Суроо: С. Абадиййа
китебинде билдирилген "Кымындай [өтө аз] бир күнөөдөн
сактануу бардык жин жана адамдардын [нафил] ибадаттарынын
жыйындысынан да жакшыраак” хадиси шарифиндеги ибадаттарга парздар да
киреби?
ЖООП: Көп
жазганыбыздай, өзгөчө өкүм билдирген хадиси шарифтерден Ахли сүннөт
аалымдарынын түшүндүрмөлөрүсүз маани чыгаруу туура эмес. Ошондой эле шартсыз
билдирилген хадиси шарифтерде кээ бир шарттардын бар экендиги түшүнүлөт.
Түшүндүрүлүшү керек болгон хадиси шарифтерден бир нече мисал келтирели:
Момун эмес:
Кээ бир хадиси
шарифтерде "Баланча нерсени кылган адам момун эмес” деген сөз кездешет. Кээ
бирлери ошол күнөөлөрдү кылгандар капыр деген маанини билдирбейт. Камил (толук,
жетик) момун эмес дегенди билдирет. Бул маанидеги бир нече хадиси шарифтин
маанилери төмөнкүчө:
"Кошунасы ачка болуп туруп ток жаткан адам момун эмес.” [Бухари]
"Кошунасы жамандыгынан ишенимдүү болбогон адам
момун эмес.” [Бухари]
"Мал-мүлкүнө, бала-чакасына зыян келтирет деп
коркуп, кошунасына эшигин жаап, аны менен байланышын үзгөн адам момун эмес.” [Хараити]
"Өзү
үчүн жакшы көргөн нерсени кошунасы же досу үчүн жакшы көрбөгөн адам момун
эмес.” [Муслим]
"Уят
сөз айткан адам момун эмес.” [Бухари]
"Балээ-кыйынчылыкты
немат, рахатты балээ-кыйынчылык деп эсептебеген адам момун эмес.” [Табарани]
"Өзү
үчүн жакшы көргөн нерсени боордошу үчүн жакшы көрбөгөн адам момун момун эмес.” [Бухари]
"Зина кылган, шарап ичкен жана уурулук кылган
адам ошол учурда момун эмес.” [Бухари]
"Аманатты сактабаган адамдын ыйманы жок.” [Табарани]
"Мээримдүү болбогон адамдын ыйманы болбойт.” [Табарани]
Бизден
эмес:
Кээ бир
хадиси шарифтерде "Баланча нерсени кылган адам бизден эмес” деген
сөз айтылат. Булардын кээ бирлери капыр болот деген мааниде эмес. Күнөө болот
деген маанини билдиргендер да бар. Бул маанидеги кээ бир хадиси шарифтердин
маанилери төмөнкүчө:
"Бирөөнүн аялын, кызын азгырган бизден эмес.” [И.Ахмед]
"Мусулманга зыян тийгизген,
куулук кылган адам бизден эмес.” [Муслим]
"Бизди
алдаган адам бизден эмес.” [Табарани]
"Илим үйрөнбөгөн адам бизден эмес.” [Дайлами]
"Балээ-кыйынчылык
келгенде үстү башын тыткан, кыйкырып-өкүргөн адам бизден эмес.” [Бухари]
"Колунда болуп туруп үй-бүлөсүн
азап-кыйынчылыкка салган адам бизден эмес.” [Жами-ус-сагир]
"Каршы жыныстагы адамга окшошууга аракет кылган
адам бизден эмес.” [И.Ахмед]
"Саламга жооп бербеген адам бизден эмес.” [ И. Сунни]
"Көралбас жана сөз ташыган адам
менден эмес.” [Табарани]
"Бизден
эмес” сөзүнүн "Сүннөтүмө амал кылбаган же макрух кылган болот” деген маанидеги
хадиси шарифтерден бир канчасы төмөнкүдөй:
"Тырмактарын
албаган адам бизден эмес.” [И.Ахмед]
"Гусул алгандан кийин даарат
алган адам бизден эмес.” [Абу Давуд]
"Үйлөнбөгөн
адам менден эмес.” [Ибни Мажа]
Бейишке кире албайт:
Кээ бир хадиси шарифтерде "Баланча нерсени кылбаган адам Бейишке
кире албайт” деген сөз айтылат. Булардын кээ бирлери капыр болот деген
мааниде эмес. Күнөө болот деген маанини билдиргендери да бар. Бул күнөөлөрдү
кылган адам Бейишке эч качан кире албайт дегенди билдирбейт. Эгер ыймандуу
болсо жана кечирим же шапаатка жетсе Бейишке кирет. Эгер сооптору күнөөлөрүнөн
көп болсо Бейишке кирет. Эгер булардын бири да жок болсо күнөөлөрүнүн жазасын
тарткандан кийин Бейишке кирет дегенди билдирет. Бул маанидеги кээ бир хадиси
шарифтердин маанилери төмөнкүчө:
"Кылган
жакшылыктарын колко кылган адам Бейишке кирбейт.” [Тирмизи]
"Сараң
адам Бейишке кире албайт.” [Дайлами]
"Пайыз жеген адам Бейишке кире албайт.” [Хаким]
"Кулуна
жаман мамиле кылган адам Бейишке кире албайт.” [Тирмизи]
"Жетимдин
малын жеген адам Бейишке кире албайт.” [Хаким]
"Уятсыз
адам Бейишке кире албайт.” [Дайлами]
"Мас
адам Бейишке кире албайт.” [Хаким]
"Эркектерге окшошууга аракет кылган аял Бейишке
кире албайт.” [Насаи]
"Эне-атасына каршы чыккан адам Бейишке кире
албайт.” [Насаи]
"Уят сөз айткан адам Бейишке кире албайт.” [Абу Нуайм]
Тозокко кирбейт:
Кээ бир хадистерде "Баланча нерсени кылган адам
Тозокко кирбейт” деп айтылат. Мындай адамдардын Тозокко кирбөөсү
үчүн көптөгөн шарттар бар. Биринчи шарт – мусулман болуу.
Мусулман эмес адам сөзсүз Тозокко барат. Экинчи шарт – Ахли
сүннөт ишениминде болуу. Бул ишенимде болбогон адам бидатчы деп аталат.
Бидатчынын да сөзсүз Тозокко кете тургандыгы хадиси шарифте билдирилген. Үчүнчү
шарт – сооптор күнөөлөрдөн көп болуусу же кечирим же шапаатка жетүү.
Бул маанидеги кээ бир хадиси шарифтердин маанилери төмөнкүчө:
"Ла илаха иллаллах Мухаммадун Расулуллах деген адам Тозокко кирбейт.” [Муслим]
"Жоомарт
адам көп күнөө кылса да Тозокко кирбейт.” [Р. Насыхин]
"Адамдарга
жеңилдик жана жумшактык көрсөткөн адам Тозокко кирбейт.” [Тирмизи]
"Эне-атасын ыраазы кылган момун эмне кылса да Тозокко кирбейт.” [Ширъа]
"Мени түшүндө көргөн адам Тозокко кирбейт.” [Ибни
Асакир]
Тозокто:
Кээ
бир хадиси шарифтерде "Баланча нерсени кылган адам Тозокко кирет” сөзү
айтылат. Булардын кээ бирлери капыр болот деген мааниде эмес. Күнөө болот деген
маанини билдиргендери да бар. Бул күнөөлөрдү кылган адам сөзсүз Тозокко кирет
дегенди билдирбейт. Эгер ыймандуу жана ишеними туура болсо, кечиримге же
шапаатка жетсе Бейишке кирет. Эгер сооптору күнөөлөрүнөн көп болсо Бейишке
кирет. Булардын бири да жок болсо күнөөлөрүнүн жазасын тарткандан кийин Бейишке
кирет дегенди билдирет. Бул маанидеги кээ бир хадиси шарифтердин маанилери
төмөнкүчө:
"Гыйбат кылган адам Тозокто.” [Исфахани]
"Күлүп
күнөө кылган адам ыйлап Тозокко кирет.” [Абу Нуайм]
"Пара алуучу да, берүүчү да Тозокто.” [Табарани]
"Мусулманды
алдаган адам Тозокто.” [Табарани]
"Жабраил алейхиссалам: "Йа, Расулаллах! Сенин атың аталганда сага
салават айтпаган адам азапка татыктуу болот, Тозокко кирет”, - деди.” [И. Ахмед]
"Аллахтын
ыраазылыгынан башка ниет менен илим үйрөнгөн адам Тозокко кирет.” [Тирмизи]
"Эгер
түнү каим (намаз окуган), күндүзү саим болгон (орозо
кармаган) адам жамаатка келбесе Тозокко кирет.” [Тирмизи]
"Сараң
Тозокко кирет.” [Байхаки]
"Мусулманга үч күндөн ашык таарынган адам Тозокко кирет.” [Насаи]
Бейишке
кирет:
Кээ
бир хадиси шарифтерде "Баланча нерсени кылган адам Бейишке кирет” сөзү
айтылат. Мындай адамдардын Бейишке кире алуусу үчүн мусулман болуусу, туура
акыйдага ээ болуусу, соопторунун күнөөлөрүнөн көп болуусу же кечиримге же
шапаатка жетүүсү сыяктуу кээ бир шарттар бар. Бул шарттар болбосо Бейишке кире
албайт. Бул маанидеги кээ бир хадиси шарифтердин маанилери төмөнкүчө:
"Текебердиктен да алыс болгон абалда өлгөн адам
Бейишке кирет.” [Тирмизи]
"Элден
эч нерсе сурабайм деп убада берген адамдын Бейишке кирээрине кепилмин.” [Насаи]
"Тазалар Бейишке кирет.” [Дайлами]
"Эки
кыз перзентине жакшы мамиле кылган адам сөзсүз Бейишке кирет.” [Ибни
Мажа]
"Күйөөсү ыраазы болгон абалда кайтыш болгон аял
Бейишке кирет.” [Тирмизи]
Бардык күнөөлөрү кечирилет:
Кээ бир хадиси шарифтерде "Баланча нерсени кылган адамдын күнөөлөрү
кечирилет” сөзү айтылат. Бул хадиси шарифтерде билдирилген бардык
күнөөлөрдүн кечирилиши үчүн да мусулман болуу, туура акыйдага ээ болуу сыяктуу
кээ бир шарттар бар. Эгер бидатчы болсо ансыз да ибадаттары кабыл болбойт.
Бардык
күнөөлөр делгенде майда күнөөлөр түшүнүлөт. Чоң күнөөлөрдүн кечирилиши үчүн
айрыкча тообо кылуу, эгер кул акысы бар болсо, акы ээлери менен адалдашуусу
зарыл. Намаз, орозо сыяктуу парз ибадаттар ташталган болсо тообо-истигфар да
кылуу, алардын казасын да орундоо керек. Буларды кылбай туруп төмөндөгү иштерди
кылганда булар кечирилбейт. Бул маанидеги кээ бир хадиси шарифтердин маанилери
төмөнкүчө:
"Даарат алган адам бардык күнөөлөрдөн тазаланган
болот.” [Муслим]
"Арафа күнү миң Ихлас окугандын бардык күнөөлөрү
кечирилет.” [Абу-ш-шейх]
"Жакшылап
даарат алып, намазын жамаат менен окуган адамдын бардык күнөөлөрү кечирилет.” [Муслим]
"Жума күнү гусул алган адамдын күнөөлөрү
кечирилет.” [Табарани]
"Жума түнү Ясин сүрөсүн окуган адамдын күнөөлөрү
кечирилет.” [Исфахани]
"Күнүнө
үч жолу Адам алейхиссаламга салават окуган адамдын, башкача айтканда, "Салаватуллахи
ала Адама” деген адамдын бардык күнөөлөрү кечирилет.” [Дайлами]
"Ишрак убагында эки рекет намаз окуган адамдын
бардык күнөөлөрү кечирилет.” [И. Ахмед]
"Эки мусулман саламдашып, мусафаха кылса [кол алышса] жана мага салавати
шарифа да окуса, энеден жаңы төрөлгөндөй бардык күнөөлөрдөн арылат.” [Р.
Насыхин]
"Жума күнү багымдат намазынан
мурда "Астагфируллахалъазим, аллази ла илаха илла
хув ал хаййал каййума ва атубу илайх” деп окуган адамдын бардык
күнөөлөрү кечирилет.” [Ибни Сунни]
"Ар бир
намаздан кийин 33 Субханаллах, 33 Алхамдулиллах, 33 Аллаху акбар, андан кийин "Ла
илаха иллаллах вахдаху ла-шарика-лах лахул-мулку ва лахул-хамду ва хува ала
кулли шайин кадир” деген адамдын деңиздин көбүгүндөй күнөөлөрү болсо да
кечирилет.” [Муслим]
Кабыл
болбойт:
Кээ бир
хадиси шарифтерде "Кылган ибадат кабыл болбойт” сөзү айтылат.
Алардагы "Кабыл болбойт” сөзү текке кетет, сахих болбойт деген
маанини билдирбейт. Ал ибадат сахих болот, бирок, билдирилген чоң соопторго
жете албайт же сообу өтө аз болот дегенди билдирет. Бул маанидеги кээ бир
хадиси шарифтердин маанилери төмөнкүчө:
"Арам
жилбаб [көйнөк] менен окулган намаз кабыл болбойт.” [Баззар]
"Бир
тиштем арам жеген адамдын кырк күн ибадаттары кабыл болбойт.” [Табарани]
"Аялынын акыларын орундабаган адамдын намаздары, орозолору кабыл болбойт.” [Муршид-ун-ниса]
"Зеккетти
бербеген адамдын намазы кабыл болбойт.” [Табарани]
"Өзүн
каалабаган жамаатка имам болгон адамдын намазы кабыл болбойт.” [Байхаки]
"Чачын
төөнүн өркөчүндөй кылып жасап алган аялдын намазы кабыл болбойт.” [Табарани]
"Шарап ичкен адамдын намазы кырк күн кабыл
болбойт.” [Тирмизи, Хаким, Насаи]
"Дин боордошунун авратын караган адамдын кырк түн окуган намазы кабыл
болбойт.” [И. Асакир]
"Күйөөсү
ыраазы болмоюнча аялдын намаздары жана башка жакшылыктары кабыл болбойт.” [Табарани]
Хадика жана Барикада "Бидатчынын
бир да ибадаты кабыл болбойт” хадиси шарифи түшүндүрүлүп жатканда:
"Ибадаттары сахих болот, бирок, сооп берилбейт”, - деп айтылууда.
Бидатчылардын
ибадаттары сахих болсо да кабыл болбойт. Кабыл болбойт дегени сахих
болбойт дегени эмес. Сахих болот, бирок, сообу болбойт дегендик. (Радд-ул-мухтар)
Бир хадиси
шарифте дагы мындай деп айтылат:
"Аял күйөөсүнүн уруксатысыз орозо кармай
албайт.” [Бухари, Муслим] Парз орозо
үчүн эч кимден уруксат алынбайт. Бул жерде айтылган нерсе нафил орозо.
"Кымындай
бир күнөөдөн сактануу бардык жиндердин жана адамдардын [нафил] ибадаттарынын
жыйындысынан жакшыраак” хадиси шарифиндеги ибадаттар деген сөз да
нафил ибадаттар болуп саналат. Анткени, нафил ибадат кылуу парз эмес.
Күнөөлөрдөн сактануу болсо ар бир адамга парз. (С. Абадиййа)
Көрүнүп
тургандай, Курани каримди окуп, өзү түшүнгөн нерсеге амал кылуу туура эмес
болгон сыяктуу, хадиси шарифтерден өзү түшүнгөн нерсеге амал кылуу да туура
эмес. Ахли сүннөт аалымдарынын түшүндүрмөсүнө амал кылуу керек. Имам
Раббани хазреттери айтты:
Хадистерге
амал кылуу бизге жаиз болбойт. Мазхабыбыздын өкүмүнө тескери көрүнгөн хадиси
шарифтер аалымдардын сөздөрүн четке кагууга далил жана булак боло албайт. (1/
312)
Мухаммед
Хадими хазреттери мындай дейт:
Диндеги
төрт далил мужтахиддер үчүн. Бизге далил мазхабыбыз билдирген өкүм болуп
саналат. Себеби, биз аят жана хадистерден өкүм чыгара албайбыз. Мазхабдын бир
өкүмү аят же хадиске туура келбей тургандай көрүнсө да, бул жаңылыш эмес.
Анткени, аят жана хадистер ижтихадды талап кылышы мүмкүн, башка аят же хадис
менен өзгөргөн же биз билбеген кандайдыр бир тавили (түшүндүрмөсү) болушу
мүмкүн. (Барика 94-б)
Мужтахид
эмес дин адамы окуган хадисинен өзү түшүнгөндөй амал кыла албайт.
Мужтахиддердин аяти карима жана хадиси шарифтерден түшүнүп, берген фатвасы
боюнча амал кылышы керек. Такрир китебинде да ушундай
жазылган. (Кифая)
Күнөөлөр
кечирилүүсү үчүн
Суроо: Табараниде "Шаршемби,
Бейшемби жана Жума күндөрү орозо кармап, Жума күнү аздыр-көптүр садака берген
адамдын күнөөлөрү кечирилет жана энесинен төрөлгөн күндөгүдөй таза болот” деген
мааниде бир хадиси шариф бар. Эгер бул хадис сахих болсо, үч күн орозо кармап,
аздыр-көптүр садака бергенде кантип бардык күнөөлөр кечирилет?
ЖООП: "Эгер
сахих болсо” деп айтылбайт. Имам Табаранидей улуу хадиси шариф аалымынын
китебинде ойдон чыгарылган хадис жок. Биз жөнөкөй бир мусулман катары хадис
ойлоп чыгаруудан коркобуз да, ал улуу инсан коркпойбу? "Хадис ойлоп
тапкан адам Жаханнамдагы ордуна даярдана берсин!” жана "Ойдон
чыгарылган хадис риваят кылган адам аны ойлоп чыгарган адамдай Жаханнамдагы
ордуна даярдана берсин!” деген маанидеги хадиси шарифтерди ар
бир хадис аалымы билет. Ушул себептен эч бир хадис аалымы хадис ойдон чыгарбайт
жана ойдон чыгарылган бир сөздү хадис катары китебине албайт. Ошондуктан,
ишенимдүү бир китептеги хадиси шарифти түшүнө албасак да, түшүндүрө албасак да,
аны ойдон чыгарылган деп айтуудан өтө сак болууга тийишпиз.
Хадиси
шарифтерде деталь болбойт (майда-чүйдөсүнө чейин жазылбайт). Күнөөлөрдүн
кечирилишинин кээ бир шарттары бар. Биринчиси – мусулман
болуу. Мусулман эмес бир адам орозо кармаса анын күнөөлөрү кечирилбейт. Экинчиси
– Ахли сүннөт акыйдасында болуу шарт. Ахли сүннөт болбогондордун
күнөөлөрү орозо кармоо менен кечирилбейт. Үчүнчүсү – арам иш
кылгандардын, намаз окубагандардын күнөөлөрү кечирилбейт. Рамазанда орозо
кармабай, Шаршемби, Бейшемби, Жума күндөрү нафил орозо кармоо менен гана
күнөөлөр кечирилбейт.
Ушул
үч нерсенин үчөө тең болсо да, нафил орозо менен, садака берүү менен чоң
күнөөлөр эмес, майда күнөөлөр кечирилет. Буларды билбей туруп өкүм чыгарууга
аракет кылуу абдан туура эмес.
Көрүнүшкө алдануу
Суроо: "Адамдын
намазы жана орозосу силерди алдай көрбөсүн! Анын акчага болгон мамилесин
карагыла!” деген маанидеги хадистин түшүндүрмөсү кандай? Намаз
окугандар да туура эмес иш кылышы мүмкүн деген маани чыгып жаткан жокпу?
ЖООП: Намаз туура окулса да, туура эмес окулса да
баары бир бирдей көрүнөт. Орозо да ошондой. Пайгамбарыбыз алейхиссалам сырткы
көрүнүшкө алданбоо керектигин айтат. Эгер ихлассыз окуп жаткан болсо, албетте,
андан жамандык күтүлөт. Бирок, туура окуп жаткан болсо андан жамандык
күтүлбөйт. Анткени, Курани каримде туура окулган намаздын бардык жамандыктардын
сөзсүз алдын ала тургандыгы билдирилген. Намазды туура окуган адам эч кимди
алдабайт. Эгер алдай алса, бул намазды туура окубаганынын белгиси. Ошондуктан,
кандайдыр бир адамдын намазды туура окуп же окубай жатканын биле албайбыз. Ар
бир намаз окуган адамды кемчиликсиз деп кабыл алуу адашууга себеп болот. Ал
үчүн ал адамдын алыш-беришин, акчага болгон алсыздыгын, акчага болгон
реакциясын кароо керек. Эгер алыш-бериште алдап жаткан болсо, бизди үч-беш
тыйынга же андан да көбүрөөк акчага сатып жаткан болсо бул анын намазды туура
окубаганын көрсөтөт. Айрыкча акчага болгон кызыгуусу адамдын ички жүзүн, кандай
адам экенин ачып берет.