Салих аалым
деген текебердиктен алыс, илимдүү, ыкыластуу жана кичи пейил киши. Имам Газали
хазреттери бардык салих аалымдар сыяктуу кичи пейил болчу. Чогулткан
хадистеринин аз экенин билдирген. Ошол себептен: "Ал хадис илиминде начар
болчу, сахих менен ойдон чыгарылган хадисти бири-биринен айыра алчу эмес. Анын
китептерине ишенүүгө болбойт. Себеби, китептерин ошол ойдон чыгарылган
хадистердин негизинде жазган болчу", - деп айтуу жаиз болбойт. Салих
аалымдар бидатчылар сыяктуу текебер эмес эле. Ар бири өтө жөнөкөй, кичи пейил
болчу.
Мисалы, экинчи
миң жылдыктын мужаддиди Имам Раббани хазиреттери бир нече
катында өзүн өтө төмөн кул, кедей, алсыз киши катары таанытат. Устазына жазган
бир катында айтат:
"Бул
кулуңуз гафлат уйкусуна берилген, бети кара, кемчиликтери көп, бейбаш
киши." (м.9)
Ушуну окуп биз
"Имам Раббани гафлат уйкусунда, бети кара, кемчиликтери көп бир киши"
деп айта алабызбы?
Дагы Имам
Раббани хазреттери айтат:
"Кемчиликтерим
өтө көп, жакшы билип турам, оң ийинимдеги периште жыйырма жылдан бери жазганга
бир жакшылык таба албаган. Аллаху таала билип турат, бул сөздү көрүнүү үчүн
айтып жаткан жокмун. Ичимен келгенин айтып жатам. Дагы жакшы билип турам, Франк
каапыры менден алда канча жакшыраак. Дагы жакшы билип турам, тегерегимди
каталар, кемчиликтер курчап турат, күнөөлөрүмдүн астында эзилгенмин. Кылган
ибадаттарымды, жакшылыктарымды сол ийинимдеги периште жазса жарашат. Сол
ийинимдеги периште токтоосуз жазууда. Оң ийиндегиси болсо жумушсуз, бош
турууда. Оңдогу амал дептеримде эч нерсе жазылбаган. Солдогу болсо толо
жазылып, капкара болуп калган. Үмүтүм жалгыз гана Аллахтын ырайымы. Жалгыз гана
анын кечиримине сыйынамын. "Аллахумма магфиратука авсау мин
зунуби ва рахматука аржа инди мин амали = Эй аллахым! Сенин кечиримиң
менин күнөөлөрүмдөн кең. Ырайымың болсо амалыма караганда үмүт туудуруучу" деген
дуба дал мен үчүн деп билем. Таң калыштуу нерсе, бийик даражаларда токтоосуз
келген файздар, ниматтар бул кемчиликтерди көрүүгө жардам берүүдө. Күнөөлөрдү
көрүү кубатын арттырууда. Ужбдун (өзүн жакшы көрүү) ордуна төмөнчүлүктү
көрсөтүүдө. Бийик жерде тавазу (кичи пейил) жолун ачууда. Ошол эле убакытта,
олуялыктын эң жогору даражасын тартуулоодо, дагы өзүн кемчиликтүү көрүүнү
камсыз кылууда. Канчалык көп жогорулаган сайын, өзүн ушунчалык төмөн көрүүгө
себеп болууда. Чоочун богондор буга кааласа ишенсин, кааласа
ишенишпесин. (м.1/222) (Бидатчы ошол эле убакытта тасаввуфка
жат адам дегенди түшүндүрөт.)
Эми биз Имам
Раббани хазреттери, Кудай сактасын, Франк каапырдан да төмөн деп айта алабызбы?
Тасаввуфтан бейкабар болгондор бул назиктикти түшүнө албайт. Имам
Малик хазреттери: "Фикхти үйрөнбөй туруп тасаввуф менен
алектенген киши динден чыгат, зындык (Аллахка жана акыретке ишенбеген, динсиз)
болот. Фикхти үйрөнүп, тасаввуфтан кабары болбогон киши бидатчы болот. Экөөнү
тең үйрөнгөн акыйкатка жетет.", - деп айтты. (Мараж-ул-бахрайн)
Имам
Шафии хазреттери окуган бир нерсени оңойлук менен унутчу эмес. Ага
карабастан: "Менин эсте сактоом начар." Балким, Имам Азамга
салыштырмалуу начар деп айтып жаткан болчу, балким, Расулуллах
алейхиссаламга салыштырмалуу айтып жаткан, ниетин биле албайбыз. Бирок,
жеке өзү айткан деп, эсте сактоосу начар болчу деп айта албайбыз. Пайгамбарыбыз
алейхиссалам дагы: "Мен дагы адаммын, мен дагы ката кыламын",
- деп айтчу. Кудай сактасын, "Ал дагы ката кылгандыгы үчүн ага
ишенүүгө болбойт” деп айта алабызбы? Имам Газали хазреттеринин
Пайгамбарыбыз алейхиссалам тарабынан билдирилген бардык хадистерди билүүсү
мүмкүн эмес, жада калса Сахабалардан дагы бардыгын билген жок болчу.
Билгендерим аз дегени бардык хадистерди билбейм дегендиги, болбосо ойдон
чыгарылганды сахихинен айыра албайм дегени эмес.