Ислам дини » Кошумча темалар » Пенденин милдети ибадат кылуу




Пенденин милдети ибадат кылуу


Суроо: Мугалимибиз: "Ыйман маанилүү. Ибадат кылбасаңар да болот. Анткени, "Эч ким ибадаты себеби менен Бейишке кирбейт” хадиси мына ушуну билдирип турат. Күнөө кылуудан да анча да корко бербеш керек. Анткени, "Ант берип айтамын, силер күнөө кылбасаңар Аллах күнөө кыла турган башка бир коомду жаратат, истигфар себеби менен аларды кечирет” хадиси күнөөнүн анчалык да жаман эместигин көрсөтүп турат”, - деди. Ушул хадистер сахихпи?

ЖООП: Хадиси шарифтер сахих. Бирок, жаңылыш чечмеленүүдө. Ооба, адам жалгыз ибадаты менен гана Бейишке кире албайт. Анткени, кылган бардык ибадаттарыбыз кабыл болсо да бир көзүбүздүн шүгүрүнүн дагы ордуна өтө албайт. Бейишке Аллаху тааланын жакшылыгы жана ихсаны менен кирилет. Жакшылык жана ихсанга жетүү үчүн ыйман келтирүү жана салих амал кылуу зарыл. Бир адам канчалык көп ибадат кылса дагы, ибадаты себеби менен өзүн сөзсүз бейиштик деп билбөөгө тийиш. Пенденин милдети - ибадат кылуу. Курани каримде мындай деген мааниде билдирилет:

"Мен жиндер менен адамдарды жалгыз мага ибадат кылуулары үчүн гана жараттым.” [Зарият, 56]

"Раббинен коркуп, өзүн жамандыктан тыйган адам сөзсүз Бейишке барат.” [Назийат, 40, 41]

"Ыйман келтирип, салих амал кылган [ибадат кылган жана арамдардан сактанган] адам Бейишке кирет.” [Кахф, 107]

Хадиси шарифтерде да буюрулууда:

"Бири-бириңерге салам бергиле! Бири-бириңерге тамак икрам кылгыла! Тууган-уруктарыңардын акыларын сактагыла! Түнү баары уктап жатканда намаз окугула! Ушуларды аткарып, саламаттык менен Бейишке киргиле!” [Тирмизи]

Бейишке жеткире турган бир амал тууралуу сураган затка: "Шерик кошпостон Аллахка ибадат кыласың, парз болгон намазды окуйсуң, парз болгон зекетти бересиң, Рамазанда орозо кармайсың”, - деп буюрду. Ошол зат: "Аллахка ант беремин, ушулардан артыгын кылбаймын”, - деди. Пайгамбарыбыз алейхиссалам айтты: "Бейиштик бир адамды көргүсү келген адам муну карасын!” [Бухари]

Ишенүү жана айтуу аркылуу ыйман пайда болууда, ибадат кылуу аркылуу жетилип, жалтыроодо. Имам Азам хазреттери: "Ыйман – тил менен айтуу жана жүрөк менен ишенүү”, - деп айткан.

Парздарды таштоо чоң күнөө. Бул күнөөлөрдөн кутулуу үчүн ибадат кылуу зарыл. Ибадат кылбастан Бейишке кирүү үчүн дуба кылуу күнөө. Хадиси шарифте мындай делет:

"Акылдуу адам напсине багынбайт, ибадат кылат. Акылсыз адам болсо напсине багынат, [ибадат кылбайт, күнөө кылат] андан кийин Аллахтын ырайымын күтөт.” [Тирмизи]

Ибадат кылбай күнөө кылган адамдын акылсыз экендиги билдирилүүдө.

Күнөөлөр уу.

Хадиси шарифтерде айтылат:

"Жакшы билип койгула, дартыңар – бул күнөөлөрүңөр. Дабаасы болсо – истигфар.” [Дейлеми]

"Тозоктун забанилери күнөө кылган хафыздарды буттарга сыйынгандарга караганда көбүрөөк азапташат. Анткени, билип туруп кылынган күнөө билбей кылынган күнөөдөн да жаман.” [Таберани]

Адам күнөөсү үчүн өзүн тозокто деп ойлобошу керек. Анткени, Аллаху тааланын кечирими жана ырайымы ал адамдын күнөөлөрүнөн чоң. Бул жагынан Аллаху тааланын ырайымынан үмүт үзбөш керек жана ибадатым көп деп азабынан ишенимдүү болбоо керек. Башкача айтканда, коркуу менен үмүттүн ортосунда болуп, күнөөлөрдөн сактанып, ибадатын улантуусу керек. (Берика)

Имам Раббани хазреттери түбөлүк кутулууга жетүү үчүн илим, амал жана ихластын шарт экенин билдирет. Булардын бири болбосо башкалары эч кандай мааниге ээ эмес. Башкача айтканда, илимсиз амал  ихластуу болсо дагы баалуу эмес. Анткени,  илими жок болгондуктан кылган жаман бир ишин Аллахтын ыраазылыгына ылайыктуу деп ойлойт. Эгер илим менен жасалган амалда ихлас болбосо анда да ибадаттын баасы жок. Эгерде илим жана ихлас бар  болсо, ал эми амал жок болсо, ансыз да ортодо кылынган эч нерсе жок. Илим жана ихлас менен жасалган амал ыймандын жаркырап, бекемделишине себеп болот.

Ыйман менен өлгөн адам канчалык күнөөкөр болбосун, акыры Бейишке барат. Бирок, "Бейишке баруу үчүн ыйман шарт, бирок, амал шар эмес” деген адам ибадат кылбаса, анын кылган күнөөлөрү жүрөгүн карартат жана ыйманы кетип калуусу мүмкүн. Себеби, ыйман шамчыракка окшойт, ибадаттар болсо шамчырактын айланасындагы фонар сыяктуу. Шам менен бирге фонар болсо - Ислам. Шамдар фонарсыз тез өчөт. Ыймансыз Ислам болбойт. Ислам болбогондо ыйман да жок.

Жалпысынан, Аллаху тааланын буйруктарына багынып, тыюу салгандарынан сактанган адам бейиштик. Аллахка каршы чыккан, капыр болгон адам болсо тозоктук дегендик. Бардык нерсе натыйжа менен өлчөнөт. Бул жагынан алганда, капыр бир адам өмүрүнүн аягында ыйманга жетсе, ал бейиштик болот жана момун адам, Кудай сактасын, адашып, капыр болуп калышы мүмкүн. Бирок, бул абдан аз. Жалпысынан алганда, адам кандай жашаса ошондой өлөт. Башкача айтканда, момун катары жашаган адам момун болуп, ал эми капыр катары жашаган адам капыр болуп өлөт.

 

Ибадат зарыл

 

Суроо: Намаз окубаган бирөө: "Адамдардын бейиштик же тозоктук болоо тургандыктары эзелде тагдырга жазылган. Бейиштик адам ибадат кылбаса да кечирилет, Бейишке барат. Эзелде тозоктук болгон адам канчалык көп ибадат кылса да пайдасы болбойт, сөзсүз Тозокко кирет. Андай болсо, сен да мен сыяктуу көңүлүң тынч болсун, ибадат кылуу аркылуу өзүңдү бекер кыйнаба!” – деди. Муну айткан адам балким ыймансыз бирөө, атайылап айткан болушу ыктымал. Бирок, сөздөрү жүйөлүү эмеспи?

ЖООП: Жүйөлүү эмес. Динген каршы болгон сөздө жүйө изделбейт.

Биз кулбуз. Кулдун милдети - кожоюнунун буйругуна багынып, ибадат кылуу. Ибадат кылуунун зыяны жок. Тескерисинче, пайдалуу. Анткени, эзелде бейиштик болгон адамдын соопторунун артуусу, даражасынын көтөрүлүүсү үчүн ибадат кылуусу зарыл. Тозоктук адам болсо ибадат кылбоо, Аллахка каршы чыгуу азабынан кутулуу үчүн ибадат кылууга тийиш. Ибадат кылуунун эч кандай зыяны болбойт, тескерисинче, пайдасы болот. Анткени, Аллаху таала хикмат ээси. Ибадат кылгандарды азаптоосу Анын хикматына жарашпайт.

Андай болсо, ибадат кылбоо өтө жаңылыш болот. Акылдуу адам пайдалуу нерсени кылат жана зыяндуу, пайдасыз нерселерди таштайт. Эзелде өзүнүн тозоктук экенин ойлогон адам да Раббибизге моюн сунган абалда Тозокко кирүүнү күнөөкөр болуп кирүүгө караганда артык көрүүгө тийиш. Мындан тышкары, Аллаху таала ибадат кылгандарды Бейишке киргизээрин жана ибадат кылбагандарды Тозокто жазалаарын убада кылган. Аллаху таала убадасына бекем, башкача айтканда, туура. Ал сөзүнөн кайтпайт. Бир аяти кариманын маанисинде: "Аллах берген сөзүнөн кайтпайт”, - деп айтылган. Андай болсо, ибадат кылууну улантуу зарыл. (Берика) 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш