Суроо: Напсиге кантип
ээ болууга болот?
ЖООП: Напсини
тарбиялаган адам ага ээ болот. Курани каримде мындай деген мааниде айтылат:
"Ыйман келтирип, напсин ислах кылган (түзөлткөн) адамга
коркунуч жана кайгы-капа жок.” [Анъам, 48]
"Напсин тазарткан адам кутулат, жамандыкта калтырган
адам зыянга учурайт.” [Шамс, 8-9]
"Сага келген жакшылык Аллахтан, бардык жамандык болсо
напсиңен.” [Ниса, 79]
Аллаху
таала эң оболу акылды жаратып, ага илим, зээн, хулус (ихлас), чынчылдык,
жоомарттык, тобокел, коркуу, үмүт сыяктуу касиеттерди берген. Ошентип, бул
акылга ээ болгон адам Аллаху тааланын барлыгын жана бирдигин тастыктап, Анын
ыраазылыгына жетет.
Күнөөлөр напсиге
жагымдуу, таттуу сезилет. Ибадаттар болсо напсиге оор сезилет. Момун напсине
алданып, күнөө кылышы мүмкүн. Бирок, күнөө кылып жатканда акылы жана ыйманы аны
кайгыртат. Адам акылы менен ыйман келтирет. Напсине таттуу сезилгендиктен да
күнөөгө тартылат. Ошондуктан, ыйман менен каршы чыгуунун [күнөө кылуунун] бир
эмес, бөлөк экени түшүнүлөт. Тактап айтканда, күнөө кылган, ибадат кылбаган
адамга капыр делбейт. Кээ бир бидат агымдары намаз окубагандарга жана башка
күнөөнү кылгандарга капыр дешет.
Кээ
бирлер эч ибадат кылбайт, арамдардан сактанбайт, башкача айтканда, Исламиятты
карманбайт. "Аллах керим, мени да кечирет”, - дейт. Бул жерде напси менен
шайтан аларды алдоодо, каршы чыгууга түртүүдө. Акылдуу адам буларга алданбайт.
Аллаху таала керим болгондой эле, азабы да катуу. Бул дүнүйөдө көптөгөн
адамдарды кедейчиликте жана кыйынчылыкта жашатып жатканын көрүүдөбүз. Нечелеген
пенделерин азаптарда жашатууда. Ар кимди жашаткан Ал болсо да, жеп-ичпегенди
жашатпоодо. Дары колдонбогон оорулууга шыпаа бербөөдө. Жашоо, оорубоо,
мал-мүлккө ээ боло алуу сыяктуу дүнүйөлүк нематтардын бардыгы үчүн себептерди
жараткан. Себептерге жармашпагандарга эч боор оорубай дүнүйөлүк нематтардан куру
калтырган. Акыреттик нематтарга да жетүү ушундай. Күфүр - жүрөктү жана рухту
өлтүрүүчү уу. Жалкоолук да рухту оорутат. Эгер буларга дары берилбесе рух ооруп
өлөт. Күфүрдүн жана жахилдиктин бирден бир дарысы – илим. Жалкоолуктун дарысы
болсо – намаз окуу жана башка ибадаттарды кылуу.
Эгер
бир адам: "Аллах керим, мага уу таасир этпейт”, - деп ууну жеп-ичсе, ооруйт,
өлөт. Адамдардын денеси алсыз болгондуктан жеп-ичүү, кийинүү жана баш калкалоо
сыяктуу нерселерге муктаж. Буларды табуу жана Исламиятка шайкеш колдоно алуу
үчүн даярдоо өтө кыйын. Бул иштердин оңой жана ыңгайлуу жасалышы үчүн
адамдарда напси деп аталган бир кубат жаратылган. Напси денеге
керектүү нерсенин жасалуусун каалайт. Бул нерселерди ашыкчасы менен жасоо ага
таттуу сезилет. Напсинин каалоолору шахват деп аталат.
Шахватты акыл менен кеңешпей, муктаждыктан ашыкча колдонуу жүрөккө жана денеге
зыян келтирет жана күнөө болот.
Адам напсини
канчалык кордосо Аллаху тааланын алдында кадыры ошончолук жогорулайт, өзүн
баалагандын Аллахтын алдында кадыры болбойт. Андай болсо напсибизди
текеберленүүдөн сактоого тийишпиз. Илимдүү экенине карабастан текебердиктин
зыянын билбеген адамга аалым делбейт. Адамдын илими арткан сайын Аллахтан
коркуусу да артат, күнөө кылууга батына албайт.
Муракаба деген эмне?
Суроо: Муракаба деген эмне?
ЖООП: Сөздүктөгү
мааниси "көзөмөлдөө”. Фразеологиялык мааниси болсо "пенденин бардык абалында
Аллаху тааланын аны көрүп турганын билүүсү жана Аны унутпоосу” дегенди
билдирет. Дагы бир мааниси "напсини көзөмөлдөө жана андан кайдыгер болбоо”.
Напсини
ар дайым көзөмөлдөө, контролдоо керек. Эгер андан кайдыгер болсок напси
шахватты жана жалкоолукту каалайт. Муракабанын негизи – Аллаху тааланын биздин
кылган жана ойлогон нерселерибиздин баарын билип турганын унутпоо. Адамдар
бири-биринин сыртын көрүшөт. Аллаху таала болсо сыртын көргөндөй эле, ичин,
тагыраагы, ниетин, оюн билет. Бул абалды билген адамдын иштери менен ойлору
албетте динге шайкеш болот.
Муракаба –
Аллаху тааланын дайыма адамды көрүп турганын жана билип турганын ойлоо. Бул
болсо намазды туура окуу аркылуу пайда болот. (Акыйкат Сөздүн
Далилдери)
Имам
Раббани хазреттери айтат: "Көпчүлүк олуялар ар кечте ошол күнү жасаган иштерин,
сөздөрүн, кыймыл-аракеттерин, ойлорун ар биринин эмне үчүн экенин түшүнүшөт.
Кемчиликтерин жана күнөөлөрүн тазалоо үчүн тообо жана истигфар кылышат. Ар түнү
жатаар алдында "Субханаллахи вал-хамду лиллахи ва ла илаха иллаллаху
валлаху акбар” деп окуган адам эсеп-кысап кылган, өзүн эсепке тарткан
болуп саналат.” (1/309)