Түш көрүү


Суроо: Түш көрүү эмненин белгиси?

ЖООП: Түштө түрдүү [хикматтар (сырлар) бар. Кээ бирлери үчүн бул куш кабар, кээ бирлери үчүн болсо эскертүү. Курани каримде түш жана анын жоромолу тууралуу маалымат бар. Хадиси шарифтерде мындай делет:

"Кооз түш – бул куш кабар.” [Ибн Жарир]

"Салих түш Рахмандан, аралаш түш - шайтандан.” [Бухари]

"Эң туура түш таң саарда көрүлгөнү.” [Байхаки]

"Кыямат жакындаганда мусулмандын түшү көп учурда жалган чыкпайт.” [Муслим]

"Сөзү чын жана садык адамдардын түштөрү да туура чыгат.” [Бухари]

"Күндүзү көрүлгөн түштөр туура чыгат.” [Хаким]

"Пайгамбарлык куш кабарларынан салих [жакшы] түштөн башка эч нерсе калган жок. Момун түштү же өзү көрөт же башкалар ал үчүн көрүшөт.” [Муслим]

"Салих түш – пайгамбарлыктын 46да бири.” [Байхаки]

"Түштө аял көрүү жакшылыкка, төө коркууга, сүт динге, жашыл Бейишке, кеме кутулууга, хурма ырыскыга жышаан.” [Абу Яъла]

Түш жоруу – илим маселеси. Түштү ар ким жоруй албайт. Өзгөчө бүгүнкү күндө бул илимди билген адам дээрлик жок. Эгер биз түштөрүбүздү айта турган болсок, айрыкча жакшыларын жакшы адамдарга айтыш керек. Анткени, салих адам түш жоруу илимин билбесе да, ал аны жакшылыкка жоруйт, андан зыян келбейт. Жаман, башаламан түштөрдү эч кимге айтпаш керек! Хадиси шарифтерде мындай делет:

"Жаман түш көргөн адам эч кимге айтпасын. Шайтандан болсо Аллаху таалага сыйынсын.” [Муслим]

"Жаман түш көргөн адам ойгонгондо сол капталына үч жолу түкүрүп, шайтандын жамандыгынан Аллаху таалага сыйынсын. Мындай учурда түш ага зыян келтирбейт.” [Муслим]

"Жакшы түш көргөн адам дароо Аллаху таалага мактоо айтып, шүгүр кылсын! Жаман түш көргөн адам Аллаху таалага сыйынсын, түшүн эч кимге айтпасын! Ошондо түштүн ага зыяны болбойт.” [Даре Кутни]

"Түштө башым кесилди, жоруму эмне?” – деп сураган адамга Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Бул шайтандан. Жаман түштү айтпагыла! Шайтандан Аллаху таалага сыйынгыла!” [Муслим]

"Түшүндө жагымдуу сулуу нерселерди көргөн адам көрөгөч салих бир адамга айтсын! Ал болсо жакшылыкка жорусун!” [Байхаки]

"Түш жоруу илимин билген бир доско же акылдуу бир затка айтылууга тийиш!” [И.Ахмед]

"Түш кандай жорула турган болсо, ошондой болуп чыгат. Ошондуктан, түшүңөрдү насих же аалымга айткыла!” [Байхаки] [Насих – адамдарды жакшылыкка чакырган, жамандыктан кайтарган, насаат айткан адам.]

Бир аял көргөн түшүн Пайгамбарыбыз алейхиссаламга айтып берет. "Сен жаныңда болбогон бирөөгө [күйөөңө] жетесиң”, - дейт. Ал күйөөсүнө жетет. Дагы бир жолу ошол эле түштү көрөт. Ал башкаларга жорутат. Алар болсо: "Күйөөң өлөт”, - дешет. Алар айткандай болот.

Ошондуктан, түштү жакшылыкка жоруу керек! Түш жакшы болсо, "жакшы болот, Кудай кааласа” деп айтуу керек, ал эми жаман болсо, "Аллаху таала сени бул түштүн жамандыгынан сактасын” деп айтуу керек! (Бостан)

Көрбөгөн түштү көрдүм деп айтуу абдан жаман. Анткени, бир хадиси шарифте: "Эң чоң калп – көрбөгөн болсо дагы, "түшүмдө тигиндей көрдүм”  деп айтуу”, - делген. (Бухари)

Суроо: Өлгөн капырлар түштө көрүлөбү?

ЖООП: Өлгөн капырлардын рухтары камалган, түштө көрүлбөйт. Түштө көрүлгөн болсо да, ал шайтан. Эгер бир адам: "Мен Абу Лахабды, Абу Жахилди түшүмдө көрдүм”, - десе, ошол көргөнү - шайтан.

Суроо: Намаз окуган жоолукчан аялмын. Атам дагы намаз окуган киши эле. Үй-бүлөмдөгүлөрдүн бардыгы жакшы кишилер. Атам жакында каза болду. Атам каза боло электе да, азыр да кээде атам менен жакындык кылуудамын. Мунун кандайдыр бир мааниси барбы? Же өзүм билбеген кандайдыр бир күнөө кылып жатамбы?

ЖООП: Түшүмдө энем менен жакындык кылуудамын деген салих мусулмандар да кездешүүдө. Бул кандайдыр бир күнөөдөн улам эмес. Атаңызга дуба кылып, кайыр хасанат (кайрымдуулук) кылып жатасыз, атаңызга жакшылык кылганыңыз белгилүү болууда. Энеси менен жакындык кылгандар дагы энесине жакшылык кылып жатышат дегендик.  

Падышалардын биринин бай жубайы түшүндө ажылар менен жакындык кылганын көрөт. Шейхулисламга түшүн жоромолдоо үчүн жариясын жөнөтөт. Ага: "Мен жакындык кылдым деп айт”, - деп эскертет. Шейхулислам түштү укканда: "Кана, артка кайт. Сен мындай түш көрө албайсың”, - дейт. Султан айым жариясын кайра жөнөтөт, ант берет, мындай түш көрүлгөнүн айт дейт. "Эгерде ал дагы ишенбесе, султан айым көрүптүр деп айтасың”, - дейт. Шейхулислам дагы: "Кызым, сен мындай түштү көрө албайсың”, - дейт. Ошондо жария айла жок: "Султан айым көргөн экен”, - дейт. Шейхулислам: "Мына, эми болду”, - деп айтат. "Султан айымдын ажыларга чоң кызматтары болот”, - дейт. Чынында эле, султан айым Түркиядан Сауд Аравиясына чейин ажылар үчүн суу каналдарын,  цистерналарды жана суу чорголорун жасатат. Жолдун аягына чейин ажылар суусуз калбайт.

Демек, сиз дагы атаңызга Куран окуудасыз, дуба ж.б. кылуудасыз.

Суроо: Түш динде далилби?

ЖООП: Жок. Түш далил эмес. Динибизде далил болгон төрт далил бар.

 

Суроо: Рамазанда шайтандан болгон түш көрүлөбү

ЖООП: Көрүлбөйт. Напси тарабынан болгон түш көрүлөт.

Ойгоо кезде колго тийген нерселер кадырлуу

Суроо: Кээ бир адамдар уйкуда, түш ааламында өзүн өкүмдар же жогору кызмат ээси же чоң дин аалымы болгонун, баары илим үйрөнүү үчүн анын айланасына чогулганын көрүшөт. Мындай түштөр туурабы же негизсиз нерсеби?

ЖООП: Бул маселеге байланыштуу Имам Раббани хазреттери Мектубат китебинде мындай деп буюрууда:

"Мындай түштөр бекер жана негизсиз эмес. Бул түштү көргөн адамда кызмат ээси, аалым болуу абалы жана таланты бар дегендик. Бирок, кубаты аз болуп, аалам-и шахадатта пайда боло тургандай деңгээлде эмес. Эгер бул абал бара-бара кубаттанса, Аллаху тааланын лутфу менен аалам-и шахадатта дагы пайда болот. Эгер аалам-и шахадатта пайда боло турганчалык кубаттанбай турган болсо, анда аалам-и мисалда көрүлүү менен калып кетет. Кубатына жараша ошол жерде көрүлөт. Тасаввуф жолунун саликтеринин (жолчуларынын) түштөрү да ушундай. Өздөрүн жогорку мартабаларда, олуялардын мартабаларында көрүшөт. Бул абал аалам-и шахадатта насип болсо өтө чоң немат. Жок эгер аалам-и мисалде көрүлүп гана калса, анда эч кандай баркы жок. Таштанды ташыгычтар, жүк ташыгычтар түштө өздөрүн аким, генерал катары көрүшөт. Ал эми ойгоо кезде колдоруна эч нерсе тийбейт. Түштөрү капалануудан, өкүнүүдөн башка эч нерсеге жарабайт. Андай болсо, түштөргө ишенбөө керек, ойгоо кезде колго тийген нерсеге кубануу керек.

Ошондуктан, улууларыбыз түштөргө маани беришкен эмес, шакирттердин түшүн жорууну зарыл деп көргөн эмес. Ойгоодо колго тийген нерсени баркташкан. Ошондуктан, токтоосуз көрүлгөндөргө маани беришкен, такыр жок болбогон хузурду утуш деп билишкен. Аллаху тааладан башка бардык нерсени унутуу, эч бир нерсени эстебөө алар үчүн туруктуу эле. Башталгычта аягында колго тийе тургандар жайгаштырылгандарга бул кемалдар кыйын жана алыс эмес.”

Суроо: Түш жоруу китептери менен адам түшүн туура үйрөнө алабы?

ЖООП: Үйрөнө албайт. Түш жоромолу менен түш түшүнүлбөйт. Түш көптөгөн абал жана шартка жараша өзгөрөт. Алардын айрымдары:

1- Ошол эле түш жоромолго жараша өзгөрөт.

2- Кары-жаш болууга жараша өзгөрөт.

3- Бай-кедей болууга жараша өзгөрөт.

4- Аял-эркек болууга жараша өзгөрөт.

5- Салих - күнөөкөр жана бидатчы болууга жараша өзгөрөт.

6- Аалым - жахил болууга жараша өзгөрөт.

7- Түн, күн жана таң маалында көрүүгө жараша өзгөрөт.

8- Даараттуу, дааратсыз, жунуп болууга жараша өзгөрөт.

9- Күндөргө, айларга, мезгилдерге жараша өзгөрөт.

10- Ачка же ток жатканга жараша өзгөрөт.

11- Оорулуу же дени сак болууга жараша өзгөрөт.

12- Үйлөнгөн же бойдок болууга жараша өзгөрөт.

13- Башчы-кызматкер болууга жараша өзгөрөт.

14- Мусапыр, жолоочу, муким болууга жараша өзгөрөт.

15- Кесибине жараша өзгөрөт.

Башка себептер да түшкө таасир этет. Түш жоруу китептери адаштырат.   

Расулуллахты түштө көрүү

Суроо: Түштө Пайгамбарыбыз алейхиссаламды түрдүү шекилдерде көрүү эмненин белгиси?

ЖООП: Түштө пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламды чыныгы көрүнүшүндө көргөн адам чындыгында Аны көргөн болот. Анткени, шайтан Анын көрүнүшүнө кире албайт. Бирок, шайтан башка шекилге кирип, көрүнүшү мүмкүн. Расулуллахты тааныбаган адамдын муну айырмалай алуусу оңой болбойт.

Кээ бир аалымдар да: "Пайгамбарыбыз алейхиссаламды ар кандай шекилде көрүү дагы Аны көрүү болот. Бирок, бул ошол адамдын диндеги кемчилигинин белгиси. Пайгамбарыбыз алейхиссаламды түштө чыныгы көрүнүштө көргөн жана момун болуп өлгөн ар бир адам Бейишке барат”, - деп буюрушкан.

Хадиси шарифте айтылат:

"Мени түштө көргөн адам чындап мени көргөн болот. Мен бардык шекилде көрүнөм.) [Дайлами]

"Мени түшүндө көргөн адам чындап мени көргөн болот. Анткени, шайтан менин келбетиме кире албайт.) [Хатиб]

"Мени түшүндө көргөн адам ойгоосунда көргөндөй болот.” [Ибн Маажа]

"Мени түшүндө көргөн адам Тозокко кирбейт.” [Ибн Асакир]

Эскертүү: Расулуллах алейхиссламды түштө көрүүгө байланыштуу толук маалымат Пайгамбарыбыз алейхиссалам темасында бар.

Олуяларды түштө көрүү

Суроо: Шайтан түштө Расулуллахтын келбетине кире албагандай эле, кутман сахабалардын жана олуялардын келбетине кире албайбы?

ЖООП: Ооба, алардын келбетине кире албайт. Бир хадиси шарифтин мааниси төмөңкүдөй:

"Түштө мени көргөн адам чындап мени көргөн болот. Анткени, шайтан менин келбетиме кире албайт. Абу Бакрды да түштө көргөн адам чындап аны көргөн болот. Себеби, шайтан Абу Бакрдын келбетине да кире албайт.” [Хатиб]

Шафии аалымдарынан Аллама Жайли хазреттери: "Шайтан Расулуллахтын келбетине кире албагандай эле, Анын мурасчылары болгон улуу олуя заттардын келбетине да кире албайт”, - деп буюрган. (Бухари шархы)

Олуя заттардын келбетине кире албаган соң алардан алда канча үстөм болгон кутман сахабалардын келбетине эч кире албайт.

Көрүлбөгөн түш

Суроо: Көрүлбөгөн түштү көрдүм деп айтуу жаизби?

ЖООП: Жок, жаиз эмес. Бир хадиси шарифте: "Эң чоң жалган – көрбөгөн болсо дагы, "түшүмдө тигиндей көрдүм” деп айтуу”, - деп буюрулган. (Бухари)

Жалган айтуу жаиз болгон жерлерде ушундай түштү айтуу жаиз. Мисалы, эки кишини элдештирүүгө жарай турган болсо, ошол адамдын күнөө кылуусуна тоскоол боло турган болсо же намаз окуусуна себеп боло турган болсо жана ушулар сыяктуу себептер менен көрбөгөн болсо дагы, көрдүм деп түш айтуу жаиз болот.

Фасыктардын түшү

Суроо: Салих менен фасык адамдын көргөн түштөрүнүн тууралыктары жагынан ортодо айырмачылык барбы?

ЖООП: Күнөө кылгандардын түштөрү көбүнесе жаңылыш болот. Батындары караңгы болгондуктан көп жаңылышат. Салихтердин түштөрү болсо көбүнесе туура болот.

Капыр түштө көрүлбөйт

Суроо: "Капырлар түштө көрүлбөйт. Эгер бирөө: "Абу Лахабды түшүмдө көрдүм”, - десе, ошол көргөнү шайтан”, - деп айтылууда. Ал эми Абу Лахабдын түштө көрүлүп, жагдайы суралгандыгы китептерде да жазылган. Мунун түшүндүрмөсү кандай?

ЖООП: Тозокто капырлардын азаптарынын эч жеңилдебей тургандыгы аяти карималар аркылуу билдирилүүдө. Бирок, тозоктогулардын азабы токтотулган учурлар болот. Мисалы, Жума күндөрү жана Мавлид күнү азап кылынбайт. Бул башка нерсе. Абу Лахаб Расулуллах алейхиссаламдын төрөлгөнүн сүйүнчүлөгөн жариясын кубанганынан улам бошоткондуктан жыл сайын ошол түнү анын азабы жеңилдейт. Булар капырлардын азабынын жеңилдегенин көрсөтпөйт. Ал тургай, ошол жеңил азапты көрүп: "Эгер ыйман келтиргенимде, эч кандай азап көрмөк эмесмин”, -  деп, бул окуяны жыл сайын ага эстетилүүсү анын өкүнүчүн жана азабын арттырат.

Капырлар түштө көрүлбөйт. Бирок, бөтөнчөлүк катары көрүлүшү ыктымал. Абу Лахабдын түштө көрүлүп, жагдайын билдирүүсү көзү тирүүлөр үчүн сабак болчу бир окуя. Түштү көргөн адамга эскертүү жагынан да маанилүү. Бөтөнчөлүктөр эрежени өзгөртпөйт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш