Ислам дини » Кошумча темалар » Шайтандын бир аалым менен сүйлөшүүсү




Шайтандын бир аалым менен сүйлөшүүсү


Суроо: Шайтан кайсы жолдор менен адамга васваса берет (азгырат)?

ЖООП: Төмөндөгү сүйлөшүүдө шайтан берчү васвасалар (жаман ойлор) тууралуу жетиштүү маалымат берилүүдө:

Шайтан аалым бир зат болгон Салих мырзага айтат:

- Салих мырза, эмне мынчалык көп ибадат кылуудасың? Эмне, Аллах ибадатка муктажбы?

- Ооба, Аллаху таала бардык муктаждыктардан алыс. Эч кимдин ибадатына муктаж эмес. А бирок, биз ибадатка муктажбыз. Курани каримде: "Салих амалдын пайдасы аны кылганга”, - деп айтылууда. (Фуссилат, 46)

- Салих мырза, көп ибадат кылууга шашылуудасың. Шашылыш иштерде жакшылык болбойт. Адегенде иштериңди иретке келтирип ал, бираз жеңилдеп ал, андан кийин көп-көп ибадат кыласың. Дүнүйөңдү таппай туруп акыретиңди кантип табасың?

- Ажалым менин колумда эмес. Анан мен бүгүнкү ишти эртеңкиге калтырсам, эртеңки ишти качан жасайм? Хадиси шарифте: "Эртең кылам дегендер куруду”, - деп айтылууда. Ибадаттар өз убагында кылынууга тийиш. Ар бир ибадатты өз убагында кылуу зарыл.

- Ооба, Салих мырза, жакшы иште шашылыш керек. Жакшы иш болгон ибадаттарды шашылып орунда. Ошондо кыска убакыттын ичинде көп ибадат кылган болосуң.

- Аллаху таала ашыкча көп ибадатты эмес, чын ихластуу ибадатты кабыл алат. Катасыз кылынган аз иш ката менен кылынган көп иштен жакшыраак.

- Сен кандай бактылуусуң, Салих мырза! Демек, аз болсо да катасыз ибадат кылуудасың. Коомдо туура ибадат кыла албагандар көп. Эгер ибадатың менен аларга үлгү болуу үчүн алар көрө турган жерлерде ибадат кылсаң көбүрөөк сооп табасың. Анткени, хадисте: "Бир жакшылыкка себеп болгон аны жасаган сыяктуу”, - деп айтылууда. (И. Ахмед) Үлгү болбоо менен амри маруфту таштаган болосуң.

- Аллаху тааланын мени көрүүсү жетиштүү. Эгер муну элдердин да көрүшүн кааласам, ибадатка рия аралаштырган боломун. Рия менен кылынган амал кабыл болбойт.

 

Шайтандын тактикалары

[Шайтан Салих мырзага ибадаттарын сүйдүрүп, ужбга тартуу үчүн васваса берүүнү улантып мындай дейт:

- Салих мырза, сен чындыгында улуу инсансың. Кылгандарың атыңа татыктуу жакшы иштер. Баары кайдыгерликке батып жүргөндө, сенин аң-сезимдүү жана акылдуулук менен ибадат кылууң ар кандай алкыштан жогору турат. Дүнүйөдө ушул даражага канча адам жетти?

- Эгер сенин айтканың менде бар болсо, мунун баары Раббимдин ихсаны. Бардык нематтардын ээси бир гана Аллаху таала.

[Шайтан Салих мырзаны жашыруун рияга тартуу үчүн мындай дейт:]

- Сен азыр эле: "Аллахтын мени көрүүсү жетиштүү”, - деген элең. Андай болсо риядан кутулуу үчүн адамдардын көзүнөн алыс жерлерде ибадат кыла турган болсоң, Аллах баары бир адамдардын жүрөгүнө сага карата сүйүүнү жайгаштырат.

- Башкаларга "Салих мырза ибадаттарын ар дайым жашыруун түрдө кылууда” деп айттырып, мени ужбга, текебердикке жана рияга тарткың келет. Мен кулмун. Эгер Раббим кааласа ибадатымды ачат, кааласа жашырат. Жашыруун кылына турган нерселер бар, ачык болгондору бар. Муну элден жашыруу менен же аларга көрсөтүү менен мен эмне табам?

 

Ибадатты таштаткысы келет

[Шайтан ибадатты таштатуу үчүн бул жолу сыңдоо жолун колдонуп, мындай дейт:]

- Салих мырза, ибадаттарың кемчиликтүүбү же толукпу?

- Абдан кемчиликтүү.

- Баары бир жашырууң мүмкүн эмес. Намаз окуп жатканда денең намазда, жүрөгүң дүнүйөлүк иштерде. Мен сенин кылган күнөөлөрүңдү билем. Бул абалың менен такыбаа киши боло абайсың. Бирок, Раббибиз: "Аллах такыбаа адамдардын гана ибадаттарын кабыл алат”, - деп айткан. Такыбаалуу болбогонуңдан кийин жатып-турганың бекер.

- Менин милдетим - Раббимдин буйругуна баш ийүү. Шарттарына туура келген ар кандай ибадат сахих. Бирок, шарттарына туура келген бир ибадатты кабыл алуу же албоо Ал билген бир иш. Парз болгон ибадаттарды таштоо чоң күнөө. Бул күнөөлөрдөн кутулуу үчүн парздарды аткаруу шарт. Ибадат кылбай туруп Бейишке кирүү үчүн дуба кылуу күнөө. Хадиси шарифте: "Акылдуу адам өз напсине баш ийбейт, ибадаттарын аткарат. Акылсыз адам болсо напсине баш ийет, андан кийин Аллахтын ырайымын күтөт”- деп айтылат. Бул дүнүйөдө эмне айдасаң, акыретте ошону оросуң. Акырет үчүн керек бологон нерселерди бул дүнүйөдө даярдоо зарыл. Бул болсо Раббибиздин буйруктарын аткарып, тыюу салган нерселеринен качуу аркылуу болот.

[Шайтан көптөгөн адамдардын буту тайган каза-тагдыр маселесинде Салих мырзаны алдамакчы болот. Ал айтат:]

- Сен ишеними туура адамсың. Жакшылык менен жамандыктын Аллахтан экенин билесиң. Бейиштик же тозоктук экеңиң эзелде тагдырга жазылган. Эгер тозоктук болсоң, кыла турган бардык ибадаттарың текке кетет. Эгерде бейиштик болсоң, ибадаттын эмне кереги бар?

- Эгерде бир адам бейиштик болсо, ал дүнүйөдө бейишке алып баруучу амалдарды кылат. Эгер тозоктук болсо, күнөө болон нерселерди кылат. Пенденин милдети - Аллаху тааланын буйругуна баш ийип, бейиштин амалдарын аткаруу. Эзелде тагдырга жазылгандыктан ибадат кылып жатамын.

- Сен: "Эзелде Аллахтын тагдырга жазганы болот”, - деп жатасың. Салих мырза, анда тигил мунарага чык, өзүңдү ташта. Эгер эзелде амандыгың тагдырга жазылган болсо, сага эч нерсе болбойт.

- Аллах пенделерин сынайт. Пенденин Аллахты сыноого акысы жок. Аллаху таала: "Өзүңөрдү коркунучка салбагыла”, - деп буюрууда. Ал буйрук бербеген, ал тургай тыюу салган ишти кантип кылганга болот? Өзүн мунарадан таштоо - бул өзүн өзү өлтүрүү. Анын буйругуна каршы чыгып, өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылууга болобу?

- Салих мырза, теманы өзгөртпө! Сен менин суроомо жооп берген жоксуң. Эгерде сен бейиштик болсон, анда ибадаттын эмне кереги бар деп жатам.

- Эгерде мен бейиштик болсом, ибадат кылуу аркылуу даражаларым жогорулайт. Аллаху таала ибадат кылгандарды Бейишке, ибадат кылбагандарды болсо Тозокко киргизерин убада кылууда. Раббибиз убадасына бекем, ыйман келтирип, салих амал кылгандарды Бейишке киргизерин убада кылган.

- Салих мырза, "Бейиштик адам Бейишке алып баруучу иштерди, тозоктук адам болсо Тозокко алып баруучу иштерди кылат”, - дедиң. Тагыраагы: "Аллах тагдырга жазгандыктан ибадат кылуудамын”, - деп айтмакчы болуудасың. Макул, эзелде бейиштик болуп тагдырга жазылган адамдын күнөөсү эмне да, ага жаман иштерди кылдыртууда?

- Адамдарда "Ирадаи жузиййа” деген бир кубат бар. Бир нерсени кылууда же кылбоодо колдонот. Ирадаи жузиййаны колдонууга мажбур эмес, эркин. Аллаху таала пенде өз эркин жакшылыкка колдонсо жакшылык, жамандыкка колдонсо жамандыкты жаратаарын билдирүүдө. Эгерде пенде ибадат кылууга жана күнөө кылууга эркин болбосо, акыретте жакшылыкка сыйлык, жамандыкка жаза берилбейт. Андай болсо, эркибизди жакшы жолдо колдонууга тийишпиз. (Берика)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш