Суроо: Курани карим сыяктуу анын меали делип башка тилде
чыгарылган котормолору дагы Аллах келамыбы? Намазда окуса болобу?
ЖООП
Аллах келамы (сөзү) болбогондуктан намазда окула
албайт. Имам Газали хазреттери: «Аллаху тааланын келамы болгон Курани каримди
окууда ооздон чыккан ариптер «от» деп айтуу сыяктуу. «От» деп айтуу оңой,
бирок, отко эч ким чыдай албайт. Бул ариптердин маанилери дагы ушундай. Бул
ариптер башка ариптерге окшобойт. Бул ариптердин маанилери майданга чыкса жети
кабайт жер менен жети кабат асман чыдай албайт. Аллаху таала Өз сөзүнүн
улуулугун, сулуулугун бул ариптердин ичине жашырып адамдарга жиберген», -
деген. (К.Саадат)
Курани каримди түшүнүү мурад-ы илахини (Аллахтын
муратын, максатын) түшүнүү дегенди билдирет. Меал болсо аны жазган адамдын аяти
каримадан өзү эмнени түшүнгөн болсо ошону билдирүүсү деген сөз. Б.а., меал окуу
менен мурад-ы илахини (б.а., Аллаху таала бир аят менен эмнени мурат
көздөгөндүгүн, эмнени билдиргиси келгендигин) билүүгө болбойт, тескерисинче,
ошол меал китепти жазган адамдын жеке пикирине туткундалган болот. (саллаллаху
алейхи ва саллам) аны кандай ачыктаганына муктаждык бар. Андай болбогондо
Пайгамбарыбызды жиберүүгө зарылдык болмок эмес, арапча билгендер түп
нускасынан, билбегендер болсо анын котормо меал китептерин окуп ыйман жана
ибадаттарын ушуга карай орундашмак. Курани каримде Пайгамбарыбызга
(алейхиссалам) мындай мааниде: «Куранды адамдарга баян кыласың,
түшүндүрөсүң деп сага түшүрдүк», - буюрулууда. «Хужжетуллахи
алел-алемин»китебинде билдирилгендигине караганда бул жердеги баян кылуу
аяти карималарды башка сөздөр менен жана башка шекилде түшүндүрүү дегенди
билдирет. Эгер баары Курани каримди туура түшүнө алышканда 72 бузук фырка пайда
болмок эмес, баары туура ишеним (итикад) кылып Ахли сүннөт итикадында болушмак.
Ар ким ар кандай түшүнгөндүктөн жана ар кандай котормо жасашкандыктан 72
жаңылыш фырка пайда болгон. Куран меал китептерин Курани карим сыяктуу
эсептебеш керек. Меал, котормо окуу менен дагы Курани каримде эмнелер
түшүндүрүлгөндүгүн дагы туура үйрөнүүгө болбойт. Мисал иретинде айта турган
болсок, Курани карим баш мыйзам (конституция) сыяктуу. Ошол баш мыйзамдын
чегинде мыйзамдар, токтомдор, беренелер, башкаруу көргөзмөлөр болбосо бир гана
баш мыйзам менен күнөөлүүлөр жазаландырылбайт.
Накылга негизделген фыкых, келам,
тасаввуф, ахлак, илмихал, сийер китептеринде Курани каримде
билдирилген бардык маселелер кенен түрдө Пайгамбарыбыздын (алейхиссалам) хадиси
шарифтери, Ахли сүннөт аалымдарынын ачыктоолору негиз алынып билдирилген.
Курани каримде эмнелер түшүндүрүлгөнүн ушул китептерден гана дурус туура
үйрөнүүгө болот.
Османлылар Ислам душманы беле?
Дагы бир нерсе, кылымдардар бери Ислам аалымдары
азыркы күндө болуп жаткан шекилде эч бир меал китеп жазышкан эмес. 600 жылдык
Османлы мамлекетинде дагы меал жазылган эмес. Андан мурдагы мусулмандар дагы
жазышкан эмес. Меал китептеринин жазылуусуна биринчилерден болуп мусулман
эместер түрткү болушкан, кийин ар кандай максаттар менен меал китеп жазуу
жарышы башталган. Анда эмне меал жазбаган Османлылар Ислам душманы беле? Меалга
каршы болууну Курани каримге каршы болуу деп эсептегендер жок дегенде ушуну да
ойлоно алышпайбы?