Суроо: Күнөөлөрүбүз бар, сооп да табуудабыз. Мусулман
болуп кайтыш болгондордун сооптору менен күнөөлөрү тартылып, сооп тарабы оор
баскандар түздөн-түз Бейишке кире турганына ылайык, азыр күнөө кылсак, мисалы,
ичкилик ичсек, кумар оюндарын ойносок, бирок, кийин бул күнөөлөрдү жоё
турганчалык кайрымдуулук, жакшылык кылсак, суу чыгарып берсек, кедейлерге кийим
берсек жана башка соопторду тапсак, Тозокко кирүүдөн кутулабызбы?
ЖООП: Сооп табуу менен Тозокко кирүүдөн кутулуубуз
ыктымал. Бирок, арамдарды жаба тургандай өтө чоң сооптор болууга тийиш. Эгер
миң кедейге кийим жана тамак-аш берилсе бир убакыт намазды казага калтыруу
күнөөсүн жаба албайт, бир сом зекет карызы же аз гана кул акысы төлөнгөн
болбойт. Анткени, парздардын жанында нафил сооптор деңиздин жанында тамчы да
эмес. Душман учактарына тапанча, мылтык менен каршылык көрсөтпөй, зениттик
куралдар керек болгондой эле, арамдарга болсо парздар менен каршы коюу керек.
Өзгөчө
күнөө кылууну уланткан адамдын жакшылыктарына сооп берилбейт. Мисалы, ичкилик
ичкен адам орозо кармап, намаз окуса, орозо жана намаз карызынан кутулат.
Бирок, тообо кылып, күнөөнү таштамайынча бул ибадаттарга убада кылынган чоң
соопторго жете албайт. Анткени, динибизде күнөөдөн сактануу ибадат кылуудан
мурда келет. Бир нече хадиси шарифтер:
"Шарап [алкоголдук
ичкиликтер] ичкендердин намаздарына, орозолоруна, ажылыктарына,
зекеттерине жана садакаларына тообо кылмайынча сооп берилбейт.” [Энис-ул-ваизин]
"Кичине бир күнөөдөн сактануу бардык жиндердин жана
адамдардын [нафил] намаздарынын
жыйындысынан жакшыраак.” [Р. Насихин]
"Аз бир арамдан сактануу 80 миң нафил ажылыктын
сообунан жакшыраак.” [Дайлами]
Имам Раббани
хазреттери айтат: "Бир парзды атайылап кылбаган же бир арамдан качпаган, ачык
күнөө кылган адамдын нафил жана сүннөттөрү кабыл болбойт, сооп берилбейт,
тактап айтканда, сообу болбойт. [Курган мечиттерге, медреселерге, ооруканаларга
жана кайрымдуулук макемелерине кылган жардамдарына сооп берилбейт.]” (1/29)
Мухаммед Хадими
хазреттери да айтат: "Күнөө кылууну уланткан сайын кылган ибадаттарынын эч
бирине сооп берилбейт.” (Барика)
"Сооп
берилбейт” деген сөз – "Парздары сахих болуп, карыздан кутулса да ал ибадатты
кылуу менен пайда болчу чоң соопторго жете албайт” деген маанини билдирет. Арам
иш кылууну уланткан жана парз карызы бар адамдын ошол маселедеги нафил
ибадаттарына ансыз да эч сооп берилбейт. Ошондуктан, алгач күнөөлөрдөн сактануу
керек.
Суроо: Арам, күнөө
кылгандардын кылган ибадаттары кабыл болбойбу?
ЖООП: Арам иш кылгандардын парздары жана сүннөттөрү сахих
болот. Алар карыздарын өтөшкөн болсо да сооп таба алышпайт. Хадикада "Бидатчылардын
ибадаттары кабыл болбойт” хадиси шарифи түшүндүрүлгөндө:
"Күнөөлөрдөн
сактанбаган мусулмандардын ибадаттары сахих болсо да кабыл болбойт”, - деп
айтылууда.
Ичкилик ичкен адамдын ибадаты
Суроо: Алкоголдук
ичкилик ичкен адамдын ибадаттары, кылган намаздары кабыл болбойбу?
ЖООП: Пайгамбарыбыз
алейхиссалам бир хадиси шарифинде:
"Бир ууртам шарап ичкен адамга Аллаху таала үч күн ачууланат”, - деп буюрган. Башкача айтканда, буга тообо кылмайынча үч күндүн ичиндеги
жакшылыктарына сооп берилбейт жана күнөөлөрү кечирилбейт. Эгер үч күндүн ичинде
өлсө ыймансыз кетүү коркунучу бар. Бир чөйчөк ичкен адамга Аллаху таала кырк
күн ачууланат.
Мас
абалында окулган намаз сахих болбойт. Мас болбой турганчалык аз ичкилик ичип
окуу да макрух. Анткени, ар кандай алкоголдук ичимдиктердин бирин
ырахаттануу үчүн бир тамчы да ичүү арам. Ашказанында жана кийиминде
бираз арам болгон адамдын намазы макрух болот. Тартып алынган
жерде намаз окуу да ушундай.