Суроо: Акыл, жүрөк, мээ
жана напсинин милдеттери эмнелер? Орундары кайда жана бизди башкарган нерсе
мээби же жүрөкпү?
ЖООП: Аллаху таала адамда көрүүгө мүмкүн болбогон үч
нерсе жаратты: Акыл, жүрөк (көңүл) жана напси. Алардын бар экенин таасирлери
менен, кылган иштери менен жана динибиздин билдирүүсү менен түшүнүүдөбүз. Акыл
менен напси мээбизде, көңүл болсо жүрөгүбүздө. Бул жерлерде болуулары электр
тогунун лампочкада болуусуна окшош. Пайгамбарлар менен олуялардан башка
баарынын напси өтө жаман, капыр. Бул жаман напси "нафс-и аммара” деп
аталат. Жамандыктарга жетелеген нерсе – бул напси, адамдын эң чоң душманы.
Андан кийин жаман дос жана шайтан келет.
Шайтан
өзү берген васвасага (азгырыкка) алданылбаганын көрүп, мындан баш тартат, башка
васаваса берет. Шайтан итке окшош, кубаланганда качат. Бирок, башка тараптан
дагы келет. Нафс-и аммара болсо арстанга окшош болуп, чабуулу өлтүрүү менен
гана аяктайт, өлгөнгө чейин бизди таштап кетпейт. Бир аяти кариманын мааниси:
"Нафс-и аммара чынында күнөөлөрдү, жамандыктарды буюрат.” [Юсуф, 53]
"Адеб-уд-дуня” деп аталган китептеги хадиси
шарифтердин бир канчасынын мааниси төмөнкүдөй:
"Адамдын эң күчтүү душманы болуп өз напси, андан кийин бала-бакырасы
келет.” [Дайлами]
"Чыныгы баатыр - напсин жеңген адам.” [Ал-Аскери]
"Акылдын белгиси – напсини жеңүү жана өлгөндөн кийин зарыл боло турган
нерселерди даярдоо. Акылсыздыктын белгиси – напсиге баш ийип, Аллахтан кечирим
жана ырайым күтүү.” [Тирмизи]
Акыл
мээ аркылуу сезүү органдарынан, шайтан жана напсиден жүрөккө келген
каалоолордун иликтеп, жакшыларын жамандарынан ажыратуучу кубат. Эгер ажыратып
жатканда жаңылбаса Акл-и салим деп аталат. Акыл напсинин
каалоолорун пайгамбарлар жакшы деген нерселерден ажыратып, жүрөккө билдирет.
Эгерде жүрөк акыл билдирген нерсени тандаса, напсинин каалоолорун аткарууну
ирада кылбайт (буюрбайт). Башкача айтканда, мээнин жардамы менен кыймыл
мүчөлөрүнө муну кылдыртпайт.
Эгер жүрөк
динибиз жакшы деген нерселерди тандап кылдырта турган болсо, адам саадатка
жетет.
Адамдын кыймыл
органдары мээге, ал эми мээ болсо жүрөккө моюн сунат. Жүрөктүн буйругуна ылайык
кыймылдашат. Жүрөк мээ аркылуу сезим органдарынан келген жана рух аркылуу
илахий тараптан, акылдан, периштеден, эс тутумдан, напсиден жана шайтандан
келген таасирлер чогулган бир борбор. Хадиси шарифтин мааниси төмөнкүчө:
"Жүрөк дене мүчөлөрдүн өкүмдары. Эгер өкүмдар жакшы болсо кол астындагылар
да жакшы болот. Эгер бузук болсо кол астындагылар да бузулат.” [Байхаки, Ибни Адий]
Жүрөк акылга
моюн сунган кезде напсинин жаралышы адамдардын түбөлүк нематтарга жетүүсүнө
тоскоол болбойт. Жүрөктүн напсиге алданбоосу, ага моюн сунбоосу напсиге
каршы "Жихад-и акбар” болот. Аллаху таала жихад кылгандарга
Бейиште бийик даражаларды берерин айткан. Бир аяттын мааниси:
"Аллахтан коркуп, напсини жаман каалоолордон алыстаткандардын барар жери
сөзсүз Бейиш.” [Назиат 40, 41]
Бир хадиси
шарифтин мааниси:
"Эң үстөм жихад – Аллахтын жолунда напсиге каршы
кылынган жихад.” [Абу Давуд,
Таберани]
Напси адамдардын
жихаддын сообун алууларына, периштелерден үстөм болууларына себеп болууда.
Шайтанда напси жок
Суроо: Шайтанда да биздегидей нафс-и аммара барбы?
ЖООП: Жок.
Жүрөк жана мээ
Суроо: Адамдын
денесинин борбору мээби же жүрөкпү? Дене органдарына буйрук кайдан барууда?
ЖООП: Адамдын кыймыл органдары мээге, мээ болсо жүрөккө
моюн сунат. Жүрөктүн буйругуна ылайык кыймылдашат. Жүрөк мээ аркылуу сезүү
органдарынан жана рух аркылуу болсо илахий тараптан, акылдан, периштеден, эс
тутумдан, напсиден жана шайтандан келген таасирлер чогулган бир борбор. (С.
Абадиййа)
Бир
хадиси шарифтин мааниси:
"Адамдын денесинде бир бөлүк эт бар. Эгер ал жакшы болсо бардык дене
мүчөлөрү жакшы болот. Эгер ал жаман болсо бардык органдар бузук болот. Бул –
жүрөк.” [Байхаки]
California
Institute of Heart Math кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык,
мээбиз өз алдынча иштебейт, ал керектүү сигналдарды жүрөгүбүздөн алат. Бардык
маалыматтар сүйүүнүн эң күчтүү символу жана сезимдерибиздин борбору болгон
жүрөгүбүздөн жайылууда. Изилдөөдө жүрөгүбүзгө багытталган болуп, жүрөктүн чоң
энергия талаасы менен курчалган жана диаметринин эки жарым метрди түзөт деген
тыянакка келинди. Ушуну менен катар бүгүнкү күндө колдонулган өлчөм каражаттары
бул диаметрди өлчөө үчүн жетишсиз болушу мүмкүн жана бул диаметр чоңураак деп
болжолдонууда. Ошондуктан, жүрөгүбүз мээбиз пайда кылган энергия талаасына
караганда чоңураак энергия талаасына ээ. Адамдын жүрөгүн курчап турган магнит
талаасы дененин ар бир клеткасын курчап гана койбостон, дененин сыртындагы
бардык аймактарды да камтыйт. Жүрөктүн электр агымы мээде пайда болгон электр
агымынан алтымыш эсе күчтүү. Жүрөктүн магнит талаасы болсо мээнин магнит
талаасынан беш миң эсе күчтүү. Демек, жүрөгүбүз аркылуу мээбизге караганда алда
канча күчтүү энергия жыйыллтуудабыз. (Brandlife, июнь 2012)
Адамда болгон үч кубат
Суроо: Бардык жаныбарларда жашоолорун уланта турган
нерселерге карата каалоо жана өзүн коргой турган ачуулануу кубаты бар.
Булар адамда да бар. Макул, жаныбарлардан айырмаланып адамга дагы кандай кубат
берилген?
ЖООП: Тафсир-и Азизиде
маселеге байланыштуу Фатиха сүрөсүнүн түшүндүрмөсүндө айтылат:
"Аллаху таала
адамдардын жана жаныбарлардын жашай алуулары жана көбөйүүлөрү үчүн аларда эки
кубат жаратты.
Биринчиси, алар
муктаж болгон жана ырахат алган нерселерди каалоо, ага жетүү кубаты болуп, бул
кубат шахват (жыныстык арзуу, кумар) деп аталат.
Экинчиси,
жашоолоруна зыян келтирген, ооруткан нерселерден сактануу, буларга каршы
коргонуу кубаты болуп, бул кубат гадаб (ачуу, каар) деп
аталат. Аллаху таала адамдарда шахват жана гадаб кубаттарын жараткан,
адамдардын муктаж болгон нерселерге жетүүлөрү, тапкандарын колдоно алуулары
жана корккондоруна каршы коргоно алуулары үчүн бул эки кубатты ихсан кылган.
Аллаху
таала адамдарга мээримдүүлүк көрсөтүп, өз ыктыяры менен эмгектене алуулары,
эмгектенүүдөн тажабоолору үчүн адамдарда үчүнчү кубатты да жараткан болуп, бул
кубат нафс-и аммара кубаты. Бул кубат шахваттарга жетүүгө жана
ачууланганына каршы күрөшүүгө адамды мажбурлайт. Бирок, адамдын напси бул
ишинде чек билбейт. Кылган иштери дайыма ашыкча, дайыма зыяндуу болот. Мисалы,
жаныбар суусаганда таза сууну оңой таап ичет. Тойгондо ичпей калат. Адамдын
напси тойгондон кийин да ичет. Мал ачка болсо жайлоодо оттойт жана тойгондо
жатып уктайт. Адам ачка болгондо жайлоодо оттой албайт. Тапкан чөптөрдүн
арасынан тандап, тандагандарынын кабыгын ачып, тазалап, бышырышы керек. Напси
ушул чарчатуучу, тажатма иштерди сүйүп жана каалап кылдыртат. Бирок, өзүнө
жаккан нерсени тойгондон кийин да жедиртет. Аллаху тааланын мээрими чексиз
болгондуктан, напсинин адамдарды балээге жетелөөсүнө тоскоол болуу үчүн
напсинин каалоолорун ээрчүүнү чектеген, напсини тазартып, чектен чыгуудан,
ташкындыктан сактаган буйрук жана тыюуларды жиберди. Пайгамбарлары аркылуу
жиберген бул буйрук жана тыюулардын жыйындысы Исламият деп
аталат. Эгер адам өз ишин кылып жатып Ислам динин карманса напси чектен
чыгуудан, аша чабуудан арылат, шахват менен гадабды пайдалуу түрдө
иштетет.”
Эгер адамда напси болбогондо
Суроо: Эгер Аллаху таала напсини жаратпаганда адамдар анын
азгырыгынан кутулмак жана ушинтип баары Бейишке кирмек. Ушундай болгондо
жакшыраак болмок эмес беле?
ЖООП: Бул дүнүйөдө ар бир макулукта, ар бир нерседе
Аллаху тааланын рахмат (мээрим, ырайым) сыпаты да, каар, гадаб сыпаты да
көрүнүүдө, пайда болууда. Суу адамдардын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн
жашоолору үчүн, тазалык үчүн, тамак, дары жасоо үчүн зарыл болгондой эле,
миңдеген адамдар деңизге чөгүп, сел суулары үйлөрдү кыйратат. Муздак суу ичкен
адам ооруп калат. От нанга, тамак бышырууга, кышында жылуулукка керек болгон
сыяктуу эле ичине түшкөндү күйгүзөт. Электр тогу бизге көп жерде пайдалуу
болгонуна карабастан, өрткө себеп болууда, адамга тийгенде дароо өлтүрөт. Ар
дары бир ооруга даба болгону менен, ашыкчасы зыяндуу болот. Напси да ушундай. Пайдалуу
да, зыяндуу да жактары бар.
Напсинин
жаралышы адамдардын жашоосу, көбөйүүсү, дүнүйө үчүн иштөөсү жана акыретте
жихаддын сообун алуу үчүн. Аллаху таала напсини ушундай көптөгөн пайдалар үчүн
жараткан. Аллаху таала бардык адамдарга мээримдүүлүк жана боорукердик кылып,
напсиге ээ болуп, зыяндуу каалоолорунун алдын алуу үчүн акылды да жаратты.
Акыл
– адамдын мээси аркылуу сезүү органдарынан, шайтандан жана напсиден жүрөккө
келген каалоолорду илгеп, жакшыларын жамандарынан ажыраткан бир кубат. Эгер
ажыратып жатып жаңылбаса, бул акыл акыл-и салим деп аталат.
Аллаху таала муну менен бирге пайгамбарларды жиберип, кайсы нерселердин
пайдалуу, кайсы нерселердин зыяндуу экенин жана напсинин бардык каалоолорунун
жаман экенин билдирди. Акыл напсинин каалоолорун пайгамбарлар жакшы деген
нерселерден ажыратып, жүрөккө билдирет. Эгер жүрөк акыл билдирген нерсени
тандай турган болсо, напсинин каалоолорун орундоону буйрук кылбайт. Эгер жүрөк
Исламият жакшы деген нерселерди буйрук кылса жана орундатса, ошондо адам
саадатка жетет. Жүрөктүн жакшы менен жамандын бирин тандоосу жана буйрук
кылуусу касб деп аталат. Адамдын кыймыл органдары мээге, мээ
болсо жүрөккө моюн сунат. Жүрөктүн буйругуна ылайык кыймылдашат. Жүрөк мээ
аркылуу сезүү органдарынан жана рух аркылуу илахий тараптан, акылдан,
периштеден, эс тутумдан, напсиден жана шайтандан келген таасирлер чогулган бир
борбор. Эгер жүрөк акылды ээрчисе напсинин жаралышы адамдардын түбөлүк
нематтарга жетүүлөрүнө тоскоол болбойт.