Ислам дини » Кошумча темалар » Түтүн, тамеки тартуу арамбы?




Түтүн, тамеки тартуу арамбы?


Суроо: Түтүн, тамеки тартуу арамбы? Ислам аалымдары бул тууралуу эмне дешкен?

ЖООП

Дурр-ул-мухтар китебинин бешинчи томунда мындай делген:

Ханафи аалым Ибни Нужейм Мысри Эшбах китебинде мындай деген: «Аяти каримада жана хадиси шарифтерде арам экендиги билдирилбеген нерселер негизи адал болот. Же адал же арам деп өкүм берилбейт. Ханафи жана Шафии аалымдарынын көбү мындай нерселер адал болот дешти. Ибни Хумам Тахрир китебинде да ушундай деген. Ошон үчүн Бисмиллах менен союлгандыгы билинбеген айбанды жана зыяны көрүлбөгөн чөптү адал делет. Тамеки дагы ушундай. Аалымдардын көбүнө карата адал. Бир канчасына карата болсо өкүм берилбейт. [Уйун-ул-басаир’де Хамави Эшбахты түшүндүрүп жатып: «Бул жерден тамеки чегүүнүн адал экендиги түшүнүлүүдө», - деген.»]

Ханафи аалымдарынан Шам муфтийи Абдуррахман Имади Хадийа атуу китебинде: «Тамеки, пияз, сарымсак сыяктуу нерселер - макрух», - деген. Ибни Абидин бул саптарды түшүндүрүп жатып мындай деген: «Вабаниййа түшүндүрмөсүндө: «Тамеки чегүү жана сатуу тыйуу салынышы керек», - делген. [Тамекиге тыюу салган төртүнчү Мурад хан заманында болгон Шернблали дагы: «Халифа мубахтарды тыюу салган кезде арам болот», - деп тамекиге тыюу салынышы керек деген экен, бирок, баары бир арам же макрух деген эмес.]»

Мысырда Малики аалымдарынын улууларынан болгон Али Ажхури хазреттери тамекинин адал экендигин билдирген китеп жазып, төрт мазхаб аалымдарынын тамекинин адал экендигин билдирген фатваларын накыл кылган.

Абдулгани Наблуси хазреттери дагы тамекинин мубах экендигин билдирген Ассулху байналихванкитебинде мындай деген:

Тамеки кээ бирине зыян берсе бир гана ошолорго арам болот, башкаларга арам болбойт. Бал өт оорусуна зыян берет. Бирок, башкаларга арам эмес. Негизи бардык нерсе адал. Арам же макрух деп айта алуу үчүн далил керек. Шарап ыпластыктардын эң жаманы болуп турса да жана Расулуллах Исламияттын түшүндүрүүчүсү болуп турса да шарапты арам деген жок. Аяти карима менен тыюу салынуусун күттү. Ошондуктан, тамеки тартуу мубах, адал. Жыты болсо табан (киши табиятына карай) макрух. Дин жагынан макрух эмес.

Ибни Абидин хазреттери муну улантып мындай деген:

Тамеки тартуу Шафииде харам эмес, танзихан макрух. Жада калса, аял тамекини таштаса зыян көрбөсө жемиш сыяктуу болот. Күйөөсүнүн тамеки акчасын берүүсү керек болот. Тамекини таштаганда аял зыян көрсө дары сыяктуу болот.

Тамекини арам деп эсептегендер далил катары айтып жаткан, Барика китебинин автору Мухаммед хадимихазреттери мындай деген: «Кээ бирөөлөр «Тамеки жана кофе колдонуу дагы адатка карай бидат. Экөө тең арам эмес жана макрух да эмес. Туурасы да ушул. Буларды арам деген адатта бидатты арам кылган болот» дешти. Биздин пикир боюнча кофе балким ушундай. Бирок, муну дагы колдонбоо жакшыраак. Себеби, ал тууралуу сөз биримдиги жок. Тамекиге келе турган болсок арам болбогондугу туура болгону менен макрух экендигинде шек жок. Себеби, адал болуусунда сөз биримдиги жок. Хадис шарифте: «Пияз, сарымсак жеген мечитибизге келбесин» - деп буюрулду. Себеби, периштелер сасык жыттан жийиркенишет. Жуззам, барас оорулары, жарасы жыттангандар, кийими балык жыттангандар дагы мына ушундай. Тамекини тартуу дагы мына ушундай улам макрух болот делди. Салих киши бул хадиси шарифтен коркуп тамеки тартпайт. (Барика)

Абдулгани Наблуси хазреттери мындай деген:

Тамеки жана кофе тууралуу түрдүү нерселер айтылып жаткан болсо да сөздүн туурасы экөөнү тең арам же макрух дедирте турчу бир себеп жок. Экөө тең адатта бидат. Кандайдыр бир себеп көрсөтүп буларды арам деген киши адатта бидат болгон нерсени арам деген болот. Адатта бидатка арам делбей тургандыгын аалымдар билдиришкен. (Хадика 143-бет.)

Исмаил Хаккы хазреттери алгачкы убакыттарда тамекинин арам экендигин жазган эле. Себеби, Султан Мурад тамеки тартууга тыюу салган эле. Тарткан адам өлтүрүлчү эле. Бул аалым тамекини эмес тамеки тартууну, өлтүрүлүүгө (өлүм жазасына) себеп болгондугу үчүн арам деген. Өкмөт тамекиге болгон тыйууну алып таштагандан кийин жазган китебинде тамекинин арам эместигин билдирген. [Бурсада Орхан китепканасында бар.]

Малики аалымдарынан Али Ажхури хазреттери мындай деген:

Тамеки акылды кетирбейт. Нажис дагы эмес. Мындай болсо тамеки тартуу арам эмес. Башка түрдүү зыяндарга себеп болсо арам болот. Зыян бербегенге арам эмес. Апийимди акылды кетирбей тургандай аз өлчөмдө жеш жаиз болгондой эле тамекини дагы акылды кетирбей тургандай өлчөмдө тартуу жаиз болот. Бул болсо адамдарга карай жана тартылган өлчөмгө карай өзгөрөт. Бирөөнүн акылын кетирген өлчөм башка биринин акылын кетирбейт. Тамеки арам деп кесе айтууга болбойт. Муну бир гана дин сабаты жоктор айтышат. Акылды кетирбесе адал болгондугу түшүнүлүүдө. Тамеки ысырап болгондугу үчүн арам деп дагы айтылбайт. Себеби, мубах болгон нерсени алуу үчүн берилген мүлк ысырап болбойт. Зыяндуу болгондугунан арам деп айтуу дагы илимий сөз эмес. Себеби, зыян бергенге арам болот. Зыян бербегенге арам болбойт. Ханафи аалымдарынан шейх Мухаммед Нихрири адис доктурдун сөзү менен же тажрыйба менен зыян тийгизгенин түшүнгөн адамга тамеки тартуу арам болот. Мына ушундай так түшүнүлмөйүн адал болгондугуна фатва берген. Тамеки тууралуу бир хадис жок. Ханбали аалымдарынан Мери бин Юсуф Мукаддиси Тахкиккул-бурхан фи-шанид-духан аттуу китебинде башка зыян бермейин тамекинин арам болбогондугун, оттун түтүнүн соргон сыяктуу экендигин, мунун арам боло тургандыгын эч кимдин билдирбегенин жазууда. Жаңы пайда болгон бир нерсе мубахка окшосо мубах болот. Арамга окшосо арам болот. Акылы бар бир дин адамы тамекини албетте мубахтарга окшотот. Зыянга себеп болмоюн арам дей албайт. Акылды кетирбей турганчалык тамеки тартуунун арам эместигин төрт мазхаб аалымдары сөз биримдиги менен билдиришкен. (Гайет-ул-баян)

Тамеки  акылды кетирип же зыян келтирсе же нафакасы важиб болгондун нафакасын таштап койуусуна же намаз убактысын качырууга себеп болсо арам болот. Башкалардын тартуусу арам болбойт. Баңги заттын акылды кетирбей турчу аз өлчөмүн сатуу дагы жаиз. (Жалал-ул-хак фи-кашфи ахвали ширарил-халк)

Тамеки тартуу алкоголдук ичимдиктер жана апийим, морфин, наша жана ушуга окшогон баңги заттары сыяктуу арам кылынган эмес. Ибни Абидин (Зебаин) бөлүмүндө «Аллаху тааланын адал жана арам деп ачыктабаган нерсе Аллаху тааланын кечирген нерселеринен» деген хадиси шарифин жазып, арам экендиги билдирилбеген жана арам кылынгандарга окшобогон бир нерсенин мубах экендигин көрсөтүүдө.

Жаман адат бул – арам иш кылууга көнүү. Арам болбогон нерсени колдонуу жаман адат болуп саналбайт. Тамакка берилген адамдар тамакка окшотууга болбойт деп дагы түтүндү жамандашууда. Түтүн өсүмдүгүн күйгүзүп түтүнүн тартуу муктаждык эмес, жаиз болбойт дешүүдө. Гүннүк, уд, ладан делген түтөтүлчү өсүмдүктөрдү күйгүзүп жыттоо мубах. Булар желбейт, ичилбейт, жаиз болбойт деп айтууга болбойт. Өлүүлөрдө жана тирүүлөрдө колдонулуусу сүннөт болгон нерсени да  жагылып түтүнү каптап жатат жамандаганга болбойт. Булар жана жаман жыттуу өсүмдүктөр Араф сүрөсүндөгү «Жерден чыгарган зыйнат» деген сөзгө кошулган. Ибни Абидин хазреттери мындай деген: «Көп жегенде мас кылган катуу зат жана өсүмдүктөрдүн негизи таза, мубах». (Радд-уль-мухтар 5/ 295)

Кайсыдыр бир адамга зыян берген мубах нерсе ага арам болот. Зыян бербеген кишилерге арам болбойт. Ашыкча тарткан кээ бир кишилерге зыян берсе булардын көп тартуулары арам болот. Бирок, булардын аз тартууларына жана зыян көөрбөгөндөргө да арам болот деп айтууга болбойт. Көбү зыян берген нерсенин азы да арам болот деп айтуу жаңылыш. Бардык нерсенин көбү зыян берет. Нандын да, суунун да көбү зыян берет. Ошондуктан, тойгондон кийин дагы деш арам. Бирок, көбү зыян берүүдө деп аз жеп, аз ичүү арам болобу?

Абдулгани Наблуси хазреттери мындай деп буюрган:

Желүүсү, ичилүүсү зыян болгон нерселер үчкө бөлүнөт:

1- Өлтүрүүчү болгондор. Ар кандай уу, айнектин күкүмү жана буга окшогондор ушундай.

2- Өлтүрүүчү болбогондор. Топурак, баткак, чопо баткагы мына ушундай. Буларды жеп-ичүү арам.

3- Органдарында кемчилик бар болгондорго зыян бергендер. Ден-соолуктуу болгондорго зыян бербейт. Кээ бирөөлөргө балык эти, сүт, жумуртка, калемпир сыяктуу нерселер зыяндуу. Булар бир гана ошолорго арам, макрух болот. Зыян бербегендерге болсо мубах. (Хадика)

Тамеки өсүмдүктөрүн зыяндуу дегендер үчүнчү топко киришүүдө. Ар ичилгенди өлтүрүүчү уу деп билдирген илим адамы жок. Тамекидеги никотинден улам күндө бир эки тамеки тарткан адам ууланат дегени да жок. Себеби, бул сөз абада думчуктурган карбондиоксид газы болгондуктан дем алган киши ууланат деп айтууга окшойт. Никотинден алда канча зыяндуу болгон сиянур кислотасы ачуу бадамда да бар. Анын составындагы бул уудан алам бадам десе арам, макрух болот дегендер жок. Ар нерсени ашыкча жеп-ичүү зыяндуу болот. Ашыкча тамеки тартуу албетте зыян. Мындан улам тамеки баарына зыян, ракка себепчи болот деп күнүгө 1-2 тамекинин дагы зыяндуу экендигин ойлоо, мындан улам арам же макрух деп айтуу илимге каршы нерсе. Ханафи аалымы сеййид Ахмед Тахтави мындай деген: «Шафии аалымдарынын көбү тамекини танзих макрух дешти. Ханафи мазхабында пияз, сарымсак сыяктуу танзих макрух». (Дурр-ул-мухтархашиясы)

Ибни Абидин даараттын сүннөттөрүн түшүндүрүп жатып мындай деген:

Пездеви усулунда айтылгандай арам экендиги ачыкча билдирилбеген ар нерсе сөз биримдиги менен мубах. Себеби, Аллаху таала Бакара сүрөсүндө «Жердеги бардык нерсени силер үчүн жараттым» деген маанидеги аяти каримада бардыгынын мубах болгондугун билдирүүдө. Тахрир китебинде билдирилгендей Ханафи жана Шафии аалымдарынын көбүнүн пикирлери боюнча ар нерсе жаратылыштан адал. Акмал-уд-дин (Пездеви)шархында дагы ушундай деп билдирет жана бир нерсенин арам экендигин укпаган адамдардын ал нерсени жегени мубах делүүдө.

Миллиондогон салих мусулман жана мусулман халифалардын, шейх-ул исламдардын колдонгон нерселерин өз акылы менен жаман адам деп айтуу, муну арамдарга окшотууга белсенүү бир гана жахилдердин кыла турчу иши. Экинчи Абдулхамид хан тамеки тартчу. Өзүнө Шемдинан жана Искеже шаарынан түтүн келчү. Искеже, Шемдинан жана Самсун тамекилери кыйылган абалда жакшы жыттанат. Чыбыкка салып тартканда айланага жагымдуу жыт тарайт. Бузук, аралаш тамеки тартып жатканда жакшы жыттанбаса таза жана жагымдуу жыттуусу жамандалбайт. Ачуу калемпирди жактырбаган киши таттуу калемпирди, жада калса, ачуусун дагы жамандай албайт. Буларды макрух дей албайт. Эгер айта турган болсо сөзүнүн баасы жок. Ар ким жактырбаган нерсесин арам, макрух дей берсе Ислам дини Христиандыкка айланып, ал сыяктуу башаламан болот.

Тамекини таштоо напси менен күрөшүү сообун таптырбайт. Денеге муктаждыгын бирбөө зулумдук болот. Күнөө болот. Напси муктаждыгына жетүү менен тойбойт. Муктаждыктан артыгын жана арамдарды каалайт. Андай болсо напси менен күрөш арамдардан жана мубахтардын артыгынан сактануу болуп саналат. Күндө бир жолу тамеки тартпоо напси менен күрөшүү эмес. Тамекини ден-соолукка жана капчыкка зыяндуу боло турган өлчөмдө көп тартпоо күрөшүү болуп саналат. Бир гана тамеки менен эмес бардык мубахтар менен дагы напси күрөшүнүн ушундай болуусу керек.

Тамекини апийимге окшотуу да анын бардыгына арам боло тургандыгын көрсөтпөйт. Тескерисинче, зыян тийгизбей турганчалык аз тарткандарга макрух да эмес экендигин көрсөтөт. Себеби, мужтахиддер апийим сыяктуу баңги заттарды арам болгон ичимдиктерден ажыратышкан.

Дурр-ул-мухтар 3-том, 166-бетте «Бенж же Бан чөбү белген баңги чөбүн жеш мубах. Себеби, ал чөп. Муну менен мас болуу арам», - делген. Ибни Абидин хазреттери муну ачыктап жатып мындай деген: «Имам Мухаммедге карата көбү мас кылган нерсенин азы да арам болуусу суюк ичимдиктер үчүн. Мындай болбогондо сафран, амбар сыяктуу көбү мас кылган бир канча катуу заттардын аз өлчөмүн жеш дагы арам болмок. Буларды арам деген эч бир аалым жок. Бан чөбү жана буга окшогон уулуу чөптөрдүн нажис экендиктерин эч бир аалым билдирген эмес. Бан чөбүнүн дары катары колдонуулуусу жаиз. Акылды кетирип, кумарланта тургандай колдонулуусу жаиз эмес. Имам Мухаммеддин сөзү суюк түрдөгү ичимдиктер үчүн. Бан чөбү жана ага окшогондор катуу болгондуктары үчүн мас болуу үчүн колдонулуулары арам болот. Бул көп өлчөмдө колдонулуулары арам болот дегенди түшүндүрөт. Аз өлчөмдө колдонулуулары арам болбойт. Мисалы, амбар жана ага окшогондор жыт үчүн жана Скамония делген уулуу чөптү жыт катары колдонуу жана башка катуу уулуу дарыларды аз өлчөмдө колдонуу арам болбойт. Жаиз болот. Зыян берген  көп өлчөмдөрүн колдонуу арам». [Радд-уль мухтар]

Тамеки абес нерсе да эмес. Абес деп пайдасыз иш кылууну, бош нерсе менен убакыт өткөрүүнү айтат. Музыкалык аспап менен, оюн менен убакыт өткөрүү мына ушундай. Ал эми тамеки болсо абес делгидей убакыт өлтүрө турчу бир иш эмес. Тамеки тартуу пайдалуу иш кылууга кедерги болбойт. Тамеки тартып атып китеп окулат, конок менен баарлашылат.

Улуулардын жанында, мечиттерде, вааздарда, ыйык жерлерде тартылбоосу анын арам же макрух боло тургандыгын көрсөтпөйт. Улуулардын жанында жатып алууга болбойт. Буларга жана Каабага карата бут созулбайт. Ваазда, сабакта нан дагы желбейт. Ушундай бир нече жерде жана мындан кыйынчылык тарткандардын жанында кылынбаган башка жерлерде жана жалгыз кезде эч бири арам же макрух болбогон көп нерсе бар. Мечитте соода-сатык, бийик үн менен сүйлөшүү, кан алдыруу макрух. Бирок, булар мечиттин сыртында макрух эмес.

Мухтаждык дегенде бир гана жеп-ичилгендерди түшүнүү абдан төмөн көз караш болот. Дененин, рухтун түркүн муктаждыктары болгондугу дин китептеринде бар. Бүткүл сезүү органдарыбыздын муктаждыктары болгондой эле нерв системасынын, жада калса, ар бир органдын өзүнчө-өзүнчө муктаждыктары бар. Бул муктаждыктардын нан, суу сыяктуу маанилүү экендигин ар ким билет. Фыкых китетеринде ойго келбеген түркүн муктаждыктарды көрүүдөбүз. Мисалы, Дурр-уль мухтар китебинде: «Мурунду жана терди сүртүү үчүн жүзаарчы сатып алуу муктаждык үчүн боло турган болсо жаиз. Көрсөтүш,  мактаныч үчүн алынса тахриман макрух», - делген.

Көрүнүп тургандай бир нерсени колдонуу дагы ниетке карай муктаждык болууда. Тойгондон кийин жеген арам. Бирок, орозо кармоо же конокту уялтпоо үчүн болсо адал, атүгүл сооп болууда. Конокту сыйлоо үчүн арам адал болуп жаткан болсо арам болбогон тамекини тартуулоо эмнеге күнөө болсун? Тамекини жамандагандар бул сезимталдыктарын Исламият арам деген нерселерге карата көрсөтүшкөндө көп сооп алышмак. Исламга чоң кызмат кылган болушмак. Бирок, шайтан ар кимди бир тарабынан кармоодо. Исламиятка кол салып жатат, ошону менен бирге ибадат кылып жатканын ойлоо менен текебердикке, ужб деген жаман мүнөзгө жетелеп жатат. Буларды түшүнбөстөн сүйлөө динге да, сөз ээсине да кемчилик алып келет. Туюмун, башкача айтканда, өз пикирин диндин буйругу жана тыюу салган нерселери катары көрсөтүүгө аракет кылуу жана кылынган иштердин адал же арам боло тургандыгын ажыратууда таассубдарга берилип, нассттарга таянбоо чоң жамандык.

Бир нече аалым нафакасы токтоп калуу, түтүнү менен башка бирөөнүн тынчын алуу, көп тартып денеге зыян алып келүү жана башка сыяктуу шарттарда тамекини арам же макрух деп айтышкан. Болбосо тамеки тартылуусун жамандаган эч бир аалым жок. Аль-Укуд-уд-дурриййажана Хадика китебинин экинчи томунун акырында тамекинин арам эместиги далилдер менен ачыкталып, Тахтавинин Маракыл-фалах хашиясынын орозону бузган нерселер тууралуу жеринде узун жазылган.

Шам аалымдарынан Мустафа Руштунун Тухфат-ул-ихван ма кила фиддухан китебинде адамдын ден-соолугун бузган, зыян берген нерселерди жана ысрапты узун түшүндүргөндөн кийин тамекини мындай эмес экендигин билдирүүдө. Тамекини харам деп айтуу вара жана такыбаа болбойт. Вара ээлери Аллаху таала арам кылбаган нерсени арам дей албайт деп билдирүүдө. Ханафи аалымдарынан аллама Абдуллах бин Мухаммед Зияди, Абдуррауфи Мунави, шейх Али Шахбари, шейх Исмаил Санжиди, Малики аалымдарынан аллама Кулли жана Ханбали аалымдарынан шейх Мари тамекинин арам эмес экендигине фатва беришкен деген. Зыяны жана пайдасы болбогон нерсе үчүн мубах, эстутум бүдөмүктүгүн кетирип, аны күчтөндөргөнгө мандуб, таштап койсо зыян бергенге важиб, колдонгондо зыян бергенге арам, тарткысы келбегенге тамеки тартуусу макрух болот деген. Шарап мындай эмес. Шарапка көнгөн адам тообо кылса, шарапты таштагандыгы үчүн ооруп өлсө сооптуу болот.

Аалымдардын көбү тамекини мубах дешкен. Мисалы, Шейхул Ислам Абулбака, Ахмед бин Али Харири, Исмаил Мараши, кады Абдуррахим, Ганим бин Мухаммед Багдади, Шейхул Ислам Бахаи, Мухаммед Тарсуси, Мухаммед Кахваки, Мысыр аалымдарынан Юсуф Дажви жана Мухаммед бин Абдулбаки Заркани, аалама Абдулгани Наблуси, Абдуррахман бир Мухаммед Имади, аллама Али Ажхури, Махмуд Самими, Осман Бадраддин, сеййид Абдулхаким Мырза, улуу аалым, валиййи камил мавлана Халид Багдади хазреттери мындай дешкен:

«Зыян бербей жана өзүнө байлап койбой тургудай тартылган тамекини арам жана макрух деп айтуудан сактануу керек, чөнтөгүнө жана ден-соолугуна зыян бербей тургандай аз тарткандарды фасык, күнөөкөр деп билбеш керек.»

Тамеки тартуу ысраппы?

Ысрап - мал-оокатты арам болгон жерге берүү. Азы да, көбү да ысрап болот. Чоң күнөө болот. Ичимдик жана кумар үчүн берүү ушундай. Тамеки арам болгондо буга аз же көп берилген акча ысрап болмок. Имам Раббани хазреттери мындай деген:

«Адамдардын кээ бир каалоолору табиятынан улам пайда болууда. Эч ким бул каалоолордон кутула албайт. Мисалы, ысыкта адамдын табияты муздак бир нерсе ичкиси келет. Суукта ысык бир нерсени каалайт. Мына ушундай каалоолорду кылуу напсиге уйгандык эмес. Себеби, табиятыбыздын зарыл болгон каалоолору мубах. Бул муктаждык заттарын керек болгон өлчөмдө колдонуу сүннөт. Себеби, табигый каалоолор нафси аммаранын каалоолорунан тышкары. Напси мубахтардын зарылынан артыгын жана арамдарды каалайт.» [Мектубат 3/27]

Мал-оокатты муктаж болгон мубахтарга жумшоо ысрап эмес. Күнөө болбойт. Тамекиге көнүп алган адамдын табияты нан каалагандай эле тамеки каалоодо. Мындай адамдын зарыл муктаждыгына жараша колдонуусу ысырап болбойт.

Табан макрух

Суроо: Табан макрух деген эмне?

ЖООП

Табан макрух – адамдын табиятына жаман болгон, жийиркенткен нерсе. Чийки пияз жана сарымсак жеген сыяктуу. Буларды жеш – мубах, башкача айтканда, дин жагынан макрух эмес. Булардын жыты жагымсыздык бергендиктен табан макрух. Дин жагынан макрух эмес.

Банан, киви жана тамеки

Суроо: Куранда жана хадисте тамекинин мубах экендигине байланыштуу бир далил барбы?

ЖООП

Динибизде мубах нерсе үчүн далил изделбейт. Харам болгон нерсе үчүн далил суралат. Мисалы, банандын, кивинин мубах экендиги Курани каримде жана хадиси шарифтерде болбойт.

Тамеки

Суроо: Там Илмихалда тамеки мубах делген экен. Ошондойбу?

ЖООП

Там Илмихал накылга таянат. Тамеки бөлүмүндө дагы аалымдардан накыл кылынган. Там Илмихалга каршы чыккан адам андагы айтылган аалымдарга каршы чыккан болот.

Там Илмихалда мындай делүүдө:

«Тамекини арам деген бир канча аалым жана макрух дегендер да болду. Жакшы көңүл бөлүнө турган болсо, бардык бул китептерде тамекинин арам болуусуна кээ бир шарттар билдирилүүдө, арам болуусун «Нафаканын токтоосу, түтүнү менен башка бирөөнү тынчсыздантуу, көп тартып денеге зыян келтирүү жана башка сыяктуу нерселерге» байланыштуу кылууда, бул шарттар үчүн жамандалууда. Болбосо, абстракттуу түтүндүн тартылуусун жамандаган эч бир аалым жок. Андай болсо, тамеки тартуунун жамандалуусуна себеп болгон шарттары жок бир адамдын аз өлчөмдө тамеки тартуусу арам же макрух делген эмес.»

Тамеки арам эмеспи?

Суроо: Бир досум күндө бир канча каробка тамеки тартат, ал жерде турган тамеки тартпагандарды түтүн каптатып тынчын алат. Кийин: «Мен күнөө кылып жаткан жокмун, тамеки мубах», - деп айтат. Минтип тамеки тартуусу арам эмеспи?

ЖООП

Тамеки темасында ифрат жана тафритке чыгып кеткендер болууда. Башкача айтканда, чекаранын учунда жүрүүдө. Бир гана тамекини арам деген, атүгүл, «Тамеки нажис, чөнчөгүңдө болсо намаз окулбайт» деген чектен чыккан адамдар болгондой эле, сиз айткандай күнүгө бир нече каробка тамеки тарткан, башкалардын тынчын алып арам иш кылгандар да бар. Кулпунай, жумуртка сыяктуу мубах жемиш жана азыктар аллергия кыла турчу кишилерге арам болот. Көп ичип-жеген да арам. Тамекини жактырбай тынчы кеткен кишилер болгондой эле астма приступ болгондор да бар. Эгер тарткан тамекиси өзүнө жана башка бирөөнө зыян тарттырып жаткан болсо тамеки тартуу арам болот. 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш