Ислам дини » Кошумча темалар » Музыка жана обон » Музыканын диндеги өкүмү




Музыканын диндеги өкүмү


Суроо: Музыка харамбы?

ЖООП
"Симанын” жаиз болгон жерлери бар. Кээ бирөөлөр китептердеги "сима” деген сөздү "музыкалык аспап” деп которуп алгандыктан мубах болгон музыкалык аспаптар бар деп түшүнүлүүдө. Төмөндөгү жазуулардын бардыгы Ислам аалымдарынын китептеринен алынган. Кайдан алынгандыгы акырында жазылган. Өзүбүздөн кошкон бир дагы сүйлөм жок.

Музыкалык аспапсыз, обондуу добуш "сима” деп аталат. Музыкалык аспап менен бирге чыккан адамдын үнү гына (музыка) деп аталат. Гына болсо харам болуп саналат. (Дурр-ул меариф)

Локман сүрөсүнүн 6-чы аятындагы "лахв-эль хадис” сөзүн аалымдар музыка, музыкалык аспап деп билдиришкен. Хазрети Ибни Масуд "лахв-эль хадис” сөзүнүн мааниси музыкалык аспап жана музыка экендигин ант кылып айткан. (Тафсири ибни Кесир, Тафсири медарик) (Ибни Масуддай улуу сахабага ишенбеген наадандарга башка айта турчу сөз барбы?)

"Мавахиби алиййа” деп аталган тафсирде лахв-эль хадис аяты мындайча тафсирленген:

Жалган аңгемелерди жазып же ырчы аялдарды жыйнап адамдарга музыкалык аспап менен обон ыр угузуп, Курани каримди тыңдоого кедерги болууга аракет кылгандарга Жаханнам отун сүйүнчүлө! (Мавахиб тафсири)

Тафсирчилер Исра сүрөсүнүн 64-чү аятында шайтанга "Вастафзиз... би савтика” [үнүң менен ойнот] деп айтылуунун музыкалык аспап менен ойнот деген маанини билдиргендигин, бул аятта аспаптын бардык түрүн харам кылгандыгын билдирген. (Шейхзада)

Тафсир аалымдары "Энам” сүрөсүнүн 70-чи аятын "Диндерин (ыр менен, музыка менен) оюн-зоокко айландырган адамдардан узак бол” деп тафсирлеген.

Медарик тафсиринде "антум самидун” сөзү "Куран окулгандыгын угушканда аны тыңдатпоо үчүн теганни кылып (обон салып), ойноп башташар эле” деп ачыкталган. Ибни Аббас жана Мужахид хазреттери да бул сөздүн ыр экендигин айтышкан. (Игасат-ул-Лахфан)

Курани каримде мындай делет:

"Пайгамбардын буйругуна моюн сунгула, тыюу салган нерселеринен сактангыла!” (Хашр 7)

"Аллахтын Расулуна моюн сунган адам Аллахка да моюн сунган болот.” (Ниса 80)

"Ал пайгамбар көркөм, жакшы нерселерди халал, жаман, ыплас нерселерди харам кылат.” (Араф 157)

"Ал өзүнө вахий жолу менен келгендерден башка нерсе айтпайт.” (Нажм 3, 4)

"Ортолорундагы түшүнүшпөстүктө сени казы кылып дайындап, берген өкүмүңдү тайманбастан кабыл кылмайынча ыйман эткен болбойт.” (Ниса 65)

"Аллах жана расулу бир иш жөнүндө өкүм бергенде ыйман келтирген аял-эркекке ал ишти өз каалоосуна карап тандоо акысы калбайт.” (Ахзаб 36)

"Куранды сага адамдарга түшүндүрсүн деп түшүрдүк.” (Нахл 44)

Эми Пайгамбарыбыз жогорудагы аяти карималарды кандайча ачыктаган ошону карайлы:

"Эң алгач теганни кылган (музыкалык аспап менен ырдаган) шайтан болуп саналат.” [Таберани]

"Үнүн гына менен (музыкалык аспап менен) чыгарган адамдын жолдошу шайтан болот.” [Дайлами]

"Рахмет периштелери коңгуроо [колокол] болгон жерге кирбейт.” [Несаи]

