Ислам дини » Кошумча темалар » Меъал окуунун натыйжасы




Меъал окуунун натыйжасы


Суроо: Меъал окуп, бирок, мазхабдарды жана диндин айрым өкүмдөрүн четке каккандарды кезиктиребиз. Эмне үчүн адамдар Аллахтын сөзүн окуу менен адашат? 

ЖООП: Меъал – Аллахтын сөзү дегендик эмес. Меъал жаңылыш түрдө "котормо” маанисинде колдонулууда. Базардагылар котормо болуп, ичинде өтө аз, бир нече сөз гана түшүндүрмөсү бар. Аны да көбүнчө жеке көз караштарына ылайык жазышат. Расулуллах билдирген маанилер тафсир деп аталат. Бир сөздүн Аллаху таала жана Расулуллах тарабынан ачык билдирилбеген маанилеринен динге ылайыктуусун тандоо тавил жана бул маани меъал деп аталат. Аяти кариманы башка тилге которгондо ал котормо деп аталат. Аяти карималарды кыска жана толук которуу мүмкүн эмес. Ислам аалымдары аяти карималардын котормолорун эмес, узун тафсирлерин (түшүндүрмөлөрүн) билдиришкен.

 Курандын котормосун окугандар муради-илахини, башкача айтканда, Аллаху тааланын каалоосу, максаты эмне экенин биле алышпайт. Котормочунун билим деңгээлине жараша жасаган түшүндүрмөсүн үйрөнүшөт.  А бир жахил же бузуку адамдын котормосун окуган адам Аллаху таала билдиргиси келген нерсени эмес, которгон адамдын түшүндүм деп ойлоп, өз оюнан түшүндүргүсү келген нерсени үйрөнөт. 

Курандын котормосу катары жазылган китептер туура маани бере албайт. Аларды окугандарды буларды жазган адамдардын ойлоруна жана максаттарына туткун кылып, динден чыгууларына себеп болот.

 Курани каримди жана хадиси шарифти туура эмес түшүнүү адамдын ыйманын кетирет. Туш келди жазылган, меъал деп аталган котормолорду окуган жана Ислам дининин негизги билимдерин жакшы билбеген адамдардын акылында кээ бир шектенүүлөр, каршылыктар пайда болот. Бир нече мисал келтирели:

 1 - Бир аял меъал окуганда: "Куранда аялдардын жамынуусу буйругу жазылбагандыктан, мен жамынуудан баш тарттым”, - деп, башын ачкан экен. Бул аялдын Куран деп айтканы туура эмес котормо. "Курани каримде аялдардын жамынуусу буйрук кылынбайт” деп айтуу Курани каримге жалаа болот. Бир аяти кариманын котормосу: 

"Момун аялдарга айт: [Бөтөн эркектерге кароодон] сактанышсын, ар-намыстарын сакташсын [кол, бет сыяктуу] көрүнө турган жеринен башка зыйнаттарын [чач жана моюн сыяктуу зыйнат буюмдар тагылчу жерлерин] көргөзүшпөсүн, хымарларын [жоолуктарын] жакаларына чейин [чач, кулак жана моюндарын] жаап жүрүшсүн!” [Нур, 31] (Чарчы кашаанын ичиндегилер Расулуллахтын жана Анын мурасчылары болгон аалымдардын түшүндүрмөлөрү.) 

Пайгамбарыбыз алейхиссалам Курани каримди түшүндүрүп мындай дейт: 

"Аялдын жүзү жана эки колунан башка бүт денеси аврат.” [Абу Давуд] 

Демек, түшүндүрмөсүз Курани каримди туура түшүнүү мүмкүн эмес.

 2 - Бир жаш жигит: "Намазда окулган сүрөлөрдүн котормолорун карап көрдүм, намазга эч кандай тиешеси жок, башка нерселер жөнүндө сөз болуп жатат. Мен да буларды таштап, кыргызча дуба окуй баштадым”, - деген эле.

 Мындай сөздөр ибадаттардын эмне экенин түшүнбөгөндүктү көрсөтөт. Анткени, намазды адам өзү түзүп даярдаган эмес. Намаздын жана бардык ибадаттардын кантип кылына турганын, кылынып жатканда эмнелер окула турганын Аллаху таала Расулуна билдирген. Пайгамбарыбыз алейхиссалам болсо буларды сахабаларына билдирген жана өзү да кылган. Дин имамдарыбыз булардын баарын кутман сахабалардан көрүп, угуп, түшүнүшкөн жана китептерине жазып калтырышкан. Бул терең аалымдар намазда окула турган Курандын Аллахтын сөзү болушу керектигин айтышат. Милдет ушинтип гана аткарылган болот. (П. Маалыматтар)

 3 - Өлгөндөр үчүн Ясини шариф окуган бир жаш жигит: "Ясиндин котормосун окугандан кийин аны таштадым. Себеби, Ясин сүрөсүнүн өлгөндөр менен, дуба менен эч кандай байланышы жок экен, тарыхый окуялар, Кыяматта боло турган нерселер жөнүндө сөз болот экен”, - деп, кийин намазды да таштап коюптур.

 Эгер бул адам Куранды которгондун ордуна Ислам аалымдарынын китептерин окуганда Курани каримдин ар бир тамгасынын шыпаа жана дарт-балээлерге даба экенин, аны окуу менен пайда боло турган сооптун өлгөндөргө канчалык пайдалуу боло турганын билмек, тарыхый окуялар жөнүндө сөз болот экен деп айтмак эмес.

 Суроо: Бир мусулманды өлтүргөн адам түбөлүктүү Тозокто калат деп билем. Муну да меъалдан үйрөнгөн элем. Эң чоң күнөөнүн ширк экендиги, Аллахтын аны эч качан кечирбей тургандыгы, анын сыртындагы күнөөлөрдү кааласа кечире тургандыгы да меъалда жазылган. Мен дагы бир мусулмандын өлүмүнө себепкер болдум эле, эми эмне кылайын?

 ЖООП: Адам өлтүргөн капыр болбойт. Бир мусулманды "Эмне үчүн мусулман болдуң” деп өлтүрүү күфүр. Болбосо, аласа маселесинен улам же башка себептен улам, мисалы, акчасын алуу максатында өлтүрүү күфүр болбойт. Эч кандай күнөө күфүр, башкача айтканда, капырчылык эмес.

 Мусулман болгондугу үчүн өлтүрүлсө да, бирок, кийин өкүнүлгөндө Аллах бардык күнөөлөрдү кечирет. Эң ашынган капырды да кечирет, атүгүл, анын бардык күнөөлөрүн соопко айлантат. Капырчылыкты да кечирет, ширкти да кечирет, тообо кылынса эле болду. Тообо кылса энесинен жаңы төрөлгөндөй таптаза мусулман болот. Кечирбейм дегени – акыретте капыр, мушрик бойдон өлгөн адамды кечирбейм деген маанини билдирет. Башкача айтканда, капырлар акыретте кечирилбейт.

 Дин меъалдардан үйрөнүлбөйт, бул туура эмес маалыматтар меъал окуудан келип чыгат. Там Илмихал Саадати Абадиййа китебинде бардык суроолордун жообу бар. Динин билбеген адамдын дини жок деп айтылууда. Ошондуктан, илмихалды окуп, динибизди үйрөнүүгө тийишпиз. www.hakikatkitabevi.com сайтынан да окууга жана алууга болот.

Мээмен айныганы калдым

Суроо: Менде Курандын бир меъалы бар. Мен аны окуп жатам. Мээмен айныганы калдым. Фасык деген сөз капыр дегенди билдиреби? Фасык тообо кылуу менен фасыктыктан кутула албайбы?

ЖООП: Фасык деген сөз капыр дегенди билдирбейт. Курандын меъалдары менен динди туура үйрөнүүңүз мүмкүн эмес. Ар илимде көптөгөн сөздөр ар кандай мааниде колдонулат. Мисалы, заалым деген сөз тафсир илиминде капыр дегенди билдирет. Фикх илиминде башкалардын акысына кол салган адамга айтылат. Андай болсо, бир илимге тиешелүү бир китепти окуп, түшүнө алуу үчүн эң оболу сөздөрдүн бул илимдеги өзгөчө маанилерин билүү зарыл. Мына, бир нече жыл арапча үйрөнүп, чөнтөк сөздүгүн алып, Курани карим жана хадиси шарифтерди которууга аракет кылган ылайыксыз адамдардын акча табуу үчүн жазган котормо жана тафсирлери чала жана зыяндуу болууда.

Тобо кылып кайра күнөө кылбаган адам дароо фасыктыктан кутулат. Аллаху таала тообо кылган ар бир күнөөнү кечирет. Эгер бир капыр күфүрүнө тообо кылса момун болот жана анын бардык күнөөлөрү кечирилет. Эгер бир момун дагы ар кандай күнөөнү кылса, атүгүл, Аллахка ширк кошсо, бирок, кийин өкүнүп тообо кылса Аллаху таала аны кайра кечирет. 

Аллахтын динине жардам 

Суроо: Курандын бир меъалында Мухаммед сүрөсүнүн 7-аятында: "Эгер Аллахка жардам берсеңер Ал дагы силерге жардам берет”, - деп айтылууда. Аллахка кантип жардам берилмек эле? 

ЖООП: Ушул эле мааниде дагы бир нече аяти карима бар: 

"Аллах өзүнө жардам бергендерге жардам берет. Албетте, Аллах күчтүү жана жеңүүчү.” [Хаж, 40] 

"Аллахка жана Пайгамбарына жардам бергендер...” [Хашр, 8] 

Бир хадиси шарифтин мааниси да төмөнкүчө: 

"Аллахтын буйругун азиз кыл, Аллах дагы сенин азиз кылсын!” [Дайлами] 

Курандын котормолорунан, меъалдарынан, хадистерден динди үйрөнүүгө болбойт. Туура эмес түшүнүүлөргө себеп болот. Ислам аалымдарынын түшүндүрмөсү менен бирге окуу керек. Фикх китептери – Курани каримдин тафсирлери. 

Аллахка жардам берүү – Аллахтын динине жардам берүү дегенди билдирет. Башкача айтканда, Ислам динине кызмат кылуу дегенди билдирет. Ислам динине кызмат болсо Аллаху таала, Анын Расулу жана аалымдар билдирген жол менен кылынса гана кызмат болот. Эгер өз түшүнүгүнө ылайык кылынса көп учурда фитна болот. 

Куран котормосу деп аталган китептердин канчалык зыяндуу экени ушул жерден да билинип турат. Келам, фикх жана тасаввуф сыяктуу зарыл маалыматтарды Курандын котормосу деп аталган китептерден үйрөнүүбүз мүмкүн эмес. Ал тургай ишенимдүү тафсирлерден да түшүнүүбүз мүмкүн эмес. Зарыл маалыматтарды илмихалдан үйрөнүүгө тийишпиз. 

Шайтандын да элчилери бар 

Суроо: Кээ бир адамдар өзүлөрүнө вахий келгенин айтышат. "Кумурскага,  каргага вахий келет да, бизге эмне үчүн келбейт?” - дешет. Кээ бирлери болсо: "Наби келбейт, бирок, Расул (элчи) келет, биз расулбуз”, - дешет. 

ЖООП: Вахий – бул кабар дегендик. Айтым катары болсо Аллаху тааланын Жабраил алейхиссалам аркылуу пайгамбарларына жиберген кабар дегенди билдирет. 

Вахий Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын өлүмү менен токтогон. Имам Раббани хазреттери мындай дейт: "Пайгамбарлык бүттү, вахий токтоду, бүттү жана дин толукталды, немат тамам болду.”

Кысас-и Анбия китебинин 410-бетинде айтылат: 

Расулуллах тирүү кезинде вахий келип, үммөтүнө жеткирилип турган болчу. Ошондон кийин эми вахий токтоп, эч кимге вахий келүү ыктымалы калган жок. 

Вахий эки түрдүү болот: 

1- Вахй-и матлу 

2- Вахй-и гайри матлу 

Жабраил алейхиссалам Аллаху тааладан алган кабарды алып келип, Пайгамбарга окуп берчү. Бул вахийдин сөздөрү да, маанилери да Аллахтан келген. Курани карим вахй-и матлу. 

Вахй-и гайри матлу Аллаху таала тарабынан Пайгамбардын жүрөгүнө билдирилет. Пайгамбар бул вахийди өзүнөн тапкан сөздөрү менен жанындагыларга айтат. Бул сөздөр Хадиси кудси деп аталат. 

Вахий пайгамбарлардын жүрөгүнө гана келет. Олуяларга да келбейт. Периштелер алып келген ойлор "илхам” деп аталат. Илхам пайгамбарлардын жана салих мусулмандардын жүрөктөрүнө келет. 

Аллаху таала ар бир жаныбарга бир нерсени үйрөткөн. Эне канаттуулар балапандарынын ачка калганын билип, аларга тамак алып келишет. Муну ал кайдан билет? Албетте, Аллаху таала үйрөткөн. Сүт эмизүүчү жаныбарлар да балдарын эмизишет. Жибек курту тыт жалбырагынан жибек жасайт. Кенгуру кооптуу учурда балдарын курсагындагы баштыкчасына салып качып кетет. 

Буларды аларга ким үйрөттү, албетте, Аллаху таала үйрөттү. Башкача айтканда, ар бир жаныбарга, ар бир адамга бир нерселерди үйрөткөн. Мунун пайгамбарларга келген вахий менен эч кандай байланышы жок. Булар тууралуу "илхам келди” деп айтуу туурараак болот. Курани каримде мындай мааниде айтылат: 

"Раббиң бал аарысына: "Тоолорго, бак-дарактарга жана даярдалган бал челектерге үяңды кур, андан кийин ар кандай азыктардан же, андан кийин Раббиң иштөөң үчүн сага көрсөткөн жолдор менен жүр” деп үйрөттү. Алардын курсагынан адамдарга шыпаа болгон ар кандай түстөгү бал чыгат. Ой жүгүрткөн адамдар үчүн ибрет (сабак) бар.” [Нахл, 68-69] 

Меъалдарда, тафсирлерде "Аллах аарыга илхам кылды, үйрөттү” сөз айкаштары кездешүүдө. Бир да аалым: "Аарыга вахий келет, аары пайгамбар”, - деп айткан эмес. 

Курани каримде каргага байланыштуу аяти карима төмөнкүдөй:

 "Аллах ага (Кабылга) бир тууганынын сөөгүн кантип көмүү керектигин көрсөтүү үчүн жер тыткан бир карга жиберди. (Кабыл болсо): "Мага убалдар болсун! Мен бир тууганымдын сөөгүн жашыруу үчүн бул каргачалык боло албадым”, - деди жана кылганына өкүндү.” [Маида, 31] 

Муну каргага үйрөткөн Аллаху таала аарыга да жана башка жаныбарларга да көп нерсени үйрөткөн. "Вахий токтогон жок, карга да, аарыга да вахий келүүдө, мага да вахий келүүдө” деп айтуу абдан туура эмес. Адамдарга шайтандан васвава келет, периштеден илхам келет. Шайтандан келген ойду "мага вахий келүүдө” деп эсептеп, "Мен расулмун (элчимин)” деген бузукулар кездешиши мүмкүн. Шайтандын расулдарына (элчилерине) көңүл бурбоо керек. 

"Айт” 

Суроо: Зарият сүрөсүнүн 50-аятында: "Аллахка жүгүргүлө [күфүрдү таштап ыйман келтиргиле]. Мен силерди Андан [Аллахтын азабынан] коркутуу менен эскертип жатам”, - деп айтылат. Бул жерде Пайгамбарыбыз алейхиссаламга карата "айт” сөзү болушу керек эмес беле? 

ЖООП: Курани карим Пайгамбарыбыз алейхиссаламга түштү. Башкача айтканда, мухатабы (кайрылуу жасалган тарап) – Расулуллах алейхиссалам. "Айт” делбесе да, Ага түшкөндөн кийин автоматтык түрдө "минтип айт” деген маанини билдирет. Имам Куртуби хазреттери мындай деди:

 Бул аяти каримада Аллаху таала Расулуллахка адамдарга ушундай деп айтууну буюрган. (Жамиъул ахкам) 

Динди меъалдан үйрөнүүгө аракет кылган адам Курани каримде ката бар деп ойлойт. Ушундан улам Ислам аалымдары мындай дешет:

 Курани каримдин чыныгы маанисин түшүнүүнү, үйрөнүүнү каалаган адам дин аалымдары келам, фикх жана ахлак китептеринен даярдаган бир илмихалды окууга тийиш. Мындай бир илмихал Курани каримден жана хадиси шарифтерден алынган дегенди билдирет. Курандын котормосу катары жазылган китептер туура маанини бере албайт. Окугандарды буларды жазгандардын ойлоруна жана максатына туткун кылып, динден чыгууларына себеп болот. 

Парз эмес буйруктар 

Суроо: Курандын буйругу парз болгондуктан, Куранда "Кылгыла” деп айтылган нерселердин баары парзбы?

 ЖООП: Кылгыла деп айтылган ар бир сөз айкашынын өкүмү парз эмес. Бир нече мисал келтирели:

 1- "[Намаз окуп жатканда] Ар бир сажда кылганыңарда зыйнаттуу [таза, сүйкүмдүү, кооз] кийимдериңерди кийгиле!” [Араф, 31] (Намазда кооз кийимдерди кийүү парз эмес.) 

2- "Эй, ыйман келтиргендер! Эгер белгилүү мөөнөткө чейин бири-бириңер менен карыз алыш-бериш калсаңар аны жазып койгула. Алыш-бериште күбө дайындагыла!” [Бакара, 282] (Карыз алган адамдын ишеним кат жазып берүүсү жана алыш-бериште күбө дайындалуусу парз эмес, сүннөт.) 

3- "Үйлөргө киргениңерде өзүңөргө [махрам болгон, үй-бүлө мүчөлөрүнөн эсептелген адамдарга, эгер эч ким жок болсо өзүңөргө] салам бергиле.” [Нур, 61] (Салам берүү парз эмес, сүннөт.) 

4- "Жума намазын окугандан кийин жер бетине тарагыла!” [Жума. 10] (Тароо парз эмес. Тарап кетпей мечитте отуруунун зыяны жок. Намаз окугандан кийин эми кетсеңер болот дегени.) 

5- "Эгер өз милдетиңерге алган жетим кыздарга үйлөнүү менен аларга адилетсиздик кылып коюудан корксоңор, аларга эмес, адал болгон башка аялдарга эки, үч жана төрткө чейин үйлөнө бергиле! Эгер алардын арасында адилетсиздик кылып коюудан корксоңор, анда бирөөсүн гана алууга тийишсиңер же мүлкүңөр болгондор менен чектелүүгө тийишсиңер.”  [Ниса, 3] (Төрткө чейин үйлөнүү парз эмес, атүгүл, мандуб да эмес. Зарыл болгон учурда гана уруксат берилген.) [Нимат-и Ислам] 

[Жахилия доорунда бир эркек өз милдетине алган чоочун жетим кызга мал-мүлкүнө көз артып үйлөнчү. Бир нече жетим кыздарга үйлөнгөндөр да кездешчү. Жетим кыздын эч кимиси жок болгондуктан, күйөөсү махр маселесинде да, үйлөнгөндөн кийин да ага ар кандай адилетсиздиктерди, кыйноолорду жасачу. Атүгүл, мурасына ээ болуу үчүн анын өлүшүн күтчү. Жетимдерге адилетсиздик кылынбоосу үчүн бул аяти карима түшкөн.]

6- "Курмандыктын этинен өзүңөр жегиле, кедейлерге да бергиле.” [Хаж, 26] (Курмандыктын этинен өзүбүз жешибиз жана кедейлерге берүүбүз парз эмес. Үчтөн бир бөлүгүн кедейлерге берүү мустахаб.) 

7- "Таң мезгилинин ак жиби [жарыгы] кара жиптен айырмаланганга чейин жеп-ичкиле, андан кийин кечке чейин орозону толуктагыла!” [Бакара, 187] (Имсак убагына чейин жеп-ичүү парз эмес. Сахурда да жеп-ичүү парз эмес. Имсак убагына чейин жеп-ичсеңер болот дегенди билдирет.) 

Көрүнүп тургандай, биз сыяктуулардын меъалдарды окуп, өкүм чыгаруусу жаиз болбойт. 

Аллаху таала унутпайт 

Суроо: Бардык меалдарды карап көрдүм. Араф сүрөсүнүн 51-аятында Аллаху таала суу жана тамак каалаган Тозоктогу капырларга: "Алар дүнүйөдө бүл күндөрдү унуткандай эле, биз да бүгүн аларды унутабыз”, - деп айтылууда. Аллах унутабы? 

ЖООП: Хаша, Аллаху таала унутпайт. (Таха, 52) 

Мындай аяттар көп. Мисалы, Курани каримде мындай мааниде айтылат: 

"Эгер Аллахка жардам берсеңер, Ал да силерге жардам берет.” [Мухаммед сүрөсү, 7]

 "Биз да бүгүн силерди унуттук.” [Сажда сүрөсү, 14] 

Динди Курандын котормолорунан, меъалдардан үйрөнүүгө болбойт. Туура эмес түшүнүп калууга себеп болот. Ислам аалымдарынын түшүндүрмөсү менен бирге окуу керек. Фикх китептери Курани каримдин тафсирлери. Аллахка жардам берүү – Аллахтын динине жардам берүү, башкача айтканда, Ислам динине кызмат кылуу дегендик. А Ислам динине кызмат Аллаху таала, Анын Расулу жана аалымдар билдирген жол менен жасалса гана кызмат болот.

 Сиз сураган аяттагы унутуу болсо силер унутулгандай мамиле кылынасыңар, силерге жардам берилбейт деген маанини билдирет. 

Муса алейхиссалам 

Суроо: Юнус сүрөсүнүн 88-аятында базардагы бардык меъалдарда мындай деп айтылат: 

Муса Аллахка айтты: "Йа, Раббим! Фараонго ушунча мал-мүлктү адамдарды сенин жолуңан адаштырышы үчүн бердиңби? Аларды жана алардын мал-мүлктөрүн жок кыла көр.”

 Муса алейхиссалам Аллаху таалага ушинтип айтабы, аны ушинтип күнөөлөйбү? Бул меъалдар жаңылыш эмеспи? 

ЖООП: Ооба, жаңылыш. Биз дагы базардагы көптөгөн меъалдарды карап көрдүк, баарында аздыр-көптүр бирдей жазылган. Бул жагынан түшүндүрмөсүз жазылган меъалдарга ишенилбейт. Тафсирлерди карап көрүү керек. Биз дагы тафсирлерди карап көрдүк. Андай түрдөгү меъал ылайыктуу эмес. Куртуби тафсиринде мындай дейт:

 Лиюдыллу сөзүндөгү лам тамгасы ар кандай мааниге ээ. Бул жерде лам натыйжаны билдирет. Чынында эле, кабарга келген:

 "Бир периште күн сайын мындай дейт: Силер акыр-аягында өлүш үчүн төрөлүүдөсүңөр, ишиңерди да акыры кыйроо үчүн негиздөөдөсүңөр.”

 Аятта фараондун жана анын кишилеринин иштеринин натыйжасы адашууга алып келе тургандыктан, аларга берилген мал-мүлктөр куду алардын адашуусу үчүн берилгендей болууда. "Алар сенден жүз бурушса да аларга ушунча мал-мүлк бердиң, алар сенин алардан жүз бурууңан да коркушкан жок. Сенин алардан ыраазы эмес экениңди түшүнө алышкан жок. Алар бузукулуктарын (адашууларын) улантышты. Мал-мүлктү адашпоолору үчүн бердиң, бирок, алар адашышты. Андай болсо алардын адашууларына себеп болгон мал-мүлктөрдү алардын колунан ала көр. Сен берген мал-мүлктөр менен аларды бул жолдо сынай көр” деп айтылмакчы болууда. Натыйжада аяттын мааниси төмөнкүдөй:

 "Муса алейхиссалам айтты: "Йа, Раббим! Сен фараон жана анын коомуна дүнүйө жашоосунда көз жоосун алган байлык жана мол мал-мүлк бердиң. Алар ушунча мал-мүлктү куду сен адамдарды өзүңдүн жолуңан адашып кетүүлөрү үчүн бергендей жаман жолдорго колдонушууда. Аларды жана алардын мал-мүлктөрүн жок кыла көр, жүрөктөрүн да катырып сала көр. Алар жан чыдагыс азапты көрмөйүнчө [сен вахий менен мага билдиргендей] алар ыйман келтиришпейт.” 

Меъалсыз мусулман 

Суроо: Меъал жазган бир жазуучу: "Меъал жазгандар өз ой-пикирлерин кошуп жазышкан болсо да, аяттарды туура эмес тавил кылышкан болсо да, Куранды түшүнүү үчүн меъал окуу керек. Анткени, меъалсыз мусулман болбойт”, - деп жатат. Эгер бир адам өмүрүндө бир да меъал окубаса, анын динине, ыйманына кандайдыр бир зыяны болобу?

 ЖООП: Жок, эч кандай зыяны болбойт. Тескерисинче, меъал жазган жазуучу да моюнга алууга аргасыз болгондой, меъалдар жаңылыш ой-пикирлерге толо. Мындай меъалдарды окуу коркунучтуу. Үч хадиси шариф төмөнкүчө:

 "Куранды жеке көз карашы менен түшүндүргөн адам туура болсо да сөзсүз жаңылган болот.” [Насаи]

 "Курандан адистиги жок болуп туруп маани чыгарган адам Тозокто азабын тартат.” [Тирмизи]

 "Куранды жеке көз-карашына ылайык тафсир кылган адам капыр болот.” [Мектубат-и Раббани]

 Меъалды окуп алып, "Куранда тасаттур (оронуу) жок” деп айткандар болгондой эле, "Намаз үч убакыт, тооктон, балыктан курмандык болот” дегендер да кездешүүдө. "Куран иттин этине тыюу салган эмес” деп айткандар да пайда болду. Бул ойдон чыгарма өкүмдөрдүн бардыгы меъалдардан чыгарылууда. Курани каримдин чыныгы маанисин үйрөнүүнү каалаган адам меъал эмес, ишенимдүү бир илмихал китебин окуусу керек. Куран жана хадистерде билдирилген ыйман, фикх жана ахлак маалыматтарынын баарынын түшүндүрмөлөрү ишенимдүү илимихалдарда бар. Илмихалды окуган адам эч нерседен кем калбайт. 

Аллах унутат деп айтылбайт 

Суроо: Арапча билген бир досум: "Аллах да биз сыяктуу унутат. Бул маселеде Куранда аят бар. Тообо сүрөсүнүн 67-аятында мунафыктар тууралуу ацтылган "Насуллаха фа-насийахум = Аллахты унутушту, Аллах да аларды унутту” сөз айкашы - сөзүмдүн далили”, - деди. Ал Курандан айткандыктан эч нерсе дей албадым. Бир нече меъалды карап көрдүм. Бардыгында "Аллах унутту” деп жазылган. Аллах унутуудан муназзах (алыс) эмеспи? 

ЖООП: Албетте, Аллаху таала унутуудан жана ар кандай кемчиликтен муназзах. Меъал окуунун зыяндарынын бири да мына ушул. Аят сөзмө сөз которулса ушундай болот. Ваххабилер да аяттын сөздүк маанисин карап, ушундай каталарды кетиришүүдө. Ошондуктан, аяттардын котормосун жазуу өтө жаңылыш болот. Тафсирлерде ал аяттын мааниси төмөнкүчө билдирилет: 

"Мунафыктар Аллахнын буйругуна баш ийишкен жок, ишенишкен жок. Аллах да аларды хидаяттан куру калтырды.” 

Имам Куртуби хазреттери айтат: 

Бул жерде унутуу - таштоо, баш тартуу дегендик. Тактап айтканда, алар Аллахтын аларга берген буйруктарын ташташты, Аллаху тааланын буйруктарын унутуп коюшту. Аллаху таала да алардан баш тарттып, таштап койду, аларды сооп жана сыйлыгынан, унутулгандардын деңгээлине түшүрдү. Катада хазреттери: "Аларды унутту дегендин мааниси – жакшылыктан аларды куру калтырды, ажыратты дегенди билдирет”, - деп буюрду. (Жами-ул-ахкам) 

Курани каримди түшүнүү мурад-и илахини (Кудайдын каалоосун, мүдөөсүн) түшүнүү дегенди билдирет. Котормо же меъал болсо автордун аяти каримадан жеке түшүнгөн нерселерин билдирүүсү. Башкача айтканда, котормодон мурад-и илахи үйрөнүлгөн болбойт, тескерисинче ошол меъалды жазган адамдын ой-пикирлерине туткун болуп калабыз. Эгер Курандын меъалы туура эмес жазылган болсо, аны жазган адам да, аны окуп кабыл алган адам да күфүргө кабылат. Курани каримди туура эмес түшүнүү же шектенүү ыйманды кетирет. Мектубат-и Раббанидеги хадиси шарифте: "Куранды жеке көз-карашы менен тафсир кылган адам капыр болот”, - деп айтылган. (Дайлами) 

Ошондуктан, пайгамбарлардан башка адамдардын эң үстөмү болгонуна карабастан Хазрети Абу Бакр Сыддык: "Эгер мен Курани каримди өз рейим (пикирим, көз-карашым) менен чечмелей турган болсом, мени кайсы жер көтөрөт, кайсы асман көлөкөлөйт?” – деп айткан эле. (Ширъа шархы) 

Меъал жазган адамдын ой-пикирине туткун болуп, жаңылып калбоо үчүн Курандын меъалын окуудан өтө сактануу керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш