Суроо: Эч бири мужтахид болбогон бүгүнкү күндөгү
теолог профессорлордун аяттардан булак көрсөтүүгө жеткилери болбогондугу
сыяктуу хадистен булак көрсөтүүгө жеткилери жокпу?
ЖООП
Ооба, булак көрсөтүү
жеткилери анык жок. Жетким бар деп айтуу өзүн мужтахид деп санагандык болот.
Ансыз дагы диндеги анархия дагы, тагыраагы ар баштан чыккан ажырым добуш ушул
жеткисиз адамдардан чыгууда.
Имам Раббани хазреттери буюрууда: «Хадистер
менен амал кылуу бизге жаиз болбойт. Мазхабыбыздын өкүмүнө каршы көрүнгөн
хадиси шарифтер аалымдардын сөздөрүн четке кагуу үчүн далил сенет боло албайт.
Мисалы, бир Ханафинин «Имам аркасында Фатиха окуу парз. Бул маселеде
сахих хадис бар» деп имам аркасында Фатиха окуусу илхад.» (Мектубат 1/312,
Мебде жана Меад 31)
Кифая кибебинде мужтахид
болбогон дин адамы: «Мужтахид болбогон дин адамы бир хадис укканда бул хадистен
өз түшүнгөнүнө карай амал кыла албайт. Хадис тавил талап кылышы мүмкүн же насх
кылынган болушу мүмкүн. Мужтахиддердин фатвалары менен амал кылуусу керек. Мындай
кылбаса важибди [демек парзды] таштаган болот», - делүүдө. Тахрир шархы
болгон Такрир китебинде дагы ушундайча жазылган. (Тухфа)
Бир мазхабга уюубоо,
мазхабсыз болуу эч жаиз эмес. Бир мазхабга уюунун бүгүн үчүн парз болгондугу абыройлуу эмгектерде жазылуу:
Авамдын мужтахидди таклид кылуусу [бир мазхабга уюусу] важиб, парз. (Аз-Захира
лил Курафи)
Бүгүн ар бир мусулман
төрт мазхабдан биринде болуусу важиб, парз. (Тахтави)
Мухаммед Хадими хазреттери буюрууда:
«Диндеги төрт далил
мужтахид үчүн. Биз үчүн далил мазхабыбыз билбирген өкүм. Себеби, биз аят жана
хадистен өкүм чыгара албайбыз. Мазхабдын бир өкүмү аятка же хадиске туура
келбеген болуп көрүнсө дагы жаңылыш эмес. Себеби, аят жана хадис ижтихад талап
кылышы мүмкүн, башка бир аят же хадис менен алмашкан, насх кылынган болушу
мүмкүн же биз билбеген бил тавил бар.» (Барика 94-б.)
Азыр бир хадис китебин
окуган адам же хадисти ойдон чыгарылган дейт же өз акылына карай жаңылыш өкүм
чыгарат. Экөө тең коркунучтуу. Ошон үчүн бир мусулманга кылына турчу эң чоң
жамандык «Хадистен же Куран маанисинин котормосунан
(меал) диниңди үйрөн» деп айтуу.
Сахих болгон мына бул
хадиси шарифтерге жана мазхабдардагы өкүмдөрдү карайлы:
1- «Төөнүн этин жеш
дааратты бузат». [Муслим, Абу
Давуд, Тирмизи, Насаи]
Бул сахих хадисти далил
катары көрсөтүп төө этинин ар мазхабда дааратты бузгандыгын айтуу мазхабсыздык
болот. Себеби, төө этин жеш Ханбали мазхабында гана дааратты бузат.
2- «Зекерине тийген адамдын даараты
бузулат». [Абу Давуд, Тирмизи,
Насаи]
Бул сахих хадисти далил
катары көрсөтүп, бул абалдын Ханафиде да дааратты бузгандыгын айтуу
мазхабсыздык болот. Себеби, Ханафиде бул абал дааратты бузбайт.
3- «Зекерге тийүү дааратты бузбайт.» [Абу Давуд,
Тирмизи, Насаи]
Бул сахих хадисти
көрсөтүп, бул абалдын калган үч мазхабда да дааратты бузбагандыгын айтуу
мазхабсыздык болот. Себеби, бул абал калган үч мазхабда дааратты бузат.
4- «Фаржына тийген аялдын даараты бузулат». [Байхаки]
Бул сахих хадисти далил
катары көрсөтүп, бул абалдын ар мазхабда дааратты бузгандыгын айтуу
мазхабсыздык болот. Себеби, бул абал Шафииде гана бузат, калган үч мазхабда
дааратты бузбайт.
5- «Кан алдыруу дааратты бузбайт.» [Байхаки]
Бул сахих хадисти далил
катары көрсөтүп, кан алдыруунун ар мазхабда дааратты бузгандыгын айтуу мазхабсыздык
болот. Себеби, кан алдыруу Ханафиде гана бузат, калган үч мазхабда бузбайт.
6- «Аккан кан дааратты бузат». [Байхаки, Дара Кутни]
Бул сахих хадисти далил
катары көрсөтүп, аккан кандын ар мазхабда дааратты бузгандыгын айтуу
мазхабсыздык болот. Себеби, аккан кан Ханафиде гана бузат, калган үч мазхабда
бузбайт.
7- «Бимиллахсыз даарат болбойт». [Абу Давуд, Тирмизи, Байхаки, Хаким]
Бул сахих хадисти далил
катары көрсөтүп, дааратты Бисмиллах айтуунун ар мазхабда парз болгондугун айтуу
мазхабсыздык болот. Себеби, дааратта Бисмиллах айтуу Ханбалиде гана парз,
калган үч мазхабда парз эмес.
8- «Деңиз жаныбарлары халал». [Абу Давуд, Тирмизи, Насаи]
Бул сахих хадисти далил
катары көрсөтүп, деңиз жаныбарларынын ар мазхабда халал болгондугун айтуу
мазхабсыздык болот. Себеби, Ханафиде балык шекилинде болбогон деңиз жаныбарлары
жана деңиз курттары желбейт.
9- «Отто ысытылган нерсе дааратты бузат». [Муслим, Абу Давуд, Ибни Мажа, Тирмизи, Насаи]
Бул сахих хадисти далил
катары көрсөтүп, отто бышкан бир нерсени жештин дааратты бузгандыгын айтуу
мазхабсыздык болот. Себеби, төрт мазхабдын эч биринде бул жагдай дааратты
бузбайт. Бул хадиси шарифтин жана калгандарынын ачыктамасы Мизан-ы Кубрада бар.
10- «Фатихасыз намаз болбойт». [Бухари, Муслим]
Бул сахих хадисти далил
катары көрсөтүп, Фатиха окуунун ар мазхабда парз экендигин айтуу мазхабсыздык
болот. Себеби, Ханафи мазхабында парз эмес важиб. Калган үч мазхабда парз.
Көрүнүп тургандай, рахмат болгондугу үчүн ар
башка өкүмдөр пайда болгон. Мисалы, зекерге тийүүнүн дааратты бузгандыгын да,
бузбагандыгын да билдирген сахих хадис бар. Бир адам мунун кайсынысы менен амал
кылат? Ошон үчүн ар ким өз мазхабына баш ийип, мазхабсыз болуудан сактануу
керек.
Мужтахид болбогон
адамдын диндин өкүмдөрүн хадиси шарифтерден түшүнүүсү мүмкүн болбойт. Ошон үчүн
мужтахид болбогон адам хадис китебин окуса хадистер ойдон чыгарылды деп ойлойт
же өз акылына жараша жаңылыш бир өкүм чыгарат. Экөө тең анын жамандыгына себеп
болот. Андай болсо бир мусулманга кылына турчу эң чоң жамандык «Кубуб-и ситтаны ал, хадистерди оку жана
мындан диниңди үйрөн!» же «Куран
котормосун (маанисин) оку, диниңди түпкү булагынан үйрөн!» деп айтуу. Бул
бир оорулуу адамга «Баланча ооруканага
бар, операция бөлмөсүндө түркүн керектүү аспаптар бар, өзүңдү өзүң операция
кыл!» же «Баланча дары заводуна же
баланча дары складына бар, ошол жерде ар түркүн дары бар, тапкан, жактырганыңды
ал да ич, эмдел!» деп айтуудан дагы бетер жаман. Себеби, жаңылыш дары
колдонгон адам ооруп калат же майып болот же өлөт. Бирок, динин туура эмес
түшүнгөн адам күфүргө түшүп, түбөлүк Жаханнамда калышы мүмкүн. Аалым болсо дагы
72 адашкан фырканын лидерлери жана аларга таби болгондор Жаханнамга барышат.
Ойго мындай бир суроо
келиши мүмкүн. Аят жана хадистен булак көрсөтүлбөсө да эмне үчүн сиз аят жана
хадис жазуудасыңар? Биз хадис китебин карап хадис, Куранга карап аят жазып
жаткан жокпуз. Мазхабыбыздын аалымдары ал аятты же ал хадисти далил катары
алган болсо биз да ошону алуудабыз. Бүгүн болсо Курандан жана хадистен булак
көрсөтүүгө эч кимдин жеткиси жок.