Суроо: Он тогузчулар сыяктуу "Бир гана Куран” деп
айткандар да хадистерди четке кагышууда, бардыгы ойдон чыгарылгандыгын айтып жатышат.
Хадистердин бардыгын четке кагуу күфүр болобу?
ЖООП: Ооба, хадиси шарифтердин бардыгын четке кагуу күфүр
болот. Парзды четке кагуу сыңары мутаватыр хадистерди да четке кагуу күфүр.
Эгер бир хадис мутаватыр болуп, ал боюнча ижма пайда болгон болсо бардык
мусулмандар кабыл алган нерсени кабыл албоо күфүр болот. Ибни Абидин хазреттери
айтат:
Ижмага моюн
сунуу парз. Ижманы четке кагуу болсо күфүр. (Радд-ул-мухтар)
Мутаватыр хадис эмне?
Хадиси мутаватыр: Көпчүлүк
сахабалардын Расул-и акрамдан (саллаллаху алейхи васаллам) жана башка көпчүлүк
адамдар аларда уккан, китепке жазылганга чейин ушинтип дайыма көпчүлүк адамдар
тарабынан кабарланган хадиси шарифтер болуп, алардын кандайдыр бир жалган нерсе
боюнча сөз бирдиги кылууларына мүмкүнчүлүк жок. Мутаватир болгон хадиси
шарифтерге сөзсүз ишенүү керек. Ишенбеген адам капыр болот. (Хиндиййа –
С. Абадиййа)
Машхур
(белгилүү) хадистер тууралуу да С. Абадиййа китебинде айтылат:
Хадиси машхур: Биринчи кылымда
бир киши билдирген болуп, экинчи кылымда белгилүү болгон хадиси шариф. Башкача
айтканда, бир киши Расул-и акрамдан (саллаллаху алейхи васаллам), ошол кишиден
да бир топ кишилер, алардан да башка кишилер уккан хадиси шарифтер болуп,
акыргы угулган кишиге чейин эми ар дайым мутаватыр катары билдирилген. Машхур
хадистерге ишенбеген адам дагы капыр болот. (Ибни Абидин)
Мутаватыр хадистерди
четке кагуу эмне үчүн күфүр? Бир адамдын: "Хазрети Омар, Хазрети Али деген
адамдар жашашкан эмес”, - деп айтуусуна мүмкүнчүлүк барбы? Анткени, ошол
заттардын жашагандыгы таватурга айланган. Четке кагылуусу мүмкүн эмес.
Мутаватыр хадистерди четке кагуу да ушундай. Анткени, бул бардыгы тарабынан
билинген бир маселе.
Бул хадистер
кантип кутман сахабалардын арасында мутаватыр болгон болсо, Курани каримдин
жыйналуусу, китеп көрүнүшүнө келтирилүүсү да таватурга айланган. Он тогузчулар
сыяктуу "Курандагы кээ бир аяттар артыкча” деп айтуу же
Ибни Сабачылар сыяктуу "Куранда кээ бир аяттар кемтик” деп
айтуу да ушул таватурду четке кагуу болот. Курани каримди да, хадиси шарифтерди
да билдирген зат – Пайгамбарыбыз алейхиссалам. Аяттарды да, хадиси шарифтерди
да жыйнагандар – кутман сахабалар. Ошондуктан, мутаватыр хадистерге ишенбөө
Курандын аяттарына ишенбөө сыяктуу күфүр болот. "Бир гана
Куран” деген ураан менен чыгып алып, хадистерди ойдон чыгарылган
деп айткандардын негизги максаты – Курандын аяттарына көлөкө түшүрүү. Бул
маселеде аша чапкандар: "Ойдон чыгарылган хадистерди жыйнагандар
булар – аяттарды жыйнагандар. Хадистерде куулук кылуудан тартынбагандар
аяттарга эмне үчүн куулук кылышпасын?” – деп жатышат. Аяттарга
кошумча киргизилгенин айткан "Бир гана Куран” деген
мындай бир саткынга: "Куранда өзгөртүү жасоо мүмкүн эмес, анткени, аны
Аллах коргоодо. Бул маселеде аят бар”, - дедим. Ошол саткын мага: "Ойдон
чыгарылган хадистерди жыйнаган сахабанын сен ошондой бир аятты жазбай турганын
кайдан билесиң? Өзгөртүшөт дагы, андан кийин буларды Аллах коргойт деп
айтышат”, - деди. Коркунучтун көлөмүн ушул жерден түшүнүү керек.
Хадистерге көлөкө түшкөндө аяттарды да өздөрү түшүнгөндөй чечмелеп, Ислам
динине көлөкө түшүрүп, бузууга аракет кылышууда.
Имам Суйути хазреттери
мутаватыр хадистерди "ал-Азхарул-Мутанасира
фиъл-Ахбариъл-Мутаватыра” деп аталган китебинде билдирген. Базарда да
мутаватыр хадистерди билдирген китептер бар. Мутаватыр болгон кээ бир хадистер
жөнүндө кабар берели:
Пайгамбарыбыз
алейхиссалам айтпаган болсо дагы "Бул хадис” деп, хадис ойдон
чыгарган адамдын Тозокко кете турганын билдирген хадис мутаватыр.
Курани каримдин
Аллахтын сөзү экенин билдирген хадистер мутаватыр.
Азандын
сөздөрүнүн эмнелер экенин, кайда жана кантип окула турганын билдирген хадистер
мутаватыр. Эч ким четке кага албайт. Эгер четке какса, "Хазрети Али
аттуу бирөө жашаган эмес” деп айтуу сыяктуу абсурд нерсе болот.
Азан менен байланыштуу хадистерди четке каккандыгы үчүн да күфүргө кирет.
Багымдат намазында "Ассалату хайрун минан-навм” айтылууда.
Намаздын уйкудан кайырлуу, жакшы экендиги билдирилүүдө. Эч кандай күмөн-шексыз
болгон бул сөзгө моюн сунуу керек, намазды уйкунун ордуна тандоо
керек.
Азан өлкөбүздө
дүнүйөдө окулгандай окулат, кошумча кылууга, кээ бир нерселерди алып салууга
болбойт. Бирок, Ибни Саба аттуу бир яхуди бидат чыгарууда, азанга "Али
валиюллах” сөзүн кошумча кылууда. Бул маселе Пайгамбарыбыз
алейхиссалам билдирген азанды жактырбай, кемчилигин толуктоо болуп эсептелип,
өтө жаман бир бидат. Пайгамбарыбыз алейхиссалам Хазрети Алинин вали (олуя)
экенин билчү эмес беле? Ибни Саба ушундай бир бидатты пайда кылган болсо да,
аны ээрчип "Расулуллахтын кемчилигин толуктап жатабыз” деп
айтуу канчалык жаман бир иш! Азандын ошентип окулушун Аллаху таала каалаган.
Хаша, Ал дагы кемтик билдиргенби? Аллаху таала Хазрети Алинин вали экенин билчү
эмес беле? Аллаху таала билдирген жана Расулуллах көптөгөн жылдар иш жүзүндө
колдонгон белгилүү азанга кошумча кылуу канчалык жаман бир иш!
Хазрети Алинин
халифалык учурунда да мындай толуктоо болбогонун Ибни Сабачылар да мойундашат.
Алар атайылап бидат кылышууда. Өзүн сүнни экенин айткан бир адам чыгып: "Бухари
менен Муслимдеги "Өткөн үммөттөрдүн ичинде керемет ээси олуя заттар бар
эле. Үммөтүмөн да Омар ошолордон” мутаватыр хадисине таянып,
азанга Омар валиюллах кошумча кылалы”, - десе, бидат болот,
чоң күнөө кылган болот. Бир да сүннү адам муну кабыл ала албайт. Хазрети Али
менен Хазрети Омардын олуя экендиктерин азан менен билдирүү өтө жаман бидат
болот. Эмне үчүн өзүнүн сүнни экенин айткан адам дедик? Анткени, сүнни адам
мындай бидат кылбайт. Бирөө чыкса да, аны дароо четке кагат.
Намаздын күнүнө
беш маал экенин жана рекеттеринин санын билдирген хадистер мутаватыр. Жабраил
алейхиссалам келип эки күн беш маал намаз окуткан мезгилдерди билдирген хадис
да мутаватыр.
Пайгамбарыбыз
алейхиссалам өмүрүнүн акырына чейин беш маал намаз окуган. Муну мусулман, капыр
баары билет. "Бир гана Куран” деген бир адамдын: "Пайгамбар
беш маал намаз окуган эмес”, - деп айтуусу жалган болот. "Бир
гана Куран” дегендердин "Намаздар үч маал, алты маал”,
- деп айтуулары мутаватыр хадистерди четке кагуу болгондуктан
күфүр. Себеби, бардык кутман сахабаларды, мусулмандарды, аалымдарды, ал тургай
Пайгамбарыбыз алейхиссаламды да жалганга чыгарган болушууда.
Кыбыланын Кааба
экенин билдирген хадис да мутаватыр. "Кыбыла Кааба эмес, башка жер”,
- деп айтуу, "Дүнүйөдө Мекке деген бир калаа, Кааба
деген бир имарат жок”, - деп айтуу сыяктуу жаңылыш болот. Ижма
менен билдирилген бир хадисти четке каккан болушат. "Бир гана
Куран” деп айткандар менен Он тогузчулар хадистердин бирөөсүнө
дагы ишенишпейт. Пайгамбарыбыз алейхиссаламды куду өмүрүндө эч качан
сүйлөбөгөндөй кабыл алышат. Расулуллахтын сөздөрүн билдирген бардыгы бейиштик
болгон кутман сахабаларды калпычыга чыгарышат.
Зекеттин
өлчөмүнүн кырктан бир экенин билдирген хадис дагы мутаватыр. "Бир
гана Куран” деп айтуучу мазхабсыздардын: "Куранда
зекеттин өлчөмү белгиленген эмес. Кыркта бир берүү керек эмес”, - деп
айтуулары мутаватыр хадистерди четке кагуу болот.
Ар кандай
ижтихаддын ырайым экендиги кабарланган. Ижтихадында туура тапкан мужтахидге эки
сооп, жаңылганга бир сооп берилерин билдирген жана мужтахиддерге ижтихад
жасоону буйруган хадис дагы мутаватыр.
Бул үммөттүн
аалымдарынын жаңылыш нерседе бирикпей турганын билдирген хадис мутаватыр
болгондой эле, кыяматка чейин хак бир жамияттын болоорун, алардын туура жолдо
күрөшө турганын билдирген хадистер дагы мутаватыр.
Мамлекет
башчысына баш ийүүнү буйрук кылган жана аларга каршы чыгууга тыюу салган
хадистер дагы мутаватыр.
Аллахка ширк
кошпостон, башкача айтканда, ыймандуу болуп өлгөн адамдын жана Аллахтан башка
илах жок экенин чын жүрөктөн айткан адамдын Бейишке кире турганын билдирген
хадистер дагы мутаватыр.
Пайгамбарыбыз
алейхиссаламдын дуба кылып жатканда колдорун көтөргөнүн билдирген хадистер да
мутаватыр. Ибни Сабажылардын, ваххабилердин колдорун көтөрбөстөн христиандар
сыяктуу дуба кылуулары ушул мутаватыр хадистерге каршы.