Ислам дини » Кошумча темалар » Дүнүйө деген эмне?




Дүнүйө деген эмне?


Суроо: Дүнүйө деген эмне?

ЖООП: Өлүмдөн мурун болгон бардык нерселер дүнүйө деп аталат. Булардан өлүмдөн кийин пайдалуу болгондору дүнүйөдөн эсептелбейт, акыреттен эсептелет. Анткени, дунүйө акырет үчүн талаа. Акыретте жарабаган дүнүйөлүк нерселер зыяндуу. Эгер дүнүйө динге ылайык колдонулса акыретте пайдалуу болот. Дүнүйөлүк лаззатка да, акыреттик нематтарга да жетилет. Жакшылык менен жамандык мал-мүлктө эмес, мал-мүлктү колдонууда. Андай болсо, жаман дүнүйө Аллаху таала ыраазы болбогон, акыретти жыга турган жерлерде колдонулган нерселер дегенди билдирет.

Раббисин унутуп, напсине берилген адам жолдо жаныбардын ээри менен, жеми менен алектенип, жолдошторунан артта калып кеткен жолоочуга окшош. Чөлдө жалгыз калып өлөт. Адам дагы эмне үчүн жаратылганын унутуп, дүнүйөнүн кооздуктарына алданып, акыретке даярданбаса, түбөлүк балээге тартылат. Дүнүйөгө берилүү акыретке даярданууга тоскоол болот.

Дүнүйө менен акырет чыгыш менен батыш сыяктуу болуп, бирөөсүнө жакындаган экинчисинен алыстайт. Эгер бир адам ибадатын кылбаса жана жашоосунда Аллаху тааланын буйругун аткарбаса, дүнүйөгө берилген болот. Аллаху таала баарынын жүрөгүн бул адамдан суутат.

Дүнүйө - акыреттин талаасы. Бул жерге үрөн сеппей, бир үрөндөн мол-мол түшүм алуудан куру калган адам кандай бактысыз. Бир туугандын бир тууганынан, эненин баласынан кача турган ошол күнгө даярданбаган адам дүнүйөдө да, акыретте да алданган, зыянга учураган болот. Акылдуу адам бул дүнүйөнү мүмкүнчүлүк деп билет. Бул кыска убакыттын ичинде үрөн себүү аркылуу, башкача айтканда, Аллаху таала жакшы көргөн иштерди кылуу аркылуу өтө көп түшүмдөрдү жыйнайт. Аллаху таала ушул кыска убакыттын ичинде жасала турган жакшы иштерге жана ибадаттарга чексиз нематтарды ихсан кылат.

"Марифатнама”дагы хадиси шарифтерде мындай делген:

"Дүнүйө эки күн. Бирөө кубаныч, экинчиси кайгы күнү. Булар өткүнчү. Андай болсо, өткүнчү нерсени таштагыла, түбөлүк болгон нематтарга ээ болууга аракет кылгыла.”

"Дүнүйө үчүн дүнүйөдө кала турганчалык, акырет үчүн ошол жерде түбөлүк кала турганчалык эмгектен! Аллаху таалага муктаж болгончолук моюн сун! Тозоктун отуна чыдай турганчалык күнөө кыл!”

"Дүнүйө бул - көпүрө, дароо өтүп кеткиле, аны оңдоп-түзөө менен алектенбегиле, жолуңарды уланткыла!”

"Каалоосу акырет болуп, акырет үчүн эмгектенгенге Аллаху таала дүнүйөнү кызматчы кылат.”

"Жалгыз дүнүйө үчүн эмгектенгенге жалгыз насиби келет, иштери башаламан, кайгысы көп болот.”

"Акыреттин түбөлүк экенине ишенген адамдын жалгыз бул дүнүйөгө гана жармашуусу өтө таң калычтуу нерсе.”

"Дүнүйө силер үчүн жаратылды. Силер болсо акырет үчүн жаратылдыңар! Акыретте болсо Жаннат менен Жаханнамдан башка жер жок.”

"Дүнүйөгө берилүү адамдын акыретине зыяндуу. Акыретин жакшы көргөн адам дүнүйөдө арамдардан сактанат. Ушундай болгондон кийин силер өткүнчүнүн ордуна түбөлүктү тандагыла!”

Дүнүйөдөгү таттуу, жагымдуу нерселер жана нематтар динибизге баш ийүүгө жардамчы болгондо гана пайдалуу жана адал болот. Дүнүйөлүк табыш акыреттик табыш менен бирге болгондо жарамдуу болот. Акыретти табууга жардамчы болбогон дүнүйөлүк зооктор шекер капталган уу сыяктуу. Дүнүйөлүк зооктор денеге, напсиге таттуу сезилген нерселер. Ал эми, адам жалгыз бул үчүн гана жаратылган эмес.    

Чыныгы зооктун орду 

Акырет болсо рухка таандык чыныгы зоок жана лаззаттардын да орду. Дүнүйө менен акырет бири-бирине кайчы, терс. Бирөөсүн кубантуу экинчисинин таарынуусуна себеп болот. Башкача айтканда, бирөөсүндө зоок издөө, экинчисинде азап тартууга себеп болот. Андай болсо, дүнүйөдө нематтары, лаззаттары көп болгондор буларга керектүү шүгүрдү кылбаса акыретте көп коркушат, көп азап тартышат. Дүнүйөдө коркунучтардан сактанганына, эмгектенгенине карабастан көп азап тарткан момун акыретте көп лаззаттарга жетет.  

Дүнүйөнүн өмүрү акыреттин чексиздигинин жанында деңизге салыштырмалуу бир тамчыдай да эмес. Буга карабастан, Аллаху таала мээримдүүлүк кылып, сүйгөндөрүнүн чексиз нематтарга жетүүлөрү үчүн дүнүйөдө бир канча күн кыйынчылык тарттырууда. Акылдуу адам – өз ишинде жана дүнүйөсүндө эч кайгырбаган, амалдарын кыска кылып, таңга да тирүү жете албай турганын ойлогон, ибадатына кубат бере тургандай жана туура жолдо жүрө ала тургандай өлчөмдөн артык оокат кылуу дарты болбогон адам. Курани каримде мындай деген мааниде айтылат:

"Дүнүйө жашоосу жалгыз оюн жана пайдасыз нерселер менен алек болуу гана. Акырет жана нематтары туруктуу болгондуктан жакшыраак. Булардын айырмасын түшүнбөйсүңөрбү?” [Анъам, 32]

"Силердин алдыңардагы дүнүйөлүктөр өткүнчү, Аллахтын алдындагы казына жана ырайымдар болсо түбөлүктүү.” [Нахл, 96]

"Дүнүйөнүн ордуна акыретти тандагыла. Анткени, акырет жакшыраак болуп, нематтары түбөлүктүү.” [Ала, 16-17]

Ибни Масуд хазреттери айтат:

Дүнүйөдө баары конок. Алдындагы нерселер аманат. Коноктун кетүүдөн, аманаттын болсо кайра алынуудан башка чарасы жок.

Бул дүнүйө арамдарды таштагандар үчүн немат, ибадат кылган үчүн олжо, ибрет менен караган үчүн хикмет, маанисин түшүнгөн үчүн саламаттык жери.   

Эгер илимдер туура жерде колдонулбаса

 Экинчи миң жылдыктын мужаддиди Имам Раббани хазреттери (куддиса сиррух) айтат:

Балам! Бул сен өтө жаман экенин түшүнгөн дүнүйө эмне билесиңби? Дүнүйө – сени Аллаху тааладан алыстата турган нерселер дегендик. Эгер аялды, бала-чаканы, мал-мүлктү, чинди жана мансапты ойлоо Аллаху тааланы унуттургудай ашыкча болсо, анда дүнүйө болот. Музыкалык аспаптар, оюндар, (малаяни) менен, башкача айтканда, пайдасыз, бош нерселер менен убакыт өткөрүү, [кумар оюндары, жаман дос, жаман кинолор, журнал жана романдар] мына ошондуктан дүнүйө дегендик. Акыретке пайда бербеген илимдер, сабактар да дайыма дүнүйөлүк. Эгер математика, геометрия, астрономия, логика Аллаху таала көрсөткөн жерлерде колдонулбаса [тагыраагы, капырлар менен күрөштө, алардан үстөм болуу жана адамдарга кызмат кылуу үчүн колдонулбаса], булар менен алектенүү убакытты текке кетирүү жана дүнүйө болот. Эгер бул илимдерди бүт тереңдиги жана майда-чүйдөсүнө чейин окуунун жалгыз өзү бир ишке жараганда байыркы грек философтору [жана акыркы европалык жана америкалык илимпоздор, адистер] бакыттын жолун таап, акыретте түбөлүк азаптан кутулмак. 

Дүнүйөнүн ордуна акыретти тандоо 

Акылдуу адам акыреттин түбөлүктүү табышын дүнүйөнүн өткүнчү табышына алмаштырбайт. Бардык жакшылыктардын диндин буйруктарына уйуу жана орундоодо экенин билет. Хадиси шарифте айтылат:

"Акырет дүнүйөнүн ордуна тандалганда Ла илаха иллаллах сөзү Аллаху тааланын каарынан сактайт. Дүнүйөлүк табышты акыреттин ордуна тандаган Ла илаха иллаллах дегенде Аллаху таала: "Калп айтып жатасың, сөзүңө садык (бек) эмессиң”, - деп буюрат.” [Байхаки]

Илимди мал-мүлккө жана мансапка курал кылып алуу орундуу эмес. Илим буга тыюу салганына карабастан, билип турганына карабастан илимге амал кылбоо чоң убал. Хадиси шарифте мындай делген:

"Дин маалыматтарын дүнүйөлүк кызыкчылык үчүн үйрөнгөндөргө, илимин акчага алмаштыргандарга кыяматта оттон көйнөк кийгизилет.” [Дейлеми]

Аллаху таала баалаган жана бардык нерсенин эң кадырлуусу болгон илимди мал-мүлккө, мансапка ээ болуу жана башчы болууга весиле (себеп) кылгандарга бул илим албетте зыяндуу болот. Анткени, дүнүйөгө берилүү Аллаху таала эч жактырбаган нерсе. Андай болсо, Аллаху таала баалаган илимди Ал жактырбаган жолдо каржоо өтө жаман иш. Ал баалаган нерсени жамандоо дегендик. Хадиси шарифте мындай делген:

"Аалымдардын эң жаманы – адамдардын эң жаманы.” [Беззар] 

Дүнүйө арамдар дегендик

Суроо: Диний китептерде дүнүйө дайыма жамандалат. Эгер дүнүйө болбосо акыретке кантип даярданабыз? "Ад-дүнйа жифатун, талибуха килабун”, тактап айтканда, "Дүнүйө тарп, анын талапкерлери болсо - иттер”, - деп айтылган. Эмне үчүн дүнүйө тарп? Дүнүйөгө иттер талапкер болобу?

ЖООП: Тарп болгон бул – арамдар. Тарпка үйүлгөндөргө да ит делген. Динибиз дунүйөнү жамандап жаткан жок. Дүнүйөгө карата сүйүүнү, арамдарды жамандап жатат. Дүнүйө акыретти таба турган жер. Табыш жери эч качан жамандалмак беле? Бир хадиси шарифтин мааниси:

"Дүнүйө - акыреттин талаасы.” [Дейлеми]

Имам Раббани хазреттери айтат:

Дүнүйө сени Аллаху тааладан алыстаткан нерселер дегендик. Эгер аялды, бала-чаканы, мал-мүлктү, чинди жана мансапты ойлоо Аллаху тааланы унуттургудай ашыкча болсо, анда дүнүйө болот. Музыкалык аспаптар, оюндар, пайдасыз, бош нерселер менен убакыт өткөрүү, [кумар оюндары, жаман дос, жаман кинолор, журнал жана романдар] мына ошондуктан дүнүйө дегендик. Дин менен дүнүйөнү бирге табуу мүмкүн эмес. Акыретти тапкысы келгендин аталган дүнүйөдөн баш тартуусу керек. Бул дүнүйө - акыреттин талаасы. Бул жерде үрөн сеппей жаратылышта болгон топурак сыяктуу жетилдирүүчү кубатын иштетпегендерге, мындан пайдаланбагандарга, амал, ибадат үрөндөрүн колдон чыгаргандарга убалдар болсун! (1/73, 1/23) 

Өлүмгө чейинки бардык нерсе дүнүйө 

Суроо: Адам түрдүү нерселерге муктаж, буларга ээ болуу үчүн эмгектенет, муну да баары билет жана кылат. Диний китептерде да дүнүйөлүк нерселер жамандалган. Андай болсо, адам муктаж болгон нерселерден баш тартууга тийишпи?

ЖООП: Маселеге байланыштуу "Марифатнаама” китебинде айтылат:

"Өлүмдөн мурун болгон бардык нерселер дүнүйө деп аталат. Булардан өлүмдөн кийин пайдалуу болгондору дүнүйөдөн эсептелбейт, акыреттен эсептелет. Анткени, дүнүйө акырет үчүн талаа. Акыретке жарабаган дүнүйөлүк нерселер зыяндуу. Арамдар, күнөөлөр жана мубахтардын ашыкчасы ушундай. Эгер дүнүйөдө болгондор Исламиятка ылайык колдонулса акыретте пайдалуу болот. Дүнүйөлүк лаззатка да, акыреттик нематтарга да жетилет. Мал-мүлк жакшы да эмес, жаман да эмес. Жакшылык менен жамандык аны колдонууда. Андай болсо, жаман болгон дүнүйө Аллаху таала ыраазы болбогон, акыретти жыга турган жерлерде колдонулган нерселер дегенди билдирет. Өзүн жана Раббисин унутуп, лаззаттарына, шахваттарына берилгендер жолдо минген атынын жасалгасы, ээри, жеми менен алектенип отуруп жолдошторунан артта калып кеткен жолоочуга окшош. Чөлдө жалгыз калып өлөт. Эгер адам да эмне үчүн жаратылганын унутуп, дүнүйөнүн кооздуктарына алданып, акыретке даярданбаса, түбөлүк балээге тартылат. Дүнүйөгө карата сүйүү акыретке даярданууга тоскоол болот. Себеби, жүрөк аны ойлоо менен Аллахты унутат. Дене ага жетүүгө аракет кылып, ибадат кыла албай турган болот. Дүнүйө менен акырет чыгыш менен батыш сыяктуу болуп, бирөөсүнө жакындаган экинчисинен алыстайт. Эгер бир адам ибадатын кылбаса жана оокат кылууда, табышында Аллаху тааланын буйруктарына жана тыюуларына баш ийбесе дүнүйөгө берилген болот. Аллаху таала баарынын жүрөгүн бул адамдан суутат. Муну эч ким жакшы көрбөйт.” 

Суроо: Диний китептерде дүнүйө жамандалууда. Жамандалган дүнүйө биз ичинде жашаган дүнүйөбү же башка нерсеби?

ЖООП: Дүнүйө "адна” сөзүнүн муаннасы (жен. род). Башкача айтканда, исм-и тафдил. Масдары (негизи) "дүнүв” же "денайет”. Биринчи масдардан келгенде "өтө жакын” дегендик.     

"Биз эң жакын болгон асманды чырактар менен кооздодук” аяти каримасындагы дүнүйө сөзү ушундай. Кээ бир жерлерде болсо экинчи маанисинде колдонулган. Мисалы:

"Дени, төмөн нерселер мелъун” хадиси шарифинде ушундай. Башкача айтканда, "дүнүйө мелъун” (наалатталган, каргыш тийген) дегендик. Төмөн нерселер Аллаху таала тыюу салган нерселер болуп, булар арамдар жана макрухтар. Андай болсо, Курани каримде жаман деп аталган дүнүйө арам жана макрухтар. Мал-мүлк жамандалган эмес. Анткени, Аллау таала мал-мүлктү "хайыр” деп атаган. Мунун далили бардык макулуктардын жана адамзаттын үстөмдүктө экинчиси болгон Ибрахим алейхиссаламдын мал-мүлкү. Жарым миллиону гана уйдан турган кой-эчкилери түздүк жана өрөөндөрдү толтурчу. Көрүнүп тургандай, Ислам дини дүнүйө мал-мүлкүн жамандаган эмес. Ибрахим алейхиссаламдын ушунчалык бай болушу бул сөздү далилдеп турат.  


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш