Суроо: Душман
тарабынан кыйноо жана зордуктоого дуушар болорун билген адамдын өзүн жана
жакындарын өлтүрүүсү же оорууну сезбөө үчүн уктатуучу дары менен өз жанын
кыюусу күнөөбү?
ЖООП: Оорудан,
дүнүйөнүн кыйынчылыктарынан кутулуу үчүн өлүмдү каалоо жаиз эмес. Бирок,
диндеги фитналар себептүү өлүмдү каалоо мүмкүн. Хадиси шарифтерде мындай деп
айтылат:
"Өлүмдү каалабагыла! Анткени, бир адам жакшы болсо,
жашаган сайын анын жакшылыгы артат. Жаман болсо, каталарынан кайтып, туура
жолго түшүшү мүмкүн.” [Бухари]
"Кыйынчылыктардан улам өлүмдү каалабагыла! Чыдай
албаган адам: "Йа, Рабби! Эгер мен үчүн жашоо жакшы болсо жашоону, өлүм жакшы
болсо өлөмдү насип кыла көр!” – десин!” [Бухари]
Душман тарабынан
ар кандай кыйноо жана зордуктоого дуушар болорун билген адамдын өзүн жана
жакындарын өлтүрүүсү жаиз эмес. Күч менен зордукталган адам күнөө кылган да
болбойт. Ошондой эле душмандын колунан өлгөн адам шейит болот. Шейит болгон
адам өлүм азабын сезбейт.
Хадиси шарифте
мындайча айтылган:
"Шейит өлүм азабын сезбейт, кабырда капаланбайт,
Кыяматтын коркунучу, эсеби, мизан, сырат анын тынчын албайт, түптүз Бейишке
кирет.” [Байхаки]
Негизинен
ыймансыз же ыйманы алсыз адамдар өз жайын кыят. Мусулман өз жанын кыюуну оюна
да келтирбейт. Анткени, өз жанын кыюу бир чара, кутулуш эмес, тескерисинче,
өзүн түшүндүрмөсү жок, бүткүс азаптарга салуу дегенди билдирет.
Өлүмдүн азабы өтө катуу
Өз жанын кыюу
күфүргө жакын чоң күнөө болгондуктан, өлүм учурунда адам чыдагыс азаптарга
кабылат. Өлүмдүн азабы биз ойлогондой бир көз ирмем эмес. Өз жанын кыйганда
акыретте да андан да оор азаптарга дуушар болунат. Акыреттин кыйынчылыктары дүнүйөнүн
кыйынчылыктарына окшобойт жана өтө оор. Дүнүйөдөгү кыйынчылыктарга чыдай албай
өз жанын кыйган адам өлүмдүн азабына жана акыреттеги кыйынчылыктарга кантип
чыдайт? Өз жанын кыйган адам кайра тирилгенге чейин мунун азабын тартат. Өзүн
өлтүрүү башка бирөөнү өлтүрүүдөн да чоң күнөө.
Курани каримде
мындай мааниде айтылат:
"Өзүңөрдү-өзүңөр өлтүрбөгүлө!” [Ниса, 29]
Хадиси
шарифтерде да айтылат:
"Кандайдыр бир нерсе менен өз жанын кыйган адам
Жаханнамда ошол нерсе менен азапталат.” [Бухари]
"Өзүн-өзү жип менен муунтуп жанын кыйган адам
муунтулуп азапталат. Кандайдыр бир бычак менен өз жанын кыйган адам Жаханнамда
бычакталып азапталат.” [Бухари]
Бир капыр
уктатуучу дары ичип же бут денеси наркоз менен уктатылгандан кийин өлсө да, өтө
катуу болгон өлүм азабын сезет. Хадиси шарифтерде мындай деп айтылган:
"Өлүм периштесин көрүү миң кылыч соккусунан да
катуураак.” [Абу Нуайм]
"Өлүмдүн азабы өтө катуу болгону менен, өлүмдөн
кийинки азаптарга салыштырмалуу өтө жеңил.” [И.Ахмед]
Тирилгенге чейин
өлүмдүн азабы сезилет. (И.Авзаи)
Имам Раббани
хазрети мындай дейт:
"Өлүм
коркунуч эмес, өлгөндөн кийин башка түшө турган нерселерди билбөө коркунуч.”
Наркоз
берилген оорулуу операциянын азабын сезбегендей, салих момун да ок жамгырында
калса, денеси тилим-тилим кесилсе да өлүм азабын сезбейт. Хазрети Юсуфтун
сулуулугунан өзүн унутуп койгон аялдар колдорун кесишсе да байкашкан жок. Өлүм
периштесинин сулуу кебетесин көргөн момунга Аллаху таала азапты сездирбейт. Өз
жанын кыюу чоң күнөө болгону менен, өз жанын кыйган адам капыр болбогондуктан
жаназасы окулат.
Танзиматтан
кийин өлкөбүздө маал-маалы менен өз жанын кыюу окуялары байкала баштады.
Мусулмандардын көптүгү суициддин жайылуусунун алдын алган. Суицид деген сөз
Танзиматтан мурда жазылган сөздүктөрдө да жок болчу. Суицидге динсиздиктин жана
ыймандын алсыздыгынын таасири чоң. Европада, жашоо деңгээли жогору болгон
жерлерде суициддин деңгээли жогору. Бул көрсөткүч түндүккө жакындаган сайын
артууда. Европада суициддин көрсөткүчү Түркияга караганда 15-20 эсе көп.
Мисалы, Францияда 100 миң адамдын 44ү өз жанын кыюуда. Түркия суицид боюнча эң
төмөнкү орундарда турат.
Илгери көп
жылдар Стамбулда турган француз изилдөөчүсү Др A. Байер мындай дейт:
"Батыш
өлкөлөрүндө адамдардын жалгыз болушу жашоону жек көрүүгө, ал тургай суицидге
алып келүүдө. Бирок, мындай абал мусулман түрктөрүндө эч качан кездешпейт,
цивилизациялуу деп эсептелген элдерде өтө көп кездешкен суицидди алар
билишпейт. Мусулмандар Аллах аларга берген барлыкка кол салууну Аллахка каршы
чыгуу деп ишенгендиктен суицидди ойлоруна да келтиришпейт. Ушул себептен өз
жанын кыйган бир да Ислам аалымы жок.”
Тилекке
каршы, бүгүнкү күндө кээ бир жаштар Европанын ар кандай жамандыгын туурашууда.
Алардын бири да - суицид.
Суроо: Өз жанын
кыйган же өлтүрүлгөн адам өзүнүн ажалы менен өлбөйбү?
ЖООП: Ишенимдүү
китептерде мындай деп айтылат:
Өлтүрүлгөн адам
да өз ажалы менен өлөт, анын ортосунан үзүлгөн болбойт. Ажал бирөө. (Акаид-и
Насафи 3-бет, Жавхарат-ут-тавхид 89-бейт, Авн-ул-мурид 2-том,
982-бет, Бад-ул-амали 62-бейт, Марах-ул-маъали 209-бет, Хадиййат-ул-махдиййин 5-бет, Нур-ул-ислам 246-бет, Фикхи
акбар шархи 334, Хадика 1-том, 265-бет, Тафтазани-Шарх-ил-акаид 211-бет, Итхаф-ул-мурид 213-бет, Танвир-ул-кулуб 61-бет, Барика 233-бет, Нухбат-ул-лаъали 36-бет, Хак
дини Куран тили 2-том,1195-бет)
Суроо: "Өз жанымды кыюу менин тагдырымда болсо,
маңдайыма жазылган болсо күнөөсү мага тийиштүү эмес”, - деген туурабы?
ЖООП: Бул абдан туура эмес. Эзелтедеги тагдыр,
башкача айтканда, маңдайга жазылган жазуу буйрук эмес, бир илим. Тагдыр
(мандайга жазылган жазуу) тагдыр, Аллаху тааланын өзүнүн эзелки илими менен
адамдардын жана башка макулуктардын жасай турган иштерин билүүсү дегенди
билдирет. Курани каримде: "Аллах бардык нерсени эң жакшы билет”, - деп
айтылган. Аллаху таала да эзелки илими менен пенделердин өз каалоосу менен
күнөө же сооп кылаарын, канча жашаарын, өз жанын кыйып-кыйбасын билет. Анын бул
билүүсү пенделердин жасаган иштерине күчкө салып кийлигишүү эмес. Бул жагынан
күнөө кылган да, өз жанын кыйган да муну өз ыктыяры менен жасаган.
Күнөө кылган адам капыр болбойт
Суроо: Өзүн
Махдимин деген бир адам: "Өз жанын кыюу – күфүр. Ниса сүрөсүнүн
29-аятында жазылган. Капыр болгондуктан жаназа намазы да окулбайт”, - деп
жатат. Өз жанын кыйган адам динди четке кагып жаткан жок го, эмне үчүн күфүр
болсун? Бир гана арам иш кылууда. Амал ыймандын бир бөлүгү эмес да. Бул
мутазила ишеними эмеспи?
ЖООП: Ооба, мутазила ишеними ушундай. Бул жаңылыш
ишенимди тымызын мусулмандардын арасына жайылтууга аракет кылынууда. Амал
ыймандын бир бөлүгү эмес. Башкача айтканда, күнөө кылган адам капыр болбойт.
Эгер күнөө кылган адам капыр болгондо, жер жүзүндө бир дагы мусулман калмак
эмес. Өз жанын кыйган адамды капыр деп айтылбайт. Диний китептерде айтылат:
Акыл-эси
ордунда болуп турганда өз жанын кыюу башка бирөөнү өлтүргөндөн да чоң
күнөө. (Барика)
Өз жанын кыйган
адам капыр болбогондуктан жаназа намазы окулат. (Дурар жана Гурар)
Эми аталган
аятты карап көрөлү:
"Эй, ыйман келтиргендер, араңардагы өз ара ыраазычылыгыңар менен болгон
соодадан башка, мал-мүлкүңөрдү батыл [адилетсиз
жана арам] жол менен жебегиле жана напсиңерди өлтүрбөгүлө. Албетте,
Аллаху таала силерге ырайым кылат. Душмандык менен, зулумдук жана кыянаттык
менен бул тыюуларды жасаган адамды отко таштайбыз. Бул болсо Аллахка өтө
жеңил.” [Ниса, 29-30]
Бул жерде пайыз,
кумар оюндары сыяктуу туура эмес жолдор менен акча тапкандардын да Жаханнамга
ташталары айтылууда. Арам жолдор менен акча табуу күфүр эмес, арам. Арам иш
кылган адам албетте жазаландырылат.
"Напсиңерди өлтүрбөгүлө” аяты тууралуу тафсирлерде "Бири-бириңердин
жанын кыйбагыла” деген мааниде экени билдирилген. Башка бирөөнүн жанын
кыюу да арам, күфүр эмес. Ал эми мусулманды мусулман экени үчүн гана өлтүрүү
күфүр болот. Бул башка нерсе. Мусулманды мусулман экени үчүн өлтүрүү болсо
Исламга душмандык болгондуктан күфүр.
Өз жанын кыйганына тообо
Суроо: Бир мусулман өз жанын кыюу үчүн көп таблетка
же уу ичсе, андан кийин өкүнүп, тообо кылса жана бираздан кийин өлүп калса, өз
жанын кыюунун күнөөсү кечирилеби?
ЖООП: Ооба, кечирилет. Өз жанын кыюу башкаларды
өлтүрүүдөн да чоң күнөө. Кабырда Жаханнам азабын тартат. Эгер ошол замат өлүп
калбай тообо кылса, бардык күнөөлөрү кечирилет. Кабыр азабын да тартпайт. (Ислам
Ахлакы)
Йеис
(үмүтсүздүк) абалындагы тообонун кабыл болушу боюнча пикир келишпестиктер бар
болсо да, басымдуу кавлга ылайык мусулмандын тообо кылуусу сахих болот, бирок,
капырдын ыйманга келүүсү сахих болбойт. (Дурр-ул мухтар)
Бир аяти
кариманын мааниси төмөнкүдөй:
"Аллах тооболорду кабыл кылуучу жана ырайымы мол.” [Бакара, 37]
Бир хадиси
шарифтин мааниси болсо төмөнкүчө:
"Өлүмдөн
бираз убакыт мурда тообо кылган адамдын тообосу кабыл болот.” [И. Ахмед]
Суицид – бул абийирсиз жорук
Суроо: Кээ бир
өлкөлөрдө өз ишинде ийгиликке жетпегендер, коррупцияга аралашканы аныкталган
министрлер, башкаруучулар өз жанын кыйышат. Ошон үчүн дагы суицидди абийирдүү
жорук деп аташат. Бул туурабы?
ЖООП: Бул таптакыр туура эмес. Батыштын илимий жана
технологиялык жаңылыктарын алуунун ордуна ар кандай ахлаксыздыктарын туурап
жатышат. Суицид да ушулардын бири.
Ыйманы бар адам
суицидди оюна да келтирбейт. Өз жанын кыюу кутулуш эмес, түбөлүк
азап-кыйынчылыктардын башталышы. Өз жанын кыюу башка бирөөнү өлтүрүүдөн да чоң
күнөө!
Эвтаназия
Суроо: Эвтаназия
жаизби?
ЖООП: Бул сөздүн французчасы euthanasie.
Бул эвтаназия деп окулат. Бул түзмө-түз өлүү укугу дегенди
билдирет. Айыкпас делген ооруларда дары берүү аркылуу уктатып же башка жол
менен адамды же жаныбарды өлтүрүү дегенди билдирет. Муну батыштыктар кыйноосуз
өлтүрүү деп аташат. Алар өлүмдүн азабынын коркунучун билбегендиктен ушундай
жаңылыштыктарга барышат. Өлүмдүн азабы дүнүйөлүк бардык азаптардан да азаптуу.
Эгер бир капыр уктатуучу дары ичип же наркоз менен бүт жери уктатылгандан кийин
өлсө да, өтө катуу болгон өлүм азабын сезет. Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай
дейт:
"Аллаху таалага ант берип айтам, өлүм периштесин көрүү
миң кылыч соккусунан да катуу.” [Абу
Нуайм]
Эгер өлүм
азабынан бир тамчы тоого түшкөндө, тоо толугу менен эрип кетмек. Шарх-и
Хутабда да ушундайча билдирилген. (Ширъа шархи)
Европалыктар
азапты сезбейт деп эсептеп, жаныбарларды балка менен башына чаап, эсин
жоготтуруп өлтүрүшөт экен. Бул иш жаныбарларды кыйноо болуп, арам. Ал эми
кекиртегинен Бисмиллах менен союлганда жаныбарлар азапты сезбейт. Шейиттер
менен момундар да өлүм азабын сезишпейт. Азапты сездирбеген зат – Аллах. Диндин
буйругуна ылайык союлган жаныбар азапты сезбейт.
Пайгамбарыбыз
алейхиссалам: "Даарат менен өлгөн адам өлүм азабын тартпайт. Анткени,
даарат - ыймандуу болуунун белгиси”, - деп буюрган. Салих момун ок
жамгырына кабылса да бул азапты сезбейт. Бир хадиси шарифте: "Шейит
өлүм учурунда азапты туйбайт”, - деп айтылган. (Байхаки)
Юсуф
алейхиссаламдын сулуулугун алдында аялдар колдорун кесишкенине карабастан мунун
азабын сезишпегендей эле, момун да өлүп жатканда ырайым периштелерин жана
Бейиштеги ордун көрүп, жүрөгү ошол жердеги нематтар менен алаксып турганда
өлүмдүн азабын сезбейт. (Ширъа шархи)
Азап жана
кыйынчылык себептүү өлүмдү каалоо жаиз эмес. Бир хадиси шарифтин мааниси:
"Кыйынчылыктардан улам өлүмдү каалабагыла! Чыдай
албаган адам: "Йа, Рабби! Эгер мен үчүн жашаган жакшы болсо жашоону, өлүү жакшы
болсо өлөмдү насип кыла көр!” – десин!” [Бухари]
Эгерде
эвтаназия оорулуунун өз ыктыяры менен болсо, суицид болот. Суицид чоң күнөө.
Суицид кутулуш эмес, өзүн катуу азаптарга салуу. Бир хадиси шарифтин мааниси
төмөнкүчө:
"Кандайдыр бир нерсе менен өз жанын кыйган адам
Жаханнамда ошол нерсе менен азапталат.” [Бухари]
Курани
каримдеги аяти кариманын маанисинде да: "Өзүңөрдү-өзүңөр өлтүрбөгүлө!”
- деп айтылган. (Ниса, 29)
Эгерде
оорулуунун макулдугу менен эмес, анын жакындарынын уруксаты менен же дарыгердин
чечими менен азап тартпасын деп бейтап өлтүрүлсө, бул да кылмыш болот. Кылмыш
болсо, башкача айтканда, киши өлтүрүү суицид сыяктуу чоң күнөө. Эки хадиси
шарифтин мааниси төмөнкүчө:
"Аллахка ширк кошуу, эне-атага каршы чыгуу, адам
өлтүрүү жана жалган ант берүү чоң күнөө.” [Бухари]
"Эгер чыгышта бир адам өлтүрүлүп да батыштагы адам
буга ыраазы болсо, аны өлтүрүү күнөөсүнө шерик болот.” [И. Газали]
Эки аяти
кариманын мааниси да төмөнкүдөй:
"Адам пайгамбардын уулу Кабил бир тууганы Хабилге:
"Сени өлтүрөм”, - дегенде, Хабил: "Сен мени өлтүрөм деп колуңду сунсаң да, мен
сени өлтүрүүгө колумду сага сунбайм, мен ааламдардын Кудайы болгон Аллахтан
корком”, - деди.” [Маида, 27-28]
"Жокчулуктан коркуп перзентиңерди өлтүрбөгүлө, бул өтө
чоң күнөө.” [Исра, 31]
Бул далилдерден
көрүнүп тургандай, эвтаназия суицид же кылмыш болууда, бул Исламга каршы келет.
Жаныбарларды балка менен же шок менен эсин жоготтуруп өлтүрүү да жаныбарларга
зулумдук. Исламдын буйругуна баш ийген адам бул дүнүйөдө да, акыретте да
жыргайт.
Дары колдонбой өлүү
Суроо: Бир
жыйында: "Дары колдонбой өлгөн адамдын жаназасы окулбаганы сыяктуу, 90 км
ылдамдыкта жүрүү керек болгон жолдо 100 км ылдамдыкта жүрүп кырсыктаган адамдын
да жаназасы окулбайт. Себеби, экөө тең өз жанын кыйган болот”, - деп айтылды.
Өз жанын кыйса дагы жаназа намазы окулбайбы?
ЖООП: Жыйындагы
сөз туура эмес. Ар дарыгер жана ар адам ар дарынын таасиринин анык эмес экенин
билет. Дары колдонбоо күнөө эмес. Бул тууралуу китептерде мындай деп айтылат:
Дары колдонбой
өлгөн адам күнөө кылган болбойт. Анткени, дарынын пайдасы анык эмес. (Радд-ул-мухтар)
Дарылардын
таасири анык болгондору да бар. Ошондуктан, таасири анык болгон дарыларды
колдонуу парз.
Жебей жана ичпей
ачкачылыктан же суусуздуктан өлгөн адам күнөө кылган болот. Ал эми дары ичпей
өлгөн адам күнөө кылган болбойт, бирок, пайдасы анык болгон дарыларды колдонуу
парз. (С. Абадиййа)
Таасири анык
болгон себептерге жармашпай зыянга учуроо күнөө болот. (Хадика)
Таасири анык
болгон дарыларды колдонбой күнөөкөр болуп өлгөн адамдын, ал тургай өз жанын
кыйган адамдын жаназа намазы окулат.
Өз жанын кыйган
адамдын, башкача айтканда, өзүн-өзү өлтүргөн адамдын жаназа намазы төрт
мазхабда да тең окулат. (Мизан-и кубра)
Бир хадиси
шарифтин мааниси төмөнкүдөй:
"Мусулман ар өлүүнүн жаназа намазын, өз жанын кыйган
болсо да окугула!” [Дайлами]
Жүз км
ылдамдыкта жүргөн адам кырсыктап дагы өлсө шейит болот.
Динге каршы
сөздөр айтылган мындай жыйындардан узак туруу керек.
Суроо: Өз жанын кыйган бир адам динден чыккан
болобу же күнөө кылган болобу?
ЖООП: Өз жанын кыюу, башкача айтканда, адамдын өзүн-өзү өлтүрүүсү
башкаларды өлтүргөндөн да чоң күнөө. Өз жанын кыйып өлгөн адам кабырда Жаханнам
азабын тартат. Эгер өз жанын кыйган адам ошол замат өлбөй, жасаган ишинин туура
эмес экенин түшүнүп тообо кылса бардык күнөөлөрү кечирилет жана кабыр азабын да
тартпайт.