Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деген: "Бир жугуштуу илдеттин чыкканын уксаңар ал жакка барбагыла. Жашап жаткан жериңерден жугуштуу илдет чыкса, эч жакка чыкпагыла."
Хазрети Айша энебиз (радыяллаху анха) мындай деген: "Расулуллах алейхиссаламдан таун (чума) оорусу тууралуу суралганда мындайча жооп берди: "Бул силерден мурункуларга Аллаху тааланын жиберген азабы эле. Азыр Аллаху таала момундарга рахмат (мээрим) кылды. "Таун чыккан өлкөдө жашаган бир кул, Аллаху тааланын тагдырга жазганы боло тургандыгын билип, сооп үмүтү менен сабыр кылып, ал жакта калса жана эч жакка чыкпаса сөзсүз түрдө ага шейит сообу берилет”. (Бухари)
Хазрети Усама (радыяллаху анх) мындай дейт: Расулуллах алейхиссалам мындай деген: "Бир жугуштуу илдеттин чыкканын уксаңар ал жакка барбагыла. Жашап жаткан жериңерден жугуштуу илдет чыкса, эч жакка чыкпагыла." (Бухари)
Хадиси шарифтерде мындай делген: "Жүззам (прокоза, жугуштуу тери орусу) менен ооруган адамдан арстандан качкандай качкыла.” (Бухари, И.Ахмет)
"Жүззамга (прокоза, жугуштуу тери орусу) чалдыккан адам менен бир найза боюндай аралыкты сактап сүйлөшкүлө.” (Рамузул-Ахадис)
Сахабалар бардык учурдагыдай, ден-соолукка байланыштуу маселелерде да Пайгамбарыбыздын кеңештерин кынтыксыз орундагандары белгилүү.
Хазрети Омар (радыяллаху анх) Шамга сапарга чыккан кезинде, колбашчысы Абу Убайда Ибнул-Жаррах (радыяллаху анх) тарабынан Шамда таун (чума) оорусу чыккандыгы тууралуу кабар берилди. Хазрети Омар сахабалар менен илимий чогулуш жасап, аалар менен кеңешип, Пайгамбарыбыздын "Жугуштуу оору чыккан жерге барбоо, ал жердегилердин сыртка чыкпоосу” туурасындагы буйругуна таянып Шамга барбоого чечим кабыл алды.
Хадиси шарифте шейиттердин 5 тобу тууралуу билдирилген: "Шейиттер 5 түрдүү. Таун (чума) оорусунан кайтыш болгондор, дабасы табылбаган ички оорулардан кайтыш болгондор, өрт учурунда кайтыш болгондор, сууга чөгүп жана уранды астында калып кайтыш болгондор”.
Ошондуктан, дарт менен балээлер күнөөлөрдүн кечирилишине жана даражалардын жогорулоосуна себеп болот. Сел, жер көчкү, жер титирөө сыяктуу кырсыктардын чыгуусу - Аллаху тааланын сансыз ниматтарына каршы чыгып, күнөө кылып, шүгүрсүздүк кылгандарга эскертүүсү.
Курани каримде мындай делген: "Силерге келген ар бир бактысыздык өз колуңар менен кылган күнөөлөрүңөрдүн кесепетинен. Ошондой болсо да Аллаху таала көпчүлүгүн кечирет, бактысыздыкка учуратпайт”. (Шура 30)