Ислам дини » Кошумча темалар » Куран котормосу жана тафсир » Курани каримди кантип түшүнөбүз




Курани каримди кантип түшүнөбүз


Суроо: Курани каримди түшүнүү үчүн эмне кылуубуз керек?

Жооп

Курани каримдин чыныгы маанисин түшүнүүнү каалаган бир адамдын дин аалымдарынын калам жана ахлак китептерин окуусу керек. Бул китептердин бардыгы Курани каримден жана хадиси шарифтерден алынган. Курандын котормосу деп жазылган китептер туура маанини бере албайт. Окугандарды буларды жазган адамдардын көз караштарына жана максаттарына туткун кылып, динден чыгууларына себеп болот.

Кураны каримди эч бир тилге которуу мүмкүн эмес. Жада калса, кандайдыр бир ырды дагы башка тилге толук которуу мүмкүн эмес. Анын түшүндүрмөсүн гана жазууга болот. Курани каримдин маанисин котормосунан түшүнүүгө болбойт. Бир аяттын маанисин түшүнүү деген сөз Аллаху тааланын ушул аят аркылуу эмне демекчи экенин түшүнүү дегенди билдирет. Бул аяттын кандайдыр бир котормосун окуган адам мурад-ы илахини (илахи максатты) үйрөнө албайт. Котормочу эмнени түшүнгөн болсо, ошону гана үйрөнөт. Курандын эч бир котормосунан дин үйрөнүлбөйт. Динин үйрөнүшү үчүн бир адамдын колуна эң мыкты деп билинген котормону берүү океандын ортосунда болгон адамга бир жыгачтын сыныгын бергенден да жаман. Анткени, бул бир сынык жыгач менен адам жээкке чыга алышы да мүмкүн, чыга албаса өлөт жана ыймандуу болсо Бейишке барат. Бирок, котормодон динди үйрөнүүгө аракет кылган адам ыйманын жоготуп алышы мүмкүн. Же болбосо деңизде сүзгөн адамдарды карап: "Сууда сүзүү оңой, баары сүзө алат”, - деп эсептеп, сүзгөндү билбеген бир жаш жигитти океандын ортосуна таштоо Куранга маани берүүнүн жанында жеңил болуп калат. Себеби, сүзгөндү билбеген адам чөгүп өлөт, бирок, Курани каримге жаңылыш маани берген адам куфурга түшүп, Тозокко кетет.

Ансыз деле, биз сыяктуулардын динди үйрөнүүбүз үчүн тафсир жана хадис окуубуз туура эмес. Себеби, Куран жана хадисти жаңылыш түшүнүп алуу же шектенүү ыйманды кетирет. Бул ичке маселени абдан жакшы билгендиктен Хазрети Абу Бакр: "Куранды жеке көз карашым менен тафсир кылууга тырышсам мени кайсыл жер көтөрөт, кайсыл асман көлөкөлөйт”, -деп айтты. (Шир’а)

Чыныгы аалымдар жазган тафсир китептерин түшүнө алуу үчүн жыйырма негизги илимди мыкты үйрөнүү зарыл. Тафсир илимин билбеген адамдын хадис жана тафсир окууга аракет кылуусу ашказаны ооруган адамдын кубат алуу үчүн майлуу тамактарды жегенине окшойт. Негизи бул адам алгач диета кармап, анан гана күчтүү тамактарды жеши керек. Негизги илимдерди окубаган адам динди үйрөнүү үчүн Курандын котормосун, тафсир, хадисти окууга тырышса, жаңылыш түшүнүп алып, динин да, ыйманын да жоготуп алат. Белгилүү тафсирлер дагы адисинен башкасына зыяндуу болот.

Курани каримди түшүнө алуу үчүн Расулуллахтын түшүндүрмөлөрүн билүү зарыл. Сүннөттү да түшүнө алуу үчүн сахабалардын жана аалымдардын түшүндүрмөлөрүн билүү зарыл.

Сатылып жаткан кыргызча тафсир китептерде жеке көз караштар жазылган. Окуган адамга зыяны пайдасынан көбүрөөк. Айрыкча, Ислам душмандарынын, динсиздердин, бидатчылардын атайын Курани каримдин маанисин бузуу үчүн жазган тафсирлери уу болуп саналат. Мындай тафсирлерди окуган жаш зээндерде бир топ күмөн жана каршылыктар пайда болот.

Курандын чыныгы тафсирин жасаган, туура маанисин берген киши жалгыз гана Мухаммед алейхиссалам жана Анын хадиси шарифтери. Бул хадиси шарифтерди дагы жалгыз сахабалар менен мужтахид аалымдар гана түшүнө алышкан. Мусулмандар болсо бул аалымдардын түшүнгөндөрү менен амал кылышкан. Ушундай экенине карабастан Курандан, хадистен жана булардын котормолорунан дин үйрөнүү мүмкүн эмес. Ар бир мусулман динин ахли сүннөт аалымдарынын китептеринен даярдалган илмихал китептеринен үйрөнүүгө тийиш.

Айрым адашкандар: "Түшүнбөй эле Куранды окугандын пайдасы болбойт, котормосун окуш керек”, - деп айтышууда. Имам Газали хазреттери айтат: "Имам Ахмед бин Ханбал Аллаху тааланын: "Түшүнсө дагы, түшүнбөсө дагы Куранды окуган адам менин ыраазылыгымды табат”, - деп айтканын билдирди.” [Ихйа]

Фыкх илими

Суроо: Фыкх үйрөнүү Курандын маанисин үйрөнүүдөн да артык сооппу?

Жооп

Фыкх - жашоонун жан тамыры. Мусулмандын фыкхсыз жашоосу болбойт. Имам Азам хазреттери фыкх тууралуу: "Өзүнө пайда жана зыян болгон нерселерди билүү”, -деп айткан. Пайдасын, зыянын билбей туруп бир иш кылган адамды жинди деп айтышат. Динде дагы пайдасын, зыянын билбегендик балакет. Фыкхты билбей ибадат кылынбайт, ыйман да корголбойт.

Базардагы котормолор бири-бирине дал келбейт. Эң туура делген котормодон дагы фыкхты үйрөнүү мүмкүн эмес. Мисалы, Курани каримде "Намаз окугула” деп буйрук кылынат, бирок, кантип намаз окулуусу, намаздын фарздары, намазды буза турган нерселер сыяктуу маселелерди Курани каримден таба албайбыз. Курани каримди Пайгамбарыбыз алейхиссалам хадиси шарифтери аркылуу түшүндүрүп берген. Хадиси шарифтерди да Ислам аалымдары түшүндүрүп берген. Ошондуктан, Курани каримдин чыныгы маанисин түшүнүүнү, үйрөнүүнү каалаган адам котормосун эмес, Ислам аалымдарынын калам, фыкх жана ахлак китептерин окуулары керек. Бул китептердин бардыгы Курани каримден жана хадиси шарифтерден алынган. Мухаммед Хадими хазреттери айтат:"Бизге тафсир китептери боюнча амал кылуу буйрук кылынган эмес. Фыкх китептерине моюн сунуубуз буйрук кылынды.” (Барика)

Хадистер - аяттардын түшүндүрмөлөрү

Суроо: Курани каримди Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын хадистерисиз түшүнүү мүмкүнбү?

Жооп: Бул маселеге байланыштуу Мизан-ул-кубра китебинде айтылат: "Сүннөт, башкача айтканда, ыйык хадистер Курани каримди түшүндүрүүдө. Мазхаб имамдары сүннөттү түшүндүрүп беришкен. Дин аалымдары да мазхаб имамдарынын сөздөрүн түшүндүрүп беришкен. Кыяматка чейин дагы ушундай болот. Сүннөт (ыйык хадистер) болбогондо сууларды, дааратты, намаздардын канча рекет экендигин, руку менен саждада окулчу зикирлерди, айт жана жаназа намаздарынын кантип окула тургандыгын, зекеттин нисабын, орозонун, ажылыктын парздарын жана нике, укуктук маалыматтарды бир да аалым Курани каримден таба алмак эмес жана үйрөнө алмак эмес. Имран бин Хусейн хазреттерине бир адам:

- Бизге жалгыз Курандан гана айтыңыз! – дегенде,

- Эй, акылсыз! Курани каримде намаздардын канча рекет экендигин таба аласыңбы? – деп сурады.

Хазрети Омарга:

- Парз намаздарын сапарда канча рекет окула тургандыгын Курани каримде таба алган жокпуз, - деп айтышканда,

- Аллаху таала бизге Мухаммед алейхиссаламды жиберди. Биз, Курани каримде таба албаган нерселерибизди Расулуллах алейхиссалам хазреттеринен көргөнүбүздөй кылуудабыз. Ал сапарда төрт рекет парздарды эки рекет кылып окучу. Биз дагы ушундай кылабыз, - деп жооп берди.

Дин имамдарынын эч бир сөзү Исламдын сыртында эмес. Себеби, алардын ар бири чындыкта дагы, Ислам өкүмдөрүндө дагы аалым.

Курандын маанисин үйрөнгүсү келген адам

Суроо: Курани каримде билдирилген нерселерди түшүнө алуу жана үйрөнүү үчүн эмне кылуу керек? 

Жооп: Аллаху таала Курани каримди сүйүктүү Пайгамбарына Жабраил аттуу периште аркылуу 23 жылда жиберди. Пайгамбарыбыздын көзү өткөндөн кийин Хазрети Абу Бакрдын буйругу менен бир китеп кылып жыйналды жана бул китеп "Курани карим” (Ыйык Куран) жана "Мусхаф” деп аталды. Курани каримдин бардыгы арапча. Маанисин ар бир адам түшүнө албайт. Калами илахиден (Аллахтын сөзүнөн) мурады илахийди (Аллахтын муратын, максатын) жалгыз Мухаммед алейхиссалам гана түшүнгөн жана кутман сахабаларына түшүндүрүп берген. Мухаммед алейхиссаламды өз көзү менен көргөн мусулман "Сахаба” деп айтылат, бардыгы "Асхаб” деп айтылат. Кутман сахабалар Расулуллах хазреттеринен үйрөнгөндөрүнүн бардыгын шакирттерине үйрөтүшкөн. Алар дагы үйрөнгөндөрүн чечмелеп, миңдеген китептерине жазып калтырышты. Булар "Ахли сүннөт аалымдары” деп аталат. Төрт мазхаб имамдары жана Имам Ахмед Раббани, Мухаммед Масум хазреттери Ахли сүннөт аалымдары. Белгилүү болуп жаткандай, Курани каримдин маанисин туура үйрөнүүнү каалаган адам Ахли сүннөт аалымдарынын Фыкых жана Ыйман китептерин жана Имам Раббани хазреттеринин "Мектубат” китептерин окууга тийиш. Ыйман китептеринде жүрөк аркылуу ишениле турган маалыматтар жазылган. Фыкых китептеринде болсо дене менен аткарыла турган иштер, ибадат, муамалат илимдери жазылган.        


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш