Ислам дини » Кошумча темалар » Көңүлдү карайткан иштер




Көңүлдү карайткан иштер


Суроо: Калб (көңүл) менен жүрөк бир эле нерселерби? Калбды тазартуу үчүн эмне кылуу зарыл?

ЖООП: Калб – көкүрөгүбүздүн сол жагындагы бир бөлүк эт эмес. Бул жүрөк деп аталат. Жүрөк жаныбарларда да бар. Калб – жүрөктө болгон бир кубат.  Көз менен көрүүгө болбойт. Бул электр лампочкасындагы ток сыяктуу. Биз буга жүрөк же көңүл деп айтабыз. Көңүл адамдарда болот. Жаныбарларда болбойт.

Денедеги бүт органдар көңүлдүн буйругунда. Сезүү органдарыбыз сезген бардык маалыматтар көңүлдө топтолот. Адамдын ишенүү, сүйүү, коркуусу көңүлүндө. Ыйман келтирген да жана капыр болгон да бул - көңүл. Көркөм, жакшы ахлактын жана жаман мүнөздөрдүн орду көңүлдө.

Көңүлдү тазартуу үчүн риязат жана мужахада керек.

Риязат – напсинин каалоолорун орундабоо. Напсибиз динибиз тыюу салган арамдарды, макрухтарды каалайт. Булардан сактануу керек.

Мужахада – напси каалабаган нерселерди кылуу. Напсибиз жакшылык жана ибадат кылгысы келбейт. Жакшылык жана ибадат кылып көңүлдү тазартуу керек!

Аллаху таала диндерди, пайгамбарларды көңүлдү тазартуу үчүн жиберген. Көңүлү таза адам динибиздин буйруктарына баш ийет, тыюу салган нерселерден качат.

Күнөө кылгандардын көңүлү таза болбойт. Күнөө көңүлдү карайтат. Намаз окубоо - эң чоң күнөөлөрдүн бири. Намаз окубаган, ичкилик ичкен адамдын көңүлү абдан карайып кеткен болот.

Момундардын көңүлү таза. Фасыктардын көңүлү булганган, кара. Капырлардын көңүлү болсо капкара. Хадиси шарифтерде айтылат:

"Момундардын таза көңүлүндө жаркыраган бир нур бар. Капырдын көңүлү капкара.” [Табарани]

"Күнөө кылган адамдын көңүлүндө кара бир чекит пайда болот. Эгер тообо кылса ал так өчөт. Эгер тообо кылбастан кайра күнөө кылса, ал так чоңоёт жана көңүлдү каптап алат, көңүл капкара болуп калат.” [Хараити]

"Күнөө кылууну уланткан адамдын убакыт өтүп көңүлү мөөрлөнөт, ал эми сооп иш кыла албай калат.” [Беззар]

Имам Раббани хазреттери мындай дейт:

Аллаху тааланын буйруктарын аткарбоо көңүлдүн бузук болушунан. Көңүлдүн бузук болушу – динге толук ишенбөө. Ыймандын белгиси – диндин буйруктарын чын көңүлдөн кубанып аткаруу. 

Көңүл – сүйүүнүн орду. Сүйүү жок болгон көңүл өлгөн дегендик. Көңүлдө же дүнүйөгө карата сүйүү же болбосо Аллахка карата сүйүү болот. Аллаху тааланы эстеп, ибадат кылып, көңүлдөн дүнүйөгө болгон сүйүү чыгарылганда көңүл таза болот. Бул таза көңүлгө Аллахка карата сүйүү өзүнөн-өзү толот.

Күнөө кылганда көңүл караят, ооруга чалдыгат, дүнүйөгө карата сүйүү орношот жана Аллахка карата сүйүү кетет. Көңүлдүн бул абалы бир шише идишке окшош. Суу толтурулганда абасы чыгат. Суу бошотулганда аба өзүнөн-өзү толот. Бир чөйчөктөгү аба чыкмайынча ичине суу кирбейт. Ичине суу куйганда болсо бул сууну төгүп салбай туруп башка нерсе салынбайт. Көңүл дагы чөйчөк сыяктуу. Көңүлдү Аллахка карата сүйүүгө толтуруу үчүн башка бардык нерсени, бардык сүйүүнү жүрөктөн тазалоо керек.

Ар бир оору анын тескериси менен дарыланат. Күнөөдөн улам карайган көңүл жакшылыктын нуру менен тазарат. Жашоо муктаждыгынан келип чыккан ар бир кыйынчылык мусулмандын көңүлүн дүнүйөдөн суутат жана жек көрсөтөт. Хадиси шарифте мындай деп айтылат:

"Ушундай күнөөлөр бар болуп, аларды жашоого байланыштуу тартылган кыйынчылыктар гана жок кылат.” [Хатиб]

Андай болсо адалдан табуу үчүн, жашоо үчүн тартылган кыйынчылыктарга чыдоо немат болот. 

Карайган көңүлдү тазартуу

Көңүлү таза болгон адам дайыма жакшы иштерди кылат. Көңүлү бузук адам болсо жаман иштерди кылат. Хадиси шарифте: "Көңүл бузук (начар) болгондо дененин иштери да бузук болот”, - деп буюрулду. Андай болсо көңүлдү карайтуудан сактануу керек.

Зиннуни Мисри хазреттери мындай деди:

Көңүлдүн карайгандыгынын төрт белгиси бар:

1 – Ибадаттын даамын сезбейт.

2 – Аллахтан коркуу оюна да келбейт.

3 – Көргөндөрүнөн сабак албайт.

4 – Окугандарын, үйрөнгөндөрүн түшүнүп, аңдап биле албайт. Намаз окубаган жана күнөө кылган адамдын көңүлү караят, ооруп калат.

Мухаммед бин Фадл Балхи хазреттери да мындай деди:

Көңүлдүн караюусуна төрт нерсе себеп болот:

1 – Үйрөнгөндөрү менен амал кылбоо.

2 – Билбей туруп кылуу.

3 – Билбегендерин үйрөнбөө.

4 – Башка бирөөнү үйрөнүүсүнө кедерги болуу.

Хадиси шарифтерде мындай делген:

"Көп күлүү көңүлдү өлтүрөт.” [Тирмизи]

"Үч нерсе  көңүлдү   кайгы-муңга салат. Жешти, уйкуну жана көңүл ачууну жактыруу.” [Дейлеми]

"Көп жеп-ичүү менен көңүлүңөрдү өлтүрбөгүлө!” [И. Газали]

"Арам аралаштырбастан кырк күн адал жегендин көңүлү нурга толот. Көңүлүнө дарыялардай даанышмандыктар агат. Дүнүйөгө болгон сүйүү көңүлүнөн чыгып кетет.” [Абу Нуайм]

Мухаммед Париса хазреттери айтат:

Адамды Аллаху тааланын ыраазылыгына, сүйүүсүнө жеткирген жол – бул көңүл. Адамды Аллаху тааладан алыстаткан нерселердин эң зыяндуусу дүнүйөгө болгон сүйүүнүн көңүлдү карайтуусу. Көңүлү карайып кеткен адам дүнүйөнү [пайдасыз нерселерди] жакшы көрөт. Дүнүйөнү сүйүү жаман достордон, керексиз жана зыяндуу нерселерди көрүүдөн пайда болот. Пайдасыз китеп [роман, аңгеме, гезит, журнал] окуу, керексиз нерселерди сүйлөө бул сүйүүнү арттырат. Аялдарды кароо, аялдардын сүрөттөрүн [сүрөтүү журнал, фильмдер, тв] көрүү, ыр, музыкалык аспаптарды угуу бул сүйүүнү жүрөккө орнотот. Булардын бардыгы адамды Аллаху тааладан алыстатат.

Көңүл – сүйүүнүн орду. Сүйүүсү жок көңүл өлгөн дегендик. Көңүлдө же дүнүйөгө болгон сүйүү, же Аллахка болгон сүйүү бар. Исламдын буйруктарына баш ийип, тыюуларынан сактануу аркылуу көңүлдөн дүнүйө сүйүүсү чыгарылганда көңүл таза болот. Бул таза көңүлгө Аллахка болгон сүйүү өзүнөн өзү толот.

Мал-мүлктү, даражаны, Аллахтан башканы сүйүү жана күнөө кылуу көңүлдү тазартууга тоскоол болот. Көңүлдүн тазаруусу Исламга баш ийүү менен болот. Намаз окуу көңүлдү тазартат. Курани карим окууу, өлүмдү көп эстөө, күнөө кылганда дароо тообо, истигфар кылуу жана орозо кармоо көңүлдү тазартат. Хадиси шарифтерде мындай делген:

"Дат баскан ар нерсенин бир жалтыраткычы бар. Көңүлдүн жалтыраткычы - "Астагфируллах” деп айтуу.” [Дайлами]

"Ар айда үч күн орозо кармаган адамдын көңүлүнүн даты тазарат.” [Насаи]

"Көңүл эгин, тамак болсо жамгыр сыяктуу. Ашыкча суу эгинди куруткандай эле, ашыкча тамак дагы көңүлдү өлтүрөт. Көңүлүңдү аз күлүп, аз жеш аркылуу ихйа кыл (жандант, тирилт), ачкалык аркылуу тазарт, жумшарып жаркырасын!” [И.Газали]

"Темир нымда дат баскандай эле, күнөөнүн кири көңүлдү дат бастырат. Көңүлдүн жалтыраткычы – өлүмдү көп эстөө жана Курани карим окуу.” [Байхаки]

Андай болсо көңүлдү тазартуу үчүн күнөөлөрдөн сактанып, динибиздин буйруктарына баш ийүүбүз керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш