Ислам дини » Кошумча темалар » Напсини тарбиялоо




Напсини тарбиялоо


Суроо: Напсибизди кантип тарбиялай алабыз?

ЖООП: Имам Газали хазреттери мындай дейт:

Аллаху таала: "Шахваттарыңарды [тагыраагы, напсинин каалоолорун] арамдардан албоого аракет кылгыла жана бул жихадда чыдамкайлык көрсөткүлө, чыдагыла”, - деп буюрууда. Ошондуктан, акылдуу адамдар, дин улуулары бул дүнүйөнүн базар сыяктуу экенин жана бул жерде напси менен алыш-беришүүдө экендиктерин түшүнүшкөн. Бул соодада киреше – Бейиш, зыян болсо – Тозок. Башкача айтканда, кирешеси - түбөлүк саадат (бакыт), зыяны болсо - чексиз балээ.

Акылдуу адам өз напсин соодадагы өнөктөштүн ордуна коюп, керектүү насаатты (кеңешти) айтат. Булардын алтоосу төмөңкүдөй:

1- Соода өнөктөшү адамдын акча табууда өнөктөшү болгон сыяктуу, кээде кыянат кылганда анын душманына айланат. Бирок, дүнүйөдө жетишилген нерселер убактылуу. Акылдуу адам буга маани бербейт.

Ар бир дем баалуу асыл таш сыяктуу болуп, булардан бир казына даярдалышы мүмкүн.

Акылдуу адам күн сайын напсине мындай деш керек:

"Менин сармаям (капиталым) жалгыз өмүрүм гана. Бул капитал ушунчалык баалуу болгондуктан, чыккан ар бир демди эч нерсе менен кайтаруу мүмкүн эмес, дем алуулар саналуу жана азайып барууда. Өмүр бүтсө соода да бүтөт. Убактыбыз аз болгондуктан соодага жармашалы. Биздин күндөр ушунчалык баалуу, ажал келгенде бир күн уруксат суралса да бул мүмкүн болбойт. Бүгүн бул немат биздин колубузда. Эй, напсим,  өтө сак бол! Бул улуу нематты колдон чыгарба! Антпесе, кийин ыйлагандын пайдасы жок. Бүгүн ажалдын келгенин, азыр ошол күндө турганыңды элестет! Андай болсо, бул күндү өткөрүп жиберүүдөн, натыйжада бакытка жетпей калуудан да чоң зыян барбы? Эртең өлө тургандай арамдан кач!”

Күнөөкөр напсибиз буйруктарды аткаргысы келбесе да, риязат кылуу, каалагандарын бербөө ага таасир этет. Мына, напси менен эсептешүү ушундай болот. Расулуллах алейхиссалам: "Акылдуу адам – өлө электе эсебин даярдаган,  өлгөндөн кийин өзүнө пайда алып келе турган иштерди жасаган адам” жана "Жасай турган ар ишиңди алгач ойлон. Эгер андай болбосо ал иштен кач!” – деп буюрду.

2- Напсини көзөмөлдөп, андан кайдыгер болбош керек! Эгер андан кайдыгер боло турган болсо, анда ал өзүнүн шахватына (кумарына) жана жалкоолугуна кайтат. Аллаху таала биздин кылган ишибиздин, ойлогонубуздун баарын билгендигин унутпашыбыз керек. Муну билген адамдын иштери жана ойлору адептин чегинде болот. Буга ишенбеген адам ансыз деле капыр. Ишенип туруп, бирок, кылбоо – чоң бактысыздык.

3- Күн сайын уктаар алдында ошол күнү кылган иштери боюнча напсини эсепке тартуу керек, капиталды пайда менен зыяндан бөлүү керек. Капитал - парздар, киреше болсо - нафилдер. Зыян болсо - күнөөлөр.

4- Эгер напсинин кемчилиги көрүлүп, ал жазаланбай турган болсо  кайраттанып, эркелеп кетет. Аны башкарууга болбой калат. Эгер күмөндүү бир нерсе жеген болсо жаза катары ачка калтыруу керек. Эгер чоочун аялдарды караган болсо жакшы мубахтарды каратпоо керек. Ар дайым ушинтип жазалаш керек!

5- Улуулар напсилери күнөө кылганда жаза катары көп ибадат кылышчу. Мисалы, кээ бири бир намазда жамаатка жетпеген болсо бир түн уктачу эмес. Ибадаттарды өз каалоосу менен кубанып кыла албаган адам үчүн эң жакшы дары – салих бир зат менен бирге болуу.

6- Напсини жемелөө керек. Напси жаратылуусунда жакшы иштерден качуучу, жамандыктарга жүгүрүүчү, жалкоо жана кумарларына жетүүнү каалайт. Динибиз напсибизге бул мүнөзүнөн баш тартууну буюрган. Бул милдетти ишке ашыруу үчүн аны кээде эркелетип, кээде кыйнап, кээде сөз менен, иш менен тартипке салуу керек. Анткени, ал ушундай жаратылган болуп, напси өзүнө жакшы сезилген нерселерге жүгүрүп жүргөндө, дуушар боло турган кыйынчылыктарга сабыр кылат. Напсинин саадатка жетүүсүнө тоскоол болгон эң чоң парда – кайдыгерлиги жана жахилдиги. Эгер капылеттен ойготулуп, саадаттын кайда экени көрсөтүлө турган болсо аны кабыл кылат. Анткени, Аллаху таала: "Аларга насаат кыл! Насаат момундарга албетте пайда берет”, - деп буюрган. (Зарият, 55)

Жүрөк рух менен напсинин ортосундагы көпүрө сыяктуу. Марифаттар, пейздер жүрөккө рух аркылуу келет. Жүрөк сезүү органдары менен да байланышкан. Сезүү органдары эмне менен алек болсо жүрөк да ага байланат. Адам сулуу бир нерсени көргөндө, сулуу үндү укканда жүрөк ага байланат. Ал рухка же напсиге жагымдуу сезилген нерселерди жакшы көрөт. Бул жакшы көрүү адамдын колунда эмес. "Сулуу” (жакшы), "жагымдуу” дегенде жүрөккө сулуу жана жагымдуу болгон нерсе түшүнүлөт. Адам көп учурда чыныгы сулуулукту түшүнө албайт. Напсиге сулуу болуп сезилген нерсе менен рухка сулуу болуп сезилген нерсени чаташтырат. Эгер рух күчтүү болсо, чыныгы суулукту түшүнүп, аны жакшы көрөт жана ага байланат. Аяти карималар, хадиси шарифтер, олуялардын сөздөрү сыяктуу баалуу нерселер чындыгында жакшы нерселер. Абдан таттуу. Жүрөктүн напсиге болгон көз карандылыгы алсырап, напсиден кутулганда, буларды окуганда, укканда булардын сулуулугун түшүнөт жана байланат. Бирок, адамдын мындан кабары болбойт. Ибадаттарды кылганда Аллаху таала аны жакшы көрөт.

Жүрөктү напсиден куткаруу үчүн напсини эзүү, жүрөктү кубаттандыруу керек. Бул болсо Расулуллах алейхиссаламга уйуу, моюн сунуу аркылуу болот. Жүрөгүн напсинин чеңгелинен куткарган адам бир олуянын Расулуллахтын вариси (мурасчысы), Аллахтын сүйүктүү кулу экенин түшүнөт. Аллаху тааланы бекем сүйгөндүктөн Аллаху тааланын сүйгөнүн да бекем сүйөт. 

Напсиге жаккан нерселер

 Суроо: Напсибизге жаккан нерселердин баары арамбы?

ЖООП: Напсибиз капыр. Ага арамдар менен макрухтар жагат. Парздар менен сүннөттөр жакпайт. Намаз окуу, орозо кармоо сыяктуу ибадаттарды кылгысы келбейт. Азыгы - арамдар. Дайыма арамдарды жакшы көрөт. Риязат жана мужахада кылган адам напсиге каршы согушкан болот. Риязат – напсинин каалагандарын орундабоо. Мужахада – напси каалабаган нерселерди кылуу. Бир хадиси шарифтин мааниси:

"Бейиш дүнүйөдө напси жактырбаган нерселер менен, Тозок болсо напси каалаган нерселер менен жасалгаланып-кооздолгон.” [Бухари, Муслим] 

Напсинин азыгы – арамдар 

Суроо: "Напсибиз Аллахка душман, азыгы болсо - күнөөлөр”, - деп айтылууда. Андай болсо, напсибиз күнөө кылбаса азыксыз калат. Азыксыз калганда өлүп калбайбы?

ЖООП: Напсибиз алсыраса да өлбөйт. Күнөөлөр напсини азыктандырат, кубаттандырат. Кубаттанган напси Исламиятка кол салат. Напсибиз ар түрдүү музыкалык аспаптар менен зооктонот, кумардык жана айбандык каалоолор кубаттанат. Рухтун азыгы болгон, жүрөктөрдү тазарткан жана напсинин каалоолорун жок кылган ибадаттар унутулат.

Напсибиз кадимки тамак-ашка, кийим-кечеге, баш калкалоого муктаж. Бул нерселерди ашыкча кылуу ага таттуу сезилет. Напсинин бул каалоолору "шахват” деп аталат. Шахватты акылга ээрчибей, муктаждыктан ашыкча колдонуу жүрөккө, денеге жана башкаларга зыян келтирип, күнөө болот. Дайыма денеси үчүн иштеп, напсин кубаттандырган адам айбандан төмөн болот.

Напсибиз өзүнө таттуу сезилген нерселерди жакшы көрөт. Булардын жакшы же жаман, пайдалуу же зыяндуу экенин ойлобойт. Каалоолору Исламиятка кайчы болот. Ислам дини тыюу салган нерселерди кылуу напсини кубаттандырат. Андан да жаманын кылдырткысы келет. Жаман, зыяндуу нерселерди жакшы кылып көрсөтүп, жүрөктү алдайт. Жүрөккө ушулурда кылдыртуу аркылуу өзүнүн зоокторуна жетүү үчүн аракет кылат. Жүрөктүн напсиге алданбашы, жаман мүнөзгө ээ болбошу үчүн динибиздин буйруктарын аткарып, жүрөктү кубаттандыруу жана напсини алсыратуу керек. Акылды кубаттандыруу Ислам маалыматтарды окуп, үйрөнүү аркылуу болгондой эле, жүрөктүн тазарып кубаттануусу да динибизге баш ийүү аркылуу болот. Күнөө кылган адамдын жүрөгү таза болбойт.

Дененин жашоосу жана азыгы болгон сыяктуу, рухтун да жашоосу жана азыгы бар. Рухтун азыгы – масиваны, башкача айтканда, Аллаху тааладан башка бардык нерсени унутуп, Аллаху тааланы зикир кылуу (эстөө). Анын ыраазылыгына жетүү үчүн напсинин шахваттарын риязат аркылуу алсыратуудан жана рухту Анын ысымын зикир кылуу [айтуу] аркылуу кубаттандыруудан башка чара, жол жок. Адамдын башка бирөөгө болгон сүйүүсү аны көп эстегенинен билинет. Анткени, бир адамдын сүйгөнүн көп эстөөсү табигый нерсе. Чектен тыш сүйүүгө кабылган ашык адам өзүн унутуп, дайыма жана ар кандай жагдайда да тынымсыз сүйгөнүнүн атын айтып, аны эстейт. Момун дагы Аллаху тааланы унутпоого аракет кылууга тийиш. 

Суроо: Бир мусулмандын напсинин Исламияттын сыртына чыкпоосу, азгындык кылбоосу үчүн эмне кылууга тийиш?

ЖООП: Напсинин Исламияттын сыртына чыгуусунун, ташуусунун алдын алуу үчүн ага каршы эки жихад бар:

Биринчиси, ага баш ийбөө, анын каалоолорун орундабоо. Бул "риязат тартуу” деп аталат. Риязат вараа жана такыбаа аркылуу болот. Такыбаа – арамдардан сактануу. Вараа – арамдардан жана мубахтарды муктаждыктан ашыкча колдонуудан да сактануу.

Жихаддын экинчиси - напси каалабаган нерселерди кылуу. Бул "мужахада” деп аталат. Бардык ибадаттар мужахада. Бул эки жихад напсини тарбиялайт. Адамды жетилдирет, рухтарды кубаттандырат. Сыддыктардын, шейиттердин жана салихтердин жолуна жеткирет. Аллаху таала пенделеринин ибадаттарына муктаж эмес. Пенделеринин күнөө кылуулары Ага эч кандай зыян келтирбейт. Пенделеринин напсилерин тарбиялоо, напсиге каршы жихад кылуу үчүн буларды буюрган.  

Суроо: Бир мусулманга нафил орозо кармоо пайдалуураакпы же Ислам дининин буйруктарын үйрөнүп амал кылуубу?

ЖООП: Бул маселеде Имам Раббани хазреттери айтат:

"Адамдар риязат тартуу делгенде ачка болууну жана орозо кармоону түшүнүшөт. Ал эми, динибиз буюрганчалык жегенге маани берүү миңдеген жылдар нафил орозо кармоого караганда кыйыныраак жана пайдалуураак. Бир адамдын алдындагы тамактардан динибиз буюрганчалык жеши, ашыкчасынан тыйылуусу катуу риязат жана башка риязаттардан өтө жогору.”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш