Ислам дини » Кошумча темалар » Жиндер эмне үчүн жаратылды?




Жиндер эмне үчүн жаратылды?


Атеист мындай дейт: 

Суроо: "Жиндер кулчулук үчүн жаратылганбы же Тозок үчүнбү? Бул жерде карама-каршы аяттар: 

Мен жиндерди жана адамдарды жалгыз мага гана кулчулук кылуулары, ибадат кылуулары үчүн жараттым. (Зарият, 56) 

Биз жин жана адамдардын көбүн Тозок үчүн жараттык. Алардын жүрөктөрү бар, бирок, түшүнүшпөйт, көздөрү бар, бирок, көрүшпөйт, кулактары бар, бирок, угушпайт. Алар жаныбарлар сыяктуу, атүгүл, андан да төмөн. Мына чыныгы гафил алар. (Араф, 179)   

ЖООП: Бир гана жиндерби? Адамдар да ошол эле сүйлөмдө да аталууда. Жиндерди да, адамдарды да кулчулук кылуулары, башкача айтканда, ибадат кылуулары үчүн жараткандыгы билдирилүүдө. Экинчи аятта болсо Аллаху таала өзүнүн эзели жана түбөлүк илими менен жиндердин жана адамдардын көбүнүн ыйман келтирбей, Тозокко түшөөрүн билүүдө. Бул жерде жиндердин жана адамдардын капырлары, башкача айтканда, бардык динсиздер, атеисттер билдирилүүдө. Жүрөктөрү болсо да түшүнө алышпайт, көздөрү болсо да көрө алышпайт. Эмнени көрө алышпайт? Ай, жылдыз, күн жана планеталар бар. Булар бекеринен жаратылганбы? Буларды ким жаратты? Адамды жоктон ким жаратты? Өгүз поездди карагандай, айды, күндү карапшат, бирок, сабак алышпайт деп айтылууда. Чындыктарды угушпайт, окулган азандарды угушпайт. Алар айбан сыяктуу, атүгүл, андан да төмөн деп айтылууда. Өгүз поездди караган болсун, атеист күндү караган болсун, ортосунда кандай айырма бар? Эгер күн азыркы жайгашкан ордунан өтө алыс болгондо, сууктан бардык жер тоңмок. Эгер азыркыдан өтө жакын болгондо, бул жолу бардык жер күйүп кетмек. Жашоо болмок эмес. 

Буларды дал өз ордуна кимдин койгондугун ойлонбогондордун айбандан эмне айырмасы бар? 

Бул эки аятта кыскача айтылат: 

Биз адамдарды да, жиндерди да кулчулук кылуу үчүн жараттык. Бирок, алардын көбү капыр болуп, кулчулук кылбай тургандыгы үчүн Тозокко кетет. 

Бул жерде эч кандай карама-каршылык жок. Дүнүйөлүк иштерде да ушундай эмеспи? Мисалы, мамлекет "Бардык мектептерди илим-билим үчүн ачтык. Бирок, баланча бааны ала албагандар класстан көчпөй калат, баланча жыл катары менен класстан көчпөй калгандар болсо окуудан чыгарылат” дейт. Эми, "Кана, окуучуга илим-билим бермек элең го, эмнеге окуудан чыгардың?” деп айтууга болобу? Бул эки сөздүн ортосунда карама-каршылык изделеби? Эгер издеген бирөө жарым бар болсо, карама-каршылык анын акыл түшүнүгүндө эмеспи?


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш