Жер жүзүндө курулган алгачкы мабед,
ибадаткана. Мусулмандардын
кыбыласы, намазда жүздөнө турган тарабы. Мекке-и мукаррама шаарындагы Масжид-и
харамдын ортосунда төрт бурчтуу таштан салынган бир бөлмө. Момундар ажылык
ибадатын аткаруу үчүн дүнүйөнүн ар тарабынан бул жерди зыярат кылууга келишет.
Жер жүзүнүн эң баалуу жери — Кааба.
Кааба көрүнүшүндө дүнүйөдөгү үйлөрдүн бири. Акыйкатта болсо
акыреттен. Кааба дүнүйө жана акыретти өзүнө топтогон. Кааба — Бейтуллах (Аллаху тааланын үйү).
Раббибиз үстөм жана пазилеттүү кылган теңдешсиз жай. Каабаны жер жүзүнө Адам
алейхиссалам кургандыгын Мухаммед ал-Азраки "Ахбару Мекке” аттуу эмгегинде мындайча
баяндайт:
Адам алейхиссалам жер жүзүнө түшүрүлгөндүгүнө байланыштуу
абдан кайгырып, күндөрүн ыйлоо менен өткөрүп жатты. Анын кайгысына периштелер
да орток болуп жатты. Бир жолу Адам алейхиссалам саждада турганда: "Йа, Рабби! Мага эмне болду да, эми периштелердин үндөрүн,
Сенин затыңды тасбих жана такдис (улуктоо) кылышканын уга албоодомун. Аларды көрө албоодомун”, — деп кайрылганда, Хактаала мындай деп
жооп берди: "Эй, Адам! Сенден пайда болгон зелле
(ката)
периштелердин тасбихин угууңа тоскоол. Бирок, менин жер жүзүндө бир үйүм бар.
Сен анын пайдубалын таап, үстүнө бир үй куруп чык. Мени улукта жана ал үйдүн
айланасын таваф кыл. Эй,Адам! Ал үйдү Меккеде орноттум.
Урпактарыңдан ким менин үйүмө келип, бир гана менин ыраазылыгымды кааласа
түздөн-түз мени зыярат кылган коногум сыяктуу болот. Аларды шаңыма,
улуугума ылайык
түрдө коноктойм жана бүткүл муктаждыктарын орундайм!”
Адам алейхиссалам Аллаху тааланын бул
буйругу менен Серендип (Шри-Ланка) аралынан Меккеге карай жүрө баштады. Бир
периште ага жол көрсөтүп жаткан эле. Мекке-и мукаррама жайгашкан жерге келгенде
Аллаху таала ага жардамчы периштелерди жиберди. Периштелер Бейт-и Мамурдун так
деңгээлине келе тургандай кылып, жети кабат жерге чейин жеткен пайдубал
казышты. Казылган бул пайдубалга топурактын деңгээлине чейин отуз киши гана
көтөрө ала турган чоңдуктагы таштарды жайгаштырышты. Андан соң Аллаху таала
периштелер аркылуу бул пайдубалдын үстүнө бир үй түшүрдү. Бул үй Жаннат жакуттарынан
бир жакут болуп, жаркырап жанып турган эле. Түшүрүлгөн бул үйдүн бири чыгыш,
экинчиси батыш болгон эки эшиги бар болчу. Бейтуллахтын ичинде кошумча нурдан
чырактар жагылган эле. Чырактардын идиштери Жаннаттын куйма алтындарынан болуп,
айланасында жылдыз сыяктуу жаркыраган ак жакуттар тизилген эле. Хажар-ул-Асвад
да булардын бири болчу. Хажар-ул-Асваддын кийинчерээк күнөөкөр кишилердин колдорунун
тийүүсүнөн улам карайып кеткендиги риваят кылынган. Ушундайча Бейт-ул-Мамурдун
так астына келе тургандай кылып, жер жүзүндө да Бейтуллах, башкача айтканда,
Кааба-и муаззама курулган болду.
Кээ бир риваяттарга караганда, Жаннаттан
келген бул Бейтуллах (Кааба-и муаззама) Адам алейхиссалам кайтыш болгондон
кийин кайра асмандарга көтөрүлгөн. Адам алейхиссаламдын балдары мурунку
пайдубалдардын үстүнө таштан жана ылайдан бир имарат курушту. Бул имарат Нух
алейхиссаламдын заманындагы топон сууга чейин мезгил-мезгили менен оңдолуп
турду жана топон суу учурунда кыйрады.
Каабанын топон суудан кийин Ибрахим
алейхиссаламга чейинки орду белгисиз болуп, болгону ал жайгашкан аймак гана
белгилүү эле. Бул аймак кызыл топурактуу жана сел суулары көтөрүлө албай
тургандай дөбө абалында болчу. Орду так белгилүү болбогону менен, адамдар
Каабанын ошол аймакта экенин билишчү. Дүнүйөнүн ар түрдүү өлкөлөрүнөн
зулумдукка учураган, кайгылуу, кыйынчылыктагы, дарттуу жана Аллаху таалага баш
калкалоону каалаган кишилер бул аймакка келип дуа кылышчу, максаттарынын ишке
ашканын көргөндө кайра кайтышчу. Ибрахим алейхиссаламдын Бейтуллахты кайрадан
куруусуна чейин бул аймакка болгон урмат-сый улана берди.
Ибрахим алейхиссалам Аллаху тааланын
буйругу менен Кааба-и муаззаманы куруу үчүн Меккеге кетти. Уулу Исмаил
алейхиссаламды жана Хажар энебизди көп жылдар мурун ал жерге калтырган эле.
Хазрети Ибрахим уулу Исмаил алейхиссалам менен Замзам кудугунун башында
жолугушту. Жылдар бою эч көрүшө албаган ата-уул кубаныч менен бири-бирин
кучактап, сагынычтарын таратышты. Замзам кудугунун башында отурушкан кезде
Ибрахим алейхиссалам: "Эй, Исмаил! Аллаху таала мага Өз заты үчүн бир үй куруумду
буюрууда. Сен да жардам бересиңби?” — деп сурады. Исмаил алейхиссалам болсо:
"Албетте, жардам берем”, — деп жооп берди. Ибрахим алейхиссалам: "Йа, Рабби!
Каабаны кайсы жерге курайын?” — деп сурады. Хак таала: "Биз сага анын ордун
көрсөтөбүз”, — деп буюрду. Бир риваятка караганда, Каабанын ордун Жабраил
алейхиссалам көрсөттү. Ошентип Ибрахим алейхиссалам уулу Исмаил менен бирге пайдубал
каза баштады. Адам алейхиссаламдын заманында казылган пайдубалды табышты. Ошол
эле пайдубалдын үстүнө Каабаны кура башташты. Жабраил алейхиссаламдын сыпаттап
көрсөтүүсү боюнча Ибрахим алейхиссалам имаратты Исмаил алейхиссалам алып келген
таштар менен куруп жатты. Акыры Каабанын дубалдары бийиктеп, өйдө жагына таш
жетпей турган болуп калды. Ошондо чоңураак бир таш алып келишти. Ибрахим
алейхиссалам бул ташка басып, дубалды тургузууну улантты. Мубарек бутунун изи
түшкөн бул таш Макам-ы Ибрахим деп
аталды. Каабада таваф намазы бул таш турган жер болгон Макам-ы Ибрахимде
окулат. Имаратты курууда периштелер таш ташууда Исмаил алейхиссаламга жардам
беришти. Кезек Хажар-ул-Асвадга келгенде Ибрахим алейхиссалам: "Эй, Исмаил!
Жакшы бир таш алып кел, ажыларга белги болсун!” — деп буюрду. Исмаил
алейхиссалам бир таш алып келди. Ибрахим алейхиссалам: "Мындан да жакшыраак таш
алып кел”, - дегенинде, Абу Кубайс тоосунан: "Жабраил алейхиссалам топон суу
учурунда мага бир таш аманат кылган эле. Кел, аны ал!” — деген бир үн укту.
Мунун негизинде Хажар-ул-Асвад ташы Абу Кубайс тоосунан алынып, Каабадагы
ордуна жайгаштырылды.
Ата-уул Каабаны куруп бүтүрүшкөндө,
Бакара сүрөсүнүн 127-аяти каримасынын маанисинде билдирилгендей: "Йа, Рабби! Бизден бул кайырлуу ишти кабыл эт!
Чындыгында, Сен дуабызды угуучу, ниетибизди билүүчүсүң”, - деп нияз кылышты
(жалбарышты).
Кааба-и муаззама Ибрахим
алейхиссаламдан кийин мезгил-мезгили менен кыйрап, кайрадан курулган. Бул
курулуштардын бири Расулуллах алейхиссаламга пайгамбарлык билдириле электе
болгон. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз ал кезде отуз беш жаштарда эле. Жамгыр жана
селдер Каабанын дубалдарынын абдан эскирип кетишине себеп болгон эле. Андан
сырткары, чыккан бир өрт зыян тийгизгендиктен, имаратты кайрадан куруу керек
эле. Бул боюнча Курайш уруусу Каабаны Ибрахим алейхиссалам курган пайдубалга
чейин бузуп, кайрадан курууга чечим чыгарышты. Керектүү материалдарды жана
акчаны камсыз кылууга аракет кылышты. Бирок, топтолгондор муктаждыкка жетишсиз
болуп, Каабаны Ибрахим алейхиссалам орноткон пайдубалдын үстүнө кура турган
өлчөмдө эмес эле. Өз ара кеңешишти. Каабанын пайдубалынын бир тарабын
кыскартууга, топтолгон материалдын өлчөмүнө жараша таштан имарат курууга чечим
кабыл алышты. Хатим деп аталган жарым ай формасындагы кичинекей дубал менен
Каабанын ортосун бош калтырып, төрт бурчтуу кылып, түндүк дубалын алты аршын
бир карыш (бир аршын = 68 см) ичкериден башташты. Башка дубалдарды эски
пайдубалдын үстүнө курууну улантышты. Дубалдар бир катар таш, бир катар тактай
менен өрүлүп жатты. Өздөрү каалабаган кишилерин ичкери киргизбөө үчүн сел
сууларын шылтоо кылып, Каабанын эшигин жер деңгээлинен бир адам бою бийиктиктен
башташты. Каабанын ичин эшиктин босогосунун деңгээлине чейин топурак менен
толтурушту. Хажар-ул-Асвад коюла турган жерге чейин имаратты бийиктетишти.
Бирок, Хажар-ул-Асвадды ордуна жайгаштыруу маселесинде пикир келишпестикке
кабылышты. Ар бир уруу бул шарапатка ээ болууну каалагандыктан, араларында чоң
талаш-тартыш чыкты. Абдуддар уулдары: "Бул ишти бизден башкасы кылса кан
төгөбүз”, - деп чакырык ташташты. Төрт-беш күнгө созулган бул келишпестик
себебинен дээрлик кан төгүлө жаздады. Бул учурда Абдулмутталибдин таякеси жана
жашы улуу киши болгон Хузайфа бин Мугира: "Эй, Курайш коому! Келише албай жаткан
ишиңер боюнча өкүм берүү үчүн мобул эшиктен алгачкы болуп кире турган затты
араңарда калыс кылгыла”, - деп, Каабага ачылган Бани Шайба эшигин көрсөттү. Ал
жердегилер бул сунушту кабыл алышып, иштин эң назик учурунда бул маселени чече
турган кишини күтө башташты. Акыры эшиктен чынчылдыгын, үстөм ахлагын өтө
жогору баалашкан жана "Ал-Амин”, башкача
айтканда, дайыма ишенимдүү деп аташкан Мухаммед алейхиссаламдын келгенин
көрүштү. Баары бир ооздон: "Мына, Ал-Амин! Анын өкүмүнө ыраазыбыз”, - дешти.
Абал Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламга түшүндүрүлгөндө, ал бир
кездеме сурады. Аны жерге жайып, Хажар-ул-Асвадды кездеменин үстүнө койду да:
"Ар бир уруудан бирден киши бир учунан кармасын”, - деп буюрду. Ташты коюла
турган жерге чейин көтөрттү. Андан соң Өзү ташты кучактап, ордуна койду.
Ушундайча чыгайын деп турган чоң кагылышуунун алды алынганын көргөн уруулар бул
ишке ыраазы болушту.
Эшиктин бийиктигин төрт аршын бир карыш
кылып имаратты бүтүрүп, чатырынын түз болушун туура көрүштү. Үстүнө жааган
жамгырлардын агуусу үчүн түндүк тараптагы дубалга бир даана кобул (Алтын Кобул)
жасашты. Имарат бүткөндө колдорунда бираз материал ашып калды. Аны менен түндүк
тарапта калган, кура албай калган пайдубалдын үстүнө бийиктиги аз болгон бир
дубал тургузушту. Ушундайча Хатимдеп аталган жарым ай формасындагы дубал пайда болду. Бул дубал менен түндүк дубалдын
ортосу Каабага таандык, башкача айтканда, Каабанын ичи болуп саналат. Ошол
себептен таваф кылып жатканда Хатимдин сыртынан айланып өтүлөт. Хатимдин ичинде
намаз окуу абдан баалуу. Исмаил алейхиссаламдын ыйык кабыры да Хатимдин ичинде.
683-жылы (х. 64) Хусейн бин Нумайр ас-Сакунинин
Меккени курчоого алуусу учурунда Кааба толугу менен күйүп кетти. Бул убакта
Абдуллах бин Зубайр хазреттери Хажар-ул-Асвадды күмүш алкак менен байлады.
Абдуллах бин Зубайр Пайгамбарыбыз
алейхиссаламдын Хазрети Айшага: "Сенин
коомуң Бейтуллахтын имаратын кыскартышты. Материалдык мүмкүнчүлүктөрү жетпей
калып, Хатим тараптан бир нече аршан жерди калтырып коюшту. Эгер сенин
коомуңдун заманы күфүргө жакын болбогондо, Каабаны бузуп, алар калтырган
бөлүктү Ибрахимдин (алейхиссалам)салган алгачкы пайдубалынын үстүнө курмакмын. Бейтуллахка кошумча жер
деңгээлинен эки эшик да жасамакмын. Бири чыгыш, экинчиси батыш эшиги болмок.
Адамдар чыгыш эшигинен кирип, батыш эшигинен чыгышмак...”, - деп айткан
хадиси шарифине ылайык Кааба-и муаззаманы кайрадан курдура баштады. Ушундайча
Кааба Ибрахим алейхиссалам салган пайдубалдын үстүнө курулган болду. Эшиктер
жер деңгээлине түшүрүлдү. Хажар-ул-Асвадды ордуна Абдуллах бин Зубайрдин уулу
Уббад менен Жубайр бин Шейба жайгаштырышты. Каабага Мысырда токулган жогорку
сапаттагы кездеме менен жапкыч жасалды.
Каабанын бул абалы Халифа Абдулмалик
бин Марвандын Мекке акимдигине дайындаган Хажжаж бин Юсуфтун заманына чейин
уланды. Хажжаж халифага кат жазып, Каабаны мурункудай кылып курууну каалаганын
билдирди. Сунушу кабыл алынганда түндүк дубалын бузуп, Хатимди сыртта калтырды.
Батыш эшигин жаап салды. Чыгыш эшигин бийиктетти. Ушундайча Кааба-и муаззама
бүгүнкү абалга келди.
Мындан кийин Кааба кайрадан бузулуп
курулган жок. Бирок, мезгил-мезгили менен Османлы султандары оңдоп-түзөө жана
жасалгалоо иштерин жүргүзүштү. Мисалы, 1612-жылы Султан Биринчи Ахмед Хан сексен
миң Османлы алтынын жумшап оңдоп-түзөө иштерин кылдырган, мындан он сегиз жыл
өткөндөн кийин уулу Төртүнчү Мурад Хан көптөгөн алтын жумшап, оңдоп-түзөө жана
жасалгалоо иштерин жүргүзгөн.
Кааба-и муаззама Масжид-и Харамдын
ортосунда төрт бурчтуу таштан салынган бир бөлмө болуп, бийиктиги 17 метр.
Түндүк дубалы 8,8 метр, түштүк дубалы 7 метр, чыгыш дубалы 11,9 метр, батыш
дубалы 12,8 метр узундукта. Чыгыш жана түштүк дубалдарынын ортосундагы бурчта
Хажар-ул-Асвад ташы бар. Хажар-ул-Асваддын бийиктиги жерге салыштырмалуу бир
метрден ашык. Таш ажылардын колдорун, жүздөрүн сүрүүлөрү жана өбүүлөрү
себебинен чуңкурланып калган. Каабанын чыгыш дубалында бир эшик бар. Эшик
жерден 1,7 м бийиктикте болуп, туурасы 1,7, бою 2,7 метр. Дубалдарынын ички
бети жана полу түстүү мраморлор менен капталган.
Каабанын төрт бурчу Рукн деп
аталат. Шамга караган бурчу Рукн-и Шами, Багдадка караганы Рукн-и
Ираки, Йемен тараптагысы Рукн-и Йемани, төртүнчү бурчу болсо Рукн-и
Хажар-ул-Асвад деп аталат. Рукн-и Ираки тарапта; жетөө мрамордон, калган
тепкичтери жыгачтан жасалган, 27 тепкичтүү, мунара тепкичи сыяктуу тегерек
болгон тепкичти Османлы султандарынан Экинчи Мустафа Хан жаңылаган. Эшиктин оң
тарабында чуңкур жана шыпка чейин көтөрүлгөн үч тирек жайгашкан. Каабанын
сырткы бети жибектен токулган кара парда менен жабылган. Эшиктин пардасы жашыл
атластан.
Замзам кудугу Масжид-и Харамдын ичинде,
Хажар-ул-Асвад бурчунун каршысында жана бурчтан 8 метр алыстыктагы бир бөлмөдө
болуп, 1,8 метр бийиктикте таштан жасалган алкагы бар. Султан Биринчи
Абдулхамид Хан салдырган бул бөлмөнүн полу мрамор төшөлгөн жана дубалдарга
карай жантайыңкы келет.
Дүнүйөдө Мекке-и мукаррамадагы Каабадан
башка экинчи бир Кааба жок жана бул жер жер жүзүнүн эң баалуу жери.
Каабаны таваф кылуунун пазилети тууралуу
сүйүктүү Пайгамбарыбыздын абдан көп хадиси шарифтери бар. Булардан бир канчасы
төмөнкүчө:
"Ким Бейтуллахты таваф кылса, Аллаху таала анын ар бир кадамына бир сооп
жазып, бир күнөөсүн өчүрөт.”
"Бул бейт Исламдын тиреги. Ким бул бейтти зыярат кылуу максатында ажылык же
умра кылуу үчүн чыкса, (бул жолдо) каза болгон учурда Аллаху таала аны Бейишке
киргизүүгө, соо калган учурда олжо жана сыйлык менен мекенине кайтарууга убада
берет.”