Ислам дини » Кошумча темалар » Напси (нафс) деген эмне?




Напси (нафс) деген эмне?


Суроо: Калб, жүрөк, көңүл, напси тууралуу маалымат бересизби?

ЖООП: Калб – көкүрөгүбүздүн сол жагындагы бир бөлүк эт эмес. Бул жүрөк деп аталат. Жүрөк жаныбарларда да бар. Калб – жүрөктө болгон бир кубат.  Көз менен көрүүгө болбойт. Бул электр лампочкасындагы ток сыяктуу. Биз муну көңүл деп айтабыз. Электр лампочкасы жүрөк болсо, жарыгы калб, бул көңүл деп дагы аталат.

Көңүл адамдарда болот, жаныбарларда болбойт. Денедеги бүт органдар жүрөктүн буйругунда. Сезүү органдарыбыз сезген бардык маалыматтар көңүлдө топтолот. Адамдын ишенүү, сүйүү, коркуусу көңүлүндө. Итикад кылган, башкача айтканда, ыйман келтирген, капыр болгон бул - көңүл. Көңүлү таза болгон адам динге баш ийет. Көңүлү жаман болгон адам динден качат. Көркөм, жакшы ахлактын жана жаман мүнөздөрдүн орду көңүлдө. Аллаху таала диндерин, пайгамбарларды көңүлдү тазартуу үчүн жиберди. Көңүлү таза адам баарына жакшылык кылат. Дүнүйөдө рахат, бейпил жашайт. Акыретте дагы түбөлүк, чексиз саадатка (бакытка) ээ болот.

Эр жүрөк – баатыр дегенди билдирсе, көңүлү бар же көңүл оорусу бар – көңүлү оорулуу дегенди билдирет. Суу жүрөк, жүрөгү жок – коркок дегенди билдирсе, жүрөксүз – мээримсиз, таш боор дегенди билдирет. Көңүл бул жүрөк дегени менен, көңүлсүз дегени жүрөксүз дегендик эмес. Көңүлсүз бул – каалоосуз дегенди билдирет. Эгер кыргыз тилинен башка тилге которгондо калб = жүрөк деп которулса, анда толук болбой калат. Мына ошондуктан, араб тилинен же башка тилдерден кыргыз тилине которулганда бул кылдаттыктар билинбесе кызык көрүнүштөр пайда болот.

Көңүл "напси” деген мааниде да колдонулат. Напси сөзү жыйырмадан ашык мааниде колдонулат. Рух, жан, кан, кишилик, ички, жүрөк, чоңдук, улуулук, ирада (эрк) сыяктуу. Бирок, көбүнесе эки мааниси бар:

Биринчиси: бир нерсенин өзү, киши. Мисалы, Курани каримде: "Ар бир напси өлүмдү татуучу", - деп айтылган.

Экинчиси: динге туура келбеген каалоолордун булагы катары колдонулат. Бул нафс-и аммара деп аталат. Бул напси Аллаху тааланын душманы. Мисалы, хадиси кудсиде: "Напсиңе душмандык кыл. Анткени, ал - менин душманым”, - деп айтылган.    

Суроо: Напсибиздин касиети эмне?

ЖООП: Аллаху таала адамда үч нерсени жаратты: акыл, калб (көңүл) жана напси. Булардын эч бирин көз менен көрүүгө болбойт. Барлыктарын таасирлери, кылган иштери жана динибиздин билдирүүсү аркылуу түшүнөбүз. Акыл менен напси мээбизде, калб (көңүл) болсо жүрөгүбүздө. Булар материя эмес, орун ээлебейт. Бул жерлерде болуулары электр тогунун лампочкада болуусу сыяктуу. Пайгамбарлар менен олуялардан сырткары баарынын напси өтө жаман. Бул жаман напси "нафс-и аммара” деп аталып, жамандыктарга жетелеген напси дегенди билдирет.

Адамдын эң чоң душманы – напси. Андан кийин жаман дос жана шайтан келет. Жаман дос менен шайтан да напсиге таасир этип, адамга зыян тийгизүүгө аракет кылышат. Ошондуктан, напси аммаралыктан тазартылууга тийиш. Анткени, напси капыр болуп, дайыма Аллаху таалага каршы чыккысы келет.

Шайтан өзү берген васвасага (азгырыкка) адамдын алданылбаганын көрүп, мындан баш тартат, башка васаваса берет. Аалымдар шайтанды итке окшоштурушкан. Ит кубаланганда качканы менен, башка тараптан дагы келет. Нафс-и аммара болсо арстанга окшош болуп, чабуулу өлтүрүү менен гана аяктайт. Напсибиз болсо өлгөнгө чейин бизди таштап кетпейт. Ошондуктан, напсини таануу жана зыяндарынан сактануу керек.

Имам Маверди хазреттери айтат:

"Напсини тарбиялоо зарыл. Хадиси шарифте: "Адамдын эң күчтүү душманы - өз напси, андан кийин бала-чакасы келет”, - делген. Курани каримдин маанисинде да: "Нафс-и аммара чынында күнөөлөрдү, жамандыктарды буюрат”, - делген. (Юсуф, 53)”

Напсин тарбиялай албаган, ага баш ийген адам алсыз, акылсыз. Хадиси шарифтерде: "Чыныгы баатыр – напсин жеңген адам”"Акылдын белгиси – напсини жеңүү, ээ болуу жана өлгөндөн кийин керек боло турган нерселерди даярдоо. Акылсыздыктын белгиси – напсиге баш ийип, Аллахтан кечирим жана ырайым күтүү”, - делген. Хазрети Аиша энебиз: "Адам Раббин качан тааныйт?” – деп сураганда, Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Напсин тааныган кезде”, - деп жооп берди. (Адеб-уд-дуня) 

Нафс-и аммарага каршы жихад эки жол менен болот:

1-      Риязат,

2-      Мужахада. 

Риязат – напсинин каалоолорун орундабоо дегендик. Напси акмак болгондуктан, бардык каалоолору өзүнө зыян. Напси дайыма арамдарды каалайт. Мужахада болсо – напси каалабаган нерселерди кылуу. Напсибиз жакшылык жана ибадат кылгысы келбейт. Напсиге күнөөдөн сактануу ибадат кылууга караганда кыйыныраак. Ошондуктан, күнөөдөн сактануу көбүрөөк сооп.

Напси дүнүйөлүк зооктордү, лаззаттарды жакшы көрөт. Буларды жакшы, жаман, пайдалуу же зыяндуу деп ойлобойт. Каалоолору динибиздин буйруктарына туура келбейт. Динибиз тыюу салган нерселерди кылуу напсини кубаттандырат. Андан да жаманын кылгысы келет. Жаман, зыяндуу нерселерди жакшы кылып көрсөтүп, жүрөктү алдайт. Жүрөккө ушуларды аткартып, зоокторуна жетүүгө аракет кылат. Жүрөктүн напсиге алданбоосу үчүн жүрөктү кубаттандырып, напсини алсыратуу керек.

Акылды кубаттандыруу Ислам маалыматтарын окуп үйрөнүү аркылуу болгондой эле, жүрөктүн кубаттануусу, башкача айтканда, тазаруусу да динибизге баш ийүү аркылуу болот. Динибизге баш ийүү үчүн ихлас керек. Ихлас – иштерди, ибадаттарды Аллаху таала буюргандыктан кылуу. Жүрөктүн зикир кылуусу аркылуу, башкача айтканда, Аллах атын көп айтуусу аркылуу ихлас пайда болот.

Динибизге баш ийүү жүрөктү кубаттандыргандай эле, напсини алсыратат. Ушул себептен напси жүрөктүн динибизге баш ийүүсүн каалабайт. Динсиз, ыймансыз болуусун каалайт. Акылына баш ийбей, напсисине баш ийген адам ушул себептен динсиз болууда. Аллаху таала пенделеринин ибадатына муктаж болбогондуктан, пенделер кыла турган күнөөлөр да Ага зыян келтирбейт. Напсилерин тарбиялоолору үчүн напсиге каршы жихад кылуулары, ошентип Бейишке кирүүлөрү үчүн ушуларды буйрук кылууда:

"Аллаху тааладан коркуп, напсини жаман каалоолордон алыстаткандардын бара турган жери – сөзсүз Бейиш.” [Назиат, 40-41]

Динди карманган тилегине жетет. Курани каримдин маанисинде: "Напсине баш ийгендерден туура жолду издегендерди саадатка ээ кыла турган жолдорго жеткиребиз”, - делди. (Анкабут, 69, Тафсир-и Азизи)

Имам Газали хазреттери айтат:

Адамда жаман сыпаттарды жыйнаган напсиге каршы жихад кылуу, аны сындыруу керек. Хадиси шарифте: "Сенин эң чоң душманың - сени ар тараптан куурчап алган напсиң”, - делген. Пайгамбарыбыз алейхиссалам бир согуштан кайтып келгенде болсо: "Кичине жихаддан чоң жихадга кайттык”, - деп буюрду. Кутман сахабалар: "Йа, Расулаллах! Чоң жихад деген эмне?” – деп сурашканда, Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Напсиге каршы жихад”, - деп жооп берген эле. [Дайлами, Байхаки, Хатиби Багдади, И. Газали, И. Суюти]

Напсини дайыма басынтуу керек. Хадиси шарифте айтылат:

"Напсини кордогон адам динин барктаган болот. Напсини барктаган адам болсо динин кордогон болот.” [Абу Нуайм]

Суроо: Бейиште напси жок экендиги билдирилет. Ал эми, "Эй, мутмаинна болгон напси! Сен андан, ал да сенден ыраазы болгон абалда Раббиңе кайт. Менин пенделеримдин арасына кошул, Бейишиме кир!” [Фажр27-30] маанисиндеги аяттар напсинин да Бейишке кире турганын көрсөтүп турган жокпу? Ушуну менен катар Аллах эмне үчүн менин пенделерим деп жатат? Аллахтан башкасынын да пендеси барбы? Напсинин Аллахтан ыраазы болуусу эмне дегендик?

ЖООП: Напси сөзүнүн бир канча мааниси бар. Бул жерде рух, жан, адам маанисинде. Биз билген напси эмес. Ошондуктан, анын туура мааниси төмөңкүдөй болот:

"Эй, хузурга жеткен рух, сен андан, ал болсо сенден ыраазы болгон абалда Раббиңе кайт! Менин [салих] пенделеримдин арасына кошулуп, Бейишиме кир!” [Фажр27-30]

"Сен андан, ал да сенден ыраазы болгон абалда” дегендин мааниси: ыймандуу болгондугуң үчүн Аллах сенден ыраазы. Сага Бейиште ушундай нематтарды берет, сен дагы Аллахтан ыраазы болосуң.

Менин пенделерим сөзү бул - фраза. "Менин адамым”, "менин оң колум” сыяктуу. Аллаху таала шайтанга айтат: "Менин пенделериме сенин бийлигиң өтпөйт.” [Исра, 65]

Жакшылар да, жамандар да Аллаху тааланын пенделери экенине карабастан, салих адамдар тууралуу "Менин пендем” дейт. Демек, Раббибиздин "Менин пендем” дегендери - салих адамдар. Акчага, жаман каалоолоруна кул болгондор тууралуу болсо "Хевасын (напсинин зыяндуу жана күнөө болгон каалоолорун) кудай кылып алгандар...” деп айтууда. [Жасия, 23]

Аллаху таала булар тууралуу менин кулум деп жаткан жок, буларды хевасынын кулу деп билдирүүдө. Аларды Аллах жаратканы менен башка нерселерди кудай кылып алышкан, ошолорго сыйынышууда. Булар нафс-и мутмаинна эмес. 

Адамдын напси капыр 

Суроо: Адам тууралуу "Нанкөр, байлыкты жакшы көрүүчү, сараң, заалым болгондой эле, напси капыр жана жүрөгү да оорулуу” делүүдө. Андай болсо, адам Аллахка душман болгон напси менен, оорулуу жүрөгү менен, нанкөр жана сараң сыяктуу жаман сыпаттар менен кантип туура жолду таап Бейишке кирет?

ЖООП: Айтылгандардын бардыгы Курани каримде бар. Адам ушул айтылгандар сыяктуу. Напсибиз капыр болуп жаратылган, Аллаху тааланын душманы жана дайыма арамдардан ырахат алат. Бир хадиси шариф: "Аллаху таала: "Напсиңе душмандык кыл. Анткени, ал - менин душманым”, - деп буюрду.” [Мектубати Раббани]

Бир аяти кариманын мааниси:

"Нафс-и аммара чындыгында күнөөлөрдү, жамандыктарды буйрук кылат.” [Юсуф, 53]

Аллаху таала капыр напсини жараткандыгы сыяктуу акылды да жаратты. Акыл – туураны жаңылыштан, чындыкты жалгандан ажыратуучу кубат. Эгер жүрөк акылга баш ийип, напси тарбияланса, зыянынын алды алынган болот. Жүрөктүн напсиге алданбоосу,  ага баш ийбөөсү напсибизге каршы чоң жихад болот. Аллаху таала жихад кылгандарга Бейиште бийик даражаларды берерин билдирүүдө. Напсибиз адамдардын жихаддын сообуна жетишине жана периштелерден жогору болушуна себеп болот. Көрүнүп тургандай, напсибиз курч эки миздүү бычак сыяктуу. Күнөө кыла алат, жихад да кыла алат.

Дагы уулуу дары сыяктуу. Дарыгердин кеңешине ылайык колдонгон адам андан пайда көрөт. Ашыкча колдонгон өлөт. Исламият напсини өлтүрүүнү, жок кылууну эмес, аны тарбиялоону жана пайда көрүүнү буйрук кылат. Эгер тарбияланып колдонула турган болсо, бул терс таасирлерин жок кылууга болот.

Имами Раббани хазреттери айтат: Суфилик жолунда болуудан максат – напсини тазкия жана жүрөктү тасфия кылуу, башкача айтканда, напси жана жүрөктү оорулардан сактоо. Бакара сүрөсүндө "Жүрөктөрүндө оору бар” деген мааниде айтылган онунчу аяти каримада билдирилген оору дарыланмайынча чыныгы ыйманга жетүү мүмкүн эмес.

Жердеги, жер астындагы жана асмандагы бардык нерселер адам баласы үчүн жаратылган. Өзүбүз дем алган абабыздын да шүгүрүн орундоого алыбыз жетпейт. Адам өзүнө сансыз нематтарды бергенине карабастан Аллахка каршы шүгүрсүздүк кылат. Бир аяти кариманын мааниси:

"Эгерде Аллахтын [ушунча] нематын санай турган болсоңор, санай албайсыңар. Чындыгында, адам өтө заалым, өтө шүгүрсүз!” [Ибрахим, 34]

Дагы көптөгөн аяти каримада адамдын шүгүрсүз экендиги билдирилген.

Адият сүрөсүнүн 8-аятында билдирилгендей, адам мал-мүлктү өтө жакшы көрөт. Анын үстүнө болсо сараң. Исра сүрөсүнүн 100-аятында Аллаху тааланын ырайым казыналары берилсе да, адамдын баары бир сараңдык кыла тургандыгы билдирилген. Алак сүрөөсүнүн 6-7-аяттарында адам өзүн муктажсыз сезгенде азгындык кыла тургандыгы билдирилген.

Бизди жараткан Раббибиз, албетте, бизди бизден жакшыраак билет. Адамдын кээ бир жаман сыпаттары жогоруда айтылган эле. Ооруну берген Аллаху таала алардын дабасын да жараткан. Аллаху тааланын буйруктарына жана тыюуларына баш ийгенде кутулуу үмүтү көбөйөт. Эгерде адам намазды гана туура окуса, жогоруда айтылган баардык жамандыктардан кутулат. Бир аяти кариманын мааниси:

"Намаз мункар жана фахштан [адепсиздиктен, акылга жана динге туура келбеген ар түрдүү жамандыктан, ар түрдүү күнөөдөн] кайтарат.” [Анкабут, 45]

Андай болсо, кылына турган иш – напсиге баш ийбөө, күнөөлөрдөн сактануу жана намазды туура окуу.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш