Ислам дини » Кошумча темалар » Эң пазилеттүү (жакшы) нерселер




Эң пазилеттүү (жакшы) нерселер


Суроо: Эң пазилеттүү нерселер эмнелер? Бул маселеге байланыштуу хадис барбы? 

ЖООП: Ооба, көп хадиси шариф бар. Бирок, хадиси шарифтер менен амал кылуу бизге жаиз эмес. Туура эмес түшүнүп калууга себеп болушу мүмкүн. Зарыл диний маалыматтар фикх китептеринен үйрөнүлөт.

 Бир нерсенин баалуу болушу кырдаалга, убакытка жана адамдын абалына да жараша болот. Ошондуктан: "Эң пазилеттүү нерсе ушул нерсе” деп так эч нерсе айтууга болбойт. Пайгамбарыбыз алейхиссалам эң пазилеттүү нерсени сурагандардын абалына жана шарттарына жараша билдирген. Мисалы, тамак-аш мол, бирок, суу жок жерде суусуздуктан өрттөнгөн адамга бир стакан суу берүү тандыр толо нан бергенге караганда жакшыраак болот. Жапайы жаныбарлар же душмандар кол салган же коркунучтуу ооруга чалдыккан адамды өлүмдөн сактап калууга себепкер болуу ага жасала турган башка жакшылыктардан да баалуу. Пазилеттүү нерселердин кээ бирлери хадиси шарифтерде төмөнкүчө билдирилет:

 "Эң жакшы амал – ыйман. Эң жакшы ыйман – Аллахты унутпоо.” [Табарани]

 "Эң жакшы амал – Аллах үчүн сүйүү жана Аллах үчүн жек көрүү.” [И. Ахмед]

 "Эң жакшы амал – намаздан кийин эне-атага жакшылык кылуу.” [Муслим]

 "Эң жакшы амал – намаздан кийин зекет.” [Табарани]

 "Эң жакшы амал – зикир. Эң жакшы зикир болсо – Ла илаха иллаллах деп айтуу.” [Табарани]

 "Эң жакшы амал – Аллах жөнүндө жакшы ойдо болуу.” [Бегави]

 "Эң жакшы амал – адал табыш.” [Ибни Лал]

 "Эң жакшы амал – саламдашууну жайылтуу.” [Барика]

 "Эң жакшы амал – Куран окуу.” [Ибни Кани]

 "Эң жакшы амал – кыйынчылыкка сабыр кылуу.” [Тирмизи]

 "Эң сооптуу амал – жакшы ниет кылуу.” [Хаким]

 "Эң жакшы амал – напсиге оор болгон амал.” [И. Газали]

 "Эң жакшы амал – түнү ар ким уктап жатканда намаз окуу.” [Ж. Жолу]

 "Эң жакшы амал – өз убагында окулган намаз.” [Абу Давуд]

 "Эң жакшы амал – бир момундун айыбын жабуу, курсагын тойгузуу же бир муктаждыгын канааттандыруу менен аны кубантуу.” [Исфахани]

 "Эң жакшы амал – сени издебегенди издөө, сени куру калтырганга берүү, сага жаман мамиле кылгандарга кечирим менен мамиле кылуу.” [И. Ахмед]

 "Эң жакшы амал – ачка болгон кедейди тойгузуу, карызын төлөө же бир көйгөйүн жеңилдетүү.” [Табарани]

 "Эң жакшы момун – Аллахты көп эстеген момун.” [Тирмизи]

 "Эң жакшы момун – кедейлиги үчүн баркталбаган момун.” [Дайлами]

 "Эң жакшы момун – көрүнгөндө Аллахты эске салган адам.” [Хаким]

 "Эң жакшы момун – жокто изделип суралбаган, бар болгондо көңүл бурулбаган момун.” [Абу Нуайм]

 "Эң жакшы момун – дини үчүн мекенин таштап кеткен карып адам.” [Ибни Мажа]

 "Эң жакшы момун – аз жеп, денеси жеңил болгон адам.” [Дайлами]

 "Эң жакшы момун – бала-бакырасына пайдалуу болгон адам.” [Табарани]

 "Эң жакшы момун – баары анын колунан жана тилинен ишенимдүү болгон адам.” [Муслим]

 "Эң жакшы момун – өмүрү узун, амалы жакшы болгон адам.” [Тирмизи]

 "Эң жакшы момун – аялына эң жакшы, эң лутуф менен мамиле кылган адам.” [Тирмизи]

 "Эң жакшы момун – өзүнөн жакшылык күтүлгөн жана жамандыгынан ишенимдүү болгон адам.” [Тирмизи]

 "Эң жакшы момун – канаатчыл болгон, эң жаманы болсо – ач көз болгон адам.” [Кудаи]

 "Эң жакшы момун – оңой тил табышуу мүмкүн болгон адам.” [Байхаки]

 "Эң жакшы момун – Куранды үйрөнгөн жана үйрөткөн адам.” [Бухари]

 "Эң жакшы момун – карызын эң жакшы жол менен кайтарган адам.” [Насаи]

 "Эң жакшы момун – ахлагы эң жакшы болгон адам.” [Бухари]

 "Эң жакшы момун – тамак сунуучу адам.” [Хаким]

 "Эң жакшы момун кеч ачууланып, бат тынчыган адам. Эң жаманы болсо – бат ачууланып, кеч тынчыган адам.” [Тирмизи]

 "Эң жакшы момун – дүнүйөсү үчүн акыретин, акырети үчүн дүнүйөсүн таштабаган адам.” [Хатиб]

 "Эң жакшы момун – сабырдуу, жоомарт жана айкөл адам.” [Дайлами]

 "Эң жакшы момун – эң акылдуу болгон момун.” [И. Газали]

 "Эң жакшы момун – мал-мүлкү жана жаны менен Аллах жолунда жихад кылган адам.” [Бухари]

 "Эң жакшы момун – акылман бир сөздү үйрөнүп, аны башкаларга үйрөткөн адам.” [Ибни Асакир]

"Эң жакшы садака – илимди үйрөнүп, башкаларга да үйрөтүү.” [Ибни Мажа]

"Эң жакшы садака – суу берүү.” [Насаи]

"Эң жакшы садака – ачка бир жандыкты тойгузуу.” [Байхаки]

"Эң жакшы садака - эки адамды элдештирүү.” [Табарани]

"Эң жакшы садака – тилди тыюу.” [Дайлами]

"Эң жакшы садака – жашыруун берилген садака.” [Табарани]

"Эң жакшы садака – кек сактаган жакынына берилген садака.” [Табарани]

"Эң жакшы садака – Аллах ыраазылыгы үчүн досуна кызмат кылуу.” [Адий бин Хатем]

"Эң жакшы садака – муктаждыктан ашык нерсени берүү.” [Бухари]

"Эң жакшы садака – Рамазан айында берилген садака.” [Тирмизи]

"Эң жакшы жихад – Аллах жолунда напсиге каршы кылынган жихад.” [Абу Давуд]

"Эң жакшы жихад – парздарды орундоо.” [И. Ахмед]

"Эң жакшы жихад – жана менен, мал-мүлк менен мушриктерге каршы күрөшүү.” [Насаи] 

"Эң жакшы табыш – кол эмгеги менен табылган табыш.” [Ахмед]

 "Эң жакшы сүрө – Фатиха.” [Хаким]

 "Эң жакшы намаз – парздардан кийин тахажжуд намазы.” [Муслим]

 "Эң жакшы намаз – Жума күнү жамаат менен окулган багымдат намазы.” [Байхаки]

 "Эң жакшы тасбих – "Субханаллахи валхамдулиллахи вала илааха иллаллаху валлаху акбар”.” [Муслим]

 "Эң жакшы ибадат - фикх үйрөнүү.” [Табарани, Абу-ш-шайх]

 "Эң жакшы ибадат – дуба.” [Хаким]

 "Эң жакшы дуба – Арафа күнү кылынган дуба.” [Байхаки]

 "Эң жакшы дуба – кечирим жана ден соолук тилөө.” [Тирмизи]

 "Эң жакшы убакыт – түндүн экинчи жарымы.” [Табарани]

 "Эң жакшы ысымдар – Абдуллах жана Абдуррахман.” [Муслим]

 "Эң жакшы сөз – туура болгон сөз.” [Бухари]

 "Эң жакшы жерлер – мечиттер. Эң жаман жерлер болсо - чаршы базарлар.” [Табарани]

 "Эң жакшы орозо – Давуд алейхиссаламдын орозосу. Ал бир күн кармап, бир күн жечү.” [Муслим]

 "Эң жакшы ыйман – тагдырга ыраазы болуу.” [Абу Нуайм]

 "Эң жакшы мүнөз – эч кимге зыян тийбесин деп унчукпоо.” [Ибни Мубарак]

 "Эң жакшы тамак – көп кол сунулган тамак.” [Табарани]

 "Эң жакшы сөз – "Субханаллахи ва бихамдихи” деп айтуу.” [Муслим]

 "Эң жакшы үй – жетимдерге жакшылык кылынган үй.” [Байхаки]

 "Эң жакшы казына – салиха аял.” [Хаким]

 "Эң жакшы иш –  васат (орто) болгон иш.” [Байхаки] 

 "Эң жакшы дос – Аллахты эстегенде жардам берген, унутканда сага эскертип турган дос.” [Хаким]

 "Эң жакшы дос – сөздөрү илимиңди көбөйтүп, амалы болсо акыретти эске салган дос.” [Хаким]

 "Эң жакшы аял – намысын сактаган, көзү сыртта болбогон аял.” [Дайлами]

 "Эң жакшы аял – өзү күйөөсүнө сүйдүргөн, аны менен жакшы мамиледе болгон жана ынтымактуу болгон аял. Эң жаманы болсо – ачык-чачык жүргөн жана мактанган аял.” [Байхаки]

Жети тайпадагы адам

 Суроо: Кыяматта Аллах коргой турган жети тайпа адамдар кимдер?

 ЖООП: Бир хадиси шарифтин мааниси төмөнкүдөй:

 "Өзүнөн башка коргоочу жок болгон Кыямат күнү Аллаху таала төмөнкү жети тайпа адамдарды коргойт:

 1- Адилеттүү башкаруучу.

 2-Аллахка ибадат кылып чоңойгон жаш бала.

 3- Намаз үчүн көңүлү мечитке байланган адам.

 4- Досун Аллах ыраазылыгы үчүн жакшы көргөн адам.

 5-Сулуу, бай жана мансапка ээ бир аял чакырганда Аллахтан коркуп, андан баш тарткан адам.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш