Адам баласы өзүнө тартууланган акылынын жардамы менен күн өткөн сайын улам илгерилеп жатат, утуру жаңы ачылыштар болууда. Жүз жыл мурун өлгөн бир киши бүгүн тирилип азыркы жер бетиндеги болуп жаткандарды көрсө, көргөн көзүнө ишене албай канчалык таң калмак. Кол менен жасаган самолетко минип булуттардын үстүндө зымырап учуп баратса, дүйнөнүн тиги бурчундагы бирөө менен сүйлөшүп жатса, дагы канчалаган нерселер ага таң калычтуу болмок...
Адам баласы илим жана техникадагы жаңылыктар менен таанышпаган бир да күн жок. Эми эскиге кайтуу мүмкүн эмес. Мисалы, азыр жашап жаткан бир аялзатына айтсаң, «Илгери кирди кол менен жуушчу, сен дагы мурда кантип жуушса ошентип колуң менен жуу, ошолордой бол» десең аны буга көндүрө аласыңбы?
Дагы башка бирине «Илгери ат менен жүрүшчү же жөө жүрүшчү. Сен дагы ата-бабаларыңдай болуп жөө жүр» десең буга канча киши макул болот?
Свет менен эмес май чырак менен жарык кылууга кимди көндүрө аласың? Бирөөнү бир нерсеге көндүрүүгө мыкты жөндөмүңүз болсо да сиз менен макул болчу киши чыкпайт.
Натыйжада, эч ким эскичил эмес, боло албайт, болгусу да келбейт. Ал эми кээ бирөөлөр буга эмне үчүн тынчсызданып жатышат? Кээ бир нерселер өзгөрбөйт, алардын ордуна башкасын койууга мүмкүн эмес. Мисалы, күн миллиондогон жыл мурда жаратылган. «Бул эми эскирди, муну менен ысынууга, мындан жарык алууга болбойт деп айтуу артта калгандык болот. Биз жаңы күн таап, ошону менен ысынуубуз керек. Болбосо өнүккөн боло албайбыз» деп айтуу туурабы. Муну каалаган күндө деле Күндөн башка күн таба алабызбы? Бизге жарыгын жана жашоо тартуулаган бул күндү жактырбай турган болсок акмакчылык кылган болобуз. Ал тургай өмүрүбүз да курумакчы. Мына ошол сыяктуу эле ыйык динибиз дагы биздин руханий күнүбүз болуп саналат. Ал күн сыяктуу, эч кемибейт, анын ордуна алмаштыра койчу башка бири жок.
Тарых өзү күбө болгондой мусулмандар диндерине канчалык маани беришкен болсо дүнүйөлүк иштерде ошончолук ийгиликтүү болушкан, алдыга карай токтобой өнүгүшкөн.
Бир уруудан ааламды башкарган империяга айланган, алты кылым бою үч континентке өкүмдарлык кылган Осмон мамлекетинин куруучусу Султан Османдын уулуна карата жазган осуяты өтө таанымал. Анда мыйдай дейт:
«Эй уулум! Аллах үчүн жихад кыл! Падышалыктын асылы жана негизи - Исламият. Биздин кесибибиз Аллах жолу. Максатыбыз – Анын динин жайуу. А болбосо жер жүзүн ээлейин деген куру дааба эмес.» Фатих Султан Мехмед хан калган Осмон султандарындай эле өтө диндар эле, артта калган эскичи болгон эмес. Ал бир доорду жаап, жаңы доорду ачкан. Адамзат тарыхында окшошу согуш тактикасын уюштуруп, жер менен кемелерди алып өтүүнү пландап, муну ийгилик менен ишке ашырган. Ошол мезгилинин эң кубаттуу замбиректерин жасатып, Византиянын дубалдарын жыгып, Стамбулду алган. Корутундулап айта турган болсок «Бир күн келет, ошондо бардык адамдар түшүнөт, диндар болуу артта калуучулук, эскичилдик эмес» экендигин.