Ислам дини » Кошумча темалар » Гафлеттен кутулуу кандай болот?




Гафлеттен кутулуу кандай болот?


Суроо: Гафлет деген эмне? Гафлеттен кутулуу кандай болот?

ЖООП: Диний сөздөрдүн сөздүк (лексикалык) маанисин эмес, терминдик маанисин караш керек. Гафлет – Аллаху тааланы унутуу. Кандайдыр бир жол менен Аллаху тааланы эстөө болсо гафлеттен кутулуу болот. Диндин буйруктарын сактоо менен жасалган бардык иштер, алыш-бериштер, жеп-ичүүлөр гафлеттен кутулуу жана Аллаху тааланы эстөө дегендик. 

Үйүнө, мечитке туш келди оң буту менен кирген адам гафлет менен киргендиктен сооп ала албайт. Сүннөт экенин ойлоп оң буту менен кирсе сооп алат. Бул үчүн гафлетти жеңүүгө аракет кылуу керек! Курани каримде: "Гафилдерден боло көрбө”, - деген мааниде буюрулган. (Араф, 205) 

Хадиси шарифтерде дагы мындайча айтылат: 

"Гафлет менен уктаган адам Кыяматта ошол бойдон тирилет. Андай болсо, өзүңөрдү Аллаху тааланы эстеп уктоого көндүргүлө!” [Дайлами] 

"Гафилдердин арасында Аллаху тааланы эстеген адам куураган бадалдардын арасындагы жашыл дарак сыяктуу.” [Абу Нуайм] 

"Гафил экенине карабастан гафилдигинен бейкабар адам таң калтырат. Өлүм аны кууп келе жатканына карабастан дүйнөнүн артынан жүгүргөн адам да таң калтырат. Раббиси андан ыраазыбы же жокпу билбей туруп каткырып күлгөн адам да таң калтырат.” [Абу Нуайм] 

Гафлеттин аягы өкүнүч. Гафлет нематты жок кылат, кызматтарга тоскоолдук кылат. Гафлет уйкусунун аягы түбөлүк өкүнүү болушу мүмкүн. Салихтердин бири түшүндө устазын көрүп, сурайт: 

- Кыяматта эң чоң өкүнүч эмне? 

Устазы мындай дейт: 

- Гафлеттин натыйжасы болгон өкүнүч...

 Зуннун-и Мысри хазреттерин түшүндө көрүп сурашат:

 - Кайтыш болгонуңдан кийин сага эмне кылышты?

 - Аллаху таала мага айтты:

 "Мени жакшы көргөнүңдү айтчу элең, бирок, менден гафил болчу элең. Бул болсо жалганчылык.”

 Эгер Зуннун-и Мысри хазреттерине ушинтип айтылса, бизге эмнелер гана айтылбайт? Дагы түштө көрүлгөн көптөгөн кишилер дүнүйөдө гафлетте жашашканын айтышат. Ошондуктан, хадиси шарифте: "Адамдар уйкуда, өлгөндөн кийин ойгонушат”, - делген. Өлүүдөн мурда ойгонуу керек. Кеч болгондон кийин ойгонгонуудан пайда жок.

 Азраил алейхиссалам менен бир туугандай көрүшкөн Якуб алейхиссалам айтты:

 - Мен сенден бир нерсени суранам. Ажалым жакындаганда мага алдын ала кабар берсең!

 - Мен сага эки-үч кабарчы жиберем.

 Бир топ убакыт өтүп Азраил алейхиссалам кайра келет. Якуб алейхиссалам сурайт:

- Мени зыярат кылып келдиңби?

- Жок, сенин жаныңды алайын деп келдим. 

- Бул кандай болот, мага эки-үч кабарчыны жибермек элең го?

 - Сага үч кабарчы келбедиби? Капкара болгон чачың агарбадыбы? Күчтүү турган денең алсырабадыбы? Түптүз турганда эми белиң бүгүлбөдүбү?

 Эгер кабарчы кааласак, ал көп. Күн сайын ар кандай себептер менен өлгөндөрдү же мүрзөлөрдү кароо жетиштүү. Сөзсүз боло турган бир нерсени болду деп билүү керек! Өлүм сөзсүз болот. Азраил алейхиссалам келгенде мен даярмын деп айта алуу керек.

 Шакик-и Балхи хазреттери мындай дейт:

 "Адамдар үч нерсени айтышат. Бирок, иштери менен каршы чыгышат.

 1- Биз пендебиз дешет, бирок, башчыдай жашашат.

 2- Аллах биздин ырыскыбызга кепил дешет. Бирок, жүрөктөрүн ырыскы табуу менен алек кылышат.

 3- Албетте, биз да өлөбүз дешет. Бирок, эч качан өлбөй тургандай дүнүйөгө жармашышат.”

 Бир киши кабын жоготуп алат, бирок, таба албайт. Намазга турганда эсине келет. Кулу ал кишиден: "Сен намаз окубай капты издеп жаттың беле?” – деп сурайт. Ал киши кулун анын эскертүүсүнөн улам азат кылат. Ар бир ишти гафлеттен алыс болуп кылганга аракет кылуу керек! 

Гафлетке себеп болгон нерселер 

Адамдардын гафлетке, атүгүл күнөөгө, каршы чыгууга, күфүргө кабылуусу ар кандай себептерден улам болот. Булар ар бир адамда ар түрдүү болгону менен, жахилдик, текебердик, дос-душманын айырмалай албоо жалпы болуп, булар эң башында турат. Адамдардын гафлетине себеп болгон нерселер көп болсо да, үчөө маанилүү:

 1-Адамды тааныбоо, жаралуу максатын билбөө

 2-Иштердин себептер менен жаратылганын билбөө

 3-Өлүмдү унутуу.

 1-Адамды тааныбоо, жаралуу максатын билбөө

 Эгер адам эмне үчүн жаратылганын жана башына келе турган нерсени билип унутпаса, гафлетке кабыла алабы же текебердик кыла алабы? Раббине каршы чыга алабы? Демек, адам өзүнүн жаралуу максатын ойлобойт. Эгер адамдар каалангандай ойлой алганда Курани каримде тез-тез: "Эч ойлонбойсуңарбы?” – деп эскертилет беле?

 Бир адам бир шайманды же станокту жасаганда анын кантип жана кайда колдонулаары боюнча бир колдонмо даярдалат. Эгер колдонмо менен да түшүнүү кыйын болсо, аны колдонуу боюнча курстар ачылат. Эгерде бир станок туура эмес колдонулса ал бузулат, жок болот. Бардык нерсенин Жаратуучусу болгон Аллаху таала дагы адам деп аталган бул теңдешсиз машинени жаратып, көзөмөлсүз таштап койбой: "Силерди бекерге жараттык деп ойлодуңар беле?” – деп буюрган. Эмне кылуу керектигин пайгамбарлары аркылуу китептерди жиберип билдирген. 

Эмне экенин, ким экенин, бакыт жана бактысыздыктын эмнелерде экенин билбеген, өлгөндөн кийин башына түшө турган нерселерди ойлобогон адам акылдуу боло албайт. Аллаху таала: "Мен жин жана адамдарды бир гана [мени таанышсын], мага кулчулук, ибадат кылышсын деп жараттым”, - деп буюрууда. (Зарият, 56) 

Андай болсо адам өзүнүн пенде экенин билип, кулчулук милдетин аткарууга тийиш. 

2-Иштердин себептер менен жаратылганын билбөө

 Аллаху таала бардык нерсени себептер менен жаратууда. Ал өз кудуретин себептердин артына жашырган. Илахий адаты ушундай. Бирок, кээде бул адатын бузуп, себепсиз да жаратат. Муну сүйгөндөрүнүн урматы үчүн кылат. Адам иштейт жана табат, менин мал-мүлкүм дейт, мен таптым дейт. Анын сыңарындай өзүндөгү ар бир нематтты, ар бир ийгиликти "меники” дейт, "менин ийгилигим, менин талантым, менин илимим... жана башка” дейт жана нанкөр (жакшылык билбес, шүгүрсүз) болот.

 Дарт-кыйынчылыктардын, балээ-кырсыктардын келүүсүнүн себеби – күнөө кылуу. Курани каримде мындай мааниде айтылат:

 "Силерге келген азап-кыйынчылык – өз колуңар менен кылган [күнөөлөрүңөр] себептүү.” [Шура, 30] 

"Сага келген ар бир жакшылык Аллахтын [бир ихсаны, нематы катары] келүүдө, ар бир жамандык да [күнөөлөрүңө жооп катары] өзүңөн келүүдө. [Алардын баарын жараткан – Аллаху таала.] [Ниса, 79] 

Пайгамбарларга жана башка улуу заттарга болсо балээ-кыйынчылык алардын даражаларынын көтөрүлүшү үчүн келет. 

Тобокелге кайдыгер болбоо керек. Тобокел – динибиз билдирген себептерге жармашкандан кийин натыйжаны себептерден эмес, себептерди жараткандан Заттан күтүү. "Бир ишти баштаган кезиңде Аллахка тобокел кыл, Ага ишен” аяты тобокел менен бирге чечкиндүүлүк менен эмгектенүү керектигин көрсөтүүдө. (Ал-и Имран, 159) 

3-Өлүмдү унутпоо

Дүнүйө жашоосу түш сыяктуу. Өлгөндө түш бүтөт, чыныгы жашоо башталат. Хадиси шарифте: "Адамдар уйкуда, өлгөндө ойгонушат”, - деп айтылат. Өлө электе ойгонуу керек. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Өлүм аркасынан түшкөнүнө карабастан дүнүйөнүн аркасынан түшкөн адам таң калтырат”, - деп буюрду. Андай болсо "Насаат катары өлүм жетиштүү” хадиси шарифин ойлоп, өлгөндөрдөн сабак алууга аракет кылуу керек. 

Көбүнчө көп жашоону каалоо дүнүйө жыргалдарына ышкыбоздуктан, өлүмдү унутуп калуудан, ден-соолукка, жаштыкка алдануудан келип чыгат. Андай адамдын жүрөгү катуу болот, ибадаттарды өз убагында кылбайт, тообону кечиктирет, насаат таасир этпейт, өлүмдү унутат, атүгүл, оюна да келбейт. Өмүрүн дайыма дүнүйө мал-мүлкүнө жана мансапка жетүү үчүн коротот. Акыретти унутуп, дүнүйөнүн пайдасыз ырахатын жана жыргалын ойлойт. Булардан кутулуу үчүн өлүм каалаган убакта келип калуусу мүмкүн деп ойлоп, ден-соолуктун, жаштыктын өлүмгө тоскоол боло албасын унутпаш керек. 

Баа жеткис насааттар 

Имам Раббани хазреттери мындай дейт: 

Мүмкүнчүлүк – олжо. Бүт өмүрдү пайдасыз иштер менен текке кетирбөө керек, Аллаху тааланын ыраазылыгына ылайыктуу нерселерге жумшоо керек! Беш убакыт намазды тадили эркан жана жамаат менен окуу керек, тахажжуд намазын колдон чыгарбоо, таңкы убакыттарды истигфарсыз өткөрбөө керек, гафлет уйкусуна берилбөө, өлүмдү ойлоо керек, акыретке керектүү нерселерди даярдоо керек, өткүнчү дүнүйөнүн арам иштеринен алыстап, түбөлүк болгон акырет иштерине кайтуу керек. Дүнүйө иштери менен зарыл өлчөмдө алектенип, башка учурларда акыретти жакшыртуу менен алек болуу керек. Кыскасы, Аллахтан башка нерселерди жакшы көрүүдөн сактанып, денени дин өкүмдөрүнө баш ийүү менен кооздоп, аны менен алек болуу керек. Иш мына ушул, андан башкасы эч нерсе.

Абдул Куддус хазреттери да мындай дейт: 

Убакыттын баркын бил! Күнү-түнү илим үйрөнүүгө аракет кыл! Дайыма даараттуу бол! Беш убак намазды сүннөттөрү менен, тадили эркандары менен, хузур жана хушу менен окууга аракет кыл! Буларды кылганда дүнүйөдө да, акыретте да сансыз нематтарга жетесиң. Илим үйрөнүү ибадат кылуу үчүн. Кыяматта амалдан суралат, көп илим үйрөндүңбү деп суралбайт. Амал жана ибадат да ихласка жетүү үчүн. Ихлас болсо – чыныгы кудайды жана чексиз, шартсыз бар болгон сүйүктүүнү [Аллаху тааланы] сүйүү үчүн.

 Ибрахим Адхам хазреттери мындай дейт: 

1- Эгер күнөө кыла турган болсоң, Аллах берген ырыскыны жебе! Анын ырыскысын жеп, Ага каршы чыгууга болобу? 

2- Күнөө кыла турган кезиңде Анын мүлкүнөн чык! Анын мүлкүндө болуп, Ага каршы чыгууга болобу? 

3- Күнөө кылганда Ал көрбөгөн жерде кыл! Анын мүлкүндө болуп, Анын ырыскысын жеп, Ал көргөн жерде күнөө кылууга болобу?

 4- Жан алуучу периште рухуңду алганы келгенде андан бираз мөөнөт сурай аласыңбы же ал периштени кууп сала аласыңбы? Андай болсо дароо тообо кыл! Анткени, ал периште капысынан келет.

 5- Кабырда периштелер суроо бергенде "мени сынабагыла” деп аларды кууп сала аласыңбы? Андай болсо, азыртадан аларга жооп даярда!

 6- Кыямат күнү "Күнөөкөрлөр Жаханнамга...” деп айтылганда, мен барбайм деп айта аласызбы?

 Аллаху таала: "Эй, пенделерим! Менден сурагыла! Кабыл алам, берем”, - деп айтууда. Бирок, берилбегендер да болууда. Анткени, Ага дуба кылышат, бирок, баш ийишпейт. Анын Пайгамбарын таанышат, бирок, Аны ээрчишпейт. Куранды окушат, ал көрсөткөн жолдо жүрүшпөйт. Анын нематтарынан пайдаланышат, бирок, шүгүр кылышпайт. Бейиштин ибадат кылуучулар үчүн экенин билишет, бирок, ага даярдык көрүшпөйт. Тозокту асилер үчүн жаратканын билишет, бирок, андан сактанышпайт. Ата-бабаларынын эмне болгонун көрүшөт, бирок, андан сабак алышпайт. Өздөрүнүн кемчилигин карашпайт, башкалардын кемчиликтерин издешет. Ушундай адамдар үстүлөрүнө таш жаабаганына, жерге кирип кетишпегендиктерине шүгүр кылышсын! Эгер дубаларынын натыйжасы ушул гана болсо, ушунун өзү эле жетиштүү эмеспи?

 Имам Раббани хазреттери мындай дейт:

 Өлүм коркунуч эмес, өлгөндөн кийин башка түшө турган нерселер тууралуу ойлонбоо коркунуч. Мазхабсыздык илхад (динсиздик). Ахли сүннөт аалымдарын ээрчигендерге сүйүнчүлөр болсун.

Имам Раббани хазреттери дагы мындай дейт:

Силердин бул убакытыңар мүмкүнчүлүк. Мүмкүнчүлүк да чоң немат. Ден-соолукта, кайгы-капасыз өткөн убакыттар – табылгыс олжо. Ар бир саатты Аллаху тааланы зикир кылуу менен өткөрүү керек. Расулуллах билдирген нерсеге шайкеш ар бир иш, ал тургай алыш-бериш да зикир болот. Андай болсо, ар бир кыймыл-аракет, ар бир жүрүм-турум Расулуллахтын билдиргенине шайкеш болуусу керек. Ошентип, баары зикир болот. Зикир – гафлеттен алыс болуу, башкача айтканда, Аллаху тааланы эстөө. Адам ар бир кыймыл-аракетинде, ар бир ишинде Аллаху тааланын буйрук жана тыйууларын аткарганда, буйрук жана тыюулардын ээсин унутуудан кутулат жана дайыма зикир кылган болот.

 Хадиси шарифте дагы мындай деп айтылат:

 "Тамакты Аллахтын зикири менен [ибадат кылып жана Аллах жолунда эмгектенип] эриткиле. Жей калып жатпагыла, жүрөгүңөр катуулашат.” [Абу Нуайм]

Арамдардан жана күмөндүү нерселерден сактануу менен адалдан табуу керек. Акыр заманда буларга көңүл бургандар аз кездешет.

 Динге кызмат кылуу абдан сооптуу. Муну ар ким өзүнүн күчүнө жараша жасайт. Үйрөнгөн жакшы бир сөздү башкага айтуу да сооп. Хадиси шарифтерде мындай деп айтылат:

 "Уккан акыйкат сөзүн мусулман боордошуна айтуу кандай сонун белек.” [Табарани]

 "Аллахтын алдында эң жакшы пенде – адамдарга эң көп насаат кылганы.” [И. Ахмед]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш