Ислам дини » Кошумча темалар » Тамеки жана урматсыздык




Тамеки жана урматсыздык


Суроо: Философ бир молдо: "Тамекинин арам экенине байланыштуу эң чоң далил мындайча. Сен Расулуллахтын алдында тамеки тарта аласыңбы?” – дейт. Андан кийин өзү жооп берет: "Тарта албайсың. Эгер тартсаң урматсыздык боло тургандыктан күфүр да болот. Андай болсо, Расулуллахтын алдында тартылбаган бул жарабаган нерсени Аллахтын алдында кантип тартасың?” – дейт. Молдонун сөзү чын эмеспи?

ЖООП: Өтө жаңылыш салыштыруу. Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын алдында кылуу мүмкүн эмес жана Аллахтын алдында кылуунун зыяны болбогон көптөгөн нерселер бар. Мисалы, бир адам Расулуллахтын алдында дааратын буза албайт жана аялы менен бирге боло албайт. Бирок, аларды Аллахтын алдында кылуу күнөө эмес. Анткени, Аллаху таала көрбөгөн жер жок. Ошондуктан, эч кандай далилсиз тамеки арам деп айтуу өтө убалдуу иш. Анткени, өтө белгилүү болгон адалды арам, арамды адал деп айтуу күфүр болот. 

Кудай көрбөгөн эч нерсе жок

Суроо: Ичкиликтин жамандыгы тууралуу эч качан сөз кылбаган, бирок, ар бир мүмкүнчүлүктө тамекинин арамдыгын күндөмгө койгон молдо: "Кандайдыр бир адепсиздикти, бир арамды Расулуллахтын алдында кыла аласыңбы?” – деди. Биз: "Албетте, кылууга болбойт”, - дедик. Ал: "Анда Аллахтын алдында кантип тамеки тартасың? Аллах көрбөйт деп ойлойсуңбу? Расулуллахтын алдында кылынбаган бир нерсени Аллахтын алдында эч кылууга болбойт. Мына ушул себептен, тамеки арам”, - деди. Молдонун салыштырмасы туурабы?

ЖООП: Туура эмес. Тамекини ичкиликке караганда көбүрөөк жамандаган дагы бир молдо кырк жыл мурун менден да ушул эле нерсени сураган. Мен андан: "Расулуллахтын  алдында кылуу мүмкүн болбогон бир нерсени Аллахтын алдында кылууга болбойбу?” – деп сурадым. Ал өтө ишенимдүү түрдө: "Албетте, кылууга болбойт”, - деди. Мен: "Бир мусулман Расулуллахтын алдында аврат жерин ачып, даарат сындыра алабы? Расулуллахтын алдында аялы менен бирге боло алабы?” – деп сурадым. "Албетте, буларды кыла албайт”, - деди. "Макул, буларды сиз Аллахтын алдында кантип кыласыз? Же Аллах көрбөйт деп ойлойсузбу?” – дедим. "Аллах көрбөй коймок беле, албетте, көрүп турат”, - деди. "Андай болсо "Расулуллахтын алдында кылуу мүмкүн болбогон бир нерсени Аллахтын алдында кылууга болбойт” деп айтуу жаңылыш эмеспи? Накылга таянбаган ушундай жаңылыш салыштырма менен тамекини арам деп айтууга болобу?” – дедим. Ушундай логикасыз салыштырма менен тамекинин арам экенине дал он далил көрсөттү. Алардын бири да илимий эмес эле. Дагы мындай бир окуяны айтып берди:  

"Айылдыктар "Барика” китебинин автору М. Хадими хазреттерине бир челек бал тартууга алып келип, "Тамеки арамбы?” деп сурашат. Ал зат болсо: "Бул балды бал челектен кантип алдыңар?” – деп сурайт. Алар: "Түтүн үйлөп”, - деп жооп беришет. Ошол улуу зат: "Мына, түтүн киргенде, аары уюктан кантип чыкса, тамекинин түтүнү киргенде ыйман да ушинтип чыгат”, - деген экен.”

"Ыйман чыгат деп айтуу аркылуу тамеки тартуунун күфүр экенин айтып жатасың”, - дедим. "Барика” китебин окуганымды, бул окуянын китептеги маалыматтарга кайчы жана толук ойдон чыгарылганын айттым. Тилекке каршы, тамекиге ушунчалык душмандык кылгандар болгондой эле, күнүнө бир нече пачка тамеки тартып, өзүнө да, башкаларга да зыян келтирип, ачык эле арам кылуудан кайра тартпагандар да бар. Тамекинин зыяны баарына белгилүү. Зыян келтире турган деңгээлде тамеки тартууну мубах болот деп ойлоо да абдан туура эмес. Бул ашыкчалыктардын бири "ифрат”, экинчиси "тафрит”. Ифрат (чектен ашудан) жана тафриттен (жетерсиздиктен) алыс болуу керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш