил, Муса жана Иса алейхиссаламдар  билдирген Аллаху тааланы араптарга таанытты.  Араптарга жакын болгон ариандар (Ариус  мазхабындагы христиандар) жана Иса пайгамбардын  чыныгы динин бузуп, ага үч кудай, б.а., Аллах,  Аллахтын уулу, Ыйык рух сыяктуу түшүнүксүз  ишенимдерди жайууга аракет кылгандар чыгыштын  ырахат жана тынч жашоосуна залакасын тийгизген  эле. Мухаммед алейхиссалам аларга чыныгы жолду  көрсөткөн, Аллахтын бир экендигин, Анын атасы да,  баласы да жок экендигин билдирүү аркылуу бир канча  кудайга сыйынуунун буттарга сыйынуучулуктан  калган адат экендигин түшүндүргөн”. 

Китептин дагы бир жеринде Наполеон: "Жакын  арада бүткүл дүйнөнүн интеллигенттерин жыйнап,  бир мамлекет курууга жана бул мамлекетти Куранда  жазылган өкүмдөрдүн негизинде башкарууга  мүмкүнчүлүк табам деп ойлоймун. Бир гана Куранда  жазылган негиздердин туура экендигине ишенемин.  Алар адам баласын бакытка жеткирет”, - деп  жазылган.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш