Ислам дини » Кошумча темалар » Ойдон чыгарылган хадис болобу? » Ахли сүннөт китептеринде ойдон чыгарылган хадис жок




Ахли сүннөт китептеринде ойдон чыгарылган хадис жок


Суроо: Мазхабдардын сыртында аракет кылышкан заттар: "Хадисти ойдон чыгаруу же ойдон чыгарылган бир хадисти китебине алуу, шалакылык, билбегендик, сабатсыздык же болбосо чыккынчылык себептүү болот", - деп айтышууда. Шевкани, Сехави, Алиййулкари, Ажлуни, Кардави, Элбани, Абу Гудде сыяктуу заттар кутуби ситтадагы же башка хадис, тафсир жана фикх китептеринде бир канча ойдон чыгарылган хадистерди аныкташкан. Ушуларга кантип жооп берүүгө болот?

ЖООП

Ооба, хадисти ойдон чыгаруу же ойдон чыгарылган бир хадисти китебине кошуп жазуу, шалакылык, билбегендик, сабатсыздык же чыккынчылык себептүү болууда. Бул өтө туура аныктама; бирок, ойдон чыгарылган бир сөздү хадис деп атоо канчалык жаңылыш жана кооптуу болсо, хадис китептериндеги же Ислам аалымдарынын китептериндеги хадиси шарифтерди да кабыл албай четке кагуу ушунчалык жаңылыш жана кооптуу. Кыяматтын белгилерин билдирген, ар бири мужиза болгон хадиси шарифтерден үчөө төмөндөгүдөй:

"Курандан башка далилди кабыл албайм деп айтуучулар чыгат." (Абу Давуд)

"Хадисти ташта, Куранды кара деп мени жалганга чыгаруучулар чыгат." (Абу Давуд)

"Кийин келгендер мурдакы аалымдарды сабатсыздык менен  айыпташат." (И. Асакир)

Кээ бирөөлөр: "Шевкани, Сехави, Алиййулкари, Ажлуни, Кардави, Элбани сыяктуу кишилер бейкабар, сабатсыз жана чыккынчы болбогондуктары үчүн китептерине ойдон чыгарылган хадистерди алышкан эмес. Бул хадис сынчыларынын китебинде бир ойдон чыгарылган хадисти таба албайсыңар”, - деп айтышууда. Макул, анда хадис сынчылары деп атаган кишилериңиз бул хадиси шарифтерди кайдан алышкан? Кайсыл рави (хадисти билдирген киши) менен сүйлөшүп жазышкан? Албетте, Бухари, Муслим сыяктуу хадис имамдарынын китептеринен алышкан.

Бухариде, Кутуби ситтада, башка хадис, тафсир жана фикх китептеринде ойдон чыгарылган хадис бар делсе, анда бул улуу заттар шалакылык, билбегендик, сабатсыздык же чыккынчылык менен күнөөлөнгөн болот. Ал ыйык заттарга карата мындай сөздөр кантип айтылат? Эгер Шевкани, Сехави, Алиййулкари, Ажлуни, Кардави, Элбани сыяктуу кишилер ойдон чыгарылган хадистерди китептерине алышпаган болсо, анда алардан да улуу аалымдар кантип китептерине ойдон чыгарылган хадитерди алышат? "Хадисти ойдон чыгарган адам Тозоктогу жерине даярдансын" деген хадиси шарифин китептерине алып туруп кантип бул күнөөнү жасашат?!

Шевкани, Кардави, Элбани жана алар сыяктууларда болгон Аллахтан коркуу сезими  мухаддистерде (хадис аалымдарында), муфассирлерде (тафсир аалымдарында), жана башка Ислам аалымдарында жок беле? Алар сабатсыз, бейкабар же чыккынчы беле? Ислам аалымы сабатсыз болсо, анда ким аалым болот? Шалакылык да ушундай. Алар шалаакы бейкабар болсо, анда биз сыяктуулар кантип сергек болобуз? Бул улуу заттарга кайсы бет менен жалаа жабылат? Жөнөкөй бир мусулман дагы Аллахтан коркот, ойдон чыгарылган бир сөздү хадис деп айта албайт. Макул, анда Расулуллахтын өкүлдөрү болгон, "Үммөтүмдүн аалымдары, Исраил уулдарынын пайгамбарлары сыяктуу" деп макталган кишилер кантип ушул сыяктуу күнөөгө бара алышат? Кантип анда ушул сыяктуу аалымдар үчүн Аллаху таала: "Билбесеңер аалымдардан сурагыла", - деп билдирет?

Аалым бир гана мазхабсыз Шевкани, Кардави жана Элбани сыяктуу кишилерби? Кутуби ситтанын ээлери аалым эмеспи? Башка мухаддистер, муфассирлер жана фукаха (фикх аалымдары) аалым эмеспи? Алар кантип бул чоң айып менен күнөөлөнөт?

Хадис китептеринде ойдон чыгарылган хадис жок болуу менен бирге Ислам аалымдарынын тафсир, фикх жана тасаввуф китептеринде дагы ойдон чыгарылган хадис жок. Муфассир, факих, мутасаввуф деген бул, Аллах сактасын, хадис илиминде сабатсыз дегендик эмес! Бир гана өз араларында иш бөлүштүргөн.  

Мазхабсыздар мавду хадистерди таануу үчүн кээ бир жолдорду белгилешкен. Өз акылдарына туура келбеген жана ошол критерийлерге ылайыкташтыра албаган хадиси шарифтерди ойдон чыгарылган деп айтышууда. Аларга берген мисалдары да бидатчылардын ойдон чыгарган, Ахли сүннөттүн булактарында болбогон, хадис аалымдарынын китептерине албаган сөздөр же маанисин түшүнө албаган сахих хадиси шарифтер. Азыр бири чыгып: "Бул хадистин равилеринен бири фасык (күнөөкөр) же жалганчы, ошондуктан, бул хадис ойдон чыгарылган”, - деп айтууда. Ислам аалымдары аны билишкен эмес беле? Ошол равинин фасык экенин билишкен эмес деп айтылса, алардын билбегендерин анда алардын өздөрү кайдан билишкен? Өздөрүнөн бир нече кылым мурда жашаган бул аалымдар равилерди таанышпаган болсо, алардан кийин келгендер ошол равилерди кандайча таанышат? Хадистер жаңы чыктыбы? Равилер жаңы чыктыбы? Накыл кылган хадистердин равилеринин арасында фасыктар жана жалганчылар бар экенин биле албай жатышкан эле деп аларды сабатсыздык менен каралоодо. Хадиси шарифте мужиза катары билдирилгендиги сыяктуу, кийин келгендер б.а., өздөрүн аалым деп эсептеген сабатсыздар мурдакы аалымдарды айыпташууда.     

  Бир киши бир сөздү ойдон чыгарып, хадис деп атаса же кийин ойдон чыгарылганын моюнга алса б.а., бул сөз хадис болуу шарттарына ээ болбогондо Ислам аалымдары ансыз деле аны китептерине алышпайт. Сөзүндө, маанисинде бузулгандык барбы же жокпу деп, Куран менен сүннөткө, акылга каршы же каршы эмеспи деп түшүнүү да биздин эмес, мухаддистердин, хадис илиминде мужтахид болгондордун жумушу.

Биз Имам Газали хазреттеринин китебинен бир хадиси шарифти алуудабыз. Мазхабсыздар: "Анын Куранга ылайык же ылайык эместигин кара", - деп айтышууда. Имам Газали хазреттери бир хадистин Курани каримге ылайык эмес экенин биле албай жаткан болсо, Аллах сактасын ушунчалык сабатсыз болсо, анда биз кантип билели? Же болбосо, ал: "Бул хадис Курани каримге ылайык", - деп айтып жатса, анда биз кантип ошол хадистин зыт (бир-бирине каршы келе турган) боло алышы мүмкүн экенин ойлойбуз? Бир хадиси шарифтин мааниси төмөндөгүдөй: "Хадисимди Куран менен салыштырып көрүңүз. Куранга туура келсе ал сөз меники, туура келбесе меники эмес." (Табарани)

Жолдон тайган же сабатсыз бир киши бир сөздү ойдон чыгарып, аны хадис деп айтат. Адис болгон хадис аалымы да хадис илиминин шарттарынан тышкары аны Куран менен салыштырып көрөт. Бул жумушту албетте сабатсыздар кыла албайт. Бул - хадис аалымдарынын, мужтахиддердин, ахли сүннөт аалымдарынын жумушу. 

Эми бир хадистин ойдон чыгарылганбы же жокпу түшүнүп алуу үчүн Шевкани, Кардави, Элбани сыяктуу мазхабсыздардын китептери эмес, ахли сүннөт аалымдарынын китептеринде барбы же жокпу ошол каралат. Ахли сүннөт аалымдарынын китептеринде бар болсо ал хадис сахих. Шевкани, Сехави, Ажлуни сыяктуу кишилердин фикх, тафсир жана хадис китептериндеги хадистерди мавду (ойдон чыгарылган) деп айтуусу менен ошол хадистер ойдон чыгарылган болуп калбайт. Хафыз Ыраки дагы Ихйадагы хадистерди иликтеп чыгыптыр жана кээ бирлеринин булактарын таба албаптыр, "Булагын таба алган жокмун", - дептир, мазхабсыздар дагы дароо эле чуу көтөрүшүп: "Мына карасаң, булагы табылбаптыр, бул ойдон чыгарылган хадис!" - деп айтышууда. Имам Газали хазретлери ойдон чыгарылган болсо, алат беле? Кашиф (ачуу, жашырын болгон нерсени ачыкка чыгаруу) менен айтылган бир дагы хадиси шариф жок. Олуялар хадистерди кашиф менен айтышат деп айтуу - жалаа. Булагынын көрсөтүлбөөсү кашиф менен айтылгандыгын билдирбейт.

Мухаддистер, бир сөздүн хадис болуусу үчүн бир канча шарттарды коюшкан. Бул шарттарга туура келбегендерди китептерине алышпайт. Андан сырткары, ар бир мухаддис тарабынан коюлган шарттар ар түрдүү болушу мүмкүн. Бул бир ижтихад маселеси болуп саналат. Саййид Абдулхаким Арваси хазретлери айтат: "Усул-и хадис илиминде мужтахид болгон бир аалым бир хадистин мавду экендигин далилдеп бергенде, бул илимдин бардык аалымдарынын да аны мавду деп айтуулары зарыл эмес. Себеби, мавду деп айткан бир мужтахид бир хадистин сахих болушу үчүн зарыл деп билген шарттарга ээ болбогон бир хадис үчүн менин мазхабымдын усулунун (жолунун, методунун) эрежелерине ылайык мавду деп айтат. Антпесе " Хазрети Пайгамбарыбыздын сөзү эмес" деп айтууну каалабайт. Б.а., хадиси шариф деп аталган бул сөздүн хадис болуусун мен түшүнө албадым дегени. Бул аалымдын ою боюнча хадис болбоосу, чындыгында хадис эместигин билдирбейт. Хадис усулу илиминин башка бир мужтахиди да хадистин туура болуусу үчүн талап кылган шарттарын бул сөздө тапканда хадис, мавду эмес деп айта алат. Андай болсо, Шевканинин "кээ бир тафсирлердин хадистери мавду" деп айтуусу менен мавду болуп калбайт. Мисалы Шевканини хадис усулу илиминде мужтахид аалым деп таанысак да анын эрежелери боюнча хадис экендиги ачыкка чыкпаган болсо дагы мавду хадис экендигин айтууга кантип батына алат. Дин улууларына каршы мындай сөздөрдү айтуунун жамандыгы белгилүү. Төрт мазхабдын арасында айырмачылыктын болуусу сөздөрүнүн жаңылыш экендигин көрсөтпөгөндүгү сыяктуу хадистер үчүн дагы ушундай. Мындай нерселер ижтихад иши болгондуктан бир мужтахиддин мавду деп айтуусу менен чындыгында мавду болуусу зарыл эмес."

Демек, ижтихад ижтихад менен накз (бузуу, бир өкүмдү жок деп эсептөө) кылына албагандыгы сыяктуу хадиси шариф дагы башка хадиси шарифти накз кылына албайт. Бир мужтахид Имам Шафиинин же Имам Азамдын ижтихады жаңылыш же күчсүз дегендей бир сөз айтпайт. Айтса да өтпөйт. Хадистер үчүн дагы бул абал бирдей. Мисалы, Имам Насаи, Табаранидеги бир хадисти ойдон чыгарылган деп айта албагандыгы сыяктуу Имам Табарани да Насаидеги бир хадисти мавду деп айта албайт. Мавду деп айтса дагы ага карата мавду болот. Мавду элдин арасында ойдон чыгарылган деген мааниде колдонулуп жаткан болсо да хадис илиминде мужтахид болгон бир аалымдын бир хадисти мавду деп айтуусу анын ижтихады боюнча хадис болуу шарттарына ээ эмес дегендикти түшүндүрөт. Бир мисал келтирели: "Илим Кытайда болсо дагы алгыла!” деген хадиси шарифи, сөзсүз бардык мазхабсыздардын ойлору боюнча ойдон чыгарылган. Бирок, хадис аалымдарынан Имам Дайлами, Имам Табарани, Имам Байхаки, Имам Ибни Ади, Имам Ибни Абдилбер сыяктуу мухаддистер жана Хужжат-ул Ислам деген наам менен таанылган Имам Газали хазреттери сахих экендигин билдиришүүдө. Бул улуу имамдар накыл кылган хадиси шарифти кандайча ойдон чыгарылган деп айтууга болот? Айталы бул хадиси шарифти Имам Бухари мавду деп айтса, бул хадис ойдон чыгарылган болобу? Бул хадис бир гана Имам Бухариге карата мавду болот, бирок, калган аалымдар үчүн ал сахих хадис бойдон кала берет.

Мазхабсыздар бир хадисти ойдон чыгарылган деп айтканда алардын сөздөрү далил болсо, анда эмне үчүн мазхаб имамдарынын, Имам Газали, Имам Раббани, Абдулкадир Гейлани хазреттеринин сөзү далил боло албай жатат? Мазхабсыздардын түшүнгөнү дин болсо, анда эмне үчүн бул улуулардын түшүнгөндөрү дин болбой жатат? Мазхаб имамдарыбыздан, хадис аалымдарынан жана башка Ислам аалымдарынан үйрөнгөн илимдерибиз менен аларды кантип сурак кылабыз?

Дин сабатсыздары: "Бир хадисти бир аалым ойдон чыгарылган деп айткан болсо, ошол хадисти миң аалым сахих десе дагы, эми аны менен амал кылууну ичиме сиңире албайм", - деп айтышууда. Аларга суроо: Силер намаз окуп жаткан болсоңор имамдын аркасында Фатиханы окуп жатасыңарбы? Шафиилердин окуусу фарз, Ханафилердин окубоосу важиб, окулса тахриман макрух кылынган болот. Мазхабсыздар окуп жатабыз десе Ханафи аалымдарына каршы чыккан болушат. Окубай жатабыз десе анда Шафии аалымдарына каршы чыккан болушат. Мындай намаз алардын ичине кантип сиңип жатат? Же болбосо бир каапыр, бир тыңчы мусулман катары көрүнүп: "Куран өзгөртүлдү, көптөгөн аяттарды чыгарып салышты же киргизилди) деп айтса, ошол чыккынчыга ишенип, Курани каримди дагы сиңире алышпайбы анда? Аны дагы бүттү деп айтышабы? Кызык, алар тыңчылар, чоочундар жана миссионерлер тарабынан курулган бурмаланган топторду кантип сиңирип жатышат?

Исламиятты жыгууну каалап жаткан чоочундардын максаттары Ислам аалымдарына болгон ишенимди, байланышты түп ордунан жок кылуу. Жергиликтүү бейкабарлар да бул чыккынчылар тарабынан колдонулууда. Бир аалымдын китебинде бир эле ойдон чыгарылган хадис болсо, башка билдирген хадистерге кандайча ишеним болушу мүмкүн? Алар дагы шек көзү менен каралбайбы? Бул жерде бейкабардык же сабатсыздык кылган киши кандайча башка хадистерде да аны кылбай койбосун? Мына ошентип, бардык диний китептерге жалаа жабылган болот. Хадистер динде далил болуудан чыкканда ортодо бир гана Курани карим калат. Аны дагы каалагандай кылып бурмалап, максаттарына жеңилдик менен жетишет. Ошол себептерден улам чоочундардын жана алар тарабынан колдонулган мазхабсыздардын оюндарына алданып калбоо керек.

Ахли сүннөт аалымдарынын бардыгында уруксаттары бар. Азыркыдай дипломдуу эмес. Уруксаты болбогондор ансыз деле маани берилбейт. Уруксат ээси болгон бир аалымдын китебинде ойдон чыгарылган хадис бар деп айтылса, уруксатты берген аалымга суи зан (жаман ойдо болуу) кылынган болот. Ылайык болбогон адамга уруксат берди дегендикке жатат. Бул аалымдар ойдон чыгарылган хадис менен сахих хадисти билбей турган деңгээлде сабатсыз эмес болчу. Равилеринин абалын билбей туруп, кара кылды как жарбай туруп китептерине хадис алышмак эмес. Кыскасы, ахли сүннөт аалымдары аалым болгондуктан китептерине ойдон чыгарылган хадисти алышмак эмес.

Аллаху таала бул улуу заттар аркылуу динин коргогон жана жайган. Бул заттарга чабуул жасоо, алардын китептеринде "ойдон чыгарылган хадис бар” деп айтуу динибизди жыгууга аракет кылуу болуп саналат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш