Ислам дини » Кошумча темалар » Куран котормосу жана тафсир » Аят жана хадистен далил көрсөтүү




Аят жана хадистен далил көрсөтүү


Суроо: Тафсир жана хадис окуу туура эмес болсо, анда сайтыңардагы аяттардын маанилерин жана хадистерди окуу туура эмес болуп жатпайбы?

Жооп: Жаңылыш болбойт, анткени, биз кандайдыр бир жазууга далил катары өзгөчө ыйык аят менен хадистин тафсирин жазып жаткан жокпуз. Биз эч бир аятты Курандан жана эч бир хадисти хадис китептеринен алып жаткан жокпуз. Туура маани чыгара турган болсок деле ката болот. Анкени, буга акыбыз жок. Бир ыйык хадисте: "Куранды жеке көз карашына ылайык чечмелеген адам капыр болот”, - деп айтылган.

Бир адам жеке көз карашынын негизинде Курани каримден маани чыгара турган болсо, чыгарган мааниси туура болсо деле, машру (шарият уруксат берген) жолдун негизинде маани бербегендиги үчүн ката кетирген болот. Чыгарган мааниси жаңылыш боло турган болсо капыр болот. (Барика)

Дагы бир ыйык хадисте айтылды:

"Курани каримди жеке көз карашы менен чечмелеген адам, туура болсо деле, сөзсүз ката кетирген болот”. (Насаи)

Ислам аалымдары кандайдыр бир маселени түшүндүрүшкөн кезде ыйык аят менен хадистерден далил көрсөтүшкөн болсо, биз дал ошол калыбында, өзгөртпөстөн накыл кылып жатабыз. Тактап айтканда, Бухари, Муслим, Табарани, Дайлами, Баззар сыяктуу хадис китептеринен түздөн-түз алып жаткан жокпуз. Ушул сыяктуу эле, Курани каримден жана кандайдыр бир тафсирден аят дагы алып жаткан жокпуз. Ислам аалымдарынын китептеринде өткөн болсо, жазуу менен бирге аяттын тафсирин жана хадиси шарифти алып жатабыз. Зарылдык пайда болсо ал жерде өткөн хадиси шарифтин кайсы хадис китебинде жазылгандыгын жана аяттын тафсирин кайсы сүрөдөгү аят экенин да жазып жатабыз.

Динибизди үйрөнүү үчүн тафсир жана хадиси шариф окуп өкүм чыгаруу жаиз эмес. Анткени, Курани каримди жана хадиси шарифти жаңылыш түшүнүү жана күмөндөнүү ыйманды кетирет. Жалгыз арап тилин билүү менен гана тафсир жана хадис түшүнүлбөйт. Арап тилин билген ар бир адамды аалым деп эсептей бербеш керек. Бейрутта эне тили арапча болгон поптор көп, бирок, алардын эч бири Исламды билбейт.

Имам Раббани хазреттери айтат:

Бир да жаңылыш болбогон, ишениле турган жалгыз Курани карим менен хадиси шарифтер. Анткени, экөө тең сөзсүз туура болгон, вахи менен периште аркылуу түшүрүлгөн. Аалымдардын сөз бирдиги жана мужтахидтердин ижтихады да ушул эки туура булактан алынган. Мына, Исламдын бул төрт негизинин сыртында калган маалыматтар, эмне болсо болсун, ушул төрт негизге шайкеш болсо гана кабыл кылынат. Шайкеш болбогондор, олуянын илимдери, марифаттар, кашифтер болсо дагы кабыл кылынбайт. (Өзүн окумуштуу деп эсептеген, табият таануу илимдеринин туурагычтарынын, тажырыйба жана далилденген маалыматтардын арасына, бузук пикирлери менен аралаштырган гипотеза, теория да болбогон сөздөрү да ушундай деп кабыл кылынат.) (М. 217)

Мухаммед Хадими хазреттери айтат:

Диндеги төрт далил мужтахид аалымдар үчүн. Биз үчүн далил - мазхабыбыз билдирген өкүм. Анткени, биз аяттан жана хадистен өкүм чыгара албайбыз. Ошондуктан да, мазхабыбыздын бир өкүмү насска (аят же хадиске) туура келбей жаткандай көрүнсө дагы биз мазхабыбыздын өкүмүнө уябыз. Анткени, насс ижтихад талап кылыш мүмкүн, тавил кылынышы керек болушу мүмкүн жана насх кылынган болушу мүмкүн. Буларды жалгыз мужтахид аалымдар гана түшүнүшөт. Ошондуктан, тафсир жана хадис эмес, накылды негиз кылып алган фыкых китептерин окуу керек. (Барика, 94-бет)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш