Суроо: Кээ бир арт ниеттүү
адамдар: «Пайгамбар 23 жылда мынчалык хадис айта албайт», - деп, хадиси
шарифтерди ойдон чыгарылган болуусу керек дешүүдө. 23 жылда кадимкиде канча
хадиси шариф айтылышы мүмкүн.
ЖООП
23 жыл чама менен 198 миң
саат болот. Мындан уйку үчүн күндө 8 саатты дагы алып салалы. Артта чама менен
134 миң саат калат. Ортоломо ар саатта [60 мүнөттө] бир хадиси шариф айтса, 134
миң хадиси шариф болот. Китептердеги хадиси шарифтер мукаррар болгондору
чыгарылганда 134 миңден дагы аз болгондугуна караганда хадис санынын көп
болбогондугу көрүлөт. «Орозо карма, ден-соолук тап» сыяктуу кыска хадиси
шарифтерди дагы кошсок, бир саатта бир хадиси шариф айтылса 134 миң хадис
болот. 4 хадис айтылса 500 миң хадистен өтөт. Расулуллах алейхиссаламдын ар
сөзү хадиси шариф эле. Эмне айткан болсо баарын риваят кылышты. 60 мүнөттө бир
канча хадиси шариф айтылбайт деген киши чыкпас. Чыкса ынсапсыз экендиги
түшүнүлөт.
Эң атактуу хадис китеби
болгон Бухариде мукаррар болгондору (кайталангандары) кошулуп 7275 даана хадис
бар. Мукаррарлардын болуусу башка равилер тарабынан дагы риваят кылынуусунан
улам. Экинчи атактуу хадис китеби Муслимде 7275 хадис бар. Чоң бөлүгү
бири-биринин окшошу. Хадис китептеринде мукаррар хадиси шарифтер көп болгондугу
үчүн хадис саны көп деп саналууда.
Эң көп хадис риваят
кылган заттар жана билдирген хадис сандары төмөндө тизмектелди:
Аббас бин Абдулмутталиб:
35
Абдуллах бин Масуд: 848
Абдуллах бин Омар: 2630
Адий бин Хатим-и Таи: 66
Айша энебиз: 2210
Али бин Аби Талиб: 586
Аммар бин Ясер: 62
Бара бин Азиб: 305
Жабир бин Абдуллах: 1540
Абу Бакр Сыддык: 42
Абу Хурайра: 5374
Абу Катада: 170
Абу Муса ал-Ашари: 360
Абу Саид-и Худри: 1170
Абу Зар-и Гыфари: 281
Абуддарда: 174
Анас бин Малик: 2230
Хафса энебиз: 60
Хузайфа бин Йамани: 100
Муймуна энебиз: 46
Осман бин Аффан: 146
Омар бин Хаттаб: 500
Саад бин Абу Ваккас: 270
Саид бин Зейд: 48
Салман-ы Фариси: 60
Убайй бин Кааб: 164
Үммү Салама энебиз: 378
Жалпы :19855
Булардан башка да хадис
риваят кылгандар болсо дагы өтө аз болгондугу үчүн китептерге кирбеген. Ошону
менен бирге, бир эле хадиси шарифти бир канча киши риваят кылган, себеби,
көпчүлүктө айтылганда ар ким уккан. Жүз киши уккан болсо жүзү тең бир хадиси
шарифти риваят кылган.
«Хадистер көп»
дегендердин жаман ниеттүү экендиктери жеңил түшүнүлөт.