"Рахмет периштелери ит жана коңгуроо болгон кербенге жакындабайт.” [Муслим, Абу Давуд, Тирмизи]

"Коңгуроо шайтандын мизмары.” [Муслим, Абу Давуд, Несаи] (Мизмар – музыкалык аспап)

"Ырчы аялды тыңдоо, жүзүн кароо - харам. Акчасы да харам болот. Кимдин эти харам менен азыктанган болсо ага Жаханнам оту ылайык болот.” [Таберани]

"Бир заман келет, үмөтүмөн кээ бирлери зинаны, жибек кийүүнү, спирт ичимдик ичүүнү, мизмарды [музыкалык аспапты] халал деп чыгарышат.” [Бухари]

"Музыка зинага жол ачат.” (Мектубат-ы Раббани 3/41)

"Музыка көңүлдө мунафыктык [эки жуздүүлүк] пайда кылат.” [Байхаки]

"Суу өсүмдүктөрдү өстүргөндөй ыр, оюн-зоок да көңүлдө мунафыктыкты өстүрөт. Аллаху таалага ант кылам, суу өсүмдүктөрдү өстүргөн сыяктуу Куран жана зикир көңүлдө ыйманды өстүрөт.” [Дайлами]

"Раббим мага спирт ичимдикти, кумарды, дарбуканы [барабан түрү] жана ыр ырдаган аялдарды харам кылды.” [И.Ахмед]

"Расулуллах музыкалык аспаптар менен акча табууга тыюу салды.” [Бегави]

"Үммөтүмөн кээ бирөөлөр спирт ичимдиктерге башка ат коюп ичет. Ырчы аял жана музыкалык аспаптар менен оюн-зоок курат. Аллаху таала аларды жердин түбүнө батырып доңуз жана маймылдарга айландырат.” [Ибни Маже]

"Мына бул беш нерсе чыга турган болсо үммөтүмдүн куруусу хак болот: Бири-бирине лаанат айтуулары, спирт ичимдигин ичүү, жибек кийим кийүү, музыкалык аспаптар жана эркектин эркек менен, аялдын аял менен канааттануусу.” [Дайлами]

"Мен мизмарды [музыкалык аспаптарды], буттарды жоюш үчүн келдим.” [И.Ахмед, Абу Нуайм, Ибни Нажжар]

"Иблис жер бетине түшкөндөн кийин: "Йа, Рабби, мага үй бер”, - деди. Мончолор сенин үйүң делди. Тамактангысы келди. "Бисмиллах” айтылбастан желген тамактар сеники делди. Азанчы сурады. Мизмарлар [музыкалык аспаптар] сенин азанчың делди. Жазууларың татуировка, хадистериң жалгандар. Расулуң [элчиң] көзү ачыктар, төлгөчүлөр, тузагың аялдар делди.” [Ибни Абидунйа, Ибни Жарир]

"Иблис менин китебим эмне болот деди. Сенин китебиң татуировка, суусундугуң мас кыла турчу бардык ичимдиктер, досуң жалгандар, азанчың мизмарлар [музыкалык аспаптар], мечиттериң базарлар делди.” [Таберани]

"Эки үн лаанатталат: жакшылыкка жеткенде музыкалык аспап чертүү, кыйынчылыкка туш болгондо ызы-чуу салып кайгыруу.” [Беззар]

"Аллаху тааланын ачуусуна себеп боло турган нерселер: карын ачпай туруп тамак жеш, уйку келбей туруп уктоо, күлкүлүү нерсе болбой туруп күлүү, кыйынчылыктарга ызы-чуу салып кайгыруу, жакшылыкка жеткенде мизмар [музыкалык аспап] чертүү.” [Дайлами]

"Ырчы жана обончу аялдар көбөйгөндө, бардык жакта спирттик ичимдиктер ичилгенде жерге батуу апаттары көрүлөт, көктөн таш жаайт.” [Тирмизи, Абу Давуд, Ибни Маже, И.Ахмед]

"Мына бул нерселер келе электе салих амал кылууга шашылгыла. Бийликке наадандар келе электе, коопсуздук күчтөрү көбөйө электе, өкүм акчага сатыла электе, адам өлтүрүү оңой көрүлө электе, туугандардан кабар алуу, конокко баруу токтой электе, Куран музыкалык аспаптар менен окула электе, Куранды ыр сыяктуу окуй тургандар алдыңкы катарга өтө электе.” [Таберани]

"Куран мизмарлар менен окулган кезде өлө алсаң өл.” [Таберани]

"Куранды мизмарлар менен [музыкалык аспаптар мененокугандарга Аллах лаанат кылат.” [Мусамара]

Ибни Хиббан билдирген хадиси шарифинде Расулуллах төөлөрдүн моюндарындагы коңгуроолорду алып таштагандыгы айтылат. Негизинде коңкуроо кумарды ойготпойт, бирок, ошондой болгонуна карабай Расулуллахтын аларды да алып таштоосу кумарды ойгото турган музыкалык аспаптардын, музыканын канчалык зыяндуу экендигин көрсөтүп турат. Музыкалык аспап мындай турсун, коңгуроо болгон жерге да рахмет периштелери кирбейт.

Шейхулислам Хазрети Ахмед ибн Кемал "Кырк хадис” аттуу китебинде мындай дейт:

"Мизмарларды сындыруу, доңуздарды өлтүрүү үчүн келдим.” Бул хадиси шарифтеги мизмар – бардык музыкалык аспаптар деген сөз. Ушул хадиси шариф аркылуу музыкалык аспаптардын баарына жана доңуз этин жегенге тыюу салынган.

Хазрети Абу Бакр эки жаш жария (күңдөрдүн) дэф чертип, обон салып жаткандарын көрүп аларга: "Шайтандын аспабында ойноп жатасыңарбы?” – дейт. (Бухари) Даира, дэф – манжа менен чертилген, айланасына шылдырактар тагылган тегерек музыкалык аспап.

Хазрети Ибни Умар ихрамга оронгон бир топтун ичинде ыр ырдап турган адамга: "Аллах сенин ибадатыңды кабыл кылбасын”, - деди. (Ибни Абиддунйа)

Хазрети Энес бин Малик: "Эң ыплас табыштын түрү – ыр жана музыкалык аспаптардан түшкөн табыш”, - деди. (Ибни Абиддунйа)

Хазрети Ибни Аббас: "Музыкалык аспаптар харам болуп саналат”, - деди. [Байхаки]

Аиша энебиз бир үйдө обон салып жүргөн адамды көргөндө ага: "Убал болсун сага. Бул шайтан, аны сыртка чыгаргыла”, - деди, кийин адамдар аны сыртка чыгарышты. [Бухари]

Фудайл б. Ийад хазреттери: "Музыка жана ыр зинанын үндөөчүсү”, - деп айткан. [Ибни Абиддунйа]

Шейх Мухаммед Ребхами хазреттери айтат:

"Саз, танбур, дэф жана башка музыкалык аспаптарды чертүү Аллаху тааланын буйругуна баш ийбегендик болот.” [Рияд-ун-Насыхин]

Имам Шарани хазреттери айтат:

Хаким-и Тирмизинин Навадируль Усул аттуу китепте риваят кылган хадиси шарифте Расули Акрам "саллаллаху алейхи ва саллам”: "Кимде ким ыр үнүнө кулак салса анын руханийлерди угуусуна уруксат берилбейт”, - деп билдирген. Ошол жердегилерден бири тарабынан: "Йа, Расулаллах, руханийлер деген кимдер?” – деп суралат. Расулаллах: "Жаннат ахлинин окуучулары”, - деп айтты. (Мухтасар-ы Тазкира-и Куртуби)

Хазрети Имам Биргиви мындай дейт:

Саз тыңдоодон кулактарды коргоо керек. (Рисала-и Биргиви)

Жада калса, мазхабсыз Ибни Таймийа дагы: "Ыр жана музыка шайтаний сезимдерди кыймылга салган эң таасирлүү куралдардын бири”, - деген. (Мажму-ул Фатава)

Ыр ырдоо Китеп жана Сүннөт менен тыюу салынган. (Имам Куртуби)

Ыр жана музыкалык аспаптардын харам болгондугу тууралуу ижма бар. (Ибни Салах)

Имам Раббани хазреттери айткан:

"Имам Зияэддин Шами Мултекыт аттуу китебинде: "Эч бир аалым теганнини мубах деген эмес”, - деп айткан.” (М. 266)

Курани каримди музыкага салып окуу харам. (Баззазиййа)

Музыкалык аспап чертүүнүн харам экендиги ижма менен билдирилген. (Макамат-ы Мазхариййа)

Музыкалык аспап чертүү менен же оюн арасында Куран окуган адам капыр болот. (Таргиб-ус-салат)

Имам Мунави хазреттери "Никени адамдарга угузгула! Ал үчүн мечиттерде кыйгыла жана дэф чалгыла” деген хадиси шарифти ачыктоодо: "Мечиттерде дэф чалууга болбойт. Хадиси шарифте мечиттин сыртында чертилүүсүн, мечитте болсо нике кыйылуусу буйрук кылынууда”, - деген.

Мечитте дэф, даира чалуу күнөө болгондон кийин башка музыкалык аспаптарды чертүү дагы таптакыр жаиз болбойт. Аялдар тойлордо (өз араларында) даира, дэф чертүүлөрү жаиз болот. (Радд-ул Мухтар)

Азыркы күндөгү кээ бир тарикатчылар сыяктуу айлануу, дүмбөлөк, чоор-сурнай, саз чертүү харам болот. (Тахтави шархы)

Теганни кылып окуган имамдын артында окуган намазды кайрадан окуу керек. (Халеби)

(Теганни – обондоштуруу үчүн сөздөрдү мааниси бузула тургандай кылып созуу, ар түрдүү добуштарды чыгаруу, арип кошуу же алып таштоо деген сөз.)

Курани каримди арап диалектикасына ылайык тажвид менен жана сулуу үн менен окуш керек. Абу Давуддагы хадиси шарифте: "Куранды көркөм үн менен окугула”, - деп буюрулду. Б.а., "Аллахтан коркуп окугула” дегенди билдирүүдө. Ал болсо тажвид илимине ылайык окуу менен жүзөгө ашат. Антпесе, ариптерди, сөздөрдү алмаштырып, маанисин бузуп теганни кылып окуу харам болот. (Барика)

Теганни харам болуп эсептелет. (Тибб-ун-набави)

Курани каримди теганни кылып (обонго салып) окуу жана тыңдоо харам болот. Бурханеддин Маргинани мындай деген: "Курани каримди теганни кылып (обондоштуруп) окуган каариге "сонун окудуң” деп айткан адамдын ыйманы кетет. Таждиди иман кылуусу керек болот (б.а., ыйманды жаңылоосу керек).” Кухистани дагы дал ушинтип жазган. (Дурр-ул-Мунтека)

Хазрети Ибни Абидин мындай деген:

Оюн зоок куруу, же болбосо, акча табуу үчүн адамдарга ыр ырдоо аалымдардын бир добушу менен харам деп айтылган. Музыкалык аспаптар менен бийлөө күнөө болуп эсептелет. Муңун кетирүү, көңүлсүз абалын таратуу үчүн адамдын өз өзүнө музыкасыз ыр айтуусу күнөө эмес. Музыкалык аспаптардын ичинен бир гана аялдардын тойлордо дэф жана даира сыяктуу уруу аркылуу чертиле турчу аспаптар гана жаиз болот. (Радд-ул-Мухтар)

Фасыктык (ачыкча күнөө кылына турчу) жана спирт ичимдиктери ичиле турчу жерлерде музыкалык аспап чертүү жана аны тыңдоо харам. Расулуллах бир койчу тарткан сурнай үнүн уккан кезде кулактарын жабат, бирок, жанында болгон Абдуллах бин Умарга кулактарын жабууну буйрук кылган жок. Бул туш келген кулакка урунган музыканын күнөө болбой тургандыгын көрсөтүүдө. Музыкалык аспаптарды спирттик ичимдик, оюн жана аял болгон жерлерде лаззат үчүн чертүү харам болот. Майрамда, согушта, ажылык жолунда, соордо, тойлордо жана аскерликте добул чалуу дагы жаиз болот. (Мектептерде, мамлекеттик жана саясый жыйналыштарда оркестрдик музыка, гимн, аскердик марштарды ойнотуу жаиз болот.) (Хадика)

Даира, домбура жана бардык музыкалык аспап түрүн үйдө, дүкөндө кармоо, өзү аны колдонбосо да сатуу, белекке берүү, убактылуу колдонууга же арендага берүү күнөө болот. (Барика)

Бир гана аскерий марштарда ойноло турчу аспаптарды сатууга уруксат кылынат.

Тасаввуф музыкасы, суфизм обону жана исламий ырлар деген нерселердин динибизде таптакыр орду жок. Музыка – напсинин жана кумардын азыгы, ал эми рухтун уусу жана жүрөктү карайта турчу нерсе. (Дурр-ул Маариф)

Илахилерди музыкалык аспап менен, ней тартуу менен ырдоо бидат. Харамды халал деген жана харамды ибадатка аралаштырган адам капыр болот. (С. Абадиййа)

Имам Газали хазреттери айтат:

Расулуллах алейхиссалам бир үйгө келгенинде кара түстүү кичине кыздар [жариялар, күңдөр] дэф уруп ыр ырдап жатышкан эле. Алар өздөрү ырдап жаткан ырдын сөздөрүн токтотуп, ордуна Расулллахты мактаган сөздөрдү айта башташат. Расулуллах алейхисалам:"Токтогула, оюн арасында мени мактабагыла. Мени мактоо (мавлит, илахи, хикмат айтуу) – ибадат. Оюн-зоок арасында ибадат кылуу жаиз эмес”, - деп айтты. (К. Саадат)

Кээ бирөөлөр бул хадиси шарифке таянып аялдардын ыр ырдоолорун жана музыкалык аспап чертүүнүн жаиз экендигин айтышууда. Бул жерде ыр ырдап жаткандар күңдөр, б.а., укуктары эркин мусулман аялдары сыяктуу болбогон, алып сатыла турчу жария кыздар болгон. Жариялардын болсо аврат жерлери эркин мусулман аялдардын аврат жериндей болбойт, эркектердикиндей болот. Алардын үнү дагы аврат болуп саналбайт. Ал эми эркин мусулман аялдардын үндөрү да аврат болуп саналат. (Хадика, Барика)

Музыкалык аспаптардын бардык түрүн тыңдоо харам болот. (Фатава-и Беззазиййа, Хадика, Ахлаки алаийа)

Музыка бардык диндерде чоң күнөө болуп саналат. (Дурр-ул мунтека)

Инжилде тыюу салынган музыканы кийин поптор христиандык динине киргизишкен. (Мавахиб-и ладунийа шархы, Зеркани)

"Музыка” деген сөз гректердин чоң буту болгон "Зевстин” кыздары болуп саналган "Муз” (Mousa) деп аталган 9 эстеликтеринен келип чыккан. Бузулган диндер жүрөктөргө жана рухтарга азык бере албагандыктан музыка, ар түрдүү музыкалык аспаптардын напсиге жагуусу, напсиге азык бергендиги үчүн руханий таасир деп саналган. Бүгүнкү батыш музыкасы чиркөө музыкаларынан пайда болгон. Азыркы күндө жер бетиндеги бузулган диндердин бардыгында музыка ибадат түрүнө айланып кеткен. Музыка жана ар түркүн музыкалык аспаптар аркылуу напсилер кумар алып, шахват козголуп, айбандык каалоолор күчөөдө. Рухтун азыгы болгон, көңүлдөрдү тазалай турчу жана напсини тебелеп, харамдарга деген каалоолорду жоё турчу ибадаттар унутулууда. Музыка жана музыкалык аспаптар адамдарды алкоголиктер жана наркомандар сыяктуу гафлет (караңгылык) ичинде өмүр сүрдүрүүдө. Ушунусу менен напсилерди семиртип, чексиз бакыттан куру калууга себепчи болууда. Ислам дини адамдарды бул балээден коргоо үчүн музыканы бөлүктөргө бөлүп, зыяндуу болгондорун харам кылып, тыюу салган.  (С. Абадиййа)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